ЯНА ЧУРИКОВА

Мындан 6 жыл мурун Россиянын Биринчи каналынан “Фабрика звёзд” деп аталган жаңы долбоор старт алган болчу. Бул долбоор менен кошо Орусиянын Биринчи каналында Яна Чурикова аттуу тилинен чаңы чыккан телеалпаруучу элге тааныла баштаган. КМШ өлкөлөрүнө таанымал теледива аты чыгып, атактуулардын катарына кошулганга чейин эле мыкты журналист катары эмгектенип келген. Бирок, ал тууралуу алпаруучунун биздин мекенибиздеги күйөрмандары биле беришпейт.

Толук аты-жөнү – Яна Алексеевна Чурикова
Туулган жылы – 1978-жылдын 6-ноябры
Жашаган жери – Москва шаары
Ырахаттанып жасаганы – Сигара тартуу
Колдонгон чөнтөк телефону – nokia N 73, көп жолу жерге түшүрүп алгандыктан, сынык жерлери бар
Кантип эс алат – Уктап
Үйбүлөлүк абалы – Турмушка чыккан, баласы жок

Учурда Яна Чурикованы сөздүн гүлүн терип сүйлөгөн мыкты телеалпаруучулардын катарына кошуп келебиз. Ошол Янанын балалыгында 4 жашка чейин тили жакшы чыкпаганына ишенүү кыйын. Ал гана эмес, төрөлгөндө эле 4 жарым килограмм салмакта жарык дүйнөгө келип, эне сүтү менен чоңойгон Яна бой жеткиче өтө толук болуп, өзүнөн-өзү уялчу. Ошентсе да бир аз эс тарткандан тарта шок кыз болгонун жашырбайт. Атасы аскер кызматкери болгондуктан, дүйнөнүн ар кайсы шаарларына көчүп-конуп жүрүп чоңойгон. Ал эми 1-класска Венгрияда барган. Апасы Елена Вадимовна кесиби боюнча экономист. Көпчүлүк Янаны «Россиянын эл артисти Инна Чурикованын кызы» деп билишет. Бирок, чындыгында, Инна экөөнүн ортосунда окшош фамилиядан башка эч кандай байланыш жок.
Мындай сөздөр атактуулукка жетишкенде гана чыга баштаган. Ал эми Яна кичине кезинде шоктук жагынан эркек балдардан ашып түшүп, кээде керек болсо аларды сабап да койчу экен. Жөн эле куурчактарды колуна алып үйдө ойноп отуруу деген Янанын жашоосунда болгон эмес. Анын ордуна көчөдөгү балдар менен бактын башына чыгып, атышып ойногонду жактырчу. Бир аз эс тарткан сайын мурдагы оюндан башканы ойлобогон кыздын окууга болгон кызыгуусу күчөп, билимге берилген акылдуу жаштардын катарына кошулат.
Алгебра сабагынан артта калганы болбосо, алтын медаль менен мектепти бүтө тургандай билими бар болгон. Жалпы мектептик билими тууралуу аттестаты колуна тийгенден кийин эле окуусун улантуу максатында М.В.Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетине тапшырат. Тынч отурууну жашынан жактырбаган болочок журналист студенттик күндөрүндө эле иштей баштайт. Жергиликтүү басма сөздөрдө штаттан сырткары иштеп бир аз тажрыйба топтогондон кийин окуусун бүтүрүп, дипломун колго алат. 1992-жылдан тарта “Глагол” газетасында катардагы кабарчы болуп эмгектене баштаган. Арадан 4 жыл убакыт өткөндөн кийин гана карьерасына кам көрүүнү чечип, алдыга жылууну пландап, тележурналистика жагына багыт алган. 1996-жылы «АТВ» деп аталган телеканалга ишке орношот. Кийинки жылы «Biz TV» каналында эмгектенет. Тилинен чаңы чыккан Янанын камера алдында иштей турган кыз экендигине толук ишенишпесе да телевидениенин адамы экендигине ынанышкан кээ бир продюсерлер ишке чакырууларын башташат.
1998-2003-жылдары “MTV Россия“ каналында иштеп жүргөндө эмгегин баалабагандыгы үчүн таарынууну жараткан. Анткени, Яна өз талантына толугу менен ишенип, экранга чыгуу дагы колунан келээрине көзү жеткен. Бирок, андай мүмкүнчү­лүккө ээ болуу оңойго турган жок. “Күчтүү каалоонун артынан баарына жетишүүгө болот” демекчи, жетекчилик Янанын канчалаган суранууларына терс жооп беришкени менен эфирге чыгуучу адам келбей калганда анын ордуна кимди чыгараарын билишпей, Янадан өздөрү суранышкан. Тилекке каршы, бул жолку эфир болочоктогу эң популярдуу телеалпаруучу Яна үчүн ийгиликтүү болгон эмес. Ошентсе да күжүрмөн эмгектин артынан көксөгөн максатына жетип, бул каналдын алдыңкы телеалпаруучуларынын катарына кошулган. “12 злобных зрителей” берүүсүн эң кызыктуу жана элге жагымдуу алпарууга жетишкен.
Күнү-түнү үйгө келбей иш үстүндө уктап, тамактанып, жуунуп, башкача айтканда, жумушунда “жашап” жүрүп Яна өзүнүн жеке карьерасында атактуулукка жол ачат. Жаш болсо да жеке жашоосун аксатпоонун амалын таап, турмушка да чыгат. Кызыктуусу, Янанын ал кезде өз жашоосун ойлоого убактысы жок болгондуктан, жаңы эле концерттен таанышкан армян улутундагы өзүнөн бир жаш улуу Гриша аттуу жигитке турмушка чыгууга макулдугун берген. Бири-бирин алгачкы жолу көргөн күнү эле “сен мага турмушка чыгасың. Сен меникисиң!” деген Гришанын сөзүнө: “Сеники болсом сеникимин да”,- деп Яна жооп кайтарган. Ушундай жол менен эч камаарабастан эки жаш баш кошууга бел байлашкан. Бирок, тынымсыз жумуштун айынан жаш жубайлар чогуу жашоого деле толук үлгүрүшкөн эмес. Анткени, баягы эле аягы көрүнбөс жумуш, пикир келишпестиктер ажырашууга алып келди.
2002-жылы Яна Чурикова Россиянын Биринчи каналына жумушка чакырылат. Көп узабай эле “Доброе утро”, “Реактив” берүүлөрүнүн алпаруучусу катары эфирге чыга баштайт. Ошондой эле Янаны көпчүлүк күйөрмандары “Фабрика звёзд” теледолбоору аркылуу таанышкандыгында талаш жок. “Фабрикага” алпаруучулукка Яна канчалаган атактуу актёр, алпаруучу, ырчы жана куудулдардын арасында болгон кастингден жеңип алуу менен келген. Учурда анын татыктуу алпарып жатканына баарыбыз күбөбүз. Бирок, ар бир иш чалынуусуз болбойт экендигин билебиз. Ошондой эле Янанын да чыгармачылыгы мындай кокустуктарды айланып өткөн эмес. “Жаңылбас жаак, мүдүрүлбөс туяк болбойт” демекчи, көпчүлүк учурда түз эфирде иштегендиктен, кээде туура эмес сүйлөп алгандыгы үчүн сот иштерине чейин барганы маалым.
Жеке турмушун да унутта калтырбастан, мындан 3 жыл мурун Иван Цыбин аттуу өзүнөн 9 жашка улуу телережиссёрго турмушка чыккан. Экөөнүн үйбүлөлүк турмушунун да башталышы өзгөчө болгон. Кесиптеши менен болгон романы жөн эле эриккенден башталган. “Таптакыр башым бош жүргүчө деп эле Ваня экөөбүз сүйлөшүп жүрдүк. Эч кандай сүйүү сезимдери болгон эмес. Бир күнү эле баш кошуп, бирге түтүн булатуу жөнүндө сүйлөштүк да, үйлөнүү тоюн бердик”,- дейт бул тууралуу Яна. Үйлөнүү тойлорунда болсо саат онго он мүнөт калганда жөн гана барып, керектүү кагаздарга кол койгондон кийин 12де түгөйлөрдүн экөө тең өз кызматтарына жол тартышкан. Ошондон бери жубайлар чогуу жашап келишет. Бирок, Яна алигиче эле кызматына өтө берилгендиктен, үйүндө болгон убактысы аз. Ал эми телевидениедеги жумушунан тышкары учурда “Viva” журналынын башкы редактору катары да эмгектенет. Журналисттердин “качан эне болууну пландаштырып жатасыңар?” деген суроолоруна Яна учурда 29 жашта болгонуна карабастан: “Балалуу болуу бул өтө жоопкерчиликтүү нерсе. Ошондуктан, эне болууга шашылууга эрте. Мен балалуу болууну жакынкы планга коё элекмин”,- деп жооп берип келет. Ал эми мындан эки жыл мурун “Яна Чурикова кош бойлуу экен” деген кабарлар басма сөз каражаттарына чыккан эле. Кийинчерээк Яна: “Мунун баары калп, менин боюмда жок”,- деп ал ушактарды жокко чыгарган. Ошентсе да кийинчерээк “Яна бала күтүп жаткан эле, боюнан түшүп калыптыр” деген кабарлар айтылып жатты.
Яна кичинекей кезинде опера ырчысы, биолог, зоолог болууну каалаган. Бирок, тагдырдын жазганынан минтип атагы алыска тарап отурат. Чыгармачылыктан тышкары бийиктиктен секирүүнү жактырат. Ал эми тамеки чеккендигин терс жоругу катары карайт. Алгачкы жолу сапаты жаман тамеки чегип жатканын көргөн продюсери эртеси жакшы сигара апкелип берген жана ошондон бери сигара менен ажыраша элек. Үйүндө күйөөсү чекпегендиктен жана тамекинин жытын жаман көргөндүктөн, балкондон башын чыгарып, моюнун созуп алып чегет. Үйбүлөсүндө уруш-талашы жок жашагандыктарынын себебин: “Үйдө көп чогуу болбогондугубуз. Бирибиз келсек, бирибиз кетип атып, урушууга деле убактыбыз жок”,- деп түшүндүрөт Яна. Бирок, “Миладзе менен жакын мамиледе, күйөөсү менен ажырашып жатат” деген ушактар да чыккан. Бул тууралуу: “Миладзени мен жансакчы кылууга даярмын, бирок, эң жакын адамым катары көрө албайм”,- деп айткан.

Даярдаган Чолпон Сүйүнбаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 264, 23-29-ноябрь, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан