СЪЕЗДБЕК «ЭРКИНЕН АЖЫРАДЫ»

Кыргыз шоу жаңылыктары


СЪЕЗДБЕК «ЭРКИНЕН АЖЫРАДЫ»

Ооба, ошондой болду. Бирок, албетте, жакшы маанисинде. Башкача айтканда, Съездбектин баягы барам деген жагына барып, кылам дегенин кыл­ган бойдокчулук мезгили артта калды. Ырчы жигит ушул жуманын дүйшөмбү күнү өзү сүйгөн сулууга баш кошуп, бир үйбүлөнүн кожоюну болуп калды. Эми Съездбектин популярдуулугу артып, ырлары биринин артынан бири жарыкка чыгаар бекен же тескерисинче, сахнаны акыркы планга калтырып коёр бекен? Албетте, аны убакыт көрсөтөт.

СЕМАГА КАЗАК КЫЗЫ СҮЙҮҮСҮН АРНАДЫ

Жакында атайын чакыруу боюнча Казакстандын Тараз шаарына «Сема» тобу концерт коюп келишти. Концерттин деңгээли жакшы өтүп, топтун жетекчиси Сема Тараздагы кыргыз жердештерине, казак боордошторуна ыраазы болуп кайтты. Сема ал жактан күтүлбөгөн жерден классташ баласына жолугуп калып, андан өзү күт­пөгөндөй чоң белектүү болду. Тактап айтканда, көп жылдан бери көрүшө элек классташы концерттин аягында сахнага чыга келип, Семага акыркы моделдеги кымбат чөнтөк телефонун жана акчалай белек тапшырды. Бирок, ырчы классташы канча суммадагы акча тартуулаганын табышмак кылып айтпады. Ошондой эле казак күйөрман кызы концерт аягында сахнага чыгып куттуктап, жумшак оюнчук, гүл тапшырып, дароо сүйүүсүн билдирүүгө жетишти. Сема эми экинчи жолу Таразга барса, темир тулпар минип келеби ким билет?

СУЛТАН СУЛУУ КЫЗГА ЖИГИТ БОЛГУСУ КЕЛЕТ, БИРОК...

Cуйкайган сулуулар суктанган Султан Садыралиев учурда кападар. Болгондо да сүйгөн кызы жоктугуна арманда. Ал: «Чынын айтсам, учурда бир кызга жигит болууну самап жүрөм. Бирок, тилекке кар­шы, көңүлүмө жаккан кызга жолукпай жүрөм. Мен сүйлөшкөн күндө дагы акылдуу, чачы узун кыргыздын гана сулуу кызы менен сүйлөшөөр элем» дейт ырчы ичтеги ымандай сырын ачып.

ИЛЬЯЗ АБДРАЗАКОВ ЭКС-ПРОДЮСЕРИНЕ НААРАЗЫ

Момураган сулуу жигит Ильяз продюсери катары жардам көрсөтүп жүргөн Мырзабек Айдаралиевдин пикирине каршы чыкты. Тактап айтканда, Мырзабектин гезитке: «Ильязга продюсер катары жардам көрсөтүп жүргөм, бирок, ортодо келишпестиктер болуп, иштешпей калдык» деп берген интервьюсуна чычалап турган чагы. Ильяз ага: «Биринчиден, Мырзабек байке менин продюсерим эмес болчу. Экинчиден, экөөбүздүн ортобузда эч кандай келишпестиктер болгон эмес. Туура, өзү айткандай убагында продюсер катары клиптериме бир аз жардам берди. Бирок, акчасын бүт өзүм көтөргөм. Кичинемден тартып эле бардыгына өзүм чуркап, өзүм тырышып сахнада ырдап келатканым жашыруун болбос. Анан ушул мээнетим заматта жуулуп кетип атканына таң калып турам» дейт ырчы нааразылана.

КУБИК КАЛЫКОВ 105 ЖАШТАГЫ КАРЫЯДАН БАТА АЛЫП КЕЛДИ

Чыканактай боюна карабастан чыйрактыгы жанда жок Кубик мырза быйыл Кыргызстандын дээрлик бүт жеринде гастролдо болуп келди. Ал Аксы жерине барганда 106 жаштагы Темир аттуу карыя менен саламдашып, ага созолонто ырдап бе­рүү менен анын алкышын алууга татыды. Карыя Кубик менен жылуу коштошуп, ийгилик каалап узатты. Кызыгы, ал карыянын баласы 80 жашта, небереси 50дө экен.

«МИНИСТРДИН КЫЗЫНЫН МАХАБАТЫН»
КӨРГӨН ДА АРМАНДА, КӨРБӨГӨН ДА АРМАНДА!

Көптөгөн окурмандар чыдамсыздык менен кү­түп жүргөн «Министр­дин кызынын махабаты» аттуу фильмдин тартылышы аягына чыгып, элдин назарына сунуштала баштады. Албетте, буга фильмдин режиссёру Рустам Аташов оңой эле жетише койгон жок. Бир жылдан бери бардык жумушун жыйнаштырып коюп кино тартуу менен гана алектенип жүрүп, талыкпаган аракеттердин аркасында фильмди тартып бүттү. Айылдык студент баланын башынан өткөн окуялары өзөгүн түзүп, криминал, сүйүү жана башка толгон-токой нерселер камтылган бул фильм учурда «Россия» кинотеатрында жүрүп жатат. Бул фильмди көргөн да арманда, көрбөгөн да арманда. Андыктан, келип, өзүңүз күбө болуп кетүүгө шашылыңыз, окурман! Билет баасы – 100 сом.

ЭРНИС КЫЯЗОВ ҮЙБҮЛӨЛҮҮ БОЛДУ!

«Супер-Инфо» гезитини ыйгарган «Жылдын мыкты тележурналисти-2005» наамынын ээси, «Багыт» автордук программасынын автору Эрнис Кыязовдун бактылуулугунда чек жок. Анткени, ал көптөн бери сүй­­лөшүп, сырын беш колунда билип калган бийкечи Дарыгүлгө баш кошту. Эки жаштын үйлөнүү тою кечээ 14-сентябрь күнү «Гималай» кафесинде болуп өттү. Эрнис менен Дарыгүлдүн дал бүгүнкүдөй бактылуулуктун кучагында өмүр бою жашап өтүшүнө биз да тилектештигибизди билдиребиз.

БАШКЫ РЕДАКТОРУБУЗ
КЫЛЫЧБЕК СУЛТАНОВ
ЖОГОРКУ КЕҢЕШКЕ БАГЫТ АЛДЫ

Атына заты жарашып, гезитибиздин мыктылардан мыкты болушуна салымы эбегейсиз башкы редакторубуз Кылычбек Султановсуз “Супер-Инфону” элестетүү кыйын. Бирок, “жигитке жетимиш өнөр аздык кылат” дегендей, элдин муктаждыгын тереңинен тү­шүн­гөн жетекчибизди чоң казатка, бүгүнкү күндүн сөздүгү менен айтканда чоң шайлоого узатып жатабыз. Башкача айтканда, Кылычбек мырза өзүнүн туулуп-өскөн Мырзаке айылы жайгашкан аймактан Жогорку Кеңешке депутаттыкка талапкер катары элинин таразасынан өтмөкчү. Шайлоо мыйзамына ылайык талапкерге массалык маалымат каражатын жетектөөгө жол берилбегендиктен, убактылуу мындай милдетти кесиптешибиз Азиза Сатимбекова аркаламакчы.

Саясат

УЛУТТУК КООПСУЗДУК КЫЗМАТЫНДА ЖАҢЫ ЖЕТЕКЧИ

Өмүрбек Текебаев менен болгон чуулгандуу окуя Улуттук коопсуздук кызматынын эки жетекчисин ээрден шыпырып түштү.
Атап айтсак, 2006-жылдын майынан ушул күнгө чейин УККны жетектеп келген Бусурманкул Табалдиев өзүнүн берген арызына ылайык кызматынан бошотулган. Ал “Текебаевге байланышкан окуяга эч кандай тиешем жок болсо да моралдык жактан жоопкерчилигим бар деп эсептеп, кызматтан чегинүүнү чечтим” деген оюн ортого салган. Анын 1-орун басары болуп келген президенттин бир тууган иниси Жаныш Бакиев “Өмүрбек Текебаевге болгон провокацияны уюштурган” деп шектелгенинен улам өз каалоосу менен отставкага кеткен. Эми болсо бошоп калган Улуттук коопсуздук кызматынын жылуу креслосуна президенттин 13-сентябрдагы указы менен УККнын орун басарынын кызматын аркалап келген Элмурза Сатыбалдиев отурду. УККнын милдетин аткарууга киришкен жаңы жетекчи Ош областынын Өзгөн районунда туулуп-өскөн жана прокуратура тармагында бир канча жыл эмгектенип келген.

МАМЛЕКЕТТИК ТЕЛЕКАНАЛ ДЕПУТАТТЫК
ТЕЛЕКАНАЛГА АЙЛАНЫШ КЕРЕКПИ?

Депутаттарыбыз эми КТРдин президенти Кыяс Молдокасымовго асыла башташты.
Айрым депутаттар парламент сессияларын көп көрсөтпөгөнү үчүн мамлекеттик телеканалдын жетекчиси Кыяс Молдокасымовду отставкага кетсин деп чыгышууда. Ал депутаттардын ою боюнча каалайбы-каалабайбы, программада барбы-жокпу, кыргызстандыктар депутаттарыбыздын гана “сүйкүмдүү” жүздө­рүн көрүп, “куйкумдуу” сөздө­рүн укканга милдеттүү окшойт. Ансыз деле оор турмуштан тажап, жок дегенде кечинде көңүл ачуучу телеберүүлөрдү көрүп эс алууну эңсеген элден “бизди көргүңөр келеби” деп сураган бир депутат жок. Депутаттарыбыз минтип айтканын ала беришсе, жакында ырчы-куудулдарыбыздан да сахна талашып калбагай эле.

Коом

ПРЕЗИДЕНТТЕРДИ КИМ КОРКУТУП ЖАТАТ?

Өзбекстан Ислам кыймылынын лидери Тахир Юлдашев Кыргызстандын, Өзбекстандын жана Тажикстандын президенттерин коркутууда.
Тахир Юлдашев «Би-Би-Си», «Свобода» жана «Голос Америки» аттуу радиостанциялардын почтасына өзүнүн аудиокайрылуусун жөнөт­көн. Анда Тахир мырза өткөн жылкы Анжиян окуяларында атылган мусулмандарды унутпагандыгын баса белгилеп, Орто Азия чөлкөмүндөгү мусулмандарга каршы куугунтуктун токтотулушун үч президенттен талап кылган.
Мындан тышкары кылган кылмыштары үчүн мамлекет башчылары К. Бакиев, И. Каримов жана Э. Рахмонов өз жазаларын алат деп кайрылууда өтө катуу эскерткен. Пакистандын тыңчыларынын маалыматында, жогорудагы жүрө­гүндө оту бар жигит Афганистан менен Пакистандын тоолорунун арасында жашырынып жүрөт. Жашынмак ойногонду жактырган Тахирдин өзүнөн улуу эле адамдарды «бөө» деп коркутканына тан бербей коё албайсың. Ал эми улуу мартабалуулардын жүрөктөрү түштүбү же түшпөдүбү, ал башка сөз.

308 МИЛЛИОН ДОЛЛАРДЫ КЫРГЫЗСТАНГА КИМ КОТОРДУ?

Бириккен Улуттар Уюмунун алдындагы калкты жайгаштыруу фондунун маалыматына таянсак, жыл өткөн сайын жакшы жашоо издеп чет өлкөгө кеткен адамдардын саны өсүп жатат.

“Бай мамлекеттер жакыр өлкөдө жашаган адамдарды магнит сымал өздөрүнүн аймагына тартып, мекендерин таштоого түртүп жатат” дешет БУУнун адистери. Алардын айтымында, дүйнө жүзү боюнча 1990-жылдан 2005-жылга чейин эле болжол менен 36 миллион адам өлкөсүнөн сыртка акча табуу үчүн чыгып кеткен.

Кыргызстандын Улуттук банкынын билдиргенине караганда, мекендештерибиз 2005-жылы эле банк аркылуу 308 миллион долларды Кыргызстанга жиберүүгө үлгүрүшкөн. Эгерде мамлекетибиз өз жарандарына тиешелүү шарттарды түзүп, жумуш орундарын камсыз кылып берсе, алыска барып акча таап жүргөн кыргыздар азаят беле деген ой келет. Себеби, ар бир тыйынды табуу үчүн мекендештерибиз канча деген кыйынчылыктарга дуушар болгонун өз ооздорунан уксак, төбө чачыбыз тик туруп, үнү жок ыйлап жүрүшкөндөрдүн абалдары көз алдыбызга айласыздан тартылат.

Кылмыш

ЮРИДИКАЛЫК АКАДЕМИЯНЫН ДЕКАНЫ ПАРА МЕНЕН КАРМАЛДЫ

Юридикалык академиянын деканы 13-сентябрь күнү пара алып жаткан жеринен капканга түштү.
Шаардын башкы милиционери Молдомуса Конгантиевдин билдиргенине караганда, декан окуудан айдалган студентти кайра 2-курска отургузуу үчүн андан 6 миң сом пара алам деп милиционерлердин кылтагына илинген. Мыйзамды үйрөтүп жаткандар ушинтип жатса, анан кантип келечекке даңгыр жол сала турган мыкты кадрларга өлкөбүз ээ болот деген суроо чыгат. Андан көрө билимге умтулган жаштарга бут тосуп, алардан бирдеме өндүрүп алууну көздөгөн ЖОЖдордун мугалимдерине капкан коюп, “таарынып калбоолору үчүн” темир тор артында жазасын берип койсо эле паракорчулук деген отко суу чачкандай токтойт эле. Ал эми аларды кармап, сотко жеткирбей кайра эле коё берип жибергенде “коррупция” деген жети баштуу ажыдаардын учугу үзүлбөс­түгү турган иш.

Даярдаган Улан Мамбетов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 202, 15-21-сентябрь, 2006-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан