Ибрагим Жунусов жакында эле Кыргыз Республикасынын Эл артисти наамын алып, кубанычы тарай электе кубанычына кубаныч кошулуп минтип жээн-неберелүү болуп отурат. Улуу кызы Асел кыздуу болуп, атын Асема деп коюшту. Бул Ибрагимдин биринчи небереси. Небере таттуу болот демекчи, ырчы азыр кызыл эт ымыркайга ичи элжиреп турган чагы. Асел азыр ата-энесинин үйүндө. Баланы кырк күндөн кийин Бишкекке өз үйүнө алып келишмекчи.
«КЫЗ-БУРАК» КАЗАКСТАНГА КЕТЕБИ?
Көпчүлүктүн сүйүктүү тобу «Кыз-Буракка» жакында казак туугандардан келишим негизинде иштешүүгө сунуш түшкөн. Келишим 14 пункттан турат экен. Келишимдин бардык пункттары алардын көңүлүнө төп келип, акыркы пункту гана жакпай калганы маалым болду. Себеби, акыркы пунктта алар 99 пайыз казакча ырларды ырдашы керек деген жери бар экен. Ушундан улам «Кыз-Бурактын» патриот кыздары азырынча макулдугун бербей ойлонуп турушат.
КИЧИНЕКЕЙ САУЛЕ КИНОГО ТАРТЫЛГАНЫ ТУРАТ
Таланты менен күйөрмандарын тамшандырып жаткан 5 жашар Сауле жакында жеке концертин бергени көпчүлүккө маалым. Сауленин чыгармачылык кечесине белгилүү музыка ышкыбоздору келишкен. Концерттен кийин жаш талантка «НБТ» каналынын «Музикола» берүүсүнүн жетекчиси киного тартылууну сунуштаган. Бул сунушту Сауле жана анын жакындары кубануу менен кабыл алышкан. Жакында жаш ырчы өспүрүмдөр үчүн жаңы сериалга тартылмакчы. Бул киного тартылаардын мурун ырдаганды жанындай жакшы көргөн Сауле ушул аптанын аягында «Сема» тобу менен гастролго кеткени турат. Бул кичинекей жылдыздын түштүк жергесине биринчи сапары.
ДИЛШАТ ЖАҢЫ ӨРГӨӨСҮНӨ КӨЧТҮ
Белгилүү ырчы Дилшат Кангелдиеванын көптөн бери көздөп келген максаты ишке ашты. Анткени, жакында эски үйүн сатып, ордуна Бишкектин Киев жана Манас көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн биринен үч бөлмөлүү квартира сатып алды. «Азыркы үйүмдүн өзүм иштеген улуттук филармонияга жакындыгы кубандырат» дейт ырчы.
НЕЛЯ ЖАҢЫ ПРОДЮСЕР МЕНЕН ИШТЕШЕТ
«ХХI кылым» радиосунун продюсери Тынчтыкбек Кожобеков таланттуу жаш ырчы Нелянын продюсери болуп калды. Ал Неляга жаңы сунуштарды киргизген соң, ырчыда өзгөрүүлөр пайда болду. Мисалы, Неля имиджин өзгөртүү үчүн чач жасалгалоо салонун алмаштырды. Баса, жаңы формаларды тиктирип, жаңы ырларды жаздырып, чыгармачылыкка чоң күч менен киришкен Нелянын машинасын эми эч ким тоной албайт. Себеби, ырчы темир тулпарына сигнализация орнотту.
«ДЕЛБИРИМ» ТОБУ ЖАҢЫРДЫ
Кыздардан турган «Делбирим» тобунун курамы жаңырды. Не дегенде мурунку кыздардын ичинен Мая топтон көрө жеке ырдап чыгууну туура тапса, берки эки кыз турмуш-шарттарына байланыштуу топтон кетүүгө аргасыз болушкан. Антсе да Мая иштешип көнүп калган продюсери Жаныбек Борбиевден кол үзбөй, ал менен дале иштеше бермекчи. Учурда «Делбиримге» конкурстук жол менен тандалып алынган жаңы кыздар сахнага чыгууга даярдык көрүп жатышат. Буюрса, Рамазан айы бүткөн соң, «Делбиримдин» жаңы кыздарынын талантына күбө болуп калабыз.
СУЛТАНДЫН «ТУУГАНЫ» ПАЙДА БОЛДУ
Султан Садыралиевдин жылдызы жаркырап жана баштагандан тарта анын «туугандары» көбөйө баштады. Жакында кайсы бир концертте Султан ушундай «туугандарынын» дагы бирине жолукту. Сахнанын артына паспортун көтөрүп келген жигит туура эле Султанга барып: «Сен менин иним болосуң, экөөбүздүн аталарыбыз бир тууган» дептир. Паспортун караса, чын эле фамилиясы Садыралиев экен. Султан ал жигитти өмүрү көрбөгөндүктөн, «дагы сүйлөшөлү» деп гана тим болду. Бул табышмактуу «тууганы» жөнүндө атасынан сураса, атасы да тааныбайт экен. А жаңы туугандан болсо ошондон бери кабар жок.
МИРБЕК ИМАНБЕКОВ ДАГЫ
КОНЦЕРТ БЕРЕТ
Таластык жигиттин мындан аз убакыт мурун берген концерти супер аншлаг менен өткөн эле. Бирок, ал Мирбектин жеке концерти катары эмес, достук концерти катары өткөн. Эми болсо Мирбек андан эки эсе күчтүү даярдыктагы чыныгы жеке концертин берүү алдында турат. Болгондо да бул концерт дал студенттер күнүндө, 17-18-ноябрда өтмөкчү. Бирок, ага чейин ырчы 22-октябрдан баштап бир жумага Көл, Нарын тарапка гастролго чыгып келмекчи.
«КЕЛИНДЕР КОЗГОЛОҢУ» КАЗАКТАРДЫ
ДА БАГЫНДЫРДЫ
Асел Турдалиева уюштурган топ «Келиндер козголоңу» программасы менен казактарга концерт коюп келгендиги тууралуу Марат Жантелиев билдирди. Анын айтымында, топ Алматы, Астана, Тараз, Чымкент шаарларына барып «Келиндер козголоңун» тартуулап, күйөрмандарын көбөйтүп келген. Топто Асел айымдан тышкары Бопуш өзү, анан Сакиш, Нурбек Айдаров, Гүлмира Турсунбаевалар болгон. Топ аталган шаарлардын кайсынысына барбасын, ал жактагы кыргыздар казактардан мурда озуна тосуп алышып, концерттен кийин сыйлап узатып турушкан. Өзгөчө Таразга барганда биздин артисттерибиздин күйөрмандары конок үйгө кондурбай, машиналары менен үйлөрүнө алпарып, абдан сыйлашкан. Концертте каардуу кайненин ролун аткарган Сакиш сальто ашканда элдер тура калып, кол чаап колдошкон.
Бопуштун дагы бир жаңылыгы ал «24 саат» телесериалынын жаңы «Мал уурдоо» бөлүмүнө тартылып, анда майордун ролун жаратты.