ЧЫҢГЫЗГА ӨЗГӨЧӨ НОМЕРЛҮҮ МАШИНАНЫ КИМ БЕЛЕК КЫЛДЫ?

Ди-джей жана ырчы Чыңгыз Мырзаев ушул жуманын башында концерт коюп элди чогултту. Концерттин башталышында «баш каармандын» шыптан түшүп, башка концерттерден өзгөчө­лөнгөнүн айта кетели. Ушул концерттин экинчи күнү эл эле эмес, Чыңгыз өзү күтпөгөн окуя болду. Себеби, Чыңгыздын продюсери Ильяс Адамов ырчыга сахнадан «Гольф-3» маркасындагы машинаны белек кылды. Машина го машина, ал биринчи күнкү концерттен түшкөн акчага сатылып алынды. Андан да кубанычтуусу, андан да таң калычтуусу – машинанын номеринин ордуна «Чыңгыз» деген жазуунун жазылгандыгы болду. Муну Чыңгыздын продюсери атайын заказ менен жасатып, Чыңгызга сюрприз кылды. Чыңгыз болсо машинасын ушул калыбында эртеси эле шаар аралап айдап кетти. Мындай өзгөчө номерлүү машинага МАИ кызматкерлери кандай көз карашта болушту экен?

НУРЗАТ ТУРМУШ ЖОЛУНА АТТАНДЫ

«Браво» телеберүү­сүнүн алпаруучусу Нурзат Токтосунова турмуштун сапарына аттанды, башкача айтканда, ал Бакыт аттуу бактылуу жигиттин өмүрлүк жары болуп калды. Бакыт Нурзаттын артынан беш жылдан бери чуркап, сөз айтып жүргөн. Акыры жигит беттегенинен кайтпай, сүй­гөн кызын өзүнө баш ийдирүүгө жетишти. Нурзаттын жигити Алматыда фирмалардын биринде иштейт. Эми Нурзатты өз айылы Кочкорго, декабрь айында Алматыга алып кетмекчи. А «Браво» эмне болот деп тынчсызданганыбыз бекер. Анткени, чыныгы мырза жигит сүйүк­түүсүн ар шаршемби сайын Кочкордон Бишкекке өзү апкелип турат экен. Андан кийинкисин убакыт көрсөтөт. Ал эми той 12-ноябрь күнү Бишкектеги ресторандардын биринде өтөт.

АЗИЗ АВТОКЫРСЫККА УЧУРАДЫ

Алина Жетигенованын уулу Азиз Жетигенов Азат аттуу жаш ырчы жигиттин «Хонда» маркасындагы машинасын айдап чыгып, тажрыйбасынын жоктугунан маршрутканы сүзүп алган. Бул кабарды Азатка жана анын продюсери Нурлан Мамакеевге Азиздин жанында жүргөн Бекчоро аттуу жигит айтып келген. Кырсыкка учураган машинаны оңдоого көп акча кетээри айкын. Негизи, машинаны Азиз оңдотуп бериш керек эле. Бирок, жигиттердин продюсери чыгымды өз моюнуна алды. Нурлан менен кошо анын продюсердик борборунун алдында иштеген балдар да Азизге материалдык жана моралдык жардам көрсөтөөрүн билдиришти.

ГҮЛГӨ КАЗАКТАР ИШТЕШҮҮНҮ СУНУШТАШТЫ

Көпчүлүкүтүн назарына алына баштаган Ташкент кызы Гүлгө казак туугандардан иштешүүгө сунуш түштү. Жаш ырчы кызга көз арткан казактар Гүлдүн продюсери Айжамал Зооталиеванын бизнесмен тааныштары экен. Иштешүүнү сунушташкан казак атуулдар өздөрү чыгармачылыктан алыс болгондуктарына карабастан Гүлдүн талантына баа беришип, колдоо көрсөтүшөөрүн айтышкан. Ырчы кыз азырынча сунуштун жообун бере элек. Айта кетчү нерсе, жакында Гүлдүн ырлар жыйнагы жарыкка чыгуу алдында турат.

РУСТАМ ТЕМИР ТУЛПАР САТЫП АЛДЫ

Жаш режиссёр Рустам Аташовдун «Министрдин кызынын махабаты» аттуу фильми ийгиликтүү чыгып, эл көңүлүнө арзыганын көпчүлүк жакшы билет. Натыйжада, Рустамдын аракетинен жыйынтык чыгып, кино ээсине жакшы киреше алып келгени да жалган эмес. Ушул кирешенин бир бөлүгүнө Рустам Аташов адегенде эле өзүнө «Мазда-323»маркасындагы ак түстүү машина сатып алды. Эми Рустам фильминин экинчи бөлүгүн тартканда мурункудай машинанын азабын тартпай, өзүнүн машинасын кенен-кесири пайдаланмакчы.

АССОЛЬ ДАГЫ БИР НААМДЫН
ЭЭСИ БОЛДУ

Үзүрлүү эмгегинин натыйжасында наамдарды биринин артынан бирин алып жаткан телеалпаруучу Ассоль Молдакматова «Шериктеш өлкөлөр арасындагы эң мыкты те­леперсона» конкурсунан жеңип, кезектеги дагы бир наамга ээ болду. Наамды тапшыруу аземи Россиянын президенти Владимир Путиндин Санкт-Петербургдагы резиденциясында өттү. Бул конкурска КМШ өлкөлөрүндөгү 80 телекомпаниядан миңден ашык мыкты деп эсептелген журналисттер катышты. Бул конкурста биздин Ассоль айымдын «Салам, Кыргызстан», «Ассоль Молдокматова тартуулайт» аттуу программалары наам­га татыктуу болду.

МАКСАТ КИЧИНЕКЕЙ КЫРСЫККА КАБЫЛДЫ

Жаш ырчы Максат Бегалиев «Тойота» маркасындагы машинасы менен Бишкектин көчө­лөрүнүн кесилишинен такси менен сүзүшүп кеткен. Учурда ырчынын машинасы оңдоочу жайда. Бул окуя тууралуу Макстын жакындары билбейт. Анткени, ата-энесин бушайман кылгысы келбеген Максат кырсык жөнүндө айтууга шашылган эмес. Эң негизгиси, ырчы өзү жабыркаган эмес.

ТОКТОБҮБҮ ЖАҢЫ МАШИНАНЫН ЭЭСИ

Токтобүбү «Ноnda CR-V» Маркасындагы машина сатып алды. Ырчыга бул машинаны өмүрлүк жолдошу белек кылды. Албетте, белектин баасын сыр боюнча калтырган. Бул Токто­бүбүнүн эң барктуу белектеринин бири болуп калмакчы. Учурда ырчы жаңы машинасын зуулдата айдап, кубанып жүргөн кези. Эжекебизди эми ушул машинесинен көрүүгө болот.

САКИШ, БОПУШ ЖАҢЫ РОЛЬ ЖАРАТЫШУУДА

Сахнада Сакиш, Бопуш деген ат менен бел­гилүү болушкан таланттуу актёрлор Марат Жантелиев менен Айнура Турганбаева «Биринчи кадр» деп аталган жаңы фильмге тартыла башташты. Бул фильмде Бопуш негизги каарман болгон режиссёрдун ролун ойносо, Сакиш медсестранын ролун аткарат. Бул фильм режиссёр жана ал жараткан кинонун тагдыры жөнүндө. Буюрса, Сакиш менен Бопушту күйөр­мандары бүгүн-эртең болбосо да жакынкы аралыктарда жаңы фильмден көрүп калышат.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 209, 3-9-ноябрь, 2006-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан