МИКАЭЛЬ АВТОКЫРСЫККА КАБЫЛДЫ

Нурлан Мамакеевдин продюсердик борборуна көз тийдиби, айтор, жакында эле Максат Бегалиев менен Азиз Жетигенов автокырсыкка учураса, бул ирет Микаэль жол кырсыгына кабылып отурат. Жаш ырчы катуу ылдамдыкта келатып көчөнүн кесилишинен кымбат баалуу «Тойота Лексус» маркасындагы машинаны сүзүп алган. Кырсык болгон учурда ырчынын жанындагы дос кызы катуу чочуп калгандыктан, ал тез жардам менен ооруканага жеткирилген. Микаэль жол эрежесин сактабагандыктан, күнөөлүү саналып, машинасын оңдоп берүүгө ээсине убада берген. Өзүнүкүн, анан сүзүп алган машинаны оңдоп калыбына келтирүү үчүн эми Микаэль1200 доллар чыгым тартканы турат.

ЖАКУТ БЕШИК ТЕРМЕТҮҮДӨ
Акыркы убактарда куудул Жакут кумга сиңген суудай болуп такыр кө­рүнбөй жүргөнүнүн себеби бар экен. Көрсө, куудул жигитибиз уулу Гүл­жигиттин артынан жакында эле Кутбайыр аттуу уулдуу болуптур. Ошол ымыркайынын жытына тойбой, жанынан чыга албай жүрүп­түр.
А чыгармачылыгы жөнүндө Жакут: «Куудулдугумду токтото туруп, эми ырдап чыгайын деп жатам. Буга чейин менин ырларымды ар ким ырдап жүргөн. Эми баарын чогултуп, өзүм ырдап чыкканга катуу даярдык көрүп жатам. Эми эл мени куудул Жакут гана эмес, олуттуу ырчы катары да таанышмакчы» деген оюн билдирди.

ФИЛАТОВ СУУ ИЧКЕН КУДУГУНА ТҮКҮРДҮБҮ?
Гезитибиздин өткөн санына телеалпаруучу Алексей Филатовдун «Хит-параддан» кеткенинин себеби өзүнүн айтуусу менен жазылган эле. Бирок, гезит жарыкка чыккан соң, «Хит-параддын» жетекчиси Динара Эсенгулова жана бир-эки ырчы Алексейдин оюна кошулбасын билдирип, нааразылыктарын айтышты. Алардын айтуусу боюнча, Алексей эки жакта тең иштей берүүнү ойлогон экен. Алексейдин мындай оюн билип калган Ассоль айым аны өзүнө чакырып алып «Хит-параддан» ке­түүсүн буюруптур. Ошентип, жок дегенде жылдын аягына чейин иштеп турайын деп суранганына карабай Алексейди «Хит-параддын» жетекчилиги иштен айдаптыр. Ошондой эле «Хит-парадга» майда-чүйдө ырчылар катыша берип баркын кетирип жатат» деген сөздөрү «Хит-парадга» чыгып жүргөн популярдуу ырчылардын кыжырын келтирип, нааразылыктарын туудурду.

РАСУЛ ӨЗБЕК ТОЮНАН КАНЧА АКЧА ТААП КЕЛДИ?
Расул Маматкулов концерттен тышкары тойлордо да өз өнөрүн тартуулап жүргөнү белгилүү. Ырчынын айтымына караганда, жакында аны өзбек туугандар да тойго чакырган. Жагымдуу үнү менен өзбек тоюнун көр­күн ачып, коноктордун көңүлүн кө­төр­гөн кыргыз ырчыга өзбек туугандар биринин артынан бири тынбай ар жерине 1000 сумдан кыстарган. Көп акча чогулттум деп кудуңдаган ырчы акчаларын сомго айландырса, көптөй сезилген миң сумуна эки куту тамеки гана келээри айкын болду.

«МКД» УУРДАЛГАН ЫРЛАРЫН КАЙРА ЖАЗДЫРДЫ
Жаштардын сүйүктүү «МКД» тобу сахнадан көрүнбөй кеткен эле. Мунун себебин сурап кайрылганыбызда топтун жигиттери жайы менен чыгармачылык менен алек болуп, бир топ жаңы ырларды кайрадан жаздырышкандыгы маалым болду. Ырларды кайра жаздыруусунун себеби төмөндөгүдөй болгон. Топ ырларын толук жаздырып бүтүп, эми сахнага жаңылыктар менен чыгабыз деп турган кезинде топтун солисти Төлөндүн машинасынан алардын жаңы ырлары жазылган дискти, сүрөттөрдү уурдап кетишкен. Жаздырган ырларынын көчүрмөлөрү жок болгондуктан, топтун солисттери сахнага чыга алышпай келишкен. Антсе да кайрадан ырларын жаздырышкан топ азыр эртерээк күйөрмандарына тартуулоону максат кылышууда.

КАНАТ КУЛТАЕВ МИРБЕК АТАБЕКОВДОЙ ЫРЧЫЛАРДЫ ТАНДАЙТ
Эч кимдикине окшобогон жагымдуу үнү бар Мирбекти таланттуу режиссёр Канат Култаев тарбиялап жатканы көп­чүлүккө маалым. Эми Канат Мирбектей кылып дагы жаңы жаш балдар-кыздарды ырчы кылып алып чыгам дейт. Азыр жаш ырчыларга тандоо жүрүп жатат. Мирбектин жолун жолдойм дегендерди продюсер сынап көрүүгө каршы эмес. Бирок, сындан өтүү үчүн талапкердин сырткы келбети, үнү, ал эле эмес, жүрүш-турушу, мүнөзү да чоң мааниге ээ экендигин эскерте кетмекчибиз. Тандоо боюнча жакында кастинг өткөрүлөт.

ЗАМИР КАРАБАЛТА ЭЛИН ЖАНДУУ ҮН МЕНЕН ЫРДАП КУБАНТТЫ
Замир Арыкбаевдин учурда жер-жерлерди кыдырып гастролдоп жүргөн кези. Жакында гастролдук сапары менен Карабалтага концерт коюп барган. Замирдин маалыматына караганда, зал күйөр­ман­дарына жык толгон. Талантын сыйлап барган элге Замир өнөрүн тартуулап жаткан кезде техникалык себептерден уламбы, айтор, бир ырынын ортосуна келгенде микрофону өчүп калат. Залда отургандар: «бул фонограмма экен, өз үнүң менен ырда» деп залды жаңыртышат. Замир күйөрмандарын таарынтып албайын деп ошол жерден заңкылдап жандуу үн менен ырдап кирген. Ошентип, Замир концерт бүткүчө жандуу үн менен ырдап, келген элди ыраазы кылып жөнөткөн.

МУХТАРДЫН ТОБУ АРТЫКТЫН АТА-ЭНЕСИНИН БАТАСЫНА АРЗЫДЫ
Мухтар Атаналиев тобу менен жакында түш­түккө болгон гастролунан кайтып келди. Гастроль учурунда топ учурда “Атага кат” ыры менен популярдуулукка ээ болгон Артык Саитовдун кичи мекени Базаркоргон районунун Шыдыр айлына да барышкан. Артыктын ата-энеси Мух­тарды тобу менен үйүнө абдан коноктогон соң баталарын берип узаткан. Мухтардын айтуусуна караганда, Артыктын атасы: “Балам ырдап чыга электе ырчыларга анчейин баа берчү эмес элем. Качан гана Артыгым ырдай баштаганда мен ырдын кудуретин, элге берген таасирин сездим. Ошондуктан, эми мага ырчылардын баары жакын сезилип калды. Силер да эми өз баламдайсыңар” деп жылуу сөздөрүн айтып, батасын берген.
Эскерте кетсек, Мухтар буга чейин “Акжол” деп аталып келген тобунун атын “Кыргыздар” деп өзгөрткөн. Бул да болсо ырчынын патриоттуулугунун бир далили деп түшүнсөк болот.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 211, 17-23-ноябрь, 2006-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан