УРМАТ “ТУМАР КЫЗЫНА” КЛИП ТАРТТЫРДЫ

УРМАТ “ТУМАР КЫЗЫНА” КЛИП ТАРТТЫРДЫ

Жаш жылдыздардын “мачосу” Урмат Усенов өзүнүн “Тумар кыз” деген ырына клип тарттырды. Ырчынын продюсери Ассоль Молдокматова жана Түркиядан келген Урматтын түрк улутундагы досу Фатих режиссёрдук ишти аткарышты. Мурунку клиптеринде Урмат өзү башкы каарманды ойносо, бул сапар башкы ролго атайын кастинг аркылуу бир кыз жана бир жигит тандалып алынды. Клипти Урматтын күйөрмандары келээрки жумада экрандан көрө алышат.


СУЛТАН КЛИБИНЕ КЫЗ ИЗДӨӨДӨ

Кыздардын жүрөгүн ээлеген жаш ырчы Султан Садыралиев “Мен жөнөкөй жигитмин” деген жаңы ыр жаздырып, ага клип тарттырганы турат. Клип тартуу үчүн Султан учурда кастинг аркылуу сулуу, машина айдаганды билген кыз издеп жатат. Кыз тандалгандан кийин клип тартылып баштайт. Кудай буюрса, клипти теледен көрүп калаар күн алыс эмес.


ИЛЬЯЗДЫН НААРАЗЫЧЫЛЫГЫ ЭМНЕДЕ?

Өткөн сандарыбызда жаш ырчы Ильяз Абдразаков Казакстанга барып жаңы альбомун жаздырганы жөнөп жатканы тууралуу жазган элек. Учурда ырчы дал ошол иши менен алек болуп жүргөн кези. Мындай жоопкерчиликтүү ишти баштаган соң Ильяз убактылуу концерттерге катышпоону чечкен. Бирок, жакында болуучу бир-эки концерттердин жарыяларында ырчынын ысымы да жүрөт. Көрсө, концертти уюштуруучулар ырчыдан бир ооз сурабастан эле катышуучулардын катарына кошуп коюшкан. Буга нааразы болгон Ильяз гезит аркылуу күйөрмандарынан кечирим сурайт. Ошондуктан, жакынкы концерттерден сүйүктүү ырчыңыздарды көрбөй калып, капаланбаңыздар.


“ЭЛЕГИЯ” ТОБУ БИР СОЛИСТКАГА КЕМИДИ

Белгилүү ырчы, композитор Ибрагим Жунусов түзгөн “Элегия” тобунда Айчүрөк, Асел аттуу кыздардын ырдап келаткандыгы элге маалым. Эми ошол эки кыздын бирөөсү, тагыраак айтканда, Асел топтон кетти. Мунун себеби, Асел менен Айчүрөк­түн ортосунда чыгармачылыкка байланышкан пикир келишпестиктердин болуп кеткендиги менен түшүндү­рүлөт. Азырынча “Элегияда” Айчүрөк жалгыз чыгармачылыктын үстүн­дө иш алпарууда. Топтун жетекчиси «Элегиясын» жаңы кыздар менен толуктаары азырынча белгисиз.


ЭРМЕК ЭМИ ДИ-ДЖЕЙЛИККЕ ӨТӨТ

Көпчүлүк жаштардын табитиндеги “Браво” телеберүү­сүнүн алпаруучусу Эрмек Нурбаев жакында ачылган “Миң кыял FM” радиосуна ди-джей болуп орношкону жатат. Ди-джейлик ишти Эрмекке “Миң кыял FM” радиосунун продюсери Тынчтыкбек Кожобеков сунуштаган. Сунуш Эрмекке да жагып, өз макулдугун берген. Анткени, ди-джейлик кесип, дегеле радиодо иш алпаруу Эрмекке абдан жагат. Ал эми “жагымдуу алпаруучу “Бравону” таштайбы?” деп сураган Эрмектин күйөрмандарына айта кетсек, эми ал теледен да көрүнүп, радиодо да ди-джейликти аркалайт. Кыскасы, эки жумушту бирдей алып кетүү­гө аракет кылат.


ШАЙЫРБЕК ҮЙЛӨНҮҮГӨ КАМ КӨРҮҮДӨ

Көпчүлүк кыздардын сүймөн­чү­лү­гүнө ээ болгон “Ыр майрам” берүүсүнүн алпаруучусу Шайырбек Арапов үйлөнүү тоюна камданып жүрөт. Шайырбектин болочок жубайы өзүнүн жердеши, тактап айтканда, Ош тараптан болот. Уулуна келинчекти Шайырбектин ата-энеси тандаган. Сыягы, жакшы кыз көрүнөт окшойт. Себеби, Шайырбек ата-энесинин тандоосуна каршы чыккан эмес. Ал эми той качан жана кайсыл жерде өтөөрү азырынча белгисиз.


“КЫЗЫКЧА” ЭС АЛУУГА ЧЫКТЫ

Улууну да, кичүүнү да экран алдына чакырып, көңүлүн ачкан улуттук телеканалдын “Кызыкча” сатиралык программасы убактылуу токтоду. Анткени, долбоор ишке киришкенден тартып “Кызыкча” программасын даярдаган балдар эс алуу дегенди билишпей иштеп келишкен. Эми калыптанып, өз күйөрмандарына ээ болгон соң жигиттер үч айлык тыныгууга чыгууну чечишкен. Программанын күйөрмандары тынчсызданбай эле коюшса болот. Анткени, көпчүлүктүн сүйүктүү телеберүүсү жаңы идея, жаңы дем менен апрель айында кайрадан эфирге чыкмакчы. Айта кетчү нерсе, “Кызыкчанын” жигиттери үч ай бою бутту сунуп жатып албастан, өздөрү тарткан, чыныгы турмушту чагылдырган “Башаламан” аттуу тасманы монтаждап, эл алдына алып чыкканга даярданышмакчы. Демек, тыныгуудан кийин “Кызыкча” мындан да кызыктуу болуп эфирге чагаарына ишене берсек болот.


ЭРЛАН КЫРСЫККА КАБЫЛДЫ

Ырчы Эрлан Шүкүрбеков жакында боло турган “Таластыктар таңшыйт” аттуу фестивалдын уюштуруу иштери менен чуркап жүргөн. “Кырсык каш-кабактын ортосунда” дегендей, Эрлан жакында эле сатып алган “Тойота” маркасындагы машинасы менен кырсыкка учурады. Кудай жалгап ырчы катуу жабыркаган эмес. Болгону бутун кокустатып алган. Денсоолугун калыбына келтирүү үчүн Эрлан учурда Таласта ооруканада дарыланууда. Денсоолугу ордуна келген соң ырчы фестивалдын даярдыгына кайрадан киришмекчи.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 222, 2-8-февраль, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан