АЛЕКСЕЙДИ «ХИТ-ПАРАДДАН» КИМ КЕТИРДИ?

АЛЕКСЕЙДИ «ХИТ-ПАРАДДАН» КИМ КЕТИРДИ?

Алексей Филатов «Хит-парад» берүүсүнөн кетип, НБТ каналында «Жаңы жылдыз НБТ» берүүсүн алпарып жатканы белгилүү. Алексейдин «Хит-параддан» кетүүсүнүн себебин билгиси келгендер көп. Мунун себебин Лёша өзү: «Акыркы учурда мен «Хит-парадды» алпаргым келбей калган. Анткени, башында чыныгы мыкты делгендер катышып келсе, кийинки учурда ырдай алганы деле, ырдай албаганы деле чыга баштады. Ушундан улам менде нааразычылык жаралды. Мындай көрүнүш менин да, «Хит-параддын» да кадыр- баркын түшүрүп жибергендей болду» деп түшүндүрөт. Мындан тышкары Лёша: «Мен «Эмне үчүн улуттук берүүнү кыргыз эмес, орус бала алпарат?» деген сыяктуу сөздөрдү да көп угуп жүргөм. Бирок, Ассоль айым мага мындай нерселерге көңүл бурбоомду айтып келген эле» деп белгилейт. Лешанын азыркы ишинен кабар берсек, иши купулуна толоорлук жана айлык акысы «Хит-параддагыдан» эки эсе көп.

АКБАР ДОСТОРУНАН 200 ДОЛЛАРЛЫК БЕЛЕК АЛДЫ

«Атага кат» аттуу ыры менен калың элге белгилүү болгон Артык менен Сапар досу Акбар Сүйүмбаевге 200 долларлык өзгөчө куртка белек кылышты. Алар бул куртканы Акбарга арнап атайын заказ менен тиктиришкен. Кур­т­­канын боорунда «Акбар» деп ырчынын ыс­ы­мы жазылса, ал эми далы тарабы оймо-чий­ме менен кооздолгон экен. Мындай белекти Акбарга достору достуктун урматына тартуу кылышкан. Өздөрүнүн айтымына караганда, булардын достук мамилелери көп жылдан бери уланып келатат. Акбар Артык менен Сапарды дос катары жогору сыйлайт жана агаларындай урматтайт. Азыр бул оригиналдуу белекке кандай жооп кылсам деп Акбардын ойлонуп турган чагы.

ШАЙЫР ЖАҢЫ ТЕЛЕСЕРИАЛГА ТАРТЫЛУУДА

Таланттуу актриса Шайыр Касымалиева учурда «Сүйүүнүн да өзүнүн асманы бар» деген телесериалга тартылып жатат. Белгилүү режиссёр Актан Арым Кубаттын жетекчилиги астында тартылып жаткан фильм Сооронбай Жусуевдин «Канат менен Зарина» аттуу китебинин негизинде тартылууда. Канат менен Заринанын тунук сүйүүсүн чагылдырган бул телесериал 8 сериядан турат. Аталган сериалда Шайыр башкы каармандардын бири Заринанын энесинин образын жаратмакчы. Ошондой эле бул сериалга башка да көрүнүктүү артисттер жана эстрада ырчылары катышаары белгилүү болду.

ЖАНЫШ БАЛАЛУУ БОЛДУ

Жеке студиясынын түйшүгү менен рахатын кө­рүп жаткан Жаныш Момунов жакында балканактай эркек балалуу болду. Сүйүнүчкө балкыган ыр­чы уулуна Батыркан деген ысым ыйгарды. Бул ысымды Жаныш «уулдуу болуп калсам коём» деген аруу тилек менен жү­рө­гүндө сактап келген. На­ристе 3 килограмм 500 грамм салмакта төрөл­гөн. Учурда ымыркай менен энесинин денсоолуктары жакшы. Ошентип, Жаныш келинчеги Жеңишгүл экөө экинчи балалуу болуп, үйлөрү базарга айланган кези. Эскерте кетсек, жубайлардын тун баласы 1,5 жашта. Эми ырчы буюрса, бир-эки аптадан соң уулунун кыркын чыгарып, анан келе элек алыстагы дос-жоролорун чакырып, тойчуктан ооз тийгизмекчи.

ТУУЛГАН КҮНҮНДӨ НАЗИРАГА БЕЛГИСИЗ КҮЙӨРМАНЫ СҮЙҮҮСҮН БИЛДИРДИ

«Хит-параддын» алпаруучусу Назира Айтбекова 7-ноябрда 21 жашка толду. Бул күнү Назира ата-энесинин, жоро-жолдошторунун куттуктоолорунан тышкары белгисиз күйөрман жигитинен да белектүү болду. Бул белек бийкечти өзгөчө толкунданууга жеткирди. Назиранын айтуусуна караганда, эртең менен эрте саат алтыларда эшик тыкылдаганынан ачса, бейтааныш кичинекей бала турган болот. Ал аркылуу кимдир бирөө туулган күнү менен куттуктап, «Мен сени сүйөм» деген жазуусу бар чоң торт менен арасына конверт кыстарылган бир кучак роза гүлүн белекке берип жибериптир. Конверттин ичиндеги баракта «Назира, менин сага болгон сүйүүм таза жана тунук. Эгерде сен менин көз жашым болсоң, анда сени жоготуп албаш үчүн ыйлабаганга аракет кылам» деген сезимди билдирген сөздөр жазылыптыр. Ушундан жарым саат өт­көндөн кийин телефон шыңгырап, ошол күйөрман жигит: «Менин белегимди алган болсоң, чын жү­рөктөн деп бил. Сен – мен үчүн кол жеткис бийик зоо­догу на­зик гүлсүң. Менин атымды сураба. Азырынча сен үчүн табышмак бойдон калгым келет» деп атын көмүскөдө жашыра сүйлөгөн.
Ошентип, Назиранын 21 жашындагы туулган күнү эсте калаарлык болду.

КУБИКТИН КОНЦЕРТИ БОЛБОЙ КАЛДЫ

1-2-ноябрда Спорт сарайында өтө турган Кубик Калыковдун «Кубиктин махабаты» аттуу чоң прог­раммадагы концертинин экинчи күнкүсү болбой калды. Буга митинг­дин ошол күнү башталганы себепчи болду. Шаардагы ызы-чуудан коркуп, көчөгө чыккандан чочулаган эл концертке келбей коюп, Спорт сарайынын алдына болгону 200гө жакын көрүүчү чогулган. Аренда акысын да төлөй албаган ырчы 10 миң сомго чыгым тарт­ты. Ал күнү Спорт сарайынын алдында сатылган билеттердин акчасын ошол эле жерден кайра кайтарып берүүгө аргасыз болду. Ошентип, көпчү­лүк­кө өзүнүн махабатынын сырын ачып берүү­гө камынган ырчынын максаты ишке ашпай калды.

КАНЫКЕЙ КЕЛИНДҮҮ БОЛДУ

Белгилүү композитор, ырчы Каныкей Эралиева жакында келин алуу менен колу узарып, кайнене болду. Уулу Нурлан үйлө­нүп, үйбүлөгө баш кошулду. Каныкей эженин келининин аты Гүлира, жердиги аксылык. Учурда шаарыбыздагы жогорку окуу жайларынын биринде 3-курста окуйт. «Биз мусулманчылык жол­догу үйбүлөдөнбүз. Мисалы, мен намаз окуйм. Келинибиз Гүлира дагы намаз окуйт экен. Бул биз үчүн чоң сыймык» дейт ырчы сүйүнгө­нүн жашырбай.
Ата-бабаларыбыздан келе жаткан салт боюнча Каныкей эженин баш кошкон уул-келинине нике кыйылып, тою өткөрүлдү. Ал эми чоң үлпөт той жакында шаарыбыздагы ресторандардын биринде өтмөкчү.

АИДА ЛАНА МЕНЕН ИШТЕШЕБИ?

Таланттуу скрипкачы кыз Аида Баякова Оштон Бишкекке келгенден бери чыгармачылыктын үстүндө катуу изденүү­дө. Аиданын жакынкы планында өзүнүн жеке концертин берүү жана казак элинин скрипкачы кызы Лана менен дуэт жаздыруу бар. Азырынча Аида Лана менен тааныш эмес. Бирок, Аиданын продюсери Ассоль Молдокматова эки скрипкачыны тааныштырууну көздөөдө. Учурда Аида «Канат менен Зарина» фонду менен иштешүүдө. Фонд таланттуу скрипкачы кызга демөөрчү катары материалдык жардам көрсөтүп турмакчы. «Канат менен Зарина» фильминде Аиданын аткарган чыгармалары саундтрек катары жаңырып калуусу толук мүмкүн.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 210, 10-16-ноябрь, 2006-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан