Алина Жетигенова: «МЕН КЫЗЫМДЫ САГА ОКШОГОН АКМАКТАРГА БЕРЕ АЛБАЙМ!»

«Тамаша тор» демекчи, бул жолку тамаша торубуздун ташы Алина Жетигенова тарапка ооду. Демек, калчылдатмай кезеги дал ушул эжекебизде. Ушунчалык нерви чыдамкай эжекебизди канчалык калчасак да, биз каалагандай калчылдата албай көпкө убараландык. Ошентсе да бул эжебизди бир коркутуп, бир жинине тийип, кайра тамашалап жатып «Тамаша тордун» тегирменинде бир топ эле айланттык көрүнөт. Анда эмесе, жыйынтыгы төмөндөгүчө.

– Алло, кандайсың? Мага Алина керек эле.
– А ким бул? Мен угуп жатам.
– Айланайын кызым, сени араң таппадымбы, мен Таластан бери келип, сени издеп жатам.
– А сиз кимсиз?
– Мен Таластын Чолпонбайынан келдим. Атым Дарыйка. Абдылда ата менен Гүлчөкан жеңенин туугандарынанбыз. Уруубуз сарыкытай.
– Аа, көптөн бери ал туугандар менен катышпай калып, эсибизден чыгып кетти да.
– Ошо да, минтип отурсак туугандар бири-бирибизди тааныбай калабыз. Ошондуктан, бат-бат катышып туруу үчүн сенин кызыңды келин кылып алалы деп келдим?
– Ай, жок, эже, менин кызым али жаш, аны күйөөгө бергенге али эрте да! Мен кызымды азыр күйөөгө бергенге даяр эмесмин.
– Ой, эне үчүн бала чоңойсо да, кичинекей баладай көрүнө берет. Мына, кызың да 18 жаштан өткөнү­нө бир жыл болуп калыптыр.
– Жок, эже, баарыбир мен кызымды азыр күйөөгө бере албайм. Үмү­тү­ңүздү үзө берсеңиз болот.
– Жок дегенде ата-энеңдин арбагын сыйласаң боло. Мына, мен Көк­жарда турам. Сени “ошол жакта жашайт” деп уктум эле, азыр үйү­ңө баралы, анан шашпай сүйлөшө­бүз.
– Эже, мен азыр үйдө эмесмин, тойдо жүрөт элем. Мына азыр тойго кирип баратам, эртең сүйлөшсөк болобу?
– Бүгүн жолугуп сүйлөшүп, бул ишти нары же бери кылып коюп, мен эртең кайра Таласка кетишим керек.
– Эже, бери эмес, нары эле кылып коё берсеңиз болот. Чынымды айтып жатам, мен кызымды азыр күйөөгө бербейм.
– “Кыздын бараар жери күйөө” демекчи, бүгүн болбосо, эртең баарыбир бересиң да. Эми уруубуз бир, эли-жерибиз бир, кызыңды өзүңдүн жакындарыңа бербегенде, кимге бермек элең?
– Туура айтасыз, мен сизди чанып да жаткан жерим жок. Тууганчылык – тууганчылык менен өз жолунда. Макул, катышсак тууган бойдон катышалы. Бирок, мен кызымды али күйөөгө бербейм.
– Сен өзүң отуруп алып эле сыртынан тон бычпай, алгач эки баланы жолуктуруп сүйлөштүрөлү, бирин-бири көрүшсүн. Балким, жылдызы келишип калаар.
– Учурда кызымдын жигити бар. Ага айтсам, ал баарыбир сүйлөш­пөйт. Коюңуз, эже, элдер мени күтүп калышты, калганын эртең сүйлө­шөлү.
– Токтой турсаң, биякта сага чоң аял сүйлөп жатат. Баарыбыздын эле жигитибиз болгон, жигити болсо эмне экен! Сен эмне, кызыңа тилиң өтпөйбү?
– Эже, тилим өтсө деле жакшынакай жигити турса, мен кантип анан ал экөөнүн мамилесин бузам?!
– Анда сенин күчүң жетпесе, менин күчүм жетет. Эртең кызыңды алакачып кетсек, мага таарынба. Анткени, мен сага эскертүү берип жатам.
– Кандайча эскертүү?! Эгерде алакача турган болсоңуз, мага сиз таарынбаңыз. Турмуш деген оюнчук эмес, койдой кылып каалаган кызды уурдап салып кетип жашагыдай!
– Ким эле “макул, кызымды алып кетиңиз” деп айтсын. Анча-мынча каадасын кылып коёт да, туурабы? Ошондуктан, кызыңды биз алып кете беребиз. Бизди болбосо да, ата-энеңди сыйлаарсың?
– Бул жакка ата-энемди аралаштырбаңыз! Эгерде алакачсаңыздар өзүңүздөрдөн көрүңүздөр, сиз өз башыңыз менен жооп бересиз! Анда бул биздин эмес, соттун иши болуп калат. Азиздин жинин билесиздер, ал соо койбойт. Атасы укса да, баарыбызды өлтүрөт. Андан көрө, жакшылыкча эле чечишели.
– Эмне мынча өзүңдү асманга илесиң? Керек болсо менин балам сенин кызыңа караганда эки эсе өйдө турат!
– Анда ошол өйдө турган кыздардан ала бериңиз, менин башымды оорутпай! Менин кызымдын жигити бар, жок болсо да силерге окшогондорго кызымды бербейм!
– Эмне, сенин кызың Анжеликадан дагы өйдө болуп кеткенби же ошол кызчалык акылыңар жокпу?
– Эй, сен эмне мага телефондон чалып ар кайсыны айтасың, тантырап жатканыңа караганда сенин акылың жок окшойт. Болду, экинчи чалбагыла! Мен кызымды сага окшогон акмактарга бере албайм!.. Түт, тү-үт...
– Алло, Алина эже, кечиресиз, бул “Супер-Инфонун” “Тамаша тору” болчу.
– Ошо, бир ишенип жүрөгүм түшсө, кайра ишенбей баштагам. Анан силер ишенгидей сүйлөсөңөр, чын эле ишенип жаткам. Көрсө, “Тамаша тор” турбайбы.
– Рахмат, эже, убактыңызды бөлүп койгонуңузга.

Тамашалаган Замира Рахманбердиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 264, 23-29-ноябрь, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан