ШАЙЫРБЕК ЛЕЙТЕНАНТ НААМЫН АЛДЫ

“Добуш” берүүсүнүн автору Шайырбек Абдырахман уулу кенже лейтенанттан лейтенантка көтөрүлдү. 23-февраль Ата Мекенди коргоочулардын күнүнө карата Шайырбектин аскер турмушун чагылдырган, жоокерлерге арналган берүүсүнө көпчүлүк күбө болсо керек. Дал ошол мекен коргоочулардын жашоо шартын, аскердик тартипти чагылдырган берүүсү үчүн 22-февраль күнү Коргоо министри Шайырбекке лейтенант наамын ыйгарды. Наамды алпаруучунун колуна Коргоо министринин орун басары тапшырды. 23-февралда бул Шайырбек үчүн эң сонун белек болгонунда шек жок.


ДИЛШАТ ТҮРКТӨРДҮН КАНАЛЫНАН ЧЫКТЫ

Жакында фольклор ырчысы Дилшат Кангелдиева Түркиянын “ТРТ инти” каналынын жетекчилигинин чакыруусу менен Түркияга барып келди. Түрк туугандар Дилшаттын ырын компакт дисктен угуп жактырып калышып, чакыруу жөнөтүшкөн. Ырчы түрк туугандардын “ТРТ инти” каналында “Көңүл боосу” аттуу жарым сааттык көрсөтүүсүндө ырдап, комуз, ооз комуз чертип, болгон өнөрүн көрсөткөн. Дилшаттын дагы бир маалыматына таянсак, анын үч ырын түрктөр өздөрүнүн оркестрине салып ырдап жүрүшөт.


ЖЕҢИШГҮЛ ЖЕТЕКТЕГЕН
ТОП ЖАҢЫ СЕРИАЛ ТАРТУУДА

“Чиркин өмүр”, “Апамдын махабаты” өңдүү кыргыз сериалдарынын сценаристи, белгилүү драматург Жеңишгүл Өзүбекова жаңы сериал тартууга киришти. “Бишкек – менин махабатым” аттуу жаңы сериалдын жетекчиси, продюсери катары Жеңишгүл Өзүбекова иш алпарууда.
Аталган тасма 12 сериядан туруп, Бишкек тургундарынын жашоосун камтыйт. Башкача айтканда, чоңдордун, базардын, биздин жана сиздин жашооңуз да камтылган. Бул сериалды колдогон демөөр­чү­лөр да жок эмес, алардын ичинде шаардык мэрия да бар.


САУЛЕ ЫРДАП, 500 ДОЛЛАР ТАПТЫ

Кичинекей болсо да кыргыз шоу дүйнөсүндө жарк эткен реппер Сауленин күйөрмандары да бир топ. Концерттерден тышкары кичинекей ырчы тушоо той, сүннөт тойлоруна барып ырдап жүрөт. Сауленин бир тойго барып ырдаганы 50 доллар. Жакында жаш талант шаардагы кафелердин бирине тойго чакырылган. Ырчынын апасынын айтымына караганда, тойго калың чөнтөктүү коноктор келишип, Сауле ырдап жатканда кийиминин ар жерине долларларды кыстарышкан. Ошентип, Сауле ал тойдон 500 доллар чогулткан. Ал эми гонорарын кошкондо 550 долларга жеткен. Ырдап тапкан акчаларына Сауле учурда жаңы костюмдарды тиктирип жатат.


АЙЖАМАЛ ТҮРКИЯГА КЕТТИ

“Кыз-Бурак” тобунун ай чырайлуу, арген үндүү солисткаларынын бири Айжамал Кабылова Түркияга түрк тилдүү мамлекеттердин жаштарынын эл аралык фестивалына жөнөп кетти. Фестивалдын уюштуруучулары Айжамалды интернет-сайт аркылуу билип, жактырып калышкан соң чакыруу жөнөтүшкөн. Фестивалдын шартына ылайык Айжамал эки ыр ырдайт. Бири көпчүлүк сүйүп уккан “Айта бар арманымды” жана түркчө “Севгилим” деген ырды ырдамакчы. Анда эмесе, сулуу бийкечке ийгилик каалап кетели.


ЖЫЛДЫЗ АКЦИЯ ӨТКӨРӨТ

Белгилүү ырчы Жылдыз Осмоналиеванын продюсердик борбору 21-март Нооруз майрамына карата Кыргызстандын жаштарына арнап “Сергек жашоо үчүн” деген чоң акция өткөргөнү турат. Бул акцияда Султан Каримов, Гүлнур Сатылганова, Ырыскелди Осмонкулов, Актан Исабаев, Гүлнара Тойгонбаева өңдүү кыргыз элинин белгилүү жана профессионал ырчылары ырдашат. Ошондой эле ырчылык карьерасын Кыргызстандан баштап орус шоу дүйнөсүн да багынтууга жетишкен “Город 312” тобунун солисткасы Светлана Назаренко акцияга конок катары катышат.


СЕМА 200 КИШИДЕН ТУРГАН КЛИП ТАРТТЫРУУДА

“Сема” тобу “Кызганба” аттуу ырына клип тарттыруу менен алектенүүдө. Топтун сюжетине негизи 30 кыз катышат. Клипке тартылуучу кыздарды кастинг аркылуу тандап алышкан. Клипте шаардагы жаштардын жашоосу чагылдырылат. Башкача айтканда, дискотекадан, көчөдөн, айтор, жаштар болгон жерлерден тартылаары маалым болду. Клиптеги катышуучулардын баарысын эсептегенде 200гө чамалайт. Мынчалык көп каарманды камтыган клипти биринчилерден болуп Сема тарттырып жатса керек. Клипти белгилүү клипмейкер Мырза Айдаралиев тартууда.


МЕДЕР КОМПАКТ ДИСК ЧЫГАРУУ АЛДЫНДА

“Кыргызстан обондору” радиосунун маалымат бөлүмүнүн редактору, жаш акын Медер Осмоналиевдин былтыр “Жалын” деген ыр жыйнак китеби жарык көргөнүнөн көпчүлүк кабардар. Медердин кырктан ашык ырларын эстрада ырчылары обонго салып ырдап жүрүшөт. Учурда Медер өз калеминен жаралып, хитке айланган ырларын компакт дискке түшүрүү менен алектенүүдө.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 226, 2-8-март, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан