ЫРЫСКЕЛДИ ЖАШ ЫРЧЫЛАР ҮЧҮН СТУДИЯ АЧАТ

Ырыскелди Осмонкулов азыркы чыгып жаткан жаш ырчылардын чыгармачылык деңгээлинин төмөндүгүн, мамлекеттик каналдын көңүл ачуучу программаларынын бардыгын алар бир-эки ыры менен ээлеп алышканына нааразылыгын билдирип: “Жаш ырчылардын чыгып жатканы бардыгыбызды эле кубантат. Бирок, музыкалык билими жок, казак, өзбектердин ырларын которуп алып ырдагандары, үнү жок эле ырчылардын көбөйүп кеткени бизди башкаларга уят кылып жатат” деп кошумчалады. Чыныгы таланттарды тандап алуу үчүн Ырыскелди март айында “Эстрада Профи” деген студия ачканы турат. Студиянын максаты – профессионалдуу ырчыларды чыгаруу. Тандалып алынган балдарга ырчы өзү сабак өтмөкчү. Айта кетчү нерсе, учурда ырчы студия ачуу менен гана алектенбестен, М.Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайда эстрада жана вокалдан мугалим болуп эмгектенүүдө.


НАЗИРА “ХИТ-ПАРАДГА” ЫРААЗЫ

Өткөн жумада “Хит-парад” берүүсүнүн алпаруучулары Назира Айтбекова менен Алмаз Турдубаевдин эфирден эл менен коштошуп кеткендерине көпчүлүк эле күбө болсо керек. Түз эфирдеги мындай өзгөрүү көрүүчүлөр үчүн күтүлбөгөн сюрприз болду. Айрыкча, Назира коштошуп жатып таарыныч менен кетип жатканын кыйытып кеткендей болгон. Бирок, Назира менен байланышканыбызда ал “Хит-параддан” өз каалоосу менен кеткенин жана башка ишке орношууну көздөп жатканынан кабардар болдук. Жаңы иши теле менен байланыштуубу же байланыштуу эмеспи, алпаруучу азырынча сыр кылууда. Ошондой эле Назира биздин гезит аркылуу өзүнүн атын чыгарган “Хит-парад” берүүсүнүн жалпы жамаатына жана программанын жектекчиси Динара Эсенгуловага терең ыраазы экенин билдирди.


ЭМИ ХИТ-ПАРАДДЫ КИМДЕР АЛПАРАТ?
“Хит-парад” берүүсү эми кыргызча алпарылат. Улуттук “Хит-парад” болгондон кийин жектекчилик менен сүйлөшүп, кыргызча гана алпарганыбыз оң деген чечимге келдик. Орус тилде алпаруучунун кереги жок болгондуктан, Алмаздын да эфирден кетүүсүнө туура келди. Ал эми Назира болсо башка жумушка кетип жаткандыктан, «Хит-парад» менен коштошту. Назира таланттуу кыз, кандай гана иш болбосун көзүн таап кетет. Анын ордуна жаңы алпаруучу караштырып жатабыз. Учурда бир алпаруучу жигит бар. Эми ага шерик кыз болобу, жигит болобу, ылайыктуусун тандап алабыз” деп билдирди Динара эже.


КАНАТ УБАДАСЫН АТКАРАТ

“Жаш ырчы Мирбек Атабеков Казакстанга кетип жатканы үчүн продюсери Канат Култаев менен иштешүүнү токтотуптур” деген сөздөр эл арасын аралап кеткен эле. Ал тургай гезит беттеринде да жарыяланган. Бирок, учурда Канат менен Мирбек клип тарттыруу боюнча алектенип жаткандары белгилүү болду. Көрсө, Мирбекке продюсери клип тартып берем деп убадасын берген экен. Ортодо келишим жок болсо да Канат убадасын аткарып, Мирбекке “Алтын эне”, “Сагындым” деген эки ырына клип тарттыруунун үстүндө. Продюсердин айтымына караганда, экөө ага-инидей мамиледе болгондуктан, Канат Мирбекке колунан келген жардамын берүүнү уланта берет. Ошондой эле ырчынын дарегине кандай гана пайдалуу сунуштар түшпөсүн, Мирбек башка жакка кетпестен чыгармачылыгын мекенинде гана улантаарын бизге билдирди.


НУРЗАТ ФАМИЛИЯСЫН ӨЗГӨРТТҮ
2006-жылдын супер телеалпаруучусу Нурзат Токтосунова жолдошунун фамилиясына өттү. Башкача айтканда, эми Токтосунова эмес, Айталиева болуп калды. Эми Нурзат эфирге да ушундай фамилия менен чыга баштайт. Баса, эфир демекчи, мындан ары Нурзатты эфирден жума сайын көрбөй калышыбыз мүмкүн. Жолдошунун Алматыдагы жумушуна байланыштуу жаш жубайлар март айынан баштап Алматы шаарында жашашат. Ошентсе да мүмкүнчүлүгүнө карап, Нурзат жума сайын келе албаса да “Бравого” келип, өз кызматын аткарып кетип турат.


МИРБЕК МАШИНАСЫН 1000 ДОЛЛАРГА ОҢДОТОТ
Жаш ырчылардын эң сүйкүмдүү ырчысы Мирбек Иманбековдун учурда “БМВ” маркасындагы машинасы оңдоочу жайда токтоп турат. Мирбектин айтымына караганда, оңдоочу жайдагы мастерлер машинанын моторунун эскирип калганын жана жаңы мотор салуу керек экенин айтышкан. Ошентип, Мирбек машинаны сатып алганына аз гана убакыт болсо да, анын ремонтуна 1000 доллар кетиргени турат. Азыр ырчы машинасынын мурунку ээси­не нааразы болуп жөө жүрөт. Айта кетсек, Мирбек машинасын белгилүү ырчы Замир Мырзадан сатып алган.


УРМАТ МИНИСТРДИН КОЛУНАН ГРАМОТА АЛДЫ
Урмат Усеновдун эмгеги бааланды. Анткени, эстрада ырчысы Урмат Усенов ырчылык таланты, аткаруучулук чеберчилиги жана шоу-бизнес чөйрөсүндөгү аракеттери менен маданиятка кошкон салымы үчүн Кыргыз Республикасынын Маданият министрлигинин Ардак грамотасы менен сыйланды. 23-февралга карата берилген Ардак грамотага Урматтан башка да бир топтор татыктуу болушту. Сыйлыгың кут болсун, Урмат, элиңе ушинтип кызмат кылганыңдан жазба! Ардак грамотаң Эл артисти деген наамга жетсин.


АКБАР ЖЕР ТИТИРӨӨДӨН ЖАБЫР ТАРТКАНДАРГА КОНЦЕРТ БЕРДИ

Жакында Кочкор жергесинин эли жер титирөөдөн катуу жабыркаганы маалым. Мамлекет менен айрым ишканалар жабыр тарткандарга материалдык жардам көрсөтүп жатышат. Ал эми жаш ырчы Акбар Сүйүнбаев материалдык жактан болбосо да, моралдык жактан колдоо көрсөтүп, өзү туулуп-өскөн Кочкор районунун Каратоо айылынын тургундарына бекер концерт берди. Акбардын мындай идеясын колдоп, достору Султан Садыралиев, Съездбек Искеналиев, Ташкент кызы Гүлдөр барып концертке катышып беришти. Айылдын тургундары жана Акбар окуп кеткен лицейдин мугалимдери ырчы жигиттердин патриоттук кадамдары үчүн ыраазычылыктарын билдиришти.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 225, 23-февраль-1-март, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан