АЛА-ТООНУН АЙТЫЛУУ АЗЫКТАРЫ

Алакандай эл болгонубуз менен, ажайып Ала-Тоо койнун мекендейбиз. Кыргыздын жети дубанын кыдырбай туруп айтылуу азыктарын татып көрүп, барып келгендей болосуң. Алдыңыздарда ар аймактын айтылуу азыктары тууралуу азыноолак сөз.

ӨТҮМДҮҮ ӨЗГӨН КҮРҮЧҮ
Адегенде күрүчтөн баштайлы. Өзгөн күрүчүн Барпы акын ашыгына арнаган ырга да салып жибергенин билсеңиздер керек. “Өтүмдүүсүң Өзгөндүн күрүчүндөй, мөлмөлүм...” деп. Чындыгында, өзгөн күрүчү – даамдуу жана аш болумдуу азыктардын бири. Башка сорттордон данынын сырткы көрүнүшү жана көлөмүнүн чоңдугу менен айырмаланат. Өзгөндө күрүчтүн түрлөрүн аймакка карата бөлүшөт. Өзгөн өрөөнүнө барган адам күрүч өскөн палдарды көрбөсө да, сөзсүз түрдө палоосунан татып же базардан күрүчкө көзү түшөрү анык. Сууга сугарылып өскөн бул дандын саманына чейин пайда. Акжубаздан акталган күрүчтүн эң майдасы – акшагынан ботко кылып, бозо салышса, күрмөгү каз-өрдөгүнө жемге жарайт. Күрүчү жегенге, ашканын сатканга пайда дегендей. Базар баасы менен тааныша келсек, аталган аймактын күрүчү бардык жерде эле кымбат. Килограммы 110-120 сомдун тегерегинде. Өзгөндө өтө арзан деп деле айтпайм, айырмасы 10-20 сом болот.
Өткөндө бир курбум айтат, “мен өзгөн күрүчүнөн палоо жасасам эмнеге окшошпойт?” деп. Мен да ушул суроону өзгөндүк ашпозчуга берип, мындай жооп алгам. “Силер тамактын бардыгын бир казанга жасай бересиңер, натыйжада даамы кетет. Аш баскан казан алып кой, дайыма ошого жаса, ошондо күрүчтү Таласка алпарып жасасаң да Өзгөндө отуруп жегендей болосуң”,- дейт. Демек, күрүчтүн сыры жеринде болсо, палоонун сыры казанда экен да, туугандар.

ЖАЛАЛ-АБАД ЖАҢГАГЫ
Дүйнө жүзүндөгү бөтөнчө бир табигый баалуулук катары Арстанбап жаңгак токою эсептелет. Деңиз деңгээлинен 1400-2000 метр бийиктикте болуп, узундугу 10 километрге чейин созулуп жаткан Арстанбап жаңгак токою тууралуу уламышты сиз да уксаңыз керек.
Кезинде улуу аскербашы Александр Македонскийдин көзү түшкөн жер. Тарыхый маалымат менен уламыштарга таянсак, “грек жаңгагы биздин Арстанбап токоюнан алынып кеткен” деген божомолдор чындыкка бир топ жакын. Жалал-Абаддыктар жерде жайнаган жаңгагы менен кубанышат дегенге эмнеге болбосун, болот. Билсеңиз, жаңгактын далай ооруларга пайдалуу экени аныкталган.
Жаңгактын жыгачынан жасалган эмеректер өтө баалуу. 1945-жылы Арстанбап жаңгак токою Бүткүл союздук токой коругу болуп жарыяланган. Эсил кайран СССР кезинде корукка алынып, жаңгагыбыздын жакшы эле аты чыгып, андан түшкөн киреше экономикага салымын кошуп келаткан. Эгемендүүлүк алгандан бери кирешени мындай кой, “капчылар” тарабынан жаңгак дарагы, анын уюлу тонолгондон тонолуп баратканы кейитпей койбойт. Бирок жергиликтүү калк жаңгакты эч качан жок кылбайт.

ТАЛАСТЫН ТӨӨ БУУРЧАГЫ
Талас аймагы төө буурчагы менен белгилүү. Дээрлик бардык райондорунда төө буурчак өстүрүлөт. Дыйкандардын үмүтү төө буурчактын түшүмдүүлүгүндө. Төө буурчактын баасынын кескин түшүп кетиши таластыктарды бир ирет нааразы кылып, кайра калыпка толук келе элек. Жакында эле “Түркиянын компаниясы 10 миң тонна төө буурчактын лопатка деген түрүнүн 1 килограммын 33 сомдон ала турган болду” деген кубанычтуу кабар тараган.
Талас төө буурчагынын түрлөрү көп, аталыштары да башкача. Мисалы, лопатка деген төө буурчактын түсү ак келет. Мындан башка рябая, боксёр, красная юбка сыяктуу түрлөрү өстүрүлөт. Кыргызстандын аймагынан сырткары КМШ өлкөлөрүнө, Болгарияга чейин экспорттолорун да айта кетели. Биздин төө буурчактарга көбүнчө түрктөр кызыкдар. Дээрлик 50 пайызы Түркияга экспорттолсо, 21 пайызы Болгария өлкөсүнө сатылат. Төө буурчакты сыртка сатуу боюнча 50-60 чакты фирмалар бар. Базар баасына үңүлсөк, төө буурчактын лопатка делген түрү 35-37 сомдун тегерегинде сатылса, кызыл чаар делгени 70-80 сомдун айланасында.

БААЛУУ БАТКЕН ӨРҮГҮ
“Азык-түлүктүн баары ырга салынган турбайбы” дейсиң, “Өрүкзар” ырын эстеп алып. Баткен дегенде дароо өрүктү билебиз, өрүкзарды элестетебиз. Айрыкча апрелдин орто ченинде Баткенге барсаң, өрүк гүлүнүн жыты мурдуңду өрдөйт. Ал эми июлда барсаң, сары-кызыл болуп бышкан өрүктөрдүн шактары жерге ийилип, шилекей агызат. Баткен багбандарынын сүйүнүчү – өрүктү бапестеп жыйнап алганында. Баткен өрүгүнүн өзгөчөлүгү – эттүү келип, аш болумдуу.
Баткен облусу боюнча өрүкзар 7 миң гектардан ашык аянтты ээлейт. Анын 500 гектары ак өрүк сорту. Ак өрүк эрте бышып, сыртка экспорттолот. Баткендиктер өрүк – ырыскыбыз деп билишет. Ырыскы эмей эмне, данегинен баштап кургатылган кагына чейин жесе пайда, сатса акча.
2-апрель баткендиктерге өзгөчө майрам, анткени дал ушул датада Өрүк күнүн белгилеп, жаш көчөттөрдү отургузушат. Баткен өрүгүнүн түрү көп. Алардын ичинен таттуусу – кандек өрүк. Учурда “Баткендин өрүгүнө жоон буттуу кара курттар, кара чымындар каптап кирди” деп айтышууда. Дары-дармегин белендеп отурган багбандар жолун табат деп ишенебиз. Эмнеси болсо да эл ырыскысы элге пайда алып келе берсин.

P.S. “Эмнеге эле төрт дубанды мактай берген, башкалар калып?” деген суроо жаралбайт деп ишенебиз, окурман. Анткени келерки сандарыбызда Кыргызстандын башка аймактарынын азыктарын гана эмес, мактана турган, санай турган көп кызыктарды баяндайбыз.

Бурул Исмаилова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (15)
cosmopolit
2011-06-20 22:14:02
иии ошондой десенер...
0
cosmopolit
2011-06-20 22:14:57
баткендин кургатылган оругунун даамы алигиче ууртумда...
0
OMG
2011-06-21 04:15:12
Kyrgyzstan meniki jana seniki (kyrgyzstandyktar uchun)
0
spinkub
2011-06-22 00:58:39
Кыргыздар учун!!!
0
nurbek_posol
2011-06-22 13:26:16
Кыргыздар учун Супер даамдар !!! Кыргызстанды сагынткан деле ушулар !!! Сагынычты жазгандар деле ушулар !!!
0
Kamilacan
2011-06-22 21:18:45
Не деген ажайып кооз жерде жашайбыз.Ошонун кадырына жетеличи!!!!!!!!!!!!!
0
kyrgyzajym
2011-06-23 00:55:40
Menin KYRGYZSTANym!Sagyndym seni Altyn Beshigim!Sen ooruba,men da oorubajyn Ata-Jurt!:)
0
OMG
2011-06-23 02:37:50
kyrgyzstan meniki jana seniki ( KYRGYZDAR uchun)
0
dekg
2011-06-24 21:11:57
kyrgyzstan kyrgyzdar uchun!
0
leo10
2011-06-25 01:28:04
эн туура айтасынар.Кыргызстан меники жана сеники( кыргыздар учун)АЛГА КЫРГЫЗСТАН, ТАТТУУ МЕКЕНИМ
0
19zamir87
2011-06-25 16:11:21
Ага жергиликтүү калк эч качан жок кылбай эле жок кылып жатышат аны моюнга алыш керек.Менин жерим Арсланбоб!!!Алардын үстүндө чоңдор турушат жергиликтүү калкттын начар жашаганы бар кичине акча берип алдашып жангактты кыйдырып жок кылып жатышат.Жангак как будьто бир жылда өсүп кала тургансып кыйышат.Жангак 20 жылдан кийин түшүм берет и 200-300 жыл жашайт.Убалы тийет кыйгандарга бүгүн болбосо эртең.Кыргыздар с
0
19zamir87
2011-06-26 00:32:41
P.S. “Эмнеге эле төрт дубанды мактай берген, башкалар калып?” деген суроо жаралбайт деп ишенебиз, окурман. Анткени келерки сандарыбызда Кыргызстандын башка аймактарынын азыктарын гана эмес, мактана турган, санай турган көп кызыктарды баяндайбыз.(до конца окубаптырсыз и түн-түштүк дебей өз жериңизди айтсаңыз болот беле.)
0
moopsi
2011-06-25 23:50:04
Tuura Kirgizstanda sonun nerseler, oson, anday daamdi ech jerden tappaisin, min izdesen, a birok emnege Superchiler jalan ele Tushtuk jakti jazgansinar? Misali narinda kartoshka osot, daami ukmushtuday, Issikkoldo alma, almurut, oruk, karagat jana bashka jer jemishter osot, alardan da alip jassanar bolot da, tushunbodum....
0
leo10
2011-06-26 00:12:24
moopsi ошону сен айтып койбойсунбу? талас деп турганды карап кор, жазылып турат анан туштук деп айтпай эле койсон боло
0
Muratbei
2011-06-26 13:53:01
moopsi sen emne sozgo tushunboisunbu???Emnege desen:P.S. “Эмнеге эле төрт дубанды мактай берген, башкалар калып?” деген суроо жаралбайт деп ишенебиз, окурман. Анткени келерки сандарыбызда Кыргызстандын башка аймактарынын азыктарын гана эмес, мактана турган, санай турган көп кызыктарды баяндайбыз.Super info jamaaty da kyrgyz elinin sozgo tushunboi turganyn jakshy ele bilip kalyshyptyr da.
0
№ 450, 17-23-июнь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан