ТЕМИР ЮЛДУЗ УСМАНОВА МЕНЕН ИШТЕШЕБИ?

ТЕМИР ЮЛДУЗ УСМАНОВА МЕНЕН ИШТЕШЕБИ?

Таланты менен көп­чүлүккө таанылган жаш ырчы Темир Назаров Ташкент шаарына барууну пландаштырууда. Ал жерден өзбек эстрадасынын жылдызы, атак­туу Юлдуз Усманованын мыкты деп эсептелген аранжировщиктери Темирдин эки ырына аранжировка жасап беришмекчи, болгондо да чыгыш стилинде болмокчу. Андан кийин Темир ордолуу Ош шаарына кайтып келип, бул ырларга жогорку деңгээлдеги жаңы клиптерди тарттырууну көздөп жатат.

ТЕМИРДИН СҮРӨТҮ ОКУУЧУЛАРДЫН КҮНДӨЛҮГҮНДӨ

Жаңы окуу жылына карата аз санда болсо да тышкы бетинде ырчы Темир Назаровдун сүрөтү бар мектеп окуучуларынын күндөлүгү сатыкка чыкты. Күндөлүктү чыгаргандар Темирдин уруксатысыз сүрөтүн пайдалангандыктан, учурда Темирдин буга капаланып турган кези. Эми Темир аларды тапса сотко берээри же бербеси ачык эмес.

СУЛТАН ҮЧҮН НАРЫНДЫН КЫЗДАРЫ ЭКИНЧИ
КАБАТТАН СЕКИРҮҮГӨ ДАЯР ЭКЕН

Көп кыздардын жүрө­гүн сыздаткан ырчы жигит Султан Садыралиев жакында Нарын жергесиндеги күйөрмандарына өз концертин тартуулап келди. Көрсө, Султандын чыныгы күйөр­мандары Нарында экен. Концерт бүтүп, артисттер кийимдерин алмаштырып жатышса, терезеге жармашып алып кыздар: “Султан! Султан!” деп кыйкырып, терезени ургулап жатышыптыр. Көргөн­дөрдүн ооздору араандай ачылыптыр. Анткени, ырчылар кийинип жатышкан бөлмө экинчи кабатта эле. “Булар кайдан келип калышты” деп карашса, кызуу кандуу күйөрман кыздар имараттын чатыры аркылуу терезеге келишиптир. Терезеден учуп кетишээрин ойлобой Султанды жанынан көрүү үчүн өз жандарын тобокелге салган кыздарды Султандын чыныгы күйөрмандары дебегенде эмне дейбиз?!

ЛЁШАНЫ КАЗАК МУЗКАНАЛЫ ИШКЕ ЧАКЫРДЫ

Учурдун популярдуу телепрограммасы «Хит-параддын» алпаруучусу Алексей Филатовго казак туугандар көз артып, бирге иштешүүнү сунуштап Алматыга чакырышкан. Өзгөчө имидждүү, уккулуктуу үн­дүү, мыкты жөндөмдүү Алексейдин айтуусуна караганда, казактар ага бир топ акчаны убада кылышкан. Мындан башка Лёшаны Кыргызстандагы телеканалдардын бири жаңы музыкалык программага чакырып жатат. Туш-­туштан түшкөн сунуштардан Алексейдин башы айланып, учурда кайсы жагына барсам деп ойлонуп жүргөн кези.

НУРЛАНДЫН ЖАҢЫ ДОЛБООРУ

«Дельмар» тобунун жана Азиз Жетигенов, Макс Бегалиев, Микаэль, Ширин, Азат, Бекчоро, Самат Дөөлөтбаков өңдүү учурдун популярдуу жылдыздарынын продюсери Нурлан Мамакеевдин жаңы долбоору ишке ашса, жакында НБТ телеканалынан «НБТ -Жаңы жылдызы» телеберүүсү көрсөтү­лө баштайт. Телеберүүнүн максаты – сахнага чыга албай жүргөн жаштарды даярдап, эл алдына толук кандуу ырчы кылып алып чыгуу. Жаңы телеберүүгө чыгармачыл 20 жаш талант конкурс менен кабыл алынган. Булар эми орустардын «Фабрика звёзд» аттуу телепрограммасындагыдай болуп үч ай бир үйдө жашашмакчы. Алардын турмушу НБТ каналынан түз көрсөтүлүп турат. Башкача айтканда, жашоолору элдин көз алдында болот. Учурда катышуучулар кызуу даярдыктын үстүндө. Нурлан болсо уюштуруучулук иштер менен алек.

ДАНИЯР АРАПАДА ТОЙ ӨТКӨРДҮ

«Кызыкча» берүүсүнүн жигиттеринин бири, «Үкү» тобундагы Данияр Максүтов 25 жаш курагында бир жыл бою сүйлө­шүп жүргөн сулуусу Нуржамалга баш кошту. Алардын тою улуу Рамазан айынын арапа күнүнө туш келди. Үй­лөнүү салтанатын эки жаш 23-сентябрь күнү шаарыбыздын кафелеринин биринде өткө­зүш­тү.

КУБИК ЖАҢЫ МАШИНАЛУУ БОЛДУ

Сакадай бою сары алтын ырчы, куудул Кубик Калыков көптөп бери көксөп жүргөн «Мерседес» маркасындагы жаңы микроавтобустуу болду. Аны алуу үчүн буга чейин колдонуп келген «УАЗ» маркасындагы музыкалык аппаратура ташуучу эски машинасын сатты. Анын акчасынын үстүнө гастролдон чогулткан акчасын кошуп, «Мерседести» сатып алды. Ошентип, куудул эмки гастролуна көңүлү шат аттанмакчы.

ШАЙЫРБЕК АК ӨРГӨЛҮҮ БОЛДУ

Элге «Чечен айтыш» жана учурдагы «Добуш» автордук берүүсү менен таанылган Шайырбек Абдрахман уулу үчүн үстүбүз­дөгү жыл түшүмдүү жылдардан болду. Анткени, бешик той бергенден көп өтпөй «Мазда» маркасындагы темир тулпарлуу болгон эле. Эми минтип жакында шаардын четинен үй сатып алып отурат. Ушундай биринин артынан бири келген кубанычтарга карк болгон Шайырбек азыр демденип иштеп жаткан учуру.

ЖАМБЫЛДЫН КӨРКҮНӨ КӨРК КОШУП
ТУРГАН МУРУТУ ЖОК БОЛДУ

Ооба, ошондой болду. Сулуу жүзүн андан бетер сулуу кылып көрсөтүп турган чычайган кызыл муруттарын Жамбыл кырып салды. Азыр анын «Бүкү­рү­нү кантип үй­лөнт­түк?» деген фильмге катышууга өзүн сынап жаткан учуру экен. Ушуга байланыштуубу же имиджин өзгөртөйүн дедиби, кыскасы, Жакебиз мурутсуз калды. “Мурутсуз да жүрө­й­үн­чү, балким, ошондо кыздар өздөрү сөз айтышаар” дейт куудул куудулдана. Жамбылды муруту менен элестеткенгеби, муруту жок болсо көзгө бир башкача көрүнүп калат экен...

БИЗ БАРКТАБАГАН АБДЫ КОНКУРСТАН
АЛТЫН МЕДАЛЬ УТУП АЛДЫ

“Моссовет” кличкалуу куудулубуз Абды Кадырматов жети мамлекеттин өкүлдөрү катышкан куудулдар фестивалынан экинчи орунга ээ болду. Фестиваль Каспий деңизинин жээгинде өттү. Өзү­нүн жаңы монологун айтып, калыстардын баасына арзыган Абды экинчи орунга ээ болду. Ошентип, биз баалабаган куудулубуз Абды Кадырматовдун учурда алтын жалатылган медалды моюнуна илип алып кудуңдап жүргөн учуру.

КИЧИНЕКЕЙ САУЛЕ УБАДАСЫНА ТУРДУ

Август айынын башында өзүнүн жеке концертин койгон кичинекей ырчы кыз Сауле «концерттен түшкөн акчамды балдар үйүнө котором» деп сөз берген эле. Убадасына турган Сауле чын эле балдар үйү менен карылар үйүнө азык-түлүк түрүндө жардам берди. Аларга кап-кап кылып ун, макарон, конфет, печенье, миң сомдук чоң торттон үчтү сатып алышып, жеткирип беришти. Албетте, бул азык-түлүктөргө концерттен түшкөн кирешенин бир бөлүгү гана сарпталды. Ал эми карылар кичинекей кызды алкап, көздөрүнө жаш айлантып калышты.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 204, 29-сентябрь-5-октябрь, 2006-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан