МИРБЕК АТАБЕКОВ “АЙКӨЛ ЖАЗЫНА” НААРАЗЫ

Мирбек Атабеков “Айкөл жазына” нааразы
Августтун 10-11-12синде Ысыккөлдүн Бөкөнбаев айылында “Айкөл жазы” аттуу эл аралык фестиваль болуп өттү. Ага аты элге таанымалдар да, таанымал эместер да болуп бир топ жаш ырчылар катышышты. Алардын арасында “Сени гана” ыры менен элге таанылган жаш ырчы Мирбек Атабеков да бар эле. Бирок, Мирбек өзү ээ болгон 3- орунуна ыраазы болгон жок. Мирбектин айтуусу боюнча, фестиваль өтө эле адилетсиз өтүп, орундардын баары сатылып алыныптыр. Жада калса калыстар тобунун төрагасы өзү Мирбекке белек тапшырып жатып: “Капа болбо, негизи, сенин ордуң башка эле, бирок, ушундай болуп калды” деп кулагына шыбыраптыр. Ошентип, Мирбек сыйлыкка кичинекей кытай магнитофонун алып кайтты.

Гүлмираны «телефон террористтери» коркутууда
Динара Акулованын “Кичинекей Гүлмирасы” азыр чоң Гүлмира болуп, чыгармачылыктын жолуна өз алдынча түшкөнү гезиттерге жарыяланган. Мына ошол таланттуу кыз өз арбайын согуп, чыгармачылыктын түйшүгүн тартып жүргөн кезде жакында эле аны белгисиз бирөөлөр аркылуу коркутуу болуптур. Бул жөнүндө Гүлмира өзү минтет: “Бир күнү соткама номери аныкталбаган бир звонок келди. Алсам, бейтааныш үн алгач жакшынакай эле ал-абалымды сурады. Ким экенин сурасам, айтпай койду. Анан “Гүлмира, сага жан керекпи же ыр керекпи? Эгер жан керек десең ырдаганыңды токтот. Болбосо, жаныңдан үмүт кылба” деп телефонду басып койду” дейт. Ошентип, азыр ырчы кыз бул табышмактуу коңгуроону кимден шекшинээрин билбей турат. Ал эми бул жагымсыз кабарды уккан Гүлмиранын санаалаштары атайын кызматтарга кайрылып, «телефон террористтеринин» сазайын колуна карматабыз деп билектерин түрүнүп отурушат.

Съездбектин сүйгөн кызын ала качышкан жок!
Мындан бир аз убакыт мурун Съездбектин сүйгөн кызын ала качып кеткени жөнүн­дө кабар «дүйнөгө дүңгүрөгөн» эле. Көрсө, ала качканы калп экен. Съездбектин өзүнүн эле жакын адамдары ырчыны тамашалоо максатында ушундай маалымат таратышыптыр. Ушунчалык катуу тамашалагандыктан, маалыматты уккан адамдын баары, анын ичинде Съездбек өзү да ишениптир. “Алгач укканда эмне кылаарымды билбей нес болуп отуруп калдым. Мунун тамаша экенин кийин гана айтышты. Бирок, ушул окуядан кийин баары бир кызым экөөбүз урушуп кеттик” дейт Съездбек өзү.

Байышты дүкөнчү ыңгайсыз абалга калтырды
Экс кош жылдыздар Байыш менен Кларанын оту күйүшпөй ажырашып кеткени баарына эле маалым болгондой болду эле. Тилекке каршы, бул окуядан кабары жоктор да бар экен. Жакында эле Көлдө гастролдо жүргөн Байыш биринчи же болбосо азыркы жубайы Динара, төрт жаштагы кызы болуп дү­көнчөгө кирип калыптыр. Киргенде эле Байышты таанып калган сатуучу: “Ой, Байыш, Клара кана? Ал келген жокпу?” деп бапылдап коё бериптир. Байыш өзү түшүнөөр дегенчелик кылып бир Динараны карап, бир дүкөнчүнү карап коёт экен. Тиги эже болбой эле: “Аялыңды таштап келдиңби? А булар кимдер?” деп коёт дейт андан бетер күчөп. Динара дүкөндөн чыккандан кийин Байыш баарын түшүндүрсө, сатуучу Байыштан кечирим сураптыр.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 198, 18-24-агуст, 2006-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан