АСЕЛ ТУРДАЛИЕВА ДЕКАН БОЛДУ

Тыпылдаган ырчы Асел Турдалиева ырчылыктан сырткары Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтунда мугалим болуп иштеп келатканы белгилүү. Өзүнүн эмгекчилдигинин аркасында ырчы кызматынан көтө­рүлдү. Тактап айтсак, аталган институттун хореография факультетинин деканы болуп дайындалды. Мындай жоопкерчиликтүү ишти ырчынын аркалаганына аз эле убакыт болду. Бул кабардан улам Асел айымдын күйөрмандары: “Эми сахнага чыкпай калабы?” деп чочулабай эле коюшса болот. Анткени, Асел иши менен кошо ырчылыкты да кошо алып кетмекчи.


СЪЕЗДБЕК СТИЛИН ӨЗГӨРТТҮ

Ырчылык өнөрү менен гана эмес, актёрлук таланты менен да эл көзүнө көрүнүп келаткан Съездбек Искеналиев стилин өзгөрттү. Съездбектин продюсери Акжол Нышановдун айтуусуна караганда, Съездбек улуттук кыргыз кийимдеринин үлгүсүн жаштардын табитиндегидей модалуу үлгүдө тиктирип, өзүнчө оригиналдуу стиль менен чыкканга камданууда. Жаңы стилине жарашыктуу кылып чачын да кыскартты. Ырчыга жаңы костюмдарды анын стилисти Замир Илипов заказ менен тикмечилерге тиктирбестен, өз колу менен тигип жатканы да дайын болду.


БОПУШ ЖАҢЫ КИНОГО ТАРТЫЛДЫ

Калың журтка “Бопуш” деген ат менен таанымал болгон актёр, куудул Марат Жанталиевдин талантына баа бергендер арбын. Жакында эле теледен көрсөтүлгөн “Кууш жолдо” аттуу беш сериялуу детективде Мараттын чыныгы актёрдук талантка эгедер экендигине эл күбө болду. Бул сериалга ал кастинг аркылуу кабыл алынган. Кылмыш ишин ачуу үчүн дудукка айланган опердин ролуна Мараттан башка талапкерлер да болгон. Бирок, “артисттик чеберчилиги менен артык” деп режиссёр Маратты тандап алган. Мындан тышкары, Марат Садык Шерниязов режиссёрлук кылган “Биринчи кадр” деген тасмага тартылган. Анда ал башкы каарман режиссёрдун ролун жараткан. Тасма эфирге чыгып калса, Бопуштун жаңы ролу менен тааныша алабыз.


СЫЙМЫКТЫН ЫСЫМЫ МЕНЕН ҮЙ КУРУЛУУДА

Ырчы Сыймык Бейшекеевдин достору Бишкектин Кызыласкер аймагында жети кабаттуу үй куруп жатышат. Жаңы салынып, бүтө элек көп кабаттуу үйдүн төбөсүнөн “Сыймык” деген чоң жазууну көрүүгө болот. Үйдүн курулуш иши жаңы башталганда ырчынын достору үйгө “Сыймык” деген ысымды ыйгарууну чечишкен. Бул заманбап үй толугу менен июль айында салынып бүтөт. Андагы бир, эки, үч бөл­мөлүү квартиралар сатылгандан тышкары кредитке да берилет. Үйдүн биринчи кабатынан ыр жаздыруучу студия ачуу үчүн ырчы өзүнө квартира бөлдүрүп алган.


ГҮЛ ЫРЛАРЫН СУЛТАНГА БЕЛЕК КЫЛДЫ

Өткөн саныбызда жаш ырчы Султан Садыралиев менен Ташкент кызы Гүлдүн ортосундагы чыр тууралуу жазган элек. Ортодогу келишпестиктен улам эки ырчы чогуу иштешпей калышкан. Буга Султандын Гүл менен түзгөн келишимди бузгандыгы себеп болгон. Гүлдүн айтуусуна караганда, ал Султанга ыр жазып берип жатканда Султан ага: “Хит-парадга чыгарганга сүйлөшүп берем жана концертиңе сөзсүз катышам” деп сөз берген. Бирок, берген убадасынын бирин да аткарган эмес. Ошондон улам Гүл Султанга “ырларымды ырдаба” деп тыюу салган. Султандын продюсери Динара Эсенгулова да: “Гүл, Султан 2007-жылы сенин ырларыңды ырдабайт” деп жооп кайтарган. Бирок, Гүлдүн байкаганына караганда, ал ырларын шаардагы концерттерде ырдабаганы менен тойлордо, гастролдордо ырдап эле жүрөт экен. Ошондон улам Гүл ырларын Султан ачык эле ырдай берсин деген ниет менен белек кылууну чечкендигин биздин гезит аркылуу билдирди.


САМАТ БЕЛЕКТЕРИН УУРДАТЫП АЛДЫ

Жаш ырчы жигит Самат Дөөлөтбаков 2-3-февралда туулган күнүнө арналган алгачкы концертин бергени көпчүлүккө маалым болсо керек. Экинчи күнкү концерт ырчынын 3-февраль туулган күнүнө туш келгендиктен, концертке катыша турган сахналаш достору белектерин ала келишкен. Самат кесиптештеринен, күйөрмандарынан алган белектерин чогултуп, баарын гримденүүчү бөлмөгө коюп, өзү сахнага чыгып кеткен эле. Бирок, ырчынын жоктугунан пайдаланган бирөөлөр болгон белектин баарын алып, ”зуу” коюшкан. Саматтын айтуусу боюнча, ага кымбат баалуу белектер түшкөн болчу. Ошентсе да биринчи концерти анын оюндагыдай өткөндүктөн, уурдалган белектерине Саматтын анчалык ичи ачышкан жок.


АЛЕКСЕЙ АЙДООЧУЛУК КҮБӨЛҮГҮНӨН АЖЫРАДЫ

Алпаруучулук чеберчилиги менен таанымал болгон Алексей Филатов жол эрежесин бузгандыктан, дагы бир ирет МАИчилерге кармалды. Буга чейин деле Алексей МАИчилерге түшүп келген. Бирок, популярдуулугунан уламбы, унчукпастан тез эле коё беришчү. Бул жолу да ал «эч кандай кыйынчылыктар болбойт» деген ой менен МАИчинин жанына жайдары басып барган. Бирок, «өзүңдү эр ойлосоң, бирөөнү шер ойло» дегендей, бул сапар Алексейге бекем мүнөздөгү МАИчи жолукканбы, ал алпаруучуга миң сомго жакын айып салып, айдоочулук күбөлүгүн да алып койгон. Абалдан айып төлөбөй чыгып жүргөн Лёша азыр айдоочулук күбөлүгү жок жүрөт.


“КЫЗ-БУРАК” АСТАНАНЫ ЭМЕС, АТА ЖУРТУН ТАНДАДЫ

Гезитибиздин өткөн сандарынын биринде “Кыз-Бурак” тобун казактар он жылдык келишим менен өздөрүнө чакырып, алар “кетсекпи, кетпесекпи” деп ойлонуп жатканы жазылган эле. Жакында топтун негиздөөчүсү Гүлшайыр Садыбакасова бул теманын аягына чекит койду. Башкача айтканда, Гүлшайыр эже жана “Кыз-Бурак” тобунун кыздары казактарга эмес, өз элине эле кызмат кылууну уланта берүүнү чечишти. Келишимде финансы жагы жакшы каралган эле. Эгерде топ макулдугун берсе, казактар жетекчиге миң доллар, ырчыларга 30 миң теңгеден айлык төлөп бермек. Ошондой эле топтун жетекчиси Гүлшайыр эжеге Астанадан үй беришмек. Кыздар да ошол эле Астанадан бир жылдан кийин үйгө ээ болушмак. Бирок, кайра-кайра ой калчап, баарын байкаштырган кыраакы жетекчи топ менен кошо ойлонуп, мунун баарынан баш тартты. Мындай жыйынтыкка келишине Кыргызстандын туш тарабынан телефон чалган күйөрмандардын сунушу да түрткү болду. “Он жыл ичинде колун сураган казактарга кыздарым макул болуп турмушка чыгып кетишсе, баарын таратып жиберип, кемшейип кемпир болгондо жалгыз өзүм кайтып келмек экенмин. Андан көрө өз элибиз менен эле бирге болгонубуз жакшы” дейт Гүлшайыр Садыбакасова.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 223, 9-15-февраль, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан