ИБРАГИМ ЖУНУСОВ ЭЛ АРТИСТИ НААМЫНА ЭЭ БОЛДУ

ШОУ-БИЗНЕС

ИБРАГИМ ЖУНУСОВ ЭЛ АРТИСТИ НААМЫНА ЭЭ БОЛДУ
Жакында Эгемен­дүүлүк күнүнө карата мамлекеттик катчы Адахан Мадумаров ар тармактын ишмерлерине, анын ичинде маданий ишмерлерге да наамдарды тапшырды. Атай кетсек, композитор жана аткаруучу Ибрагим Жунусов менен Кыргызбай Осмонов Кыргыз Республикасынын эл артисти деген наамга ээ болушса, эстрада ырчылары Айчүрөк Иманалиева, Алина Жетигенова, Асел Турдалиева, Дилшат Кангелдиева жана продюсер Ассоль Молдокматовалар президенттин Ардак Грамотасына ээ болушту.
«Супер-Инфо» гезити сыйлык ээлерин кызуу куттуктап, мындан ары да зор ийгиликтерге жете беришине тилектештигин билдирет.

БАКТЫГҮЛ БАДЫЕВА МАШИНАЛУУ БОЛДУ
Ырчы кыз Бактыгүл Бадыева жакында кычыраган кызыл түстүү "Гольф-3" маркасындагы машиналуу болду. "Дал ушундай машинага ээ болуу – менин көптөн берки тилегим болчу. Мына, эми тилегим ишке ашып отурат. "Жаштын тилегин берет" деген ушул экен. Машина айдаганды мурун эле бил­чүмүн. Азыр жөө жүрбөй, иштеримдин баарын зуулдатып машинам менен бүтүрүп жыргап калдым" дейт жаш ырчы.
Чырайы көптөрдү чаңкаткан сулуунун кыялындагы машинага ээ болушу албетте, жагымдуу кабар. Бирок... "жаштын тилегин" кайсы "крутой" орундатты болду экен? Бул табышмактын түйү­нүн рулдагы айым кантип чечмелегенин келерки сандан окуңуздар.

НУРЗАТКА ГҮЛ ТАШЫГАН СЫРДУУ ЖИГИТ ПАЙДА БОЛДУ
“Браво” телеберүүсүнүн алпаруучусу Нурзат Токтосунованын жашоосунда жакындан бери сырдуу бир жигит пайда болду. Ал кыялкеч бейтааныш күн сайын болбосо да эки күндүн биринде Нурзаттын эшигине гүл таштап кетет экен. Кызыгы, Нурзат аны көрүүгө канчалык кызыкканы менен ушул убакка чейин бир да жолу көрө албаптыр. Сырдуу жигит Нурзатка гүл ташыганын качанга чейин улантаар экен? Анан да бул жө­нүндө Нурзаттын жигити билсе эмне дейт болду экен десеңиз?!.

ЖАСМИН МИЛЛИОНЕР БОЛУП КАЛДЫ
Күйөөсүнөн токмок жегенине байланышкан чыры дүйнө­гө угулган Жасмин кү­йөөсү Вячеслав Семендуев менен акы­ры ажырашып тынды. Сот мүлк­төрдү бөлүштү­рүү­дө экс-жубайлардын жекече чечимдерин да эске алды.
Жыйынтыгында, Жасмин 1,5 миллионго жакын долларга, эки “Лексус” машинасына, “Жасмин” псевдонимине, концерт үчүн техникалык аппаратурага ээ болду. Мындан тышкары экөө шубалар менен кымбат буюмдарды да бөлүштүрүп алышты. Эми Семендуевдин мойнунда 6 жашар баласын багуу үчүн Жасминге 660 миң жана үй сатып алууга 2 миллион 140 миң доллар төлөп берүү милдети калды.
Семендуевдин үстүнөн козголгон кылмыш иши болсо токтотулду.

ВАЛЕРИЙ ЛЕОНТЬЕВ БАЛА БАГЫП АЛУУНУ ЧЕЧТИ
Миллиондогон ыр күйөр­ман­дарынын сүйүк­түүсү 57 жаштагы Валерий Леонтьев бала багып алууну чечти. Бул жөнүндө ырчы мурун эле максат кылып жүргөн. Болгондо да багып алган баласы чоңойгондо музыка жылдызы болушун тилек кылчу. Андан тышкары Леонтьев болочок баласы жөнүндө «3 жашка чейин болсо... Анын ата-энеси музыка чөйрөсүндөгү адамдар болуп, кандайдыр бир бактысыз кырсыктан улам бул дүйнөдөн өтүп кеткен болсо...» деп кыялданат. Акыры ырчы кыялын ишке ашырууга бел байлады. Мындай маанилүү маселени чечүүдө күйөөсүнө жөлөк-таяк болуш үчүн ырчынын жубайы Люся атайын Майамиден Москвага келди. Жубайлар өздөрүн кызыктырган маселе боюнча тийиштүү мекемелерге кайрылышканда адистер аларга бир топ документтерди даярдаш керек экенин түшүндүрүштү. Баарынан кыйындык туудурганы – Валерийдин бир убакта эки өлкөнүн: АКШнын жана Россиянын жараны экендиги болду. Ошондуктан, азырынча Валерий Россиянын гана жараны болуп турууга аргасыз болду. Ошентип, эми бала тандоо маселеси гана калды. Ырчы болочок баласына Саша деген атты эчак эле ыйгарып койгон.

КИНО

ЖАДИ-ЖОВАННА ТУРМУШКА ЧЫГУУ АЛДЫНДА
“Клон” сериалындагы Жадинин ролун аткарган Жованна Антонелли жашоосуна өзгөр­түү киргизүү алдында турат. 2007-жылдын башында ал америкалык ишкер Роберт Локасиого турмушка чыгууга камынууда. Тойдон соң ба­ласы Пьетрону алып, күйөө­сүнүн жеринде – Америкада жашамакчы. Актёрлук карьерасын да Америкада улантмакчы. Учурда болсо Жованни сентябрда тартылып бү­­түү­чү “Амазония” фильмине тартылууда.

СЮЗАНАНЫН БОЛОЧОК КҮЙӨӨСҮ ӨЗҮНӨН 29 ЖАШ КИЧҮҮ
“Тагдыр кожейкеси” сериалындагы Мария ду Кармунун ролун ойногон Сюзана Виейра 23-сентябрда сүйүк­түүсү Марселу менен баш кошмокчу. 64 жаштагы актрисанын болочок күйөөсү өзүнөн 29 жаш кичүү, башкача айтканда, 35 жашта. Экөөнүн баш кошо тургандыктары жөнүндө февралда анык болуп, июнда болочок күйөө Сюзананын колуна шакек салган. Сюзана азырынча тойду өзүнүн Риодогу үйүндө өткөрөөрүн же башка жакта өткөрөөрүн чече элек.

КООМ

ПЕЛЕГЕ ЭСТЕЛИК ТУРГУЗУЛДУ
29-августта Бразилиянын Сан-Паулу шаарында атактуу футболчу Пелеге эстелик тургузулду. Эстелик “Ювентус” футбол клубунун стадионунун кире бериш жерине орнотулду. Эстеликти орнотууга Пеленин бул стадиондо 50 жыл мурун өзүнүн алгачкы мыкты голун киргизгендиги себепкер болду. Салтанатка катышкан “футбол королу” буга өзүнүн абдан толкунданганын билдирди.

КЫРСЫК

НАРЫНДА ЖОЛ КЫРСЫГЫНАН 8 АДАМ КАЗА ТАПТЫ
29-августта болжол менен саат бирлерде Бишкек-Торугарт жолунун 310-чакырымында авто кырсык болуп өттү. «Жигули» жана «КАМАЗ» машиналарынын кагышуусунан жеңил машинадагы 7 жүргүнчү айдоочу менен кошо жарык дүйнө менен кош айтышты. ИИМдин билдиргенине караганда, көз жумгандардын алтоосу тууган болгон. “Жигулинин” ичиндегилерден 12 жашар кыз аман калган.

ЧЕГАРАЧЫ АВТОМАТ МЕНЕН АТЫНЫП ӨЛДҮ
28-августтан 29-августка караган түнү Баткендин №20-23 Айдаркенд чегара отрядында кызмат өтөп жаткан кыргыз жоокер өзүн-өзү Калашников автоматы менен атып өлтүрдү. Эмне үчүн атылып өлгөнүнүн себеби белгисиз. Автоматтын магазининен 6 ок атылган. Жоокер түштүктүн Карасуу шаарынан болгон.

КЫЛМЫШ

КАЗАКСТАНДА КЫРГЫЗСТАНДЫК АТУУЛ ГЕРОИН МЕНЕН КАРМАЛДЫ
43 жаштагы Оштун тургуну Муралим Садиков 10 килограмм героин менен Казакстандан кармалды. Анын Россиянын номериндеги машинасын текшергенде атайын жашыруун жерге катылып коюлган героин табылган.

“МАИШНИК” ЖӨӨ ЖҮРГҮНЧҮНҮ КОЮП КЕТТИ
29-августта Бишкекке жакын Военно-Антоновкада Чүй областынын МАИ башкармалыгынын начальнигинин орун басары жөө жүргүнчүнү коюп кетти. Подполковник жол кырсыгына кызмат машинасы менен баратканда кез келген. Жабырлануучу ооруканага жеткирилген.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 200, 1-7-сентябрь, 2006-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан