КЫЗМАТТАГЫ МАХАБАТ

“Кызматтагы махабат” (“Служебный роман”) – укмуштуудай сүйүү окуясын сүрөттөгөн жагымдуу, жеңил тасма. Ал сүйүү бирде өрттөнүп жанса, бирде түшүнбөстүктөрдөн сууй түшүп... Бул сүйүү романтикалуу Верона шаарында эмес, кадимки эле суук, нымдуу Москвада жаралган сезим...

Режиссёру – Эльдар Рязанов
Сценарийин жазгандар – Эмиль Брагинский, Эльдар Рязанов
Фильмдин мүдүрү – Карлен Агажанов
Башкы ролдордо – Алиса Фрейндлих, Андрей Мягков
Ролдордо – Олег Басилашвили, Светлана Немоляева,
Лия Ахеджакова, Людмила Иванова, Пётр Щербаков, Георгий Бурков, Валерий Филиппов, Алик Денисов.

ТАРЫХТАН
Тажаал жетекчи аял менен жүдөмүш кызматкердин махабат дастаны фильм тартыла электе эле башталган. Тасманын өзөгү Эмиль Брагинский менен Эльдар Рязановдун “Кызматташтар” деп аталган пьесасынын негизинде түзүлгөн. Бул пьеса Москва, Ленинград баш болгон россиялык шаарлар менен КМШ өлкөлөрүнүн калааларында 134 жолу коюлган. Жөнөкөй сүйүү окуясынын театрда эле миңдеген күйөрмандарга ээ болуп жатканын байкаган режиссёр Рязанов бул пьесаны кинофильм кылып тартууну чечкен.
Ошентип, мындан туура 30 жыл мурун “Эң атактуу советтик фильмдер” циклин толуктаган Рязановдун жаңы комедиялык драмасы пайда болгон. Ал “1977-жылдын мыкты фильми” деп жарыяланган. Фильмдин эң биринчи кө­рүү­чүлө­рү­нүн саны 60 миллионго жеткен. Тасманы “Бир тууган Васильевдер атындагы РСФСР мамлекеттик сыйлыгы” менен сыйлашкан. Ал эми Алиса Фрейндлих менен Андрей Мягков “Советтик экран” журналынын окурмандарынын сурамжылоосу боюнча “Жылдын эң мыкты актёрлору” деп аталышкан. Лия Ахеджакова менен Олег Басилашвили да мамлекеттик сыйлыктарга ээ болушкан.

ТАСМАНЫН АТАЛЫШТАРЫ
Тасманын алгачкы аталыштарынын бири “Башкарма Золушка жөнүндө жомок” болчу. Режиссёр кинону түп нускасындай эле “Кызматташтар” деп атоону да туура көрүп жүргөн. Башкы ролду аткарган алты актёр жана сценаристтер чогулуп отуруп тасманын азыркы аты коюлган. Популярдуу фильм англиялык прокатта “Кеңседеги махабат” (“Office romance”) деп да аталып келген.

УНУТУЛГУС ОБРАЗДАР
Алиса Фрейндлихтин Ленинграддагы дарегине баалуу аманат келген. Фильмдин сценарийи оролгон калың кагаз пакет жана анын сыртында “Алисочка Бруновна, сунушумду четке какпаңыз, өтү­нөм. Башкы ролду аткарып берүү­ңүздү суранам” деп Рязановдун өз колу менен жазылган билдирүү бар эле. Мындай өтүнүчкө Фрейндлих макул болбой койгон эмес.
“Эсеп, кагаздан башка эчтеке билбеген жынысы жок жандык керек!” деген режиссёрдун талабы менен башкарма Калугинанын, чыныгы “мымранын” образын жаратуу үчүн актриса Фрейндлих эски кеңсе кийимдерин издеп “Мосфильмдин” костюмдар бөлүмүн кыдырып чыккан. Ал эми анын чоң, калың кырдуу көз айнеги фильмдин оператору Владимир Нахабцевдин атасынын көз айнеги болчу.
Кызматкер Новосельцев да алгач жүдөмүш, кызыксыз киши болчу. Фильмдин акырында анын жөнөкөй, мээримдүү, тарбиялуу каарманга, чыныгы мырзага айланганын да байкайбыз. Анын оозунан чыккан сөздөр түбөлүк фразаларга айланган: “Менин эки балам бар, уул жана... дагы бир уул”.
Актёр Олег Басилашвили аты-жөнү өзү айтып турган Самохваловдун ролун аткарууга макулдугун дароо берген эмес. Себеби, ал Рязановдун дээрлик бардык фильмдеринде айымдардын жүрөгүн ооруткан татынакай жигиттердин, өзүмчүл, куу адамдын ролун аткаргандан тажаган. Анын үстүнө, жаңы тасмага тартылуу үчүн Басилашвили күн сайын Ленинград-Москва деген рейс менен учуп келип турчу.
Тасманын дагы бир ийгиликтүү ачылышы – экранга жаңы чыгып келаткан актриса Лия Ахеджакова. Бардык жаңылыктардан кабардар болгон катчы Верочка мода жөнүндө, эркек-аял мамилелери жөнүндө болгон маалыматтын баарын билет. Пьесада Веранын күйөө­сү да ири ролдордун бири болсо да, тасмада Вера аны менен телефон аркылуу гана сүйлөшүп турат.

ТАСМАНЫН СЫРЛАРЫНАН...

  • Тасмадагы көп көрүнүштөр сценарийде жок болчу. Мисалы, тепкич алдында орун алган кызматкер Бубликов эсиңиздеби? Тепкичтен өйдө-ылдый баскан айымдардын буттарын карап отурган эпизоддорду актёр Петр Щербаков өзү ойлоп тапкан.
  • Фильмдин дагы бир жеңиши – андагы ыр. Обону Андрей Петровго, сөзү беш авторго таандык болгон бул ырга DJ Грув экинчи жашоо берген. Бул саундтректи азыр деле уюлдук телефондордон угуп калуу мүмкүн.
  • Заманбап Дон Жуандын ролун аткарган Басилашвили тасмада жапжаңы “Волга” минип жүрөт. Чындыгында, ал учурда актёр машина айдаганды билчү эмес. Бирок, машина менен эпизоддорду сөзсүз тартуу керек эле. Анда жаратуучулар актёрго машинаны от алдырып кайра токтотконду гана үйрөтүп, айла таап кетишкен. Ал эми Басилашвили өзүнүн жеке машинасына 55 жашка чыкканда гана ээ болгон.

Даярдаган Бегайым Мусакеева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 264, 23-29-ноябрь, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан