АБДЫЛДА ИМАНКУЛОВ АЛТЫ ЖЫЛКЫ СОЮП ТОЙ БЕРДИ

Абдылда иманкулов алты жылкы союп той берди
Куудул Абдылда Иманкулов жакында өзү төрөлүп-өскөн Токтогул районунун Тоолук айылына барып, ата-эне­синин 70 жылдык жана үйлөнгөндөрүнүн 50 жылдык кош майрамын белгилеп чоң той берип кайтты. Баргандардын айтуусуна караганда, той үч күнгө созулган жана анда алты жылкы союлуп, он чакты боз үй тигилиптир. Абдылданын ырчы-куудул 30 сахналаш досу да бул тойго катышып кайтышты. “Той Көкөтөйдүн ашын­дай эле болду. Жей берип оозу-мурдубуздан чыгып кеткидей эле болду. Абдылда азамат!” деп ыраазы болуп жүрүшөт барып келгендер. Чын эле Абдылда азамат экен, ата-энени көзү тирүүсүндө сыйлабаса качан сыйлайт?!

Ильяз Абразаков терезеден качып чыкты
Азыр ырчылар арасында арааны жүрүп турган жаш ыр­чы Ильяз Абдразаков жакында Токмокко концерт коюу үчүн жөнөгөн эле. Залга эл толуп, кыйкырык-сүрөөн жөн эле залды жарып жиберейин дейт. Концерт ортосунда Ильяз сүрөткө түшөм деген күйөр­мандары менен сүрөт­кө түшүп, автограф сураган күйөр­ман­дарына автограф бергенден баш тартпаганын айтты. Бир маалда эле концерт бүтүп, Ильяз кийимдерин алмаштырып жатса, кыздар ызы-чуу тү­шүп эле жабалакташып келип, эшик­тин сыртында Ильязды күтүп туруп калышат. Акыры эшиктен чыгара албасына көзү жеткен соң, уюштуруучулар Ильязды терезеден чыгарып жиберүүгө аргасыз болушту. “Мен качпайт болчумун, бирок, карасам, залдын тең жарымы эле келип алышыптыр. Чекеден автограф коё баштасам, кыздардын бири бул жакка, бири тигил жакка тартып аз жерден тытмалап коё жаздашты. Анан терезеден чыгып кетүүгө туура келди” дейт өзү Ильяз Абдразаков.

Алина жана Мирлан Жетигеновдор киного тартылышты
Ырчылар Алина Жетигенова менен Мирлан Жетигенов Геннадий Базаровдун “Өзүн-өзү өлтү­рүүчү­лөр­дүн шоусу” аттуу толук метраждуу фильмине тартылып бүтүштү. Албетте, мында Алина да, Мирлан да башкы ролдордо эмес. Ошентсе да киного тартылуу эки ырчынын тең бала чактарынан берки максаттары болгондуктан, эпизоддук ролдорго тартылып калгандарына да ыраазы. Мында Алина француз ырчысынын ролун жаратса, Мирлан көпкөн, бай жигиттин ролун ойнойт. Бул фильмдин съёмкасы опера-балет театрынын жер төлө­сүн­дө өтүп, бир тууган ырчылар ал жакка туура бир жума катташты. Буюрса, Алина менен Мирландын күйөр­ман­дары сүйүк­түү ырчыларынын актёрлук өнөрлө­рүнө октябрь айынын ортолорунда өздөрү күбө болуп калышат.

“Кыз-Буракка” өзүнчө самолёт жалдашты
Легендарлуу “Кыз-Бурак” тобунун канчалык кадыр-баркы өскө­нүн ушундан билиңиз, жакында аталган топтун беш кызы бир самолёт менен Ошко барып, бир той­го катышып келишти.
“Кыз-Бурактын” кыздары Караколдо гастролдо жүрүшкөн. Анан эле жеке менчик самолёту бар казак менен өзбек аралашкан оштук бир “крутой” үйбүлөнүн үйлөнүү тоюна ырдап берүүгө чакырышат. Болгондо да кыздарды тойдун ээсинин жеке самолёту менен алып кетишээрин айтышат. Ошентип, килейген самолёттун ичинде беш кыз чардап Ошко барышып, кайра ошол эле самолёт менен Караколго келишет. Той ээси “Кыз-Бурак” тобунун кыздарынын эмгеги үчүн миң доллар гонорар төлөп бериптир.

Уитни Хьюстон катуу ооруп жатат
Мындан бир канча убакыт мурун америкалык кайсы бир басма сөз Уитни Хьюстондун мээсинде шишиги бар экени жөнүндө жазган эле. Бирок, бул маалыматты жалганга чыгарышып, жада калса Хьюстон өзү калп маалымат таратканы үчүн басылманы сотко берем деп чамынган эле.
Ал эми ырчынын күйөөсү Бобби Браундун эжеси Тина Браун келининин чын эле мээсинде шишиги бар экенин жакында журналисттерге кабарлады. Кайнеженин сөзү боюнча, Уитни текшерилип жаткан клиникадан бир врач телефон чалып, ырчынын оорулуу экенин айткан. “Уитнинин мээсинде шишиги бар экенин үйбүлөсүнүн баары эле билишчү. Бирок, муну эмнеге сыр кылып жашырышкандарына тү­шүн­­бөйм. Бул эле эмес, Уитни алда качан баңги заттардын курмандыгы болуп калган. Анын үйүнө барган сайын «өз үйүнөн өлүгүн таппасам экен» деп коркуп барчумун” дейт Тина айым өз келини жөнүндө.

“Каракчылар” дүйнөнү багындырышты
“Кариб деңизинин каракчылары-2” фильми 17 аптадан бери дүй­нө­лүк прокатта жү­рүү менен дүйнө­дөгү эл эң көп көр­гөн фильмдердин рейтингинен 6-орунду ээледи. Учурда фильм 51 өлкөдө көрсөтү­лүп, 924 миллион доллар киреше алып келди. Эскерте кетсек, 1-орунда “Титаник” (1,8 миллиард доллар), 2-орунда “Шакектер шаасы. Королдун кайтып келиши” (1,1 миллиард доллар), 3-орун “Шакектер шаасы. Эки мунара” (924 миллион доллар) фильмдери турат. Эми 2007-жылы “Кариб деңизинин каракчылары-3: Акыр заман” жарыкка чыкмакчы. Бул фильмге мурунку актёрлордон тышкары белгилүү кытай актёру Чоу Юнь-Фат да тартылат.

Плутон эми планета катары саналбайт
Эл аралык астрономия союзунун 3-бөлүмүнүн отурумунда Плутонду планета статусунан айыруу тууралуу чечим кабыл алынды. Эми Күн системасында 8 гана планета болуп калат. Жаңы классификация боюнча Жер тобунда 4 (Меркурий, Венера, Жер, Марс), планета-гиганттар тобунда 4 (Юпирет, Сатурн, Уран, Нептун) планета бар болуп эсептелет. Ал эми калган планеталар, анын ичинде Плутон да «карликтер» деп аталышат.

Покер боюнча Дүйнө чемпионаты
Ирландияда чечинип ойнолуучу покер боюнча Дүйнө чемпионаты өтүүдө.
Аталган чемпионатка 12 өлкөдөн 200 аял-эркек картачылар катышып жатышат. Эреже боюнча оюндун башталышында оюнчулар бардыгы болуп беш гана кийим кийип отуруулары зарыл. Анан утулган сайын улам бир кийимин чечип берүү­лөрү шарт. Акырында ич кийимин да уттургандарга уяттуу жерин жабуу үчүн бетаарчы берилет. Ыштанчан калган жеңүүчү акчалай сыйлыкка жана “Алтын анжир жалбырагы” статуэткасына ээ болот.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 199, 25-31-август, 2006-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан