СЫЙМЫК ЖАҢЫ ТЕМИР ТУЛПАРЛУУ БОЛДУ

Күзү менен гастролдоп концерт коюп жүргөн Сыймык Бейшекеев үйүнө келип эс алган соң, жаңы машина сатып алып отурат. Тагыраак айтканда, мурунку «Мерседес» маркасындагы машинасын сатып, эң «крутой» деп саналган машинелердин бири «Тойота Лексус» маркасындагы машинага ээ болду. Учурда күмүш түстүү жаңы темир тулпарын Бишкектин көчөлөрүндө зуулдата айдаган ырчынын кубанып жүргөн кези.

«ОЙ ТОБО» ТОБУНДАГЫ АЛП ЖИГИТ ЖЕҢИШБЕКТИН ТОЮ ТОКТОП КАЛДЫ
Ырчы Бакыт Мамаевдин «Ой Тобо» тобундагы үйлөнүүгө камынган акталаалык бою 2 метр 28 сантиметр келген алп жигит Жеңишбектин максаты ишке ашпай калды. Ал эки алп селки менен таанышып, андан кийин алардын бирин өмүрлүк жар кылып тандап алууну көздөгөн эле.
Жеңишбек кыздарга «борбор шаарыбыздан эле жолугушуп, таанышып көрөлү» деп сунуш кылган. Бирок, борборго келгенден намыстаныштыбы, айтор, кыздар буга макул болушкан эмес. Эки кыз тең түштүк жергесинде жашагандыктан, жолдун алыстыгына байланыштуу алп жигиттин кыздарга өзү барып таанышып келүүгө мүмкүнчүлүгү болгон жок. Ошондуктан, алп жигиттин ата-энеси уулунун кыздар менен таанышуусун, анан кокус бириси менен жылдызы табышып калса, үйлөнүү тоюн өткөрүүнү жаз айына жылдырууга аргасыз болушту.

«АЙТЕҢИР» ТОБУ ФИЛИПП МЕНЕН БИР САМОЛЁТТО УЧТУ
Айбек Карымов жетектеген «Айтеңир» тобу бир жарым ай Россиянын шаарларында гастролдоп келди. Топтун ыр­чы кызы Гүланданын айтымына караганда, талантын тартуулаганы барган топту Россиядагы кыргыздар жылуу тосуп алышкан. Санкт-Петербург шаарындагы концертте Гүланданын жердеш байкеси чыгып, ага гүл тапшырган. Туулган жерин, элин сагынганбы, айтор, акталаалык ал жигит жердеш карындашына жана топтогуларга бир туугандай мамиле жасап, колунан келген сыйын көрсөтүп узаткан. Гастролдук сапарын Москва шаарынан карытмак болгон топ аталган шаарга концерт коюп, кайра артка сапар тарткан. Топ Москвадан Бишкекке Филипп Киркоров менен бир самолётто учуп келген. Көрсө, Филипп дагы Бишкекке көптөн күткөн күйөрмандарына концерт бергени келаткан экен.

КАЗАКТАР МИРБЕКТИН «СЕНИ ГАНАСЫН» КОТОРУП АЛЫШТЫ
«Силер биздикин которгондо биз силердикин которо албайбызбы?» дештиби, казак туугандар да кыргыздын ырларын которо башташыптыр. Муну Алматыдагы белгилүү эле кафенин музыканттары биздин ырчыбыз Мирбек Атабековдун «Сени гана» ырынын тынбай ырдашып жатканы менен далилдегибиз келет. Кафеге кокусунан кирип калышкан биздин жердештерибиз бул ырдын кыргыз ырчысы Мирбек Атабековго таандык экенин айтышса, алар «жок, бул биздин казактардыкы» деп моюндарына алышпаптыр. Ырдын казакчасын өз кулактары менен угуп келген жигиттерден бул маалыматты алган Мирбектин азыр бир чети жини келип, бир чети сыймыктанып отурган чагы. «Өзүңдүн ырыңды башка эле бирөөнүн менчиктештирип алганы кыжырыңды келтирет экен. Бир чети бул кабарды сыймыктануу менен кабыл алдым. Казактар кыргыздардын элдик ырларын которуп ырдап жүргөнүн билебиз да. Ал эми жаңы ырлардан биринчи болуп «Сени гананы» которушуптур. Ыр жакшы болгон үчүн казактар да кызыгышты да. Ырдаса ырдай беришсин, каршылыгым жок» дейт Мирбек Атабеков өзү.

МИРБЕКТИН БЕЛЕККЕ АЛГАН ДУБЛЁНКАСЫН КЫЗДАР ТЫТЫП КЕТИШТИ
25-ноябрь белгилүү эстрада ырчысы Мирбек Иманбековдун туулган күнү экени анын күйөр­ман­дарына белгилүү болчу. Мирбек туулган күнүн шаардагы «Акман» кафесинде белгилеп, отуздан ашык конок чакырды. Сахналаш досторунан Султан, Акбар, Урмат, Бактыгүл жана башкалар барышып, Мирбекке белектерин беришип жана белек катары ыр ырдап Мирбекти кубандырышты. Бул күнү туулган күн ээсинин белектерден башы айланды. Ал эми продюсери Асыл Аппасова болсо Мирбекке 11 миң сомдук дублёнка белек кылды. Тилекке каршы, Мирбек бул дублёнканы болгону төрт гана күн кийгенге жетишти. Туулган күнү­нөн кийин эле Султандын Караколдогу концертине катышуу үчүн кеткен Мирбек жоон топ күйөр­ман кыздарынын таламайында калып, ары тартып, бери тарткан кыздар Мирбектин белекке алган дублёнкасын тытып салышыптыр. Эми дублёнканы кийүүгө мүмкүн болбой калгандыктан, Мирбектин учурда продюсерине «башка дублёнка сатып бер» деп догурунуп турган кези.

«АЙТЫШ» КООМДУК ФОНДУ ТАСМА ТАРТТЫ
Садык Шер-Нияз жетектеген «Айтыш» коомдук фондунун алдында «Айтыш фильм» студиясы ачылган эле. Ошол студия алгачкы көркөм чыгармаларын тартууга жетишип отурат. Тактап айтканда, «Парз» аттуу кыска метраждуу көркөм фильм тартылып бү­түп, элге сунушталууга даярдалып отурса, «1-кадр» аттуу фильмдин тартылып жат­кан убагы. «Бул эки фильмдин тең камтыган маанилери терең, тарбиялык мүнөзү күчтүү. Буюрса, кинотеатрдан жалпы элге сунуштайбыз» деп Садык мырза баш болгон «Айтышчылар» ку­дуңдап турушат.

ДИНАРА «НЕБЕРЕСИНЕ» КОЛЯСКА ТАРТУУЛАДЫ
Өз уясынан учурган балдары устаты үчүн өз баласы катары болуп калат эмеспи. Анын сыңары Динара Акулова да өзү тарбиялап чыгарган ырчыларга «апа» катары болуп келаткандыгы жашыруун эмес. Динара жакында ошондой балдарынын бири болгон Жа­ныш Момуновдун уулун, башкача айтканда, «небересин» көргөнү барган. Жаныштын берген маалыматына караганда, лидер ырчы айым «небереси» үчүн 100 доллар көрүндүк берип, абдан кооз коляска тартуулаган. Жаныш «апакесин» айттырбай келип мын­дай белек тартуулайт деп күтпөгөндүктөн, катуу толкунданып не дээрин билбей калган. Ан­ан гана кат-кат ырахматын айтып сыйлоого өт­көн. Ырчы апакеси болсо «чыгармачылыкта ийгилик жаратып, үйбүлөңөр менен бактылуу жашасаңар эле мага көрсөткөн сыйыңар ошол» деп Жанышты дасторкон үчүн көп убара болууга жеткирген эмес.

АСЫЛ КИМДИ СОТКО БЕРГЕНИ ЖАТАТ?
Асыл Аппасованын популярдуу жаш ырчы Мирбек Иманбековдун продюсери экендиги бардык эле окурмандарыбызга белгилүү болсо керек. Дал ошол Асыл эжеке «Эхо Манаса» деп аталган телеканалды сотко бергенге камданып жатат. Анткени, ал каналдан Мирбектин «Жаным» аттуу ырын та­кыр эле башка клип менен берип жатканына продюсер өзү күбө болгон. А чындыгында «Жанымга» эч кандай клип тартылган эмес. Ошентип, аталган телеканалды Асыл Аппасова Мирбектин ырына башка клипти жамап койгондугу үчүн сотко бергенге камданып жаткандыгын билдирди.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 213, 1-7-декабрь, 2006-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан