ИЛЬЯЗ БИР КҮНДҮК КОНЦЕРТИНИН АКЧАСЫНА МАШИНА САТЫП АЛДЫ

Учурда «Арманым» деп өзү эле сыздабай, канчалаган кыздарды кошо сыздаткан жаш ырчы Ильяз Абдыразаков жакында эле эки күндүк жеке концертин аншлаг менен бергени көп­чүлүккө маалым. Таланттуу жигит концертинин биринчи эле күнүнөн түшкөн кирешеге «Кыз-Бурактын» жетекчилери Гүлшайыр Садыбакасова жана Кенже Дүйшеева менен автобазарга барып, «Гольф-3» маркасындагы өзүнө жаккан машинаны сатып алды. Машинанын баасы 4 миң долларды түздү. Концерттин экинчи күнүндө машинанын ачкычын Ильязга Гүлшайыр Садыбакасова тапшырды. Анткени, Ильяз да таланттууларды тарбиялаган «Кыз-Бурактын» мектебинен чыккан. Ошентип, азыр жаңы машинанын кызыгы тарабай, Ильяздын кубанып турган убагы.

«СЕМА» ТОБУНУН ФОРМАЛАРЫН УУРДАП КЕТИШТИ
«Сема» тобу жакында эле болуп өткөн Урмат Усеновдун концертине катышкан эле. Жигиттер концерттин башында ырдап бүтүп, кийимдерин алмаштырган соң, формаларын сыртта турган машинасына салып коюшкан. Өздө­рү болсо кайра концертке кирип кетишкен. Концерт бүтүп, Сема машинасын ачайын десе эшиги ачык болуп чыгат. Дароо эле машинанын ичин караса, бир аз мурун эле коюп кеткен сахна формалары жок. Машинанын эшигин кандайдыр бир курал менен ачышып, уурдап кетишиптир. Ал го ал болду. Ошол эле машинадагы ыр жаздырылган дисктеринин да жоголгонун Сема эртеси күнү билип жатпайбы! Жакында өтүүчү концертинин уюштуруу иштерине жетишпей жүргөндө ырларды кайрадан жаздырып, ырчы ашыкча түйшүк тартты.

«24 СААТ» ТЕЛЕСЕРИАЛЫНЫН УЛАНДЫСЫ ТАРТЫЛДЫ
Жакында көптү күттүргөн «24 саат» телесериалынын уландысы тартылып бүттү. Эми көрүүчүлөр аз убакыттан кийин өлкөбүздөгү мал уурдоочулук жана ага каршы күрөшкөн милиция кызматкерлеринин иш-аракеттери жөнүндөгү жаңы сериалды экрандан көрө алышат. Телесериалдын мурунку сериясы «Каражолтой» деп аталса, азыркы серияга режиссёр ылайыктуу ат издөөдө.

САНЖАР МАШИНАЛУУ БОЛДУ
Атанын уулу дедирген Санжар Бердибеков жакында «Ауди-100» маркасындагы машиналуу болду. Бул Санжардын биринчи темир тулпары. Машиналуу болууну көптөн бери самап жүр­гөн Санжардын учурда кубанычы койнуна батпай турган кези. Эми ырчы гастролго болобу, башкага болобу машинасы менен гана чапкылап калмакчы.

«ДЕЛБИРИМ» ТОБУНУН КЫЗДАРЫ МИЛИЦИЯГА ТҮШҮП ЧЫКТЫ
Жакында «Делбирим» тобунун кыздарын «21- кылым» радиосу түз эфирге чакырган. Кыздар чогуу барууну чечишип, көчөдөгү аялдамалардын биринен жолукмакчы болушат. Топтун эки кызы Кыял менен Диана аялдамадан кезиккен учурда сулууларга көздөрү түшкөн милиция кызматкерлери алардан паспортторун көрсөтүүсүн талап кылышат. Паспорттору жандарында жок болгондуктан, шапкечендер шылтоо менен кыздарды алып кетип, убактылуу камакка камап коюшат. Топтун продюсери менен Мая кыздардын кабарын эфир бүткөндөн кийин угушат. Ошентип, «Делбиримдин» сулуулары продюсери барганча эки сааттан ашык убактылуу камакта отурушкан.

КУДАЙБЕРГЕН «ҮЙБҮЛӨЛҮК ЛОТОДОН» «МЕРСЕДЕС» УТУП АЛДЫ
Кудайберген Кутуев эмне эле сахнадан көрүн­бөй калды десе, ал лоторея сатып алууну хоббисине айлантып, ушундан улам ырдаганына убакыт болбой жүрсө керек. Бирок, Кудайбергендин аракети текке кетпептир. Кукебиз жакында эле «Үйбү­лө­лүк лотонун» төрт билетин сатып алган экен, ийгилик Кудайы жүзүн буруп, лотореяларынын биринен машина чыгыптыр! Болгондо да «Мерседес-230» маркасындагы машина. Азыр ырчы машинасын зуулдатып бир жерге турбай эле ары-бери чапкылап жүрөт. Эми Кудайберген машинанын алдына отура турган бийкечин качан табаар экен?!

«ООРУБА АТА» ЫРЫНЫН КЛИБИ 1000 ДОЛЛАРГА ТУРДУ
Көптөгөн күйөрмандарынын жүрөгүнөн түнөк тапкан, учурдун популярдуу ырчы жигиттери Артык Саитов менен Сапар Эркебаев «Ооруба ата» аттуу ырына жаңы клип тарттырды. Клипке жигиттер 1000 доллар сарпташкан. Клип жакынкы күндөрү күйөр­ман­дарына тартууланганы турат. Айта кетсек, клиптин сюжети Артыктын өз башынын өткөн окуя. Ал эми ырдын сөзү ырчынын жүрөгүнөн чыккан.

ЗАМИР НАРИСТЕЛҮҮ БОЛДУ
Жеке концерттери аншлаг менен өтүп келаткан Замир Арыкбаев 25-сентябрда кыздуу болуп, учурда маңдайы жарыла кубанып турган кези. Наристесине ысым ыйгаруу укугун ата-энеси Замирдин өзүнө беришкендиктен, ал дароо эле жүрөгүндө ак тилек менен сактап келаткан Акбермет деген ысымды атаган. Антсе да үйбүлө дагы бир жолу ой калчап көрүшүп, анан 17 кыздын аты жазылган кагаздарды аралаштырып, бирин сууруп чыгууга токтолушат. Ал кагазда кандай кыздын аты жазылган болсо, наристеге ошол ысымды ыйгарышмак болот. Ошентип, сууруп чыгышканда кайра эле Замир каалаган Акбермет деген кыздын ысымы чыгат. Жыйынтыгында, аталган ысым ымыркайга ыйгарылат.
Акбермет 3 килограмм 400 грамм салмакта төрөлдү. Бешик тойду ырчы мырза кызынын кыркы чыккандан кийин берүүнү пландоодо.

РАЙХАН 8 КИЛОГРАММГА АРЫКТАДЫ
Белгилүү ырчы Райхан Абдувалиева учурда теледен көрсөтүлүп жаткан «Нукура кыргыз» телесынагына катышып, андагы баш байгеге ээ боло турган үч адамдын бири болгондугу маалым болду. Эскерте кетсек, жеңүүчү 3 адам баш байгеге коюлган 100 миң сомду орундарына жараша бөлүп алат. Жеңиш үчүн жумшаган чоң күч-аракетинен уламбы, айтор, азыр өзүнүн 8 килограммга арыктап кеткенине ырчы таңкалууда.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 205, 6-12-октябрь, 2006-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан