АЛДАМЧЫЛАРДЫН ТУЗАГЫНА ИЛИНИП...

Учурда шылуундардын ити чөп жеп калган заман. Сабатсыздыгынын айынан алдамчылардын тузагына кабылган бул аганын тагдыры боор оорутат.

“ОКУБАЙ ЭЛЕ КОЛ КОЮПМУН”
– Мен, Мамаев Абдыкалык, 42 жаштамын. Ушул жашка чыгып, алдамчынын курмандыгы болом деп ойлогон эмес элем. Аялым, 4 балам бар. Айылдагылар мени гитараны мыкты ойногон адам катары таанышат. Союз убагында тракторчу болуп иштедим. Чындыгында, билимим жарытарлык эмес. Жупуну турмушта жашап, көр оокаттын айынан ар кимдин үйүн шыбап, актап, үй-бүлөмдү эптеп багып келгем.
“Кырсык күттүрбөй келет” демекчи, 2008-жылы Ошто катуу жер титирөө болду. Табият кырсыгынан жабыр тарткандарга ошол учурда өкмөт материалдык жардам көрсөтүп жаткан эле. Үйүмдү оңдоп-түзөөгө мүмкүнчүлүгүм жок болгондуктан, мен да элден четте калбай, мамлекет берип жаткан жардамдан алгым келген.
2009-жылдын сентябрь айында “ӨКМдан (Өзгөчө кырдаалдар министрлиги) келдик. Жер титирөөдөн жабыркаган үйлөргө жардам көрсөтүп жүрөбүз” деп үч аял келди. Алар Дилбар, Санталат, Жумагүл болчу. Мага: “Үйүңдүн документин бизге берсең, биз сага акчалай жардам беребиз”,- дешти. Эртеси аялым экөөбүздү Кара-Суу районунун Мамлекеттик каттоо мекемесине алып барышты. Биз коридордо отурганыбызда Дилбар менен Санталат “үй апаңдын наамында экен. Сага өткөрүп беребиз” дешип, Бактыбек деген мырзанын көзүнчө кагаздарга кол койдуруп алышкан. Мен жаман оюмда мунун баары үйдү оңдотуп-түзөтүүгө керек экен дегем. Ал Бактыбек Чокоев деген Кара-Суу районунун Мамлекеттик каттоо мекемесинин юристи экен. Бул жерде анын чоң күнөөсү бар. Анткени ал мага “үйүңүз сатылып жатат” деп бир да жолу айткан эмес. Бактыбек Чокоев менен Дилбар Султанова менин сабатсыздыгымдан пайдаланып, үйүмдү алып-сатууга коюп салышыптыр. Менде атамдан калган үйдү сатуу тууралуу ой да жок болчу.
“Апаңдын атынан сенин атыңа өттү” деп мага бир кагаздарды карматышты. Эртеси Ошко келдик. “Силер чайканага кирип чай-пай ичип отуруп тургула, мен банкка барып акча алып келем” деп Дилбар кеткен. Бир топ убакыттан кийин келип, акчаны Санталатка берди. Санталат биздин көзүбүзчө “100 миң сом алдым” деп тил кат жазды. Көрсө, үйдүн документин апамдыкынан меникине өткөрүшүп, менин атымдан Дилбарга сатып жиберишиптир. Санталатка берген 100 миң сомду Дилбар алып келген экен. Тил катты (100 миң алдым деген) Санталат биздин атыбыздан жазыптыр. “Бул акчага үйүңдү оңдоп-түзөп иштет” деп мага 25 миң сом сунуп, калганы Санталаттын колунда калды.

