МАКСАТ БЕГАЛИЕВ ҮЙЛӨНҮҮ ТОЮНА КАМ КӨРҮҮДӨ

МАКСАТ БЕГАЛИЕВ ҮЙЛӨНҮҮ ТОЮНА КАМ КӨРҮҮДӨ
Көптөгөн кыздардын жүрөгүнө чок салып келаткан ырчы жигит Максат Бегалиевдин никесиз балалуу болгону тууралуу маалымат гезит беттерине жарыяланган. «Бул эч кандай чындыкка жакын эмес, муну ким чыгарганын жана ким тарабынан таркатылган ушак экенин билбейм. Анан дагы мындай ушак сөз­дөр мага эч зыян алып келбейт» дейт ырчы өзү. Учурда Максат үйлөнүү тоюна камдануу үчүн чыгармачылыгына байланыштуу иштерин эртерээк бүт­көрүү менен алек болууда. Ушул айды этектеп Максат болочок жубайына сөйкө салат. Сүй­лөшкөн кызы Кыргыз-Орус-Славян университетинде окуйт. Жердиги таластык. Максат кийинки айда, тактап айтсак, октябрдын башында күйөрмандарына өзү­нүн жеке чоң программадагы концертин тартуулайт. Андан соң айдын аягында эки жаш баш кошмокчу.

АЗИЗ ЖЕТИГЕНОВ ЖЕКЕ КОНЦЕРТИН БЕРМЕКЧИ
Белгилүү эстрада жылдызы Алина Жетигенованын тун уулу, учурдун популярдуу жаш ырчыларынын бири Азиз Жетигенов өзүнүн жеке концертин бе­рүүгө камданууда. «Манастан Чубак кем бекен» дегендей, биринен сала бири калбай концерт берген жаш кесиптештеринен уламбы, айтор, учурда Азиз продюсери Нурлан Мамакеев менен бирге алгачкы концертине кызуу даярдык көрүүдө.

НЕЛЯНЫН МАШИНАСЫНЫН КҮЗГҮСҮН ЖУЛУП КЕТИШТИ
Жакында жаш ырчы кыз Неля шаарыбыздын борбордук бөлү­гүн­дө жайгашкан «Адриатика» кафесинин алдына өзүнүн «Фольксваген Вента» маркадагы машинасын токтотуп коюп кирип кетсе, белгисиз бирөө­лөр машинасынын күз­гүсүн жулуп кетишти. Суйкайган жүзү, кооз үнү менен көпчүлүктүн көңүлүн бурдуруп келген, келечектен көптү үмүттөн­дүргөн Нелянын күйөрмандарыбы же көрө албагандары жасаган ишпи, белгисиз бойдон кала берээри анык.

МИРБЕК ЖЕРДЕШТЕРИНИН БАТАСЫН АЛЫП КЕЛДИ
Көпчүлүк кыздарды тамшандырып келген учурдун популярдуу жылдыздарынын бири Мирбек Иманбеков өзү туулуп-өскөн Талас жергесине концертин тартуулады. Таластык жердештери Мирбектин концертин көптөн бери күтүп жү­рүшкөн. Жаш ырчы Талас жергесине эки күн, Карабуурага эки күн, ошондой эле өзүнүн айылына бир күн бе­кер концерт тартуулады. Жаш таланттын концертине айылдын аттуу-баштуу аксакалдары, айыл өкмөтү келип баталарын беришти. Элине барып өнөрүн тартуулап, бата алуу ырчынын тилектеринин бири болуп келген. Жердештерин мынчалык деңгээлде тосуп алаарын күт­пөгөн Мирбек толкунданганын жашырган жок.

«ПЕРИШТЕ» ТОБУНДАГЫ КЫЗДАР АЛМАШТЫ
Жалаң жаш, сулуу кыздарды жактырган «Периште» тобунун жетекчиси Райкан Абдувалиеванын топтогу сулуулары алмашты. Мунун себебин Райхан өзү: «Мендеги кыз-жигиттердин кеткенинин себеби, алардын өз алдынча иштеп ке­түү­лөрүнө кудуреттери жетип калган эле. Мисалы, Неля, Акбар Сүйүнбаев, Айбектин «Айтеңир» тобунда ырдап жүргөн Гүланда жана башкалар» деп түшүндүрдү.
«Периштенин» жаңы кыздары – Алина, Элеонора, Мерина, Мирай жана Мунара.

БЕКА РОССИЯГА САПАР ТАРТТЫ
Экс-“Бека” тобунун жетекчиси Бекназар Россияга аттанып кетти. Бирок, Бекназар ал жакка соода кылыш үчүн эмес, чыгармачылык аракетин сыноо максатында аттанганын белгилей кетели. Ага Ростов-на-Дону шаарында рэп стилинде өтө турган фес­тивалга катышууга чакыруу келген. Анын орусча ырларын угуп жактырып калышкан “океңдер” Бекназарды “Жол киреңди гана таап келе бер, калганын бүт өз мойнубузга алабыз”деген убадаларын беришкенин Беканын өзүнөн уккан элек. Ошентип, Бекназар коңшулаш өлкөгө да таанылуу аракетинин үстүндө.

АЛП ЖИГИТ ҮЙЛӨНӨТ
“Ой тобо” тобунун жетекчиси Бакыт Мамаевдин билдиргенине караганда, ал өзүнүн тобундагы кыргыздан чыккан алп жигит Жеңишбек Раимбаевди үйлөн­дүр­мөк­чү. Жеңишбекке деп тандаган кыз Ток­тогулдан. Бакыт жакын арада кыз-жигитти тааныштырып, сүй­лөш­түр­өт. Эгер жыл­дыздары төп келсе, баштарын кошуп, тойду баштап берет.
Эскерте кетсек, Жеңишбек Акталаа районунун Аккыя айылынын кулуну. 1979-жылы туулган. Боюнун бийиктиги ишенимдүү маалыматтарга таянсак, 2 метр 28 сантиметр.
Ал эми токтогулдук кыздын боюнун узундугу 1 метр 90 сантиметр. Укканыбыз боюнча жазсак, жогорку билимдүү.

АСЕЛДИН КЫЗЫ БЕГАЙЫМ ЫРДАП ЧЫГАБЫ?
Тыпылдаган тың ырчы эжебиз Асел Турдалиева кызы Бегайымды өзү менен кошо жетелеп сахнага алып чыкканы турат. Бегайымга жакында эле “Мы одна семья” деген орусча ыр жаздырышты. Эми ага клип тарттырууну пландаштырып жатышат. Бегайымдын апасынын жолун жолдоп, келечекте мыкты ырчы болушуна ишенебиз.

МИКАЭЛЬ ЖАҢЫ КЛИП ТАРТТЫРДЫ
Учурда кайталангыс имиджи жана үнү менен бойдок кыздардын көзүн күйгүзүп жаткан жаш ырчы Микаэль «Я уже еду» аттуу ырына клип тарттырды. Клип Бишкектин борбордук көчөлөрү­нөн тартылды. Жаңы клибине ырчы 800 доллар сарптады. Клипте сүйүү темасы камтылат жана Микаэль жөнөкөй студенттен популярдуу ырчыга айланат. Клип тууралуу кеңири маалыматты кийинки сандарыбыздан окуй аласыздар.

САПАР АЙЧҮРӨКТҮН ТОБУНА КАЙТЫП КЕЛДИ
Алгач Айчүрөктүн тобунда ырдап жүрүп, кийинчерээк кандайдыр бир себептер менен бөлүнүп кеткен Сапар Сопубеков кайрадан «Айчүрөк» тобуна кайтып келди. Чыгармачылыктын ысык-суугун жалгыз тартып көр­гөндөн соң, ырчы жигит устатына кайтып келүүнү чечкен. Он алты жашынан бери тарбия берип, сахнанын сырлары менен бөлүшүп, өз баласындай көрүп калган ырчы жигитти Айчүрөк эже жылуу тосуп алды.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 203, 22-28-сентябрь, 2006-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан