УРМАТ 2,5 СУТКА КАР КӨЧКҮДӨ КАЛДЫ

Популярдуу ырчы Урмат Усеновду Кудай бир сактады. Карга чөмүлгөн тоолордун арасындагы 30 градус суукта, нан-суусуз 2,5 сутка отуруш оюн эмес да. Урмат жашоонун дал ушундай чоң сыноосуна кабылды.
25-февраль күнү Урмат эжеси Элизаны машинасына салып алып, карындашынын тоюна Таласка аттанган. Таластын айтылуу Өтмөк ашуусун ашып калган кезде тоодон көчкү түшүп, жолду бууп калат. Андан ары жолду улантууга мүмкүн болбогондуктан, Урмат артка кайтат. Тилекке каршы, Урматтын бул жолу да шыдыр болгон жок. Тагдырдын тамашасы деген ушул белем, ырчы орто жолдо калып калат. Көрсө, кайтып келгенче алды жагынан да көчкү түшүп, бул жолду да жаап калган экен. Миң аракет кылса да өтө алчудай эмес. Акыры Урматтардан башка да төрт эки көчкүнүн ортосунда калышкан КамАЗ, эки-үч жеңил машина болуп ошол жерде калууга туура келет. Калбаганга да арга жок эле, анткени, сыртта борошологон кар, убакыт болсо түнкү саат эки. Ошентип, эки бир тууган машинада отуруп таңды атырышат. Эртеси кар калыңдагандан калыңдай бергенинен машинадан чыгышып, жүк ташыган КамАЗга отуруп алышат. Көчкүдө калгандардын баарынын курсактары ачка, кылаар айлалары жок. Же телефон байланышы тартпайт. Демейде азык-түлүк ташыган КамАЗдар да бул жолу мал, тактай, пахта жүктөп алышыптыр. Урмат машинасындагы азыраак колбаса, нан, сокту чырылдап ыйлаган эки жаштагы балага жүрөгү чыдабай кармата берген эле. Сырттан кар алып келип, машинанын печкасына эритип ичкенден башка айла таба алышпаган жолоочулар бул күндү да кечиришти. Сыртта лапылдап жааган кар менен уюлгуган борошонун токтой турган түрү жок.
28-февраль күнү эртең менен гана кар токтогон кезде Урмат: “Туугандар, бул жерде тура бергенде тоңуп өлүп калышыбыз мүмкүн. Ашуудан жөө түшө бербейлиби” деген демилге көтөрөт. Урматтын бул демилгесин көпчүлүк колдоп, тобокелге салып жөө жөнөшөт. Ошентип, илкий басып жөө жөнөшкөн тогуз адам беш километр басышат. Ошондо гана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен жөнөтүлгөн топко туш болушат. Алар ала келишкен азык-түлүктү жешип, жылуу кийимдерди кийишип, тогуз адам аман калат. Ал эми машиналарды казып жатып араң чыгарышат. Анткени, эки күн бою тынбай жааган бир жарым метр кар жеңил машиналарды көмүп калган эле.
Окуянын чоо-жайын редакцияга келип айтып берген Урмат учурдан пайдаланып жардамга барып, аларды ажалдан сактаган эки топко жана алардын жетекчилери Мухтар Бейшембиев менен Эркин Багишевге Урмат сөз менен айтып жеткире алгыс терең ыраазычылыгын билдирет. “Мен жашоонун мындай оор сыноосуна биринчи жолу туш болдум. Нан менен суунун кадырын да эми билдим. Ал эми Өзгөчө кырдаалдар министрлиги эмне жумуш аткараарына да буга чейин көп маани берчү эмесмин. Көрсө, булардын ролу чоң экен. Жакшылыктарын өмүр бою унутпайм. Эгер алар барбаганда биз ачкалыктан жана сууктан өлүп калмакпыз” дейт аз жерден ажалдан калган ырчы Урмат Усенов.


Мерген темир тулпарлуу болду

Көптөн бери сахнадан көрүнбөй, элди сагындырып жүргөн Мерген Турган да элин сагынып Кыргызстанга келгенин баарыбыз эле билсек керек. Элине кайтып келгенден бери Мерген күйөрмандарын жаңы ырлары менен да кубантууда. Мына ушул ырчы мырза Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда иштеп тапкан акчасына машина сатып алды. Бул «Фольксваген» маркасындагы кара өңдөгү машинаны канчага алганын эмнегедир ырчы жарыя айтууну туура көрбөөдө. Мерген мырза өз элинен эч жакка кетпей эле ырчылардан «Мергенчилер» тобун түзүп, мекенинде иштөөнү чечти. Учурда бул топко таланттуу кыз- жигиттерди кабыл алууда.


Айжан “Хундай Соната” сатып алды

Уккулуктуу үнү менен айырмаланып келген жаш ырчы Айжан Газиева жакында “Хундай Соната” маркасындагы машина сатып алды. Айжанга бул маркадагы машина көптөн бери жагып келген. Жаңы машинасын ырчы айым өзүнүн чогулткан акчасына сатып алган. Айжан машина алганга чейин эле айдоочулук күбөлүгүнө ээ болгондуктан, машинасын сатып алаары менен эле рулга отурган. Учурда Айжан машинасын шаардын көчө­лөрүндө зуулдатып айдап жүр­гөн кези.


Мырза кино тартуу алдында

“Аза Универсал” тобунун жетекчиси, учурдун белгилүү клипмейкери Мырза Айдаралиев “Шайтан араба” аттуу кино тартуунун алдында турат. Аталган тасма жаштардын турмушуна арналат. Тактап айтканда, жаштыкка алдырып, туура эмес жолго түшкөндөр жөнүндө болмокчу. Мырза бул кинонун сценарийин Бекбол, Айзат аттуу чогуу иштеген кесиптештери менен биргеликте жазган. Мырзанын билдирүүсү боюнча, тасма март айын этектеп тартыла баштайт. Айта кетчү нерсе, кинодогу ролдорду профессионалдар эмес, актёрлук таланты бар жаштар аткарышат. Алар кастинг аркылуу тандалып алынат. Фильм Бишкек шаарында тартылып, жай мезгилине чейин толук бүтүп калат.


Айжамал Түркиядан, Кенже Кыргызстандан наам алды

8-Март Аялдардын Эл аралык майрамына карата Кыргызстандын Аялдар Конгресси тарабынан Кыргызстан боюнча 12 айымга наам тапшырылды. Алардын ичинде “Кыз-Бурак” тобунун продюсери Кенже Дүйшеева да бар. Кенже маданиятты өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн “Жылдын мыкты айымы” деген номинацияга ээ болуп, баалуу белектер менен сыйланды.
Ал эми эжекесинен кем калбаган Айжамал да Түркияда Кыргызстандын намысын коргоп келди. Түрк тилдүү 12 мамлекет катышкан фестивалда Айжамал да өнөрүн тартуулап, “Эң мыкты оригиналдуу үн” наамына татыды. Бул үчүн түрктөр Айжамалдын эки ырына сапаттуу клип тарттырып берүүнү убада кылышты. Демек, Айжамал клип тарттыруу үчүн жакында кайрадан Түр­кия­га сапар алат.


Жылдыз Карабалталык студенттерге
концерт тартуулайт

Кичине кезинен баштап ырдап келе жаткан ырчы кыз Жылдыз Сегизбаева 15-мартта Карабалтадагы окуу жайларда окуган студенттерге атайын концерт коёт. Концерттин негизги максаты – студенттерге белек катары ырдап, алардын көңүлүн көтөрүү менен бирге жаштарды жакшы жакка үндөө. Ошондой эле ырчы кызыбыз жакынкы арада Бишкекте атайын кайрымдуулук концертин өткөрүүнү пландап жатат.


Кубаныч гастролго ылайыктуу
”Раф” сатып алды

Атасынын жолун жолдоп, элдин батасына татыган Кубаныч Сатаевдин ырын көпчүлүк сүйүп угуп келет. Ал маркум атасынын ырларын ремикс түрүндө эстрадага ылайыкташтырып иштеп чыгып, ырдап жатканы маалым. “Атанын уулу” аталган Кубаныч жакында өзүнүн жеке концертин берип, элдин ыраазычылыгын алган соң концерттен түшкөн акчага “РАФ” микроавтобусун сатып алды. Кубаныч мындан ары эл аралап чыкканда аппаратураларымды кантип алып барам деп кыйналбайт. Анткени, 2 миң долларга алган“РАФ” автомашинасы гастролго ылайыктуу.


Мирлан Түркиядагы фестивалга даярданууда

Ырчы жигит Мирлан Жетигенов Түркияда боло турган фестивалга катышууга даярданып жатат. Бул фестивалга катышууну Мирланга “Рахат” бий тобунун жетекчиси Камчыбек Жумаканов сунуштаган. Фестивалга көптөгөн өлкөлөрдүн ырчы, бийчилери катышмакчы жана ар бир өлкөдөн барган ырчылар өз тилиндеги ырларды аткарышат. Айта кетсек, бул фестивалга кыргыз шоу-бизнесиндеги жаш ырчылар Сапар жана Назми да барат.


Бегимайга бейтааныш жигит
200 роза белек кылды

Жаңы чыгып келаткан ырчы Бегимай Эсенгуловага көз арткан жигиттер жок эмес. Жакында ырчы кызга бейтааныш жигит 8-Март майрамы менен куттуктап, чабармандан роза гүлүн бердиртип жиберген. Бул белектин ээси кайсыл жигит экендиги ырчынын өзүнө да сыр болууда. Гүл­дестени үйүнө алып кирип санаса, анда 200дөн ашык роза гүлү менен куттуктоо баракчасы бар болуп чыккан. Ырчы бейтааныш жигитке биздин гезит аркылуу жагымдуу белеги үчүн рахматын айтып, ыраазычылыгын билдирди.


«Кыргыздар» тобу ыр жыйнак чыгарат

Белгилүү ырчы Мухтар Атаналиев өзүнүн «Эл ырчысын эл тандайт» долбоорунун жеңүүчүлөрүнөн турган «Кыргыздар» тобун түзгөн эле. Бул топ учурда 12 ырдан турган «Өмүр» аттуу ырлар жыйнагын жаздырып жатат. Жакында бул ыр жыйнак сатууга чыгат. Ошондой эле Мухтар топтогу мыкты делген ырчыларга клип тартып бермекчи. Ал эми апрель айында «Кыргыздар» тобунун жеке концертин элге тартууламакчы.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
new_hacker
2016-06-08 16:13:28
жакшы
0
№ 227, 9-15-март, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан