Кыргыз республикасынын эл артисти ЭРМЕК МОЙДУНОВ

«Жүрөктө калган жылдыздар» рубрикабыз гезит бетинен орун ала баштаганда «биздин бул инсан жөнүндө билгибиз келет», «тигил инсан жө­нүн­дө билгибиз келет, чыгарып койгулачы?!» деген өтүнүчтөр менен окурмандардан көптөгөн телефон чалуулар болуп жатты. Андай окурмандарыбыздын арасында 60-70-жылдардын хит ырларынын автору, мыкты аткаруучу Эрмек Мойдунов жөнүндө билүүнү каалагандар да көп эле. Көрсө, бир кездерде эл алдында обон созгон ырчы дагы деле эл жү­рөгүнүн түп­күрүндө экен.

Эрмек Мойдунов 1967-жылы «Эне жөнүндө баллада», 1969-жылы «Сары челек», 1973-жылы «Күйдүм чок» аттуу ырлары менен популярдуу болгон.

– Балалык баёо күндөрүңүздөн эскерип берсеңиз.
– Ош облусуна караштуу Жапалак айылында 1944-жылы туулгам. Баладай болуп ата-энеме эркелеп, аларды конокко ээрчип, моюндарына асыла албадым. Канчада экеним эсимде жок, кичинекей кезимде эле ата-энем каза болуп калышкан. Менде бир тууган да, арка-бел тутаар таяке-жээн же башка жакын тууган да болгон жок. Ошентип, Куршаб балдар үйүндө өстүм. Ал убактагы балдар үйүндөгү тартип темирдей бекем болгон. Ашыкча тартип бузгандан коркчубуз. Бирок, тарбиячылардын ошончолук бизге жасаган мамилелери, көз салгандары жакшы боло турган. Сабакты да жакшы өздөштүрчүбүз. Төрт маал бекер тамагынан, кийиминен өксүк кылышчу эмес. Бат-баттан киного алып барышат, велосипед тептирип, топ ойнотушат, кыскасы, ата-энеден кем тарбиялашкан жок. Бирок, аска-зоодой тирек болгон өз ата-эненин ордун эч ким толтура албасын ар бир адам туя бербес. Жогоруда айтып кетпедимби, тентек кылгандарды катуу жазалашчу деп. Анда өзүмө деле билинген эмес, бирок, чектен ашкан тентектик кылган окшойм, жазалашмак тургай, балдар үйүнөн чыгарып салышкан. Анан он эки жашымда Токмок шаарчасындагы кесиптик-техникалык окуу жайына тапшырдым. Ал жерде кыргызча айтканда, жалаң темир-тезекти окутушчу. Мындан механик же айдоочу болуп чыгасың. Ойлоп көрсөм, менин ички туюмума, сезимиме, жан-дүйнөмө таптакыр коошпогон кесип экен. Техника жагында окуп жатып Токмок маданият үйүнө барып ырдап жүрдүм. Анда Токмокто жалаң орустар жашашчу. Кыргызча ырдасаң эч ким түшүнчү эмес да, жалаң орусча ырларды жаттап алып ырдаганга өттүм. Ошентип, менин эң биринчи ырдаган ырларым орусча болду.
– Техникалык билимиңизди андан ары уланттыңызбы?
– Жок, ал кесибим менен турмушумда иштеп көргөн деле жокмун. 1963-жылы борбордогу М.Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайынын ыр классына кирдим. Кирип окуй баштаганда эле өз жолумду таап, туура кесип тандаганымды түшүндүм.
– Аскер кызматын өтөдүңүз беле?
– Аскерге Рига шаарына бардым. Ал жерден прибалтикалык аскер округундагы ансамблде солист болуп жүрдүм. Үч жыл мөөнөтүмдү өтөп келгенден кийин 21 жашымда Чоро Кожомжаров жетекчилик кылган эстраданы ачканбыз. Эстрада жаатында бир аз гана ырдап калдым. Андан кийин Асанкан Жумакматов өзү жетекчилик кылган Карамолдо Орозов атындагы эл аспаптар оркестрине чакыртып алып кетти. Жалпысынан филармонияда 35 жыл эмгектендим. Анын ичинде беш жыл концерттерди уюштуруу боюнча директор болдум.
– Сизди популярдуулукка жеткирген ырларыңыз кантип жаралган?
– “Эжейлерим, агайым”, “Күтүү вальсы”, “Эсте, энелер”, “Сен менин жазылбаган ырларымсың” деген ырларымдын баарынын обондору Түгөлбай Казаков, Асанкалый Керимбаев, Рыспай Абдыкадыров, Аксуубай Атабаев сыяктуу күчтүү обончулардыкы. Алар калеми жорго акындар менен иштешишчү. Ошон үчүн ошондо чыккан ырлардын сөзү, обону айкалышып, классикага айланып калбадыбы. Алар обон жараткан соң “Эрмек, мобул ырды ырдап көрсөң, сенин үнүңө отурат” деп мага беришкенде карап көрүп, мага жакса оркестрге салып ырдачумун.
– Эң биринчи жолу чоң сахнага оркестр менен чыктыңызбы же эстрада мененби?
– Оркестр менен чыктым. Азыркы жаштар жылдыз болуп атышкан сыяктуу, ошол кездеги жаш ырчылар деле көпкөнсүп калганбыз. Эл катуу кол чаап, кайра-кайра суранып атышса, бой көтөрүп калаар элем. Адам болуп жаралган соң ушундай нерселерден аттап өтө албайт окшойсуң да.
– Чыгармачылык тармакта да бири-бирине бут тосуулар болуп келгендир?
– Элге эч нерсе жакпайт окшойт. Биздин кыргыздар жаманды да, жакшыны да көрө алышпайт. Мен эл оозуна алынып, ырларым хит болуп турганда менден мурда наам алып, үй алып, чет өлкөгө чыгышкандар толтура болгон. Менден мурун жетчүсүнө жетип аткандардын баарынын колдоочусу бар эле. Кайсы ырчы болбосун ага сөзсүз колдоо болмоюн таланттын өсүшү кыйын. Азыр деле колдоочусу бар, бирок, үнү жок ырчыларыбыз чыныгы таланттууларга караганда тезирээк жылдызга айланып жатышпайбы. А мени колдогон эч ким болгон эмес. Өз киндигимди өзүм кескем.
– Мындай көрүнүштөрдөн улам чүнчүп кеткен жоксузбу?
– Чүнчүгөндөн да жаман абалда каласың. Ыйлабасаң да көңүлүң бузулуп, бук болосуң. Ичимден бир далайга ызаланып жүрдүм, акыры ташкындаган таланттын, талыбаган эмгектин, тытынган изденүүнүн натыйжасында баарын жеңдим.
– Чоң сүйүүгө кабылып анан үйлөндүңүз беле?
– Ооба, бири-бирибизди катуу сүйбөсөк да, көңүлдөрүбүз төп келип эле 1971-жылы баш кошконбуз. Алгачкы жана акыркы жубайым өмүр бою театрда иштеген Жаркын Балыкбаева деген актриса. Үй алып даярдап тургудай ата-энем болбогондон кийин бир топ эле кыйналдык, жатаканаларда жашадык. Азыр эки уулдун, бир неберенин ата-энесибиз. Улуу балам 1973-жылкы. Үй-бүлөлүү, бир кызы бар, кесиби юрист. Экинчи уулум банкир, азырынча бойдок.
– Балдарыңызга кандай ата, жубайыңызга кандай жарсыз?
– Балдарым кичине чакта тентектик кылышса, урчу эмесмин. Башында урушуп, аягында түшүндүрүп койчумун. Колумдун келишинче экөөнү тең окуттум. Эми алар өз жандарын багып кетишсе эле, өзүмдү бактылуумун деп ойлойм. Колум бош болсо жубайыма жардам берүүдөн качпайм.
– Элибизде “казан-аяк кагышат, эрди-катын табышат” деген кеп бар эмеспи. Жубайыңыз менен уруша кеткен учурлар болсо керек?
– Телегейи тегиз үйбүлө жок деп ойлойм. Кол көтөргөнгө барбайм, бирок, катуу эле урушам. Анткен менен менин ачуум тез тарап, урушканымды тез эле унутуп калам. Бир мүнөт өтүп-өтпөй апендидей болуп кайра сүйлөй берем. Кек сактоо менде жок.
– Кызым жок деген өкүттө эмессизби?
– Эркек балдар таш боор келишет тура, кыз балага караганда. Кызым болсо гана. Кемпирим экөөбүз тең өкүнүп калабыз. Айрыкча, алтымыштан ашканда кыздын жогу оркоюп көрүнүп калат экен. Кыздар күйүмдүү, кайрымдуу келип, ата-эне дегенде түтмөк эмес. Айрымдарга Кудай күргүштөтүп байлык берип, бала бербей коёт экен. Кээ бирөөгө уул берсе, кыз бербейт дегендей.
– Небереңизди багып алуу оюңузда жокпу?
– Ооба, Кудай буюрса, ошондой тилектер бар.
– Үйдө ким лидер?
– Айрым кыргыздын кыз-келиндери акчаны көп тапса эле чакчырылып күйөөсүн башкарганга аракет кылышат экен. Мен бул нерсени таптакыр түшүнбөйм. Үйбүлөнү, күйөөсүн башкарам деген аялдын өзү акылсыз. Ар бир үйбүлөнүн кыймылдаткыч күчү, коргоочусу бул – эркек. Илгерки эски кишилер эркектин баш кийими жерде жатса аттап өткөзүшчү эмес. Албетте, үйдө мен лидермин.
– «Жаш кезде эркектер канчалык чакчырылганы менен жаш өткөн сайын бара-бара аялга баш ийет» деп коюшат экен.
– Эркектердин бардыгы эле баш ийе бербейт. Эрки күчтүү, бийликти бергиси келбеген кайраттуу жигиттерибиз жетимишке чыкса деле жаш жигиттердей эле десем болот. Мисалы, мен жетимишке жетейин деп калсам деле эжеңерге бийликти карматпастан эле келе жатам.
– Сиздин убакта чыккан ырчылар “аракка жакын болушкан” деген кептер айтылып жүрөт?
– Ал убакта концерт коюп гастролго чыкканда күнүгө кой жемей, колго стакан кармамай чын эле күч болчу. Азыркыдай машина алмай, эки кабат үй салмай деген умтулуулар жок болсо керек. Кайда барбагын дастаркон жайылып, үстү толо ар түркүн тамак-аш, жер-жемиш, кызара бышкан боорсок, кымыз, бешбармак болоор эле. Ошондой дастаркон үстүнөн бирөө жарым ичпей койсо, жанындагылар душманындай көрүшчү. “Үйгө конок болуп, кой жеп кетиңиз” деп жалынгандар канча. Ошондой сыйдын үстүндө жүргөн ошол кездеги айрым ырчылар ичкиликке берилгендиктен, эрте эле оо дүйнө аттана беришти. Арактын денсоолукка тийгизген таасири бир топ эле окшойт.
– Ошондогу кызыктуу окуялардан эсиңизде болсо айтып берсеңиз.
– Токтосун Тыныбеков менен Көлдүн Түп районуна конокко барып калдык. Акактап суусап араң жеттик. Кирип барсак эле чоң кесеге, көлдүктөр “бадавод” дешет эмеспи, мелт-калт эткен ак сууну куюп бере салышты. Токтосун жарымына чейин алып жиберип, мага берди. Ичсем арак. Бир ууртап эле кайра сундум. Көлдүктөрдүн аракты чоң кесеге куюп ичкендерине ошондо катуу таңкалгам.
– Учурдагы алектенүүңүз?
– Учурда персоналдык пенсионермин. Ошентсе да Улуттук консерваториянын эстрада кафедрасында ыр сабагынан жаштарга тарбия берип келатам. Азыр менде үч студент окуп жатат. Булар кандай ырчы болушат, аны убакыт көрсөтөөр.

Даярдаган Сүйүн Кулматова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
aisulusha
2015-07-30 18:56:27
Саламатсыздарбы ? Эрмек Мойдуновдун ырларын жуктоп коюнуздарчы
0
№ 265, 30-ноябрь - 6-декабрь, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан