РОЗА РЫМБАЕВА

Бул ырчынын өмүр тагдырын жеңил деп айтуу кыйын. «Жанында колдоп коштогон, жашоо тиреги болгон түгөйү жок эки баланы тарбиялоо» деген сөздүн өзү оор турмуштан кабар берип турса керек. Бирок, Розанын чыдамкайлыгы, эмгекчилдиги али да болсо популярдуулуктун туу чокусун багындырып келет.

Толук аты-жөнү – Рымбаева Роза Куанышевна
Зодиак белгиси – Чаян
Карьера жолу – 1976-жылдан азыркы күнгө чейин
Жактырган тамагы – Манты
Жакшы көргөн майрамы – Жаңы Жыл (көкүрөк күчүгү Мадинин туулган күнү)
Жакшы көргөн шаарлары – Алматы, Астана, Москва

Роза Рымбаева деген ысым мындан туптуура 50 жыл 33 күн мурун пайда болгон. Тагыраак айтканда, ырчы 1957-жылдын 28-октябрында Казакстандын Семипалатинск облусуна караштуу Жангизтөбе станциясында төрөлгөн. Көп балалуу темиржолчулардын кызы болгондуктан, жетишпестиктин даамын татып, турмуштун ысык-суугуна жашынан бышып чоңойгон. Анткен менен “ар бир нерсенин жакшы жана жаман жактарын табууга болот” демекчи, жетишпеген жашоо ырчыны өз алдынчалыкка тарбиялап, талыкпастан эмгектенүүгө үйрөттү. Ата-энесинин шаардык мектептерге окутууга мүмкүнчүлүгү жок болгондуктан, Роза интернаттан билим алган. Кичине кезинен эле ырга шыктуу чыгып, ырдоону биринчи орунга койгондуктан, кандай жол менен болсо да өз талантын элге тартуулаган атактуу ырчы болууну самачу. Ырдап, бийлөө – кичинекей Розанын сүйүп аткарган иши эле. Андыктан, интернатта жүргөн кезинде эле музыкалык ийримдерге катышып, өз талантын таптай баштаган.
“Убакыт – зымырык куш” демекчи, мектеп-интернатын аяктаган соң балалыгынан бери эңсеген кыялына жетүү үчүн Роза Алматы шаарын көздөй сапар тартат. 1975-жылы 18 жашында музыкалык орто окуу жайына тапшырып, студенттердин катарына кошулган. Ушул эле жылы алгачкы жолу Улуу Ата Мекендик согуштун 30 жылдык юбилейине арналган ырлар конкурсуна катышып, көрүү­чүлөрдүн сүй­мөн­чүлү­гүнө ээ болот. Дал ошол жерден Роза чыгармачылыгындагы гана эмес, жеке жашоосундагы бактысына да жолуккан. Ошол убакта эң популярдуу деп саналган республикалык “Гүлдер” деп аталган жаштар эстрадалык ансамблинин башкы дирижёру Таскын Окапов Розага өзүнүн тобунда ырдоону сунуштап, көп өтпөй Роза бул топтун катарын толуктайт. Таскын Роза үчүн бир гана топтун жетекчиси эмес, эки жылдан соң өмүрлүк жары болууга да үлгүрөт.
Чыгармачылык жактан Роза Таскындан тарбиялана баштагандан көп узабай “Алия” аттуу ыры менен бүткүл совет өлкөлөрүндө популярдуу болууга жетишкен. Жүрөккө жеткире ырдаган арген үнү менен ал кезде Роза София Ротару жана Алла Пугачёвалардан кийинки эле үчүнчү орундагы атактуу ырчы катары саналчу. “Гүлдер” тобунда үч жыл ырдагандан кийин күйөөсү Таскын экөө “Арай” деп аталган ансамбль ачышып, андан ары ушул жаңы топтун ырчысы катары тааныла баштайт. Жаш экенине карабай Ленин комсомол сыйлыгынын лауреаты жана “Өмүр бою ыр менен”, “Алтын Орфей”, “Сопот” конкурстарынын жеңүүчүсү, андан тышкары, Казак ССРинин Эмгек сиңирген артисти деген наамдын ээси болуп, аткарган эмгеги жемиш бере баштайт.
1979-жылы Роза билимин өркүндөтүү максатында Казак көркөм театралдык институтуна тапшырган. Кийинчерээк Алматыдагы эстрадалык цирк колледжинде билим берүү тармагында да эмгектенген. Аткарган иштеринин акыбети кайтып, Роза Рымбаева канчалаган сыйлыктардын ээси болууга жетишкен. Жогоруда айтылгандардан тышкары ырчы улуттук “Парасат” ордени менен сыйланган, Казак ССРинин Эл артисти наамынын жана “Сахна жылдызы” сыйлыгынын ээси. Азыркы тапка чейин хит ырларды жаратып ырдап келген ырчы канчалаган муундарга таасирдүү чыгарма жаратты. Былтыр чыгармачылыгынын 30 жылдык юбилей концертинде Москва шаарынын Жылдыздар аянтындагы жылдызчалардын бири Розанын наамына жанды.
Роза Рымбаева сахнадагы жашоосунан тышкары өз турмушун да унутта калтырган эмес. Жолдошу Таскын экөө баш кошкондон кийин да карьерасына чоң көңүл бөлүүнү туура табышып, балалуу болууну кийинки пландарга жылдыра турушат. Өлкөлөрдү аралаган гастролдук сапарлары менен элге кызмат кылууну, элине эмгек сиңирүүнү каалаган ырчы 33 жашка чыкканда гана балалуу болууну чечкен. Ошентип, тун уулу Али төрөлгөн. 1990-жылы Али бир жарым жашка чыкканда Советтер Союзу урап, кыйын турмуш башталгандыктан, Роза дагы замандын оор абалына туруштук берүү үчүн наристесин колуна алып, акчанын азабынан гастролдорго чыгууга аргасыз болгон.
Казакстандын Эл артисти Роза Рымбаеванын турмушу дагы биз ойлогондой жыргал эмес. Жогоруда айтылган кыйынчылыктар көзгө көрүнбөй бактылуу турмуш кечүү мезгили мына эми келди деген убакта 1999-жылы ырчы жолдошу Таскындан айрылып, 9 жашар Алини жетелеген бойдон кош бойлуу эне жалгыз кала берген. Күтүлбөгөн мындай окуя чындыгында эле Розага оор турмуш алып келди. “Кечинде күндөгүдөй эле уйкуга кеткен Таскын эртең менен ойгонбой калды. Колубузда Алиден тышкары жолдошумдун каза болгон туугандарынын кыздары да бар эле. Эми мурдагыдай таянган адамым жок. Өз оокатымды өзүм өткөрүүгө тийишмин деп көр оокаттын айынан тез эле гастролдорго чыга баштадым”,- дейт бул тууралуу ырчы. Ал эми бул кара баскан күндөн көп узабай эле кылым тогошкон 2000-жылдын 1-январынын биринчи мүнөтүндө 43 жаштагы эстрада ырчысы Роза Рымбаева Мади аттуу уулдуу болгон.
Учурда ырчынын тун баласы Али 17 жашта болсо, кичүүсү Мади жетиде. Апасынын жолун жолдоп экөө тең музыка менен алектенишет. Розанын 30 жылдык чыгармачыл кечесинде эки уулу тең эл алдында өз таланттарын тартуулашты. Али фортепианодон сабак алып келет. Ал эми Мади «аганы көрүп ини өсөт» демекчи, Алиден сабак алууда. “Эгерде менин балдарым музыкант болууну каалашса, каршылыгым жок”,- дейт бул тууралуу ырчы.
Роза Рымбаева баарыбыз билгендей эле сахнада бийиктен жанган жылдыз, үйдө мээримдүү эне жана билгир кожойке. Үйдө эс алуу учурунда манты жана чүчпара түйгөндү жактырат. Андан тышкары, жалпы эле батыш ашканасынын тамактарын мыкты даярдаган ашпозчу десе да болот. Тун баласы 10-класста, кичүүсү 2-класста окугандыктан, аларды эртең менен сабакка жөнөтүү, кайра тосуп алуу – ырчынын эң жакшы көрүп жасаган иши. “Бүт өмүрүмдү балдарыма жана музыкага арнап, керек болсо алар үчүн экинчи ирет турмушка да чыкпайм. Балдарым үчүн жөн гана жашап келсем, ырдоо үчүн азыркы тапка чейин үнүмдү бир калыпта сактап, музыкадан сабак алып турам. Алардан тышкары, алты бир тууганым, ата-энем – менин жашоо тирегим”,- дейт Роза Рымбаева.
Розаны көпчүлүк учур­да «Казакстандын примадоннасы» деп аташып, Алла Пугачёва менен салыштырышат. Бирок, башкасын айтпаганда да, Алла 36 жашында алган Эл артисти деген наамга Роза болгону 28 жашында жетишкендигин айта кетпесек болбос. Талыкпаган эмгектин артынан мындай жетишкендиктерди багындырган ыр­чы өмүрүнүн аягына чейин ырдоону токтотпостугу тууралуу жар салып келет.

Даярдаган Чолпон Сүйүнбаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 265, 30-ноябрь - 6-декабрь, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан