Бүгүнкү «курмандыгыбызды» калп тапкычтын тузагына 3 ай мурда илмекчи болгонбуз. Ошондо ал келбей, биз чочулады деген ойдо калганбыз. Бирок Бек Борбиев андай пикирди четке кагып, калп тапкыч менен жылуу маанайда сүйлөшүп кетти. «Түнү кеч жаттым эле, таң атпай туруп келдим» деген ырчы калп тапкыч менен таймашта уйкусу умачтай ачылганын айтты.
Биринчи жолу калп тапкыч менен дуэлге чакырсак келбей койгонсуз. Коркконсузбу?
Бек Борбиев: Жок
Калп тапкыч: Жок
Бек Борбиев (Б.Б.):
– Ооба, мындан бир нече ай мурда чакыргансыңар, макул болгом. Бирок келер күнү ооруп төшөктөн тура албай койгом. Калп тапкычтан корккудай кылмышкер белем?
Жашооңузду бильярдсыз элестете аласызбы?
Бек Борбиев: Ооба
Калп тапкыч: Ооба
Б.Б.: – Бильярд ойноп жүргөнүмө 10 жылдан ашты. Бул оюн менен убакытты көңүлдүү өткөрөм, эс алам дегендей. Бильярд таптакыр ойнобой коюп деле жашай алам. Мындайча айтканда, бекерчинин иши да.
Мурутуңузду кырып салууга даярсызбы?
Бек Борбиев: Ооба
Калп тапкыч: Ооба
Б.Б.: – Ушул мурутумду көбү ойлошсо керек, Бектин «фирменный» стили деп. Чынында, андай эмес. Мурутумду идеалдаштырбайм. Бир нече айлап мурутум жок деле жүрө берем.
Сизди сахнага арак ичип чыгат деп айтышат. Бул чынбы?
Бек Борбиев: Жок
Калп тапкыч: Жок
Б.Б.: – Негизи, арак ичип чыгып көргөм. Бирок ичип алсам ырдын сөздөрүн унутуп, ырдай албай калат экенмин. Сахнага чыгарда эч кандай ырым-жырым колдонбойм. Концерт жакшы өтсүн деп бата кылып чыгам.
Кой соё аласызбы?
Бек Борбиев: Ооба
Калп тапкыч: Ооба
Интернетте Бек Борбиев деген активдүү колдонуучу бар. Ошол чын эле сизсизби?
Бек Борбиев: Ооба
Калп тапкыч: Ооба
Бирөөлөрдүн обонун уурдадыңыз беле?
Бек Борбиев: Жок
Калп тапкыч: Жок
Өзүңүздү сексуалдуумун деп эсептейсизби?
Бек Борбиев: Жок
Калп тапкыч: Жок
Б.Б.: – Мен өзүмдү сексуалдуумун деп эсептебейм. Эми өзүмдү-өзүм сексуалдуумун десем уят го.
Эркинай деген кызды сүйгөн турбайсызбы, ушул чынбы?
Бек Борбиев: Жок
Калп тапкыч: Жок
Б.Б.: – Бул суроого күлүп жооп бергенимдин себеби журналисттер ушул суроону көп узатышат. Мен буга чейин деле жок деп айтып келгем.
Бажыда иштеп жүргөндө пара алгансызбы?
Бек Борбиев: Жок
Калп тапкыч: Ооба
Б.Б.: – Мен бажыда пара ала турган кызматта деле иштеген эмесмин, чынында. Бир бөлүмдү жетектегем. Ооба, пара алгам деп айтсам да эч ким ишенбейт.
Бажыдан кетип, аягында депутат да болбой калганыңызга өкүнбөйсүзбү?
Бек Борбиев: Жок
Калп тапкыч: Жок
Депутат болгуңуз келеби?
Бек Борбиев: Ооба
Калп тапкыч: Ооба
Б.Б.: – Келечектеги пландарымда саясатка аралашуу бар. Ошондуктан бул суроого ооба деп жооп бердим. Кийин дагы депутаттыкка талапкерлигимди коюп калсам, «баягыда жок деп жооп бергенсиң» деп жүрүшпөсүн.
Жакын арада сахнадан кетейин деген оюңуз барбы?
Бек Борбиев: Жок
Калп тапкыч: Жок
Сиз менен иштешип жүргөн ырчы-бийчи айымдар менен роман болгонбу?
Бек Борбиев: Жок
Калп тапкыч: Жок
Б.Б.: – Кызык суроо экен (күлүп). Болгон эмес. Болсо болгон деп эле айтмакмын.
Сизди Бакиевдер менен жакшы мамиледе дешет. Ушул чынбы?
Бек Борбиев: Ооба
Калп тапкыч: Ооба
Б.Б.: – Курманбек Салиевич менен анын шайлоо компаниясына катышканда эле көрүшкөм. Ошол бойдон ал кишиге жолуккан жокмун. Ал эми Жаныш аке менен мамилебиз бар болчу, азыр жок.
Кримчөйрөдө достору бар дешет. Бул да чынбы?
Бек Борбиев: Ооба
Калп тапкыч: Ооба
Б.Б.: – Чыгармачыл адам болгондон кийин коомдун түрдүү катмарындагы өкүлдөрүнүн жакшылык-жамандыктарына барууга туура келет. Аталган чөйрөдө деле ыр сүйгөн, ырчылардын талантын баалагандар бар. Алар менен ысык мамиледе болбосок да, тааныштарданбыз.
Жылдыз «оорусу» менен ооруйсузбу?
Бек Борбиев: Жок
Калп тапкыч: Жок
Биринчи мугалимиңиздин аты-жөнүн толук айта аласызбы?
Бек Борбиев: Ооба
Калп тапкыч: Ооба
Б.Б.: – Аты – Жумакан. Фамилиясын унутуп жатам...
Сиз сахнадан кеткенден кийин эл унутуп калат деп коркпойсузбу?
Бек Борбиев: Жок
Калп тапкыч: Жок
«Борбиевдин концерттери коёндой окшош болуп баратат.
Жаңычылдык жок, тажатма» деген кептер айтылууда. Буга кошуласызбы?
Бек Борбиев: Ооба
Калп тапкыч: Ооба
Б.Б.: – Концерттерге кантип жаңылык киргизиш керек? Мен сахнаны кооздоо, заманбап технологияларды пайдаланууга эмес, нукура кыргызча ырларга жана концертти жандуу өткөрүүгө басым жасайм.
АДИСТИН ПИКИРИ:
– Бек мырза бардык суроолорго чын дилинен ачык жооп берди. Калп айтып, тигил же бул суроону алып салалы деп жооп берүүдөн качкан жок. Анын белгилүү бир бийиктиктерди багынткандыгы менен сыймыктанары байкалды.
Базарбек Абдураимов
star@super.kg