“ҮЙ МЕНИКИ” ДЕП ТАЛАШТЫ”
– Үч айдан кийин Санталат келип, “үйүң группадан өтпөй калды. Мен берген акчаны үч ай иштеттиң. Эми үстөгү менен бересиң” деп оозумду ачырса болобу. “Эч болбосо үстөгүнүн акчасын бер” деп күн алыс коңгуроо кыла берип айламды кетирди. Мен эптеп иштеп тапкан 7500 сомду Санталатка кайтарып бердим. 2010-жылдын сентябрь айында Дилбар күйөөсү менен келип, “үй меники, үйдөн чык” деп демитти.
Бир күнү кечинде сыртка чыксам, аңдып турушуптур. Дилбар менен күйөөсү мени “мечитке, аксакалдарга алып барабыз” деп күч менен машинага салып барышып, аёосуз сабашты. Дилбардын күйөөсү мага бакырып, “сотко берем сени! Сенин сотуңдун баарын сатып алганга кудуретим жетет!” деп ызырынды. Мени таяктагандан кийин 6 тишим түшүп калды.
Анан үйдөн чыгарып берүү өтүнүчү менен мени сотко бериптир. Эртеси участкалык милицияга арыз менен кайрылып, ал мени сотмедэкспертизадан өткөрүп, жыйынтыгын Кара-Суу
РИИБине тапшырды. Ал жактан менин ишим такыр каралбады. Мени тергөөгө бир да жолу чакырышкан жок. Арызыма жооп да болгон жок. Мени таякташкандан кийин ооруканада жаттым. Айылдаштарым акча чогултуп, оорукананын чыгымын төлөп беришти.

“ЭМНЕ КЫЛУУ КЕРЕК?“
– Кара-Суу райондук соту бул ишти бир жактуу карап, сотко менин аялымды, Мамлекеттик каттоо мекемесинин юристи Бактыбек Чокоевди, Санталат Күчүбаеваны чакырбай туруп алардын пайдасына чечип салды. Бул чечимге нааразы болуп, апелляциялык арыз менен Ош облустук сотуна кайрылганбыз. Андан да жыйынтык чыккан жок. Ооруканадан чыккандан кийин мени “жумушка жараксыз” деген диагноздун негизинде пенсияга чыгарып жатышат.
Ооруканада жатканымда балдарым ар кимден нан сурап жан багып жүргөндөрүн эстесем, сай сөөгүм сыздайт. Азыр балдарымды туугандарым бөлүп алып кетишти. Мурун курулушта иштеп үй-бүлөмдү баксам, азыр ал мүмкүнчүлүктөн да ажырап отурам. Азыр тилегеним – өмүр. Көзүм тирүүмдө атамдын үйүн балдарыма кайтарып алсам дейм.
Бул материал биздин колго кокусунан тийди. Баш-Булак айылынын тургундары – Абдыкалык аганын айылдаштары мындай адилетсиздикке каршы туруп, бизге кат жөнөтүшүптүр. Бул иш Жогорку Сотто каралып, журналист катары сот процессине катыштык. Жогорку Сот ишти кайра кароого жөнөттү.
Абдыкалык аганын иши боюнча учурда тергөө жүрүп жаткан Нариман участкалык бөлүмүнүн тергөөчүсү Алишер Сайдаматов менен байланыштык. Ал чечим райондук сотко али жете элек экенин айтты. Башкы каарман болгон Бактыбек Чокоевдин телефон номерин берүүдөн баш тартып койду. Сурап алары жок, карапайым адамдарды сызга отургузган шылуундарды милиция, соттор качанкыга чейин коргойт? Укук коргоо органдары өз милдеттерин аткарууга качан киришет? «Пулуң болсо, кулуңмун» деп гана иштеп калышканбы? Анда карапайым, пара берүүгө пулу жок калк өз укугун кантип коргойт? Же илгеркиге кайтып, элдик сот жүргүзөбүзбү? Кара-Суу РИИБинин, райондук прокуратуранын өкүлдөрү бул ишке кайрадан эле кайдигер мамиле кылышса, биз ИИМ жетекчисине, башкы прокурорго кайрылууга аргасыз болобуз.

Лунара Бекиева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (24)
Batken
2011-06-21 00:56:35
Ммин наалат Аллах жазанарды берсин Мошенниктер,жалган дуйнодо соттолбосонор да ,тиги дуйнодо кутулбайсынар ,тээринер тесери сыйрылсын чурполордун убалы кислотадай ээритсин жымыйып карап алдаган козунор оюлуп тушсун
0
Arman
2011-06-22 07:18:01
saga koshulam Batken
0
Perfekt
2011-06-21 02:10:13
Ushundai da aldamchylar bolot eken ee.
0
mira85
2011-06-21 05:22:16
Super infodon sizdin ishiniz bouncha jakshy janylyk kutobuz.
0
ROZI
2011-06-21 10:27:57
АЛЛАХЫМ Озу колдоп, иш оңунан чечилсин!
0
aisara
2011-06-21 13:16:36
"Бул кундор да отот кетет,турмуш улана берет!"демекчи кудайым жаратканынан жардамын аябасын сизден!
0
Janusia
2011-06-21 14:25:56
Ушундай бети жок шылуундарга алдап алган акчалары кантип аш болуп жатат. Абдыкалык агага кудай таалам да оз shscrscsyfy кем кылбастыр, шылуундарга наалат.
0
Ayazbek
2011-06-21 15:17:39
Мин нaaлaт силeргe. Ушул aлдaп ичкeн aшынaр aкырeттe ирин болот.
0
kirpik
2011-06-21 15:47:42
ошо сотторго наалат уялбай кайсы бети менен окум чыгарат кудай бар ошо сотуну сатып алам дептир ошону окусанар соттор сатылганы жаралгансынарбы кудай корсотот
0
nusyapak
2011-06-21 19:14:55
Kuday koldop den sooluk bersin, baldarynyzdyn ubayin korunuz...Tigi shyluundar oz jazasyn alyp , korgon kunu kor bolsun, sizdin keypinizdi kyip kalganda gana kuday bar ekenin esteyt...Turmush emne bolup bara jatat, kyrgyzdar esibizdi jyiyp birdiktuu el bolgondo gana, kelechek jakshy bolot...
0
bakutboy
2011-06-22 11:57:22
Озу негизи илгерки сот эле жакшы "элдик сот" таш менен урган элдин алдында
0
Arman
2011-06-23 10:06:53
azyrky adamdardyn dosu sot bolso bilgenin jasashat sottor chontogyn toltursa bolgonu,akyikatchybyz dep tosh kakkan beti joktor kayda kalgan bunday ishke koz jumat da sebebi kedey taanyshy jok adamdyn ukugu dajok,bizdin atka mineerler ozynyn tuugandaryn biylik alyp bere albai ubar bechaaralar,Allah ozy jardam bersin silerge alar sossyz jazasyn alyshat akyrette,bul dyinodo kyiynsyngan akmaktar,,,,,,
0
Marusya
2011-06-24 03:51:02
Адамгерчиликсиз адамдар кудайдан коркпогон..Эмне мынча адамдарда журок ынсап жок???
0
jika
2011-06-25 02:55:15
Каргыш тийсин силерге,башынарды жеп талаада калсанар экен,ушунча адамдын каргышынан кийин эч качан онолбойсунар ДИЛЬБАР эри менен,САНТАЛАТ,ЖУМАГУЛЬ,БАКТЫБЕК ЧОКОЕВ жана башка ошолорго жардам берип,Мамаев Абдыкалык байкенин ден-соолугуна зыян келтирип уйун тартып алгандар эч качан жакшылык корбосонор экен.
0
EmMiR
2011-06-26 05:57:21
Казыкка аларды казыкка гана отургузуш керек!!!
0
wwwgulya86ru
2011-06-26 17:15:41
aldamchilardin baarina naalat.bir gana ALLAHIM kubo jana ozu jazalasin baldarin korup abdan boorum oorudu.
0
№ 450, 17-23-июнь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан