Ырчы Акбар Сүйүнбаевди белгисиз бирөөлөр аркылуу ушуну менен экинчи жолу коркутуп жатышыптыр. Биринчи жолкусунда Көлдө ашканада тамак ичип отурган жеринен бейтааныш үч жигит чакырып кетишкен да, акча доолашыптыр. Анысында го Акбар эптеп жакшы сүйлөп, ийге келтирген экен. Экинчи жолу болсо Бишкекте Спорт Ордосунан концерттен чыкса, башка бейтааныш балдар жолдун четинде токтоп турган номери жок кара түстөгү эки «Мерседеске» ээрчитип барышыптыр. Анда күтүп отурган сегиз жигит сегиз жагынан коркутушуп, белгиленген мөөнөттө 10 миң сом таап бербесе, өмүрүнө коркунуч келээрин эскертишиптир. Азыр Акбардын кимден шектенээрин билбей, айтылган мөөнөт жакындаган сайын башы катып турган чагы экен.
Бизге кызык болгону, эмнеге ырчы жигит бул окуя тууралуу милицияга эмес, редакцияга кайрылды экен?
ЭКИ НАЗИРАНЫН АТАЛАРЫ БИР ТУУГАН БОЛУП ЧЫКТЫ
«Хит-парад» телеберүүсүнүн тили буудай кууруган алпаруучусу Назира Айтбекова менен «Кыргызстан Обондору» радиосунун булбул үндүү ди-джейи Назира Даниярованын аталары бир тууган экенин Назира Айтбекова жакында эле билди. Буга чейин бул жөнүндө билбегенинин себеби, Назира жаш кезинде апасы менен атасы ажырашып кетишип, Назира таенесинин колунда өскөн экен. Жакында эле концерт алпарып жаткан жеринен Даниярова Назиранын байкеси издеп келип, алардын тууган экенин айтыптыр. «Ошентип, туугандарымды таап алдым. Бирок, Назирага али жолуга элекмин. Анын чыныгы фамилиясы да Айтбекова экен...» дейт «Хит-параддын» көркүн чыгарган кыз Назира Айтбекова бир сүйүнүп, бир таң калып.
АЙЧҮРӨК ИМАНАЛИЕВАНЫ КАЗАКТАР АЛЫП КЕТЕБИ?
“Колдо бар алтындын баркы жок” дегендей, биз өз таланттарыбызды баалабайбыз. Ошол биз баалабаган таланттарыбызга сук артып жүргөн башка элдер көп. Дегеним, биздин Америкага чейин барып кыргыздын атын таанытып келген ай чырайлуу ырчыбыз Айчүрөк Иманалиевага казактардын көзү түшүп жүрүптүр. Ай сайын Айчүрөк айымды казактар тойлоруна алып кетишет экен. Боордош туугандарга байма-бай каттаган эжекебизди казактар “менчиктештирип” албаса экен деп чочулаганыбыздын да жөнү бар болуп чыкты. Себеби, ырчыга “Казакстанга биротоло келип иштебейсиңби?” деп кыйыткандар бар экен. Бирок, “бирөөнүн элинде султан болгончо өз элиңде ултан бол” деген принципти туу туткан Айчүрөк Иманалиеванын башка мамлекетке барып иштеш түшүнө да кирбейт.
МЕРГЕН ТУРГАН ЭМИ ЧЫНДАП ҮЙЛӨНМӨЙ БОЛДУ!
Ана үйлөнөм, мына үйлөнөм деп эле үйлөнүү тоюн улам артка жылдырып келаткан ырчы жигит Мерген Турган эми чындап үйлөнмөй болду окшойт. Баса, анын Амида аттуу бийкеч менен Казакстанда граждандык никеде жашап жатканына эки жылдын жүзү болуптур. Эми бийкечин мекенине алып келүүсү эле калган экен. Муну Мерген октябрдын аягына пландаштырып жатат. “Негизи, октябрдын аягы, ноябрдын башында менин жашоомдо чоң өзгөрүүлөр болгону турат. Үйлөнөөрүм менен эле ага удаалаш жеке концертимди берем. Бирок, үйлөнүү тоюмду дүркүрөтө деле өткөрбөйм. Эми кырктын кырына келип турганда той өткөргөндү мага ким коюптур? Жаш болсом бир жөн” дейт Мерген. Бирок, ырчы жубайы менен Кыргызстанда же Казакстанда жашаары азырынча чечиле элек экен.
ЖЫЛДЫЗ ТУТУЕВА МАШИНАЛУУ БОЛДУ
Тыпылдаган тыкан ырчы кыз Жылдыз Тутуева жакында көгүш түстөгү “Мазда” маркасындагы темир тулпарлуу болду. Эми ырчы кыз жолдошу Касымдын машинасына көз каранды болбой, өз алдынча зуулдатып машинасын айдап калды. Машина айдоо үчүн Жылдыз атайын автосүйүүчүлөрдүн окуусун да бүтүргөн. Көптөн бери максат кылып келе жаткан ою ишке ашкан ырчы кыз азыр Бишкектин көчөлөрүн чаңытып өз машинасын айдап жүргөн учуру.