Мукам обондору жана аткаруучулук чеберчилиги менен көпчүлүккө таанымал жаш ырчы Съездбек Искеналиев жакында 21-22-октябрда Жалалабат шаарында болуп өткөн «Кыргызстан обондору, Токтогул-2006» фестивалына өзүнүн «Эсимде» жана жаңы «Арзуу» аттуу ыры менен катышып, чоң ийгиликтин ээси болуп кайтты. Анткени, фестивалдын аягында Жалалабаттын губернатору Съездбектин кайталангыс талантын баалай тургандыгын билдирүү иретинде ырчыга өз колу менен «Ардак грамотасын» тапшырды.
ТУРДААЛЫ ДОСТОРУН ТААРЫНТЫП АЛДЫ
БАКЫТ ЧОГУЛТКАН 40 ТӨӨСҮ МЕНЕН КЛИП ТАРТАТ
Белгилүү ырчы Бакыт Мамаев учурда өзүнүн «Кечикпе» аттуу ырынын клибин тартууга даярдыгын аяктап калды. Учурдагы башка ырчылардын клиптеринен айырмаланып, бул клип нукура улуттук калориттин негизинде тартылат. Башкача айтканда, мында тоонун этегиндеги боз үйдө жашап, күн сайын өзүнүн 40 чакты төөсүн кайтарган жаш жигиттин жандүйнөсү, турмушу чагылдырылат. Бакыт клипти тартууга керектүү нерселерди даярдап, баш каармандын ролун аткаруучу таап койгон. Башкы каармандын келинчегинин образын жарата турган кыздын гана табылбай жаткандыгы ырчыны учурда бушайман кылууда.
МИРБЕК ИМАНБЕКОВ «ИНИЛҮҮ» ЖАНА МАШИНЕЛҮҮ БОЛДУ
Таланттуу жигит Мирбек Иманбековду таптап, ага дээрлик экинчи апа болуп калган продюсери Асыл Аппасова Мирбекти жалгызсыратпай, жакында дагы бир таланттуу жигитти өзүнө «шефке» алды. Ирлан Таалайбеков аттуу бул жигит Искусство институтунун эстрада бөлүмүнүн 1-курсунда окуйт. Азыр Мирбек экөөнүн «Аппак таң» аттуу ыры жарыкка чыгып, эл назарына тартууланып жатат. Андан тышкары «Окуучу кыз» аттуу ырын ырдап жүрөт. Бул ырларды көрүүчүлөр эмитен эле жылуу маанайда кабыл алышкандары байкалууда. Сыягы, ата жолун жолдогусу келген жаш жигит максатына жетет окшойт. Минтип жатканыбыздын себеби, Ирландын атасы Таалайбек мыкты музыкант болгон экен. Тилекке каршы, бул дүйнөдөн эрте өтүп кеткен. Ирландын музыка дүйнөсүнө аралашканынын бирден-бир себеби, ата кесибин улантып, анын жолун жолдоо. Эмесе, продюсер Асыл эжеге күч-кубат, жаш талантка ак жол каалайлы.
Ошондой эле Мирбектин темир тулпары да кут болсун демекчибиз. Дегенибиз, Мирбек жакында эле 4200 доллларга «БМВ» маркасындагы машина сатып алып, учурда кубанычы койнуна батпай жүрөт. Машина алгандан кийин көп өтпөй эле Караколго гастролго жөнөп, азыр ошол жакта жумуштарын машинасы менен бүтүрүүдө.
МИРЛАН МЕНЕН ФАРИДАНЫН ҮЙЛӨНҮҮ ТОЮ БОЛОТ
Ырчы Мирлан Жетигеновдун өзүнүн айтуусуна караганда, ал жакында үйлөнөт. Болгондо да бир топто көп жылдардан бери чогуу эмгектенип келе жаткан Фарида Карбосовага. «Фарида экөөбүз көптөн бери чогуу жүрүп бири-бирибизди жакшы билип калдык. Кудай буюрса, Фариданын концертин ийгиликтүү өткөрүп алсак, баш кошуп, чогуу түтүн булатканы турабыз. Тоюбуз качан, кайсыл жерде болоору азырынча чечиле элек» дейт Мирлан Жетигенов. Эмне дейбиз, эки жашка бакыт каалайбыз.
СУЛТАНДЫН КОНЦЕРТИНЕ БОМБА КОЮШСА ДА МАШИНА САТЫП АЛДЫ
Мусулмандар кадыр түн тоскон күнү Спорт Ордосунда Султан Садыралиевдин концерти болмок. Күйөрмандары Султанды сагынып калышкан экен, чоң залга тим эле аарыдай үйүлүштү. Залга батпай эшикте калганы да болуптур. Ошентип, жакшынакай эле маанай менен концерт башталган. Анан эле залдын ичин агымсыз кабар аралады. "Залга бомба коюлуптур" деп эле элдер чуру-чуу түшүп калышты. Тамашакөйлөрдүн кезектеги оюну го дейин десең, Улуттук коопсуздук кызматынан адамдар келип, олуттуу түргө өтө баштады. Жандын таттуулугун карачы, "Султан" деп жулунуп жатып араң киргендер эми агылып эшикти көздөй кача башташты. Ошентип, концерт да аягына чыкпай калды. А эртеси боло турган концерти Кудайга шүгүр, тынч эле өттү. Биринчи күнү бомбадан качкан күйөрмандары үчүн Султан күндүзү кайрадан концерт уюштурду. Бул концертке албетте, биринчи күнкү билеттери менен киришти. Ал эми бул суук кабарды ким таратканы белгисиз бойдон кала берди.
Ошентсе да Султан ийгиликтүү өткөн бул концертинен түшкөн акчага "Мазда" маркасындагы жашыл түстүү машина сатып алып, азыр зуулдатып шаар ичинде ары-бери айдап жүөт.
САМАНДАРДЫН ПРОДЮСЕРИ КАНАТ КУЛТАЕВ БОЛОБУ?
Самандардын сахнадан көп көрүнбөй кеткени жана ал продюсери Алексей Филатов менен иштешпей калганы көпчүлүккө маалым. Айта кетсек, Лёша менен Самандар убагында балабакчага чогуу барышкан жакын достордон эле. Кийин Алексей Самандардын чыгармачылыгына салым кошкон продюсерине да айланган. Анан экөө иштешип жүрүп эле ортолорун кайсы кара мышык аралады ким билет. Айтор, эки достун мамилелери муздай түшкөн. Сырдаш достор эми көрүшкөн жерден баш ийкешип гана тим болот. Ушунун баары ырчыга таасир берди окшойт. Учурда Самандар чыгармачылык менен катуу алектенип, жаңы ырларды жаздырып, ал менен бирге өзүнө продюсер караштырууда. Ал Канат Култаев өңдүү продюсер издеп жүргөнүн билдирди.
КҮЛҮЙПА БЕЧАРАЛАРГА КОЛ СУНАТ
Баштатан жаш ырчыларды көтөрмөлөп келаткан ырчы Күлүйпа Керимбаева бечараларга да кол сунуп келет. Жакында кокусунан Кочкор районунда багаар-көрөөрү жок бечара аял жөнүндө кабар алгандан бери ага жардам берүүгө даярданууда. Эми ырчы аталган аялга жана ошол чөлкөмдөгү жардамга муктаж адамдарга материалдык жана моралдык колдоо көрсөтүп келмекчи. Ага кошуп Кочкор элине концерт коё келет.