МАХАБАТ АЗАБЫ ЖАНА КЫЛМЫШ

"Махабат соо адамды жинди кылып, акмакты акылдуу кылат" деген кеп бекеринен калбаса керек. Эки уулдун энеси, эр көкүрөк жигиттин сүйүктүү жары Кымбаттын мындан беш жыл илгери эле оозунан тамекиси түшпөгөн, арак ичип, сөгүнүп одоно сүйлөгөн кыз болгонун азыркы тааныштарынын эч бирөө элестете албайт. Балким, ошол калыбында кала берээр беле. Бирок, бул айымды азапка салган махабат алгач кылмышка түртүп, камакка түшүрүп, андан соң жакшы адамга айланткан.

ЭРКЕКТЕРДИ ТОНОП ЖҮРҮП КОЛГО ТҮШТҮ
– Эркек болсо да макул, түшүнсө болоор эле. Кыз башы менен балаң ушундай ээнбаш, тилазар чыкса, эненин эле шору тура!
Ээ-жаа бербей жүзүн жууган жашына буулуга Майрам апа ыйлап жатты. Эми эле небереси Кымбаттын милицияга түшкөнүн тергөөчү жигит келип айтып кетти. Эки желмаяндай желип-жорткон курбусу бар эле. Ошол экөө менен биригип алып чет элдик бирөөнү тоногон имиш. Ким билет, дагы кандай иштерди жасаганын. Кыз бала экенин ойлобой эртеден-кечке, кааласа жети түндө деле көчөлөп жүрө берет.
Ыйлап жаткан эненин көз алдына уулу Гүлжигиттин элеси келди. Ушул Кымбаты төрөлгөндөн үч күндөн кийин кырсыкка учурап каза болуп калган эле. Жалгыз уулунан ажыраган Майрамдын кайгысын ого бетер ырбатып, жыл айланбай келини Жибек бирөө менен жетелешип кетип калган. Чырылдап ыйлаган чыканактай баласынын, уулунан айрылып мөгдөп турган кайненесинин күнү кандай болоорун ойлобой туруп басып кеткен келинине Майрам апа эмдигиче нааразы. Аялзатында ушундай ташбоор болоорбу? Кымбаты, сыягы, атасын эмес, ташбоор энесин тарткан белем. Каргадай жаш бала менен жалгыз калып, аны багып-өстүрөм деп жүрүп эмне азаптарды гана көрбөдү. Эми аларды эстегенден не пайда же бир муң-зарын угаар киши болбосо. Бирок, жалгызынан калган туякты ыйман-ызааттуу кылып тарбиялай албаганын ойлоп, ого бетер эзиле ыйлап кирди. Небереси чоңоюп, өз алдынча курбу-курдаш күтө баштагандан тартып аны башкарууга алы келбей калган эле.

"МЕНИ КАРАКТАГАН УШУЛ КЫЗ"
– Бул кызды тааныйсызбы?
Тергөөчү Кымбаттын маңдайына эки күн мурун тоноп кетишкен кытай жигитти алып келди. Анысы көздөрүн кыбыңдата кызды тиктеп эси ооп туруп калды. Кымбатты кафеден көргөндө да ушинтип тиктеп тура берген эле. Кыйгач көз сулуунун айжамалын көргөн далай эркектер ушинтип шилекейин чуурутуп калышчу. Аттиң, мындай сулуунун тайкы жолго түшкөнүн карачы?!
Көз тайгылткан мындай сулууну кылмышкер катары көрсөтүп бергени үчүн өзүн күнөөлүү сезген сыңары кытай жигит башын жерге салып күңк этти:
– Ооба, мени уктатып койгон ушул кыз.
– Эмне кылып уктатты эле?
– "Бийлеп берем" деп музыка койду. Анан бийлеп жатып мага колундагы бир бокал винону ичирди. Башым айлангансып, алсырап баратканымды билем. Ойгонсом кыздар жок, жалгыз калыптырмын. Үйүмдүн ичи бүт чачылган, чөнтөк телефонум, акчаларым, ноутбук, алтын чынжырларым, шакегим жок.
– Өзү жалгыз беле же шериктери бар беле?
– Дагы эки кыз бар болчу.
– Аларды көрсөңүз тааныйсызбы?
– Тааныйм.
"Бүттү, эми колго түштүк. Эч кайда качып кутула албай калдык. Айттым эле тигил экөөнө "башка буюмун алсак да, чөнтөк телефонун жөн коёлу" деп. "Крутой сотка экен" деп кызыгып туруп алышпадыбы!.." Ичинен буларды ойлогон Кымбат кытай жигит да, тергөөчү жигит да жалдырай өзүн тиктеп турушкандыгын байкабады.

"СЕНИ СҮЙӨМ, БИРОК, БАЛДАРДЫ ТАШТАЙ АЛБАЙМ"
Балким, табиятынан тынчы жок адамдыр, айтор, Кымбат кичинекей кезинен эле өзүнө-өзү батпай, бир жерде беш-он мүнөт кыймылсыз турса буулугуп кетээр эле. Атүгүл сабакта да арт жакка отуруп алып классташтарынын бирин чукуп, бирин кытыгылап, айтор, тынч алчу эмес. Далай жолу мугалимдерден уруш укса да, мындай адатты таштай албай койгон. Мектеп Кымбатка тимеле тозоктун отундай жагымсыз эле. Энеси урушуп, суранып жалдыраганынан эле барчу. "Моюнунан байланган ит ууга жарабайт" деп коёт эмеспи. Анын сыңары, 9-классты бүткөн соң энесине "мектепти көргүм келбейт" деп ачыгын айтып, мектепке барбай койду. Бир айтканын бербеген небересин энеси кайра мектепке барууга көндүрө албады. "Мектепте эртеден-кечке эригип жүргөндөн көрө иштеп акча таап, сизди багам",- деген небереси бир кафеге официант болуп ишке кирип алды. Жаш кызга мындай жумуш оң таасирин бербейт экен. Ансыз деле учуп-күйүп турган кыздын жигиттери көбөйүп, жумуштан үйгө түн ортосунда келип, айтор, жүрүш-турушу өзгөрүп кетти. Ошентсе да өзү убада кылгандай, энесин ак эмгегинен тапкан акча менен багып жаткан.
Анан эмне болду? Ооба, Кымбаттын өмүрүндө чоң сүйүү пайда болду. Эки-үч курдай кафеде жүздөн ашуун конок тоскон Алмаз аттуу кишини жактырып калды. Өзүнөн бир топ жашка улуу болсо керек. Эркек мүнөз, назиктикти билбеген бечара кыз сүйүп калганын толук түшүнө албай, ичине от-жалын түшүп кеткенсип башында жаман кыйналды. Отуздан ашып, үйбүлө күтүп калган Алмаз да Кымбатты көз алдынан кетире албай кыйналып, айласы кеткенде түз эле барып таанышып, сүйлөшүүнү оң көрдү. Табиятынан оттой күйүп-жанып турган экөө алды-артын ойлонууга чамалары жок, биринчи жолугушкан күндөн тартып эле ажырай албай калышты. Бирок, чырактай эки баласын Алмаз таштай албайт эле. Өктөм мүнөз Кымбатына ушул нерсени такыр түшүндүрө албай койду. "Сени сүйөм. Бирок, балдарды таштай албайм. Мындан ары жолукпай эле коёлу",- деп асылынын тизесин кучактай башты жерге салып отуруп берди. Алдейлеген атасы, энеси жок, кичинекейинен өзү үчүн күрөшүп, каалаганына жетип көнүп калган Кымбат тагдырдын мындай тамашасына чыдай албады. Биринчи жолу оор сыноого туш болгон жаш кыз тамеки тартканды, аракты так көтөрө жутканды үйрөндү. Ошентип жүрүп каракчылыкты кесип кылган эки кызга жолукту. Жашынан чөнтөкчү болуп жүрүп, алчы-таасын жеп калышкан немелер Кымбаттын сулуулугун курал сыңар колдоно башташты. Үчөө чогуу түнкү клубдарга, кафелерге барышат. Кыйшалактап бийлеп жүрүп өзүлөрүнө керектүү эркекти издешет. Капчыгы калың бирөөнү кайырмакка илишет да, аны менен кошулуп алып шарактай чыгып кетишет. Ал эркек үйүнө алып барабы, мейманканага алып барабы, буларга баарыбир. Анткени, аны Кымбатка жабышып асыла баштагыча эле үчөөлөп мас кылышат же аракка дары кошуп уктатып салышат да, колго илинген тыйынын, буюмун шыпырып алып жылт коюшат.
Күн өткөн сайын көп ичип, басса-турса сөгүнүп богооз болуп бараткан Кымбатын мындай абалга өзү жеткиргенин байкаган Алмаз ичтен сызып, кандай арга табаарды билбей кыйналып жүрдү. Бирок, каракчылык, тоноочулук кылып жүрөт деп үч уктаса түшүнө кирген эмес.

"БААРЫБИР ЧЫГАРЫП АЛАМ"
Бейкапар уктап жаткан Алмазды таң атпай шыңгыраган телефондун үнү ойготуп жиберди.
– Уф-ф, дагы кимиси болуп кетти? Да, угуп жатам!
– Мен... Кымбатмын.
– Кымбат?! Үнүңө эмне болгон? Таң атпай чалып, деги тынччылыкпы?
– Милицияда отурам. Мага келе аласызбы азыр?..
Темир тордуу камерада чачтары үрпөйүп отурган асылын көргөндө Алмаз ичинен онтоп алды.
– Мага бир өзүңүз керек элеңиз. Эми баарыбир болуп калды. Туш тарабы тордолгон жерге ушинтип камап коюшса гана жаным жай албаса, эркин жүрүп чыдабайт экенмин. Сизди сагынганымдан жинди болуп кете жаздадым. Жигиттердин бири да жакпай койду. Жиндилик кылдым. Далай күнөө кылдым... Эми аны айтканда эмне?! Энем билбей эле койсо дедим эле, тергөөчүлөр барып айтып коюшуптур. Сизден суранам, энеме каралашып туруңуз.
– Менин кичинекей акмагым, эмне деп турасың? Сени мындай жайга таштабай калайын. Чыгарып кетем.
– Жок!
Эми эле көздөрү жашылдана Алмаздын кучагында турган кыз аны түртүп жиберди.
– Айтпадымбы, мындай жардамыңдын кереги жок деп! Такыр чалбай деле коёт элем. Энемди дайындайын десем оюма башка эч ким келбей койбодубу.
– Келесоо болбо. Баарыбир чыгарып алам. Айтчы, эмне иш кылдың эле?
– Эркектерди тонодум. Кыйшаңдап алар менен таанышып, азгырып барып каракчылык кыл...
– Болду, токтот! Каракчылык кылдым десең да макул, "денемди саттым" деп айтпа!
– Денемди сатып келесоо болуптурмунбу?
– Болду, болду, башка эч нерсе айтпа! Жаным менин, кичинекейим менин. Кечир мендей акмакты. Мен күнөөлүү-мүн, кечир. Өзүм бошотуп алам.
Бүт денеси менен солкулдап ыйлаган кызды карыштыра кучактаган Алмаз өзүнүн жаагынан ылдый жаштар агып жатканын сезбеди. Ушул кезде гана жүрөгү жалаң ушул кыз деп жашап келгенин ачык аңдады. Кымбатты камактан чыгарып, ага үйлөнүүдөн башка жол жок экенин, ансыз жашай албасын сезди...

Даярдаган Айбек Нурадилов, Сүрөтчү Ренат Мамытбеков

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 264, 23-29-ноябрь, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан