МИРБЕК 1500 ДОЛЛАРЫН УУРДАТЫП АЛДЫ

Жаш жылдыз Мирбек Атабеков борбордо жакында эле аншлаг менен концерт бергени ыр күйөрмандарынын эсинде болсо керек. Мына ошол концерттен түшкөн кирешеге «Мерседес» маркасындагы машина сатып алам деп тилек кылып жүргөндө Мирбек акча алмаштыруучу жайдын жанынан 1500 долларын уурдатып алды. Натыйжада, акчасы жетпей, машина ала албай калды. Бирөөнүн ак эмгеги менен тапкан акчасы башкага буюрмак беле, муну укканда ууруну каргап, биз дагы Мирбекке кошулуп кейип калдык.

ГҮЛЗАТТЫН ӨРҮК КОМУЗУН КИМ УУРДАДЫ?

Белгилүү ырчы Гүлзат Батырканова жакында өзү иштеген Т.Сатылганов атындагы улуттук филармониянын ичиндеги комуздар сакталуучу бөлмөсүнөн өзүнүн өрүк комузун уурдатып жи­берди. «Ал комузду мага жакын адамдарым бе­­­лекке беришкен эле. Филармониядагы бардык комуздардын ичинен эң эле үнү жакшысы менин комузум болчу. Азыр өрүк комуздар өтө кымбат баада эмеспи. Кыязы, биздин филармонияда ууру бар окшойт» дейт ырчы кайгырып. Алгач милицияга кайрылып, ууруну таптырууну ойлогон Гүлзат эже азыр оң колунун ачуусун сол колу менен басып турган кези.

УРМАТ КЫРГЫЗСТАНДЫ КЫДЫРАТ

«Бразилия мачосу» кличкалуу Урмат Усенов Кыргызстандын түндүк-түштүгүндөгү күйөрмандарына жагымдуу жаңылык тартуулаганы турат. Ал октябрь айынын акыркы жумасынан баштап жыйырма күнгө турнеге чыгат. Турнесин түн­дүктөн баштаганы турат. Андыктан, ар тараптагы Урматтын күйөрмандары ырчысын күтө беришсе болот.

АИДА «ДАТКАЙЫМ» АНСАМБЛИНЕ КИРДИ

Эстрадага скрипканын мукамдуу үнүн кошуп, көпчүлүктүн бүйүрүн кызытып келаткан Аида Баякова скрипкачылардын белгилүү «Даткайым» ансамблине кирди. Тактап айтканда, чыгармачылыкка баш-оту менен киришкен популярдуу скрип­качы кыз биротоло Оштон Бишкекке келди. Учурда таланттуу кызды Ассоль айым колуна алып, продюсерлик кылууда.

АЙБЕК РОССИЯДАГЫ КЫРГЫЗДАРГА КЕТТИ

Кыргыздын белгилүү ырчысы Айбек Карымов өзүнүн «Айтеңир» тобу менен Россияга сапар тартып кетти. Ал жакта кыргыздар көп жайгашкан аймактарга барып, мекендештерине ыр майрам тартуулап, бир айдан кийин кайра келмекчи. Андыктан, Айбектин кү­йөр­­­мандары, ырчыңыздар сахнадан көрүн­бөй калса, жоктобой туруңуздар!

ШАХРА МАШИНАЛУУ БОЛДУ

Үстүбүздөгү ай Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, булбул үндүү Шахра Талипова эжебиз үчүн ийгиликтүү ай­лардын бири болуп калды. Анткени, эже жакында көп­төн бери эңсеп жүргөн «Мерседес-230» маркасындагы жаңы автомашинасынын ээси болду. Азыр ырчынын темир тулпарынан түшкү­сү келбей Жалалабатта машинасын майлап жүргөн чагы.

ЖАНЫШ УУЛ КҮТҮҮДӨ

Жаныш Момуновдун өзүнүн билдиргенине караганда, ал ушул аптанын аягында же эмки аптанын башталышында ымыркайлуу болгону турат. Болгондо да уулдуу болуусу күтүлүүдө. Минтип айтканыбыздын себеби, Жаныштын келинчеги 7 айлык боюнда бар экенинде УЗИге текшерилсе, болочок баланын уул болооору аныкталган. Буга кубанган ырчы болочок баласына Батырхан деген ысым да таап койгон.Буюрса, бул Жаныштын экинчи уулу болот. Эскерте кетсек, анын тун уулу да эркек, аты Актан. Ошентип, буюрса, ырчынын элге жентек той берээрине аз калды.

«ВЕЛИКИЙ ДВОРНИК» ТОБУ ТАРКАП КЕТТИ

Учурдун оригиналдуу имиджи менен айырмаланып келген «Великий дворник» тобу тарап кетти. Топтун продюсери кош бойлуу болгонуна байланыштуу кыздар менен иштешүүгө мүмкүн­чүлүгү болбой калган. Анан дагы топтун чыгымдарын продюсери буга чейин өз мойнуна алып келген. Ушул жана башка себептерден улам топту таркатууга туура келген. Учурда «Великий Дворник» тобунун экс-солисткалары жеке иш­төөнү көздөөдө.

ЧЫҢГЫЗ МЫРЗАТЕГИН КОНЦЕРТКЕ КАМДАНУУДА

Учурдун популярдуу родиосунун бири «Кыргызстан обондорунун» сүйкүмдүү ди-джейи Чыңгыз Мырзаев октябрдын аягында өзүнүн «Айдын периси» аттуу жеке концертин бермекчи. Акыркы учурда Чыңгыздын мыкты алпаруучулугуна күбө болгондон тышкары «Айдын периси», «Кайрылуу», «Сенин сүйүүң»аттуу жагымдуу ырлары менен аны сахнадан да көрүп калган элек. Ди-джейлик менен ырчылыкты бирдей аркалап келаткан жаш таланттын өзүнүн айтымында, учурда дагы бир топ жаңы ырларды жараткан. Чыңгыздын концертинин чыгымын жердеш агаларынын бири Ильяз Адамов аттуу жеке ишкер көтөрмөкчү. Концертти белгилүү ди-джей Арстанбек Абдыманов менен куудул жигит Тынар Курбаналиевдер алпарышмакчы. Ошондой эле концертке куудулдар жана Чыңгыздын популярдуу жаш ырчы достору катышат. Ал эми кеченин көркүн ачкан кызыктуу оюндарды «Кыргызстан обондорунун» ди-джейлери уюштурат.

«ДЕМ» ТЕАТРЫНЫН БАЛДАРЫ БИРИНЧИ ЖОЛУ ТҮШТҮКТӨ

Профессионалдуу актёрлордун таланттуу он жигитинен түзүлгөн «Дем» театры акыркы эки жылда жакшы эле бишкектиктердин кө­ңүлүнөн орун тапты эле. «Айыл өкмөтү», «Каражолтой», «Сүйүү сынагы» сыяктуу ар кандай кыргыз фильмдерде башкы ролдо ойноо менен бул театрдын балдары чыныгы таланттуулугун дагы бир жолу далилдегендери да жалган эмес. Дал ошол таланттуу жигиттерден түзүлгөн топ эми Ош, Жалалабатка гастролдоп жөнөө алдында турушат. Жигиттердин арасында түштүккө өмүрүндө бара электери бар экен. Куйкум сатиралары менен көргөндүн боорун эзген «Демдин» жигиттерин эми түштүктүк туугандар кандай кабыл алышат болду экен?!
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 206, 13-19-октябрь, 2006-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан