МАКСАТ КЫЗЫНА 700 ДОЛЛАРЛЫК СӨЙКӨ САЛДЫ

МАКСАТ КЫЗЫНА 700 ДОЛЛАРЛЫК СӨЙКӨ САЛДЫ

Көпчүлүк кыздардын жүрө­гүнө чок салып келаткан ырчы жигит Максат Бегалиевдин үйлөнүү тою күз этектеп болоору тууралуу сандарыбыздын биринде айтып өткөн элек. Бирок, «ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет» дегендей, Максаттын тою жазга жылып кетти. Анткени, ырчы өзүнүн жеке концертин берип, андан кийин үйлө­нүүнү пландап жүргөн. Концерт берүүгө даярдыгы көңү­лүнө толбогондуктан, ырчы концертин жылдырууга аргасыз болгон. Учурда Максат Москвадагы досторуна барып, ырларын ошол жактан жаздырып келүү үчүн сапар тартканы турат. Жаз чыкканга чейин кызынан айрылып калуу коркунучунанбы, айтор, ырчы жигитибиз ата-энеси менен барып, болочок жубайына 700 долларлык сөйкө, 300 долларлык шакек салып кызын «кишендеп» койду.


«КЫЗ-БУРАК» ТОБУ КИПРГЕ КЕТТИ

Кипр эли менен кыргыз элинин ортосундагы достукту чыңдоо максатында уюшулган иш-чарага Кыргызстандан 28 кишиден турган расмий делегация 9-декабрь күнү Кипрге жөнөп кетишкен эле. Булардын арасында элинин намысын коргоого жараган «Кыз-Бурак» тобунун таланттуу кыздары да бар. «Кыз-Бурак» тобу жана маданий ишмерлер төрт жерге концерт коюшуп, башка мамлекеттин элдерине өз өнөрлөрүн тартуулашып, бүгүн 15-декабрь күнү мекенине кайтып келишет.


ТААЛАЙ БИШКЕККЕ БИРОТОЛО КӨЧҮП КЕЛЕТ

Өзүнүн «Сулууга», «Муңайган жоктур менчелик» аттуу жогорку деңгээлдеги ырлары менен эл оозуна алынган Таалай Турдубаев буга чейин Ош шаарында жашачу. Ошого байланыштуу Таалай борбордо көп көрүнбөй, концер­т­терге да анда-санда катышып калчу. Эми ырчы чыгармачылыгынын өнү­гү­шү­нө шарт түзүү үчүн Бишкекке биротоло кө­чүп келмей болду. Ош­тогу үйүн сатып, борбордон тандап койгон үйүн биротоло сатып ал­са эле Таалай чыгармачылыкка баш-оту менен киришкени турат. «Ошон­­до талантымдын баарын ачып элге көрсө­төм» дейт ырчы.


БАКТЫГҮЛГӨ ДАГЫ РЕКЛАМАГА ТАРТЫЛУУ СУНУШТАРЫ ТҮШҮҮДӨ

Чырай жүздүү ырчы Бактыгүл Бадыеванын жакындан бери Кыргызтелекомдун рекламалык роликтеринен чыга баштаганы маалым. Кыргызтелекомдун байланыш кызматы жө­нүндөгү роликке кыз керек болуп жатканын ырчыга анын чыгармачылыгына колдоо көрсө­түп келген адам айтып, тартылууну сунуштаган. Ролик тууралуу Кыргызтелекомдон толук маалымат алгандан кийин гана Бак­тыгүл өзүнүн макулдугун берген. Ролик бир күн кеч­ке тартылган. Анда Бактыгүл жаш эненин образын жараткан. Съёмка жүрүп жаткан кезде Бактыгүл­дүн тартып алган сү­рөттөрү учурда шаардын көчөлөрүндө 53 рекламалык щитте илинип турат. Бактыгүлдүн айтымы­на карганда, ага рекламага тартылуу да, төлөнгөн гонорарынын суммасы да жаккан. «Рекламага тартылуу мага жакты. Мен тартылган рекламалык ролик теледен кете баштагандан бери мага рекламага тартылуу сунуштары түшүүдө. Эгерде тарбиялык мааниси бар, пайдалуу нерсени чагылдыра турган ролик болсо тартылууга каршы эмесмин» дейт ырчы.


«ЗАМАНА» СТУДИЯСЫНЫН ЭКИ
АЛПАРУУЧУСУ БАШ КОШТУ

Таң атпай көрүү­чүлөрдү экран алдына чакырган «Замана» студиясынын эки жаш алпаруучусу турмуш жолуна бирге аттанышты. Тагыраак айтканда, «Замананын» орусча бе­рүү­сүн ал­парган Зарина Эсен­баева менен кыргызча бө­лү­­гүн алпарган Алмаз Касымалиев баш кошушту. Алмаз ме­­нен За­­рина кыз-жи­гит болуп 7 ай сүй­лөшүп жү­рүш­көн. Экөө тең бир жерде иштеп, бири-биринин мүнөз­дөрүн жакшы билишкен соң, убакытты созбостон той кылууну чечишкен. Эки жаш Ысыккөлдөгү Алмаздын үйүндө той өткөрүшүп, элдин батасын алып келишкен. Айта кетсек, Зарина барган жеринде үчүнчү келин болду. Анда эмесе, эки жашка бакыт каалайбыз.


НЕЛЯНЫ БЕЙТААНЫШ ЖИГИТ ӨБҮҮГӨ ЖЕТИШТИ

Учурда Неля чыгармачылыктан тышкары апасы менен бирге ак өргөө тургузуп жатканы маалым болду. Жакынкы күн­дөр­дө жаңы салып жаткан үйүнө эшик керек болуп калып, ыр­чы апасы менен курулуш материалдары сатылган базарга барган. Нелянын айтымына караганда, ал машинадан түш­көндө эле базарда соода кылган жигиттер таанышып, тийише баш­ташкан. Суйкайган сулуу, анан да бойдок кыздын артынан чууруган жигиттер андан эмне издеп жүргөнүн сурашып, колдорунан келген жардамдарын берээрин айтышкан. Нелянын апасы эшик тандап жатканда тегеректеп турган жигиттердин бирөөсү чуркап келип жигиттик кылып ырчынын оозунан өөп, анан топко сиңип кеткен. Мындайды күтпөгөн Нелянын уялганынан бети кызарып чыккан. Ал эми муну көргөн балдар жигиттин артынан «азамат» деп кыйкырып кала беришкен.


ЭДИЛ ДИ-ДЖЕЙЛИКТЕН ЖЕКЕ
ИШКЕРЛИККЕ ӨТТҮ

Кыргыз ди-джейлеринин бири Эдил Эркинбаевдин ди-джейлик талантын баалаган күйөрмандарынын көп экендиги маалым болду. Анткени, Эдил «Кыргызстан обондорунан» кеткенден кийин ага издөө салгандардын биздин редакцияга каттары көбөй­дү. Ошондуктан, биз Эдилдин кайда, эмне кылып жүргөндүгүн билүү максатында ага кайрылган элек. Анын берген маалыматына караганда, экс-ди-джей учурда өзүнүн ча­кан бизнеси менен алектенип жү­рөт. Ошентсе да Эдилдин биротоло чыгармачылыктан четтеп ке­түү оюнда жок. Эгерде жакшы сунуштар болсо, ди-джейликти улантуудан баш тартпастыгы маалым болду. Мындан тышкары репертуарын чоңойтуу максатында убактысын ыр жаздырууга да бөлүштүрүп жатыптыр. Балким, Эдилдин үнүн кайрадан эфирден угуп, сахнадан көрүп калаарбыз.


СЪЕЗДБЕК САХНАНЫ ТАШТАЙТ

Жагымдуу обондору улуу-кичүүгө бирдей жаккан ырчы Съездбек Искеналиев Жаңы Жылдын келиши менен сахнаны, ырды таштаганы турат. Анын биринчи себеби, ал азыр дүйнөлүк масштабга чы­га ала турган фильмде негизги каармандын ролун жаратып жаткандыгында. Экинчи себеби болсо, ырчынын элдин табитине таарынгандай тү­рү бар. Продюсеринин айтуусуна караганда, жеңил-желпи ырдаган башка ырчылардын алдында профессионалдуулугу жогору Съездбектин эмгеги бааланбай калган. Азыр бардык радиолордон жана теледен Съездбектин ырларын алдыруу иштери жүрүп жатыптыр. Бул ырчы качан гана козу карындай быжыраган ырчылардын ичинен чыныгы ырчылар иргелип, алардын таланты мамлекет тарабынан баалана баштаганда кайрадан сахнага келет экен.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 215, 15-21-декабрь, 2006-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан