ЖЫЛДЫЗ КЫТАЙЛЫК КЫРГЫЗДАРДАН ГҮЛ ОРДУНА АКЧА АЛДЫ
Жылдыз Тутуева жакында «Биз» тобу менен бирге кытайлык кыргыздарга барып, өнөрүн тартуулап келди. Буларды ал жакка «Биз» тобунун жетекчиси Бактияр Токторовдун санаалаш достору чакырышкан. Жылдыздын айтканына караганда, ырчылардын аткарган ырларын ар бир кытайлык кыргыздын жылуу кабыл алып жатканы жана кыргыз ырларын ушунчалык сагынып калышкандыгы жүздөрүнөн байкалып турган. «Көрсөтүшкөн урмат-сыйына рахматтан башка айтаар сөзүбүз жок» дейт ырчы. Өзгөчө Жылдызга алардын гүл ордуна кийиминин ар жерине акча кыстаргандары таңкалтырган. Сыягы, кытайлык кыргыздар ырчы айымдын капчыгын жакшы эле кампайтышкан көрүнөт. Ырчы дагы чакыруулар болсо, Кытайга дагы барып келүүгө каршы эмес экенин билдирет.
САУЛЕНИ КОЛДОГОНГО ДЕМӨӨРЧҮЛӨР ЧЫКТЫ
5 жаштагы ырчы кыз Сауле жакында өзү бийлеп жүргөн «Centrum» тобу менен Бишкектеги «Golden Bull» клубуна концерттик номери менен чакырылган. Сауле ал жерден топ менен бийлеп да, өзүнчө жеке ырдап да чыккан. Аталган клубга шаардын «крутойлору» барып эс алаары маалым. Сауленин апасынын айтымына караганда, Сауле ырдап бүтөөрү менен аны өзүнчө кабинада отурган байкелер чакырышкан. Алар кичинекей ырчынын талантына баа беришкендерин жашырышкан эмес. Ошол эле жерден Сауленин телефонун алышып, мындан кийин анын чыгармачылыгына колдоо көрсөтүп, демөөрчү болуп беришээрин айтып сөз беришкен. Эгер алардын убадаларына тураарына ишеним көрсөтсөк, эми Сауленин чыгармачылыгына эки «крутой» жеке ишкер көмөк көрсөтүп турмакчы.
РАХМАНДЫН БАЙГЕСИНЕКИМ АРЗЫЙТ?
Белгилүү куудул Рахман Разыковдун демилгеси менен үч жылдан бери «Уланып күлкү баяны, сахнада куудулдар жана аялы» деген конкурс өтүп келет. Эсиңиздерге сала кетсек, конкурста биринчи жылы Абдылда Иманкулов, экинчи жылы Күмөндөр Абылов, үчүнчү жылы Тынар Курбаналиев менен Борончу Кудайбергеновдор жеңүүчү аталып, жеңил автомашиналарды утуп алышкан. Рахмандын айтымына караганда, быйыл бул конкурска өзгөрүүлөр киргизилген. Тагыраак айтканда, конкурс «Бири куудул, бири ырчы, эл тараза, эл сынчы» деген ат менен өтөт. Конкурска бир куудул жана бир эстрада ырчысынан турган түгөйлөр катышышат. Конкурска куудул Абдылда Иманкулов менен Салима Балтаева, Кубан Алимов менен Райхан Абдубалиевалар түгөй болуп чыгышаары маалым болду. Булардан тышкары дагы жыйырмага жакын катышуучу азыртадан даярдык көрүшүүдө. Биринчи орунга 5 миң доллар, экинчи орунга 2 миң доллар, үчүнчү орунга миң доллар сайылмакчы. Быйылкы конкурстун бактылуу ээлери ким экенин убакыт көрсөтөөр.
ГҮЛНАРА «КЫЗ-БУРАКТАН»КЕТЕБИ?
«Кыз-Бурак» тобунун солисткасы Гүлнара Калдарова турмушка чыккандан кийин топ менен көп чыкпай калганы көпчүлүккө маалым. Ырчы турмуш жолуна аттангандан кийин маданият министрлигине ишке орношкон. Антсе да ырчы топтон жана чыгармачылыктан биротоло кол үзгөн эмес. Болгону турмуш шартка байланыштуу топ менен алыскы гастролдорго чыкпай калган. Учурда Гүлнара иши менен кошо чыгармачылыкты да аркалоодо. Жакында ал «Кайрылбай калган махабат» деген ыр жаздырды. Эми ырчы концерттерде топтун солисткасы эмес, Гүлнара Калдарова деген ысым менен чыга баштайт. Ал эми экинчи үйбүлөсү болуп калган «Кыз-Бурак» тобу шаарга концерт койсо, топко кошулуп да ырдап чыга берет. Анткени, ырчы топтун экс-солисткасы болгусу келбейт.
ФАРИДА ЧЫГАРМАЧЫЛЫГЫ ҮЧҮН
КОЛУН СУРАГАН ЖИГИТТЕРДЕН БАШ ТАРТТЫ
Быйылкы жыл Фарида Карбосова үчүн жемиштүү жылдардан болду. Анткени, ырчы бийкеч ушул жылы чыгармачылыктын үстүндө катуу эмгектенип, өзүнүн жеке концертин берүүгө жетишти. Концертин бергенден кийин Фарида аздыр-көптүр популярдуу боло алды. Дал ошол чыгармачылык кечесинен кийин ырчы кызга сунуштар, концерттерге, тойлорго чакыруулар көбөйдү. Ал менен бирге Фаридага сүйүүсүн арнап, колун сураган жигиттер да чыга келди. Угушубузга караганда, куда түшкөн жигиттердин бири өзбек болсо, бири накта кыргыз экен. Эки талапкердин тең иштеген иши, алдында машинелери бар жеке ишкелер экен. Бирок, чыгармачылыктын чыйыр жолуна түшүп алган Фарида эки мырзага тең макулдугун берген эмес. Анткени, Фарида дагы бир жылдай чыгармачылыктын үстүндө эмгектенүүнү чечкен.
ТЫНЧТЫКБЕК КОЖОБЕКОВ
БОЙДОКТУК МЕНЕН КОШТОШТУ
Белгилүү ди-джей, “21-кылым” радиосунун учурдагы продюсери, жаш ырчы кыз Нелянын продюсери Тынчтыкбек Кожобековдун каалаган мезгилинде үйүнө келип, өзүн-өзү билип, өтүгүн төргө илген жыргал доору бүттү. Башкача айтканда, Тынчтыкбек Наргиза аттуу өзү сүйгөн сулууга башын байлады. 22 жаштагы Наргиза Тынчтыктын кесиптеши, башкача айтканда, журналист. Эки жаш бир жылдан бери ысык мамиледе жүрүшүп, бири-биринин сырларын жакшылап билген соң убакытты көпкө созбой үйлөнүүнү чечишти. Алар бүгүн 22-декабрь күнү Ысыккөлдөгү Тынчтыктын айылына барышып, тоюн ошол жактан өткөрүп келишмекчи. Кайра келишкен соң жашоонун кемесине чогуу түшүшкөн эки журналист өз иштерин уланта беришет экен.
“ДЕМ” ТЕАТРЫ БАШ БАЙГЕ УТУП АЛДЫ