ТАТУАЖ ТУУРАЛУУ БИЛҮҮНҮ КААЛАЙСЫЗБЫ?

Акыркы кезде адамдын жашоосу күн санап жөнөкөйлөшүп баратканы жашыруун эмес. Маселен, бир жолу сулуулук салонуна баруу менен 3-6 жылга боёнуу түйшүгүнөн арыла аласыз.

ТАРЫХЫНАН
Тээ байыркы замандан бери эле айымдар өз келбетине кам көрүп келаткандыгына тарыхта далилдер бар. Мисалы, Байыркы Вавилон, Ассирия, Египетте, ошондой эле Греция менен Римде чөп, май жана ар кандай топурактарды косметика катары колдонушкан. Ал тургай денелерине кооз сүрөттөрдү тартышып, ал өз кезегинде адамдардын коомдогу ордун, аскердик даражасын билдирип турган. Андан тышкары татуировканы жин-шайтандардан сактануу максатында да тумар катары денелерине жана беттерине тарттырышкан.

ТАТУАЖ ДЕГЕН ЭМНЕ?
Татуажды, негизинен, татуировка деп айтууга болот. Болгону, татуаж жалаң гана айымдар арасында колдонулуп, териге өтө терең чегилбейт. Анан да убакыттын өтүшү менен өңүн жоготуп, таптакыр кетип да калат. Ошондой эле татуажды кандай тез тарттырсаңыз, ошондой тез өчүрүп салууга мүмкүнчүлүк бар. Албетте, бул үчүн да адистердин жардамына муктажсыз.
Бул кызматка көбүнчө өз келбетине канааттанбаган, косметикалык каражаттардан аллергиясы бар жана көрүүсү начар кыз-келиндер (күндө боёнуу кыйынчылык жаратканы үчүн) кайрылышат.

КАНТИП ЖАСАЛАТ?
Алдын ала татуаж жасала турган жер (каш, көз же ооз) белгиленип, жарашыгына карап формасы жана түсү аныкталат. Анан оорутууну сездирбей турган атайын май же гель сүйкөлөт. Дары таасир бергиче боёк даярдалып, атайын аспапка куюлат. Андан соң гана аспаптын учундагы ийне аркылуу теринин астына боёк куюла баштайт.
Татуажды көпчүлүк салондордо табигый хна менен гана жасашса, кээ бирлеринде атайын химиялык кошулмалары бар боёктор менен жасалат. Албетте, химиялык боёк хнага караганда көпкө чейин өчпөйт. Баса, татуаж жасатуу жыл мезгилинен жана аба ырайынан көз каранды эмес. Анын 3 жылдан 6 жылга чейин өчпөсүнө кепилдик бар.

БИШКЕКТЕГИ АКТУАЛДУУЛУГУ
Азыркы күндө борборубузда татуаж аркылуу өз макияжын бир канча жылга “бекитип” алган айымдардын саны күн санап өсүүдө. Көпчүлүк учурда кыргыз улутундагы айымдар бул кызматка кайрылышат. Алардын дээрлик 90 пайызы кашын чийдирүүнү каалашат. Себеби каш беттеги эң негизги орунда туруп, анын формасын өзгөртүү менен бетти толук же арык, узун же тегерек көрсөтө алат. Ал тургай каш аркылуу мурундун өтө узун же өтө кыска экендигин билдирбей коюуга да болот.
Каш татуажынын эки түрү бар. Биринчиси – чийилген форманын ичи толук боёлот, экинчиси – каштын ар бир талы тартылып чыгат. Эриндерди да жөн гана четин чийдирип коюуга же болбосо толук боётууга мүмкүн. Ал эми көздү көпчүлүк учурда үстүнө бир сызык кылып гана чийдиришет.

БААСЫ ТУУРАЛУУ ЭКИ ООЗ СӨЗ
Баш калаадагы салондордон жүргүзүлгөн сурамжылоо боюнча, кашка татуаж жасатуу акысы 2000 сомдон баштап боёктун кай жактан алынып келингендигине жараша 10 000 сомго чейин болот. Андан тышкары бул үчүн кем дегенде эки саат убакыт талап кылынат. Эриндерди боётуунун баасы жана убактысы да ушундай эле. Ал эми көзгө татуаж жасатуу үчүн бир жарым саат убактыңыз менен кошо 2000 сомдон 8500 сомго чейин акчаңыз болушу керек.

ТАТУАЖДЫН ТЕРС ЖАКТАРЫ

  • Татуаждан кийинки карттануу менен 10-15 күн жүрүү өтө ыңгайсыз.
  • Бир канча жылдан кийин боёгу өчкөндө татуаждын орду шишиктей көрүнүп калышы мүмкүн.
  • Эриндерге татуаж чектирүүнүн бир коркунучу – учук. Көпчүлүк учурда айымдар татуаждан кийин ооздун тегерегинде учуктун пайда болгондугуна арызданышат.
  • Татуаждан кийин өзүңүздүн кашыңыз кайра өспөй калуу коркунучу да туулат.

Татуаж тууралуу маалымат бергендиги үчүн “Венера Чин” сулуулук салонунун адистерине ыраазычылык билдиребиз.

ПАЙДАЛУУ КЕҢЕШТЕР

  • Татуаж жасалган орунда карт пайда болот да, ал 10-14 күнгө чейин жүрөт. Карттын четтери ачыла баштаганда эле аны сыйрып таштоого болбойт. Себеби мындай учурда теридеги жарааттан так калып калат.
  • Карты түшкөнчө суу тийгизбегенге аракет кылуу керек. Мончо, бассейн дегендерге барбай, душка гана түшүп турганыңыз оң.
  • Боюнда бар же бала эмизип жүргөн айымдарга татуаж жасатууга болбойт. Себеби оорутууну сездирбөөчү май сүйкөлөт. Бул балага зыян алып келиши ыктымал.

Чолпон Сүйүнбаева
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (16)
Prokuror
2011-06-27 10:03:03
Айланадыгынын баары искусственный болуп, чыныгы сулуулукту да жогото баштадыкпы?
-1
arlekino
2011-06-27 11:12:02
инород.тело эн жаман,туура эмес нерсе... кашы туруп оозу туруп аны боетушуп...эх бул жалганда кудай берген жуз м-н журуш керек..буту-колу жок болуп торолбогон сон...
0
19zamir87
2011-06-27 13:10:24
Татуаж чынында кыздарды сулуу кылып көрсөтөт,Балдарды жүрөктөн тебет а чынында кийин өзүнүн келбетин көрүп тескери карап кетишибиз мүмкүн!!!Ошентсе да кудай берген татуажга жетпейт и ден соолукта жашайт.Кыздар татуажсыз эле жашайлы карманга минус кылбай.(спс)
0
ladyNura
2011-06-27 18:26:25
билбедим лично мен туура эле карайм,озум дагы козумо чийдирсемби дегем.Себеби жаш убактан карандаш менен боеп журуп,конуп калганмын,боебой койсом кызыктай боло берем.Кундо ошол химикатты боегондон еоро,5-6жылга бир боетуп койгон он эмеспи.
0
ladyNura
2011-06-27 18:28:27
Анан да чыныгы сулуулар жок калат го дейсинер,азыр 100кыздын 99у боенот,жок дегенде карандаш же тушь колдонот.Кепилдик менен айта алпм.
0
kubik
2011-06-27 19:53:29
ladyNura - менин байбичем боёнбой эле журсо деле мага абдан жагат. Анын устуно мен тырмагына лак койгонду, тырмагын остургондорду жаман корооруму билет. Бирок чачын химиялап, анан кайра оноп тузогонуно каршы эмесмин.
Аялды сулуулугу учун гана эмес балдарындын апасы болгону учун суйушун керек.
0
Buu
2011-06-27 20:55:08
боёнгонду билсем ойлонмок экенмин мне жакшы мне жаман :)
0
OMG
2011-06-27 22:29:10
Menin kashyma tatuaj koidurganyma 4 jyl boldu, voot jyrgal, suuga tushson da ochpoit,Issyk-Kol, bassein, boioboisun en jakshy, birok,"birogu" da bar, al jyl saiyn formasy ozgorulup turat eken postoyyanno bir formada turbait, maga komplimentter kop bolgon, al emi podrujkalarym biz da jasatabyz degende jok luchshee ozunordun ele kashynar menen jurgulo degem, meniki uje ochuoiun dep kaldy,,,koidurbaim bashka...
0
gogo
2011-06-28 00:20:52
ооо кыздааар айтсам жаман коросунорбу,Не бойонбосонор олосунорбу.кыркып жатып туготтунор чачынарды,жулуп жатып туготтунор кашынарды,оо КЫЗДАР андан коро чачты кашты кор кылбастан,Жон гана кесип салбайсынарбы башынарды!!!!
0
gogo
2011-06-28 00:21:40
Бул созду мен эмеес Жакут Сыдыков айткаан

0
elya2404
2011-06-28 05:03:37
А у меня без татуажа, без макияжа глазки красивые и лицо выглядит ухоженным и свежим! Я и без косметики очень милая, счастливая! Красивой нужно родиться, привлекательной же может стать каждая! И еще красота должна быть естественной! И советую, краситься поменьше, кожу побережете!
0
aikoledi
2011-07-24 16:45:53
elya2404, а чё делать если глазки некрасивые
0
Neo85
2011-06-29 11:45:47
эн туура "" elya2404 ""
0
operaledi
2011-07-03 00:05:33
Кактагы татуаж? Татуажы жок эле татыктуубуз.
0
nationalist
2011-07-03 21:02:50
Акыретте денеге тушкон ар бир так учун жооп беребиз, ушуну унутпагыла.
0
gordaya-g
2013-02-12 17:39:57
шариятта татуаж куноо.ал эми кашын куйоосу учун терсе болот
0
№ 451, 24-30-июнь, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан