МЕЛИСТИН ҮЙЛӨНҮҮ ТОЙУНДА

Бул жаш ырчы жигитибиз “крутой” унаа алды, андан кийин эки кабаттуу үй салып жатат” деген жаңылыктарды биздин гезиттин мурунку сандарынан окусаңыздар керек. Эми минтип бул мырзабыз үйлө-нүп жаткан чагы. Анда эмесе, назарыңыздарда эстраданын жаш ырчы мырзасы Мелис Абдрашитовдун үйлөнүү тою.

Жаш ырчы жигит Мелис Абдрашитов 27-ноябрь күнү шаарыбыздагы белгилүү “Дасмия” ресторанында үйлөнүү тоюн өткөрдү. Мелистин түбөлүктүү колуктусунун аты Мээрим. Айта кетсек, Мелис 20 жашта, ал эми жубайы Мээрим Мелистен 2 жашка кичүү. Эки жашты куттукташып Мелистин устаты Ассоль Молдокматова жана продюсерлер Динара Эсенгулова, Асыл Апасова, Нурсулан Сыдыгалиев, Канат Култаев, Даналар тарбиялап жаткан ырчылары менен, ошондой эле башка эстрада ырчыларынан Айчүрөк Иманалиева, Неля, Съездбек, Замир Арыкбаев, Алекс, Самат Доолотбаков да эстрададагы инисин куттуктап келишти. Эң кызыгы, той спирт ичимдиктери жок өттү. Ошондой эле Мээрим кыргыз көй­нөгүн, башына шөкүлө кийип, чачын кырк чач кылып өрдүртүп алыптыр. Ошентип, бул күнү чыныгы кыргыздын үйлөнүү тою болду десек жаңылыштык болбосо керек. Мелистин ата-энеси каалоо-тилектерин айтышып, жаш жубайларга унаа белекке беришти. Ал эми келген конокторго 1000 сомдон билет сатылып, эки унаа жана башка үй техникалары лотерея түрүндө ойнотулду. Ал эми бул оюнду суранычтар боюнча Ассоль Молдокматова алпарды. Оюндун жыйынтыгында “Мерседес-230” маркасындагы унааны Мээримдин аяш атасы утуп алса, “Ниссан” үлгүсүндөгү аргымак тойго жөн гана конок болуп келген Кундуз аттуу айымдын бактысына буюрду. Мелис менен Мээримдин кубанычын тең бөлүшкөн Акылбек Жапаров, Турусбек Мамашев өңдүү аттуу-баштуу инсандар баш болгон коноктордун жалпы саны 550гө жетти.

Даярдаган Бактыгүл Абдыкадырова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 265, 30-ноябрь - 6-декабрь, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан