АСЕЛДИН СУМКАСЫ ЖОГОЛДУ

Спорт Ордосунда Мерген Тургандын жа­ңы жылдык шоу-концерти өтүп жаткан учурда Асел Турдалиеванын сумкасы жоголгон. Окуя мындайча болгон.
Мергендин концертине чакырылган Асел сахнага даярданып жаткан гримденүүчү бөлмөгө Райхан Абдувалиева кирип келет. Аңгыча Аселди сахнага чакырып калышат. Асел сахнага кетип жатып, Райхан эжесине сумкасын бекитип коюусун өтүнөт. Ырчы сахнага кеткенде ырчылар менен аралашып эле жүргөн Сүйүн деген жигит Райханга келип, «Асел эже сумкасын сурап жатат» деп кайрылат. Оюнда кири жок Райхан сумканы жигитке кармата коёт. Бирок, сумка Аселге жетпей ошол бойдон жоголгону Асел Райхандан сумкасын сураганда билинет. Ырчынын сумкасында кымбат чөнтөк телефон, акча, косметика, үйүнүн, машинасынын ачкычтары менен кошо жыйырма ыры жазылган диски бар экен. Биздин гезит аркылуу Асел Турдалиева сумкасын уурдап кеткен Сүйүн деген жигитке: «Сүйүн иним, чыгармачылыктын ысык- суугун сен деле аздыр-көптүр билип калдың. Маңдай тер менен тапкан би­рөө­нүн эмгегин жеп кетүү туура эмес. Сумкамды, соткамды, көңүлүңө жак­кан кызыңа Жаңы Жылда менин атымдан белек кылып берип кой. Ал эми ырларым жазылган дискти кайтарып бер. Ал менин ак эмгегим. Менин наным баары бир сага буюрбайт” деп кайрылаарын кошо кетели.


КУРМАНГАЗЫ ЭЛ АРТИСТИ НААМЫН АЛДЫ

Кыргыз искусствосуна чоң салымын кошуп келаткан белгилүү музыкант Курмангазы Азыкбаев үчүн быйылкы жыл ийгиликтүү жылдардан болду. Мисалы, декабрь айында эле Курмангазы үйбү­лөлүк тобу менен бир кан­ча мамлекетке концерт коюп ке­лүүгө жетишти. Тактап айтканда, Германияга, Анталияга, Кипрге, Москвага барып, концерт коюп келишкен. Баарынан жагымдуу кабар, быйыл бир топ жылдык эмгеги акталып, Эл артисти наамын алды. Негизи, бул наамды Курмангазы 2-декабрь күнү алмак. Бирок, ал дал ошол күнү Москвага учуп кеткен. Анткени, ага Владимир Путиндин келүүсү күтүлгөн «Кремль сарайында» өтө турган концертке чакыруу келген. Ушундай себептерден улам Курмангазы Азыкбаев «Эл артисти» наамын президент Курманбек Бакиевдин өз колунан 26-декабрь күнү алды. Наамыңыз кут болсун!


САМАТ ЭКИ ЖУМАНЫН ИЧИНДЕ ТӨРТ БАЛАНЫН “АТАСЫ” БОЛДУ

Жаш ырчы Самат Долотбаковдун учурда төбө чачы тик турган кези. Анткени, Самат 22 жашында төрт баланын «атасы» болуп чыга калганына өзү да таңкалып отурат.
Былтыр Самат гастролдоп өлкөбүздүн көп шаарларын кыдырып чыккан. Быйыл ошол гастролдорун эске салган бир нече телефон чалуулар түшкөн. Тактап айтканда, жакында үйбүлө кура элек жаш ырчыга Каракол шаарынан Мээрим деген кыз телефон чалып, «кызымдын атасы болдуң» деп билдирген. Самат буга ишенбегендиктен, ачуусу келген кыз Саматтын сөзүн укпастан Бишкекке келип, ал менен жекеме-жеке сүйлөшөөрүн айтып коркуткан.
Андан үч күн өткөндөн кийин ырчыга Ош шаарынан Зулайка деген кыз чалып, андан сегиз айлык боюнда бар экенин айткан. Токмок шаарынан Айсулуу, Бишкектен Аймана деген кыздар да кийинчерээк телефон чалышып, дал ушундай жол менен Саматтын үрөйүн учурушкан. Бул кыздар тарабынан уюшулган «розыгрышпы» же Самат көп балалуу болууну каалаганбы, айтор, азырынча белгисиз.


РАХМАНДЫН КОНКУРСУНУН БАЙГЕ ФОНДУ 5 МИҢ ДОЛЛАР

Өткөн саныбызда куудул Рахман Разыков «Бири куудул, бири ырчы, эл тараза, эл сынчы» деген бир куудул жана бир эстрада ырчысынан турган түгөйлөргө конкурс уюштуруп жатканы тууралуу маалымдаган элек. Анда Рахмандын берген маалыматы боюнча конкурста биринчи орунду утуп алганга 5 миң доллар, экинчиге 2 миң доллар, ал эми 3-орунга миң доллар деп көрсөткөн болчубуз. Биздин макалабыз жарыкка чыккандан кийин куудул биз менен байланышып, ал маалыматка жалпы байге фонду 5 миң доллар деп тактоо киргизди.


КЕНЖЕ КОЧКОРГО БИРОТОЛО ОТУРУКТАШТЫ

Комузга ылайык кубулжуган үндүү ырчы айым Кенже Кубатованы көптөн бери көрүн­бөй кайда, эмне иш менен алектенип жүрөт дээрсиздер? Кенже азыр Кочкордун таза абасынан кере-кере жутуп, таза суусунан каалашынча ичип ошол жакта иштеп жүрөт. Жакында эле жолдошу белгилүү комузчу Зайнидин Иманалиев экөө Кочкордун борборунан заңгыраган үй, «Ауди» маркасындагы машина сатып алышып, тууган-урук­тарына дүркүрөтө той өткөрүштү.
Өнөрлүү жубайлар ал жакта да жөн жатышкан жок. Нарын областынын ар тарабынан келген таланттуу балдарга Кенже ырдоо жагынан сабак берсе, Зайнидин агай күү үйрөтөт экен. Балдар устаттарынын үйүндө жашап, билим алышат. Бул «мектепти» жубайлар өздөрүнчө «Кочкордун консерваториясы» деп атап алышкан. Демек, Кенже эми Бишкекке конок катары гана келип-кетпесе, азырынча кичи мекени Кочкордон кетейин деген ою жок. Антсе да ырчы айым дүйнөнүн түркүн бурчуна барып комузу жана кыргызча ырлары менен Кыргызстанды таанытып келаткан адатын таштабаса дейт элек.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 217, 29-декабрь-4-январь, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан