ЗАМИР МЕНЕН МИРБЕК ДУЭТ ЖАЗДЫРЫШУУДА

ЗАМИР МЕНЕН МИРБЕК ДУЭТ ЖАЗДЫРЫШУУДА

Эстрада-фольклор ырчысы Замир Арыкбаев менен жаштардын сүйүктүү ырчысы Мирбек Атабеков “Күйөө жолдош баламын” аттуу дуэт жаздыруунун үстүндө иштешүүдө. “Менин стилим фольклорго, ал эми Мирбектики эстрадага ылайыктуу. Эки стилдин ортосунан оригиналдуу обон жаратууну максат кылып, биргеликте иштөөнү чечкенбиз” дейт Замир Арыкбаев. Буюрса, эки таланттуу ырчы жигиттин дуэти жакын арада радиолордон жаңырып калат.


АИДАНЫН КЫЛ КЫЯГЫН УУРДАГАНДАР ИЗДЕЛҮҮДӨ

Скрипач кыз Аида Баякова кыл кыягын уурдатып алганы тууралуу көптөр кабардар болбосо керек. Жакында Бишкектин четиндеги райондордун бирине скрипач кыз гастролго барып, сахнага даярданып алаксып жатканда учурдан пайдаланып кыл кыякты бирөөлөр көтөрүп кетишкен. Уурдалган музыкалык аспапты Аида чет мамлекеттен атайын заказ менен 3 миң долларга алдырганына аз эле убакыт болгон. Аяр мамиле жасап колдонуп жүргөн кыл кыягын уурдатып алган күнү эле Аида милиция кызматкерлерине кайрылган. Учурда тергөө иши жүргүзүлүүдө. Ал эми жоголгон кыл кыягы табылып калаарынан скрипач кыздын үмүтү зор.


СЕМА ДАГЫ МАГНИТОФОНУН УУРДАТТЫ

Уурулар Семаны эле аңдып турушабы, айтор, дайыма эле ырчы уурулардын тузагына илинип жүрөт. Жакында Сема Ильяздын концертине кирип кеткенде анын машинасынын магнитофонун бей- тааныш бирөөлөр чыгарып кетишкен. Семанын берген маалыматы боюнча, ушуну менен ал үчүнчү магнитофонун уурдатып отурат. Анын уурдалган магнитофонунун баасы 600 доллар. Бирок, ырчы тааныш достору аркылуу 300 долларга сатып алган. Уурдаткан магнитофондорунун акчаларынын баарын эсептесе, бир машинанын акчасына чамалап калмак экен.


НУРЗАТ “БРАВОДОН” КЕТТИ

“Ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет” деген ушул экен. Дегеним, “Браво” телеберүүсүнүн алпаруучусу Нурзат Токтосунованын мындан бир нече ай мурун “Браводон” эч качан кетпейм” деген ою бар болчу. Тилекке каршы, минтип айтып оозун жыя электе эле турмушка чыгып кеткен эле. Бирок, ошого да карабай, тээ Кочкордон жума сайын келип, жумушун үзгүлтүккө учуратпай келе жаткан. Эми жолдошунун жумушуна байланыштуу Алматыда жашоого туура келип жатат. Ушуга байланыштуу “эми “Бравого” жума сайын эмес, эки жумада бир келип турайын” деп жетекчиликтен суранды эле, Ассоль Молдокматова Нурзаттын шартын түшүнүп, аны “Браводон” биротоло бошотту. Жок, биротоло бошоткон жок, жоопкерчиликтүү, зирек кызды колдон чыгаргысы келбей, Нурзатка “Кош өнөр” деген башка долбоор сунуштады. Бул көрсөтүүгө бир айда бир келип тартылып туруш керек болгондуктан, Нурзат түшүнүктүү жетекчиге миң мертебе ыраазы болуп, дароо макулдугун билдирди. Эми Нурзатты “Браводон” көрө албаганыбыз менен дагы деле жума сайын “Кош өнөр” телекөрсөтүүсүнөн көрүп тура алабыз.


САМАНДАР МЕНЕН МИКАЭЛЬ АТ САЛЫШАТ

Жакында кыргыз шоу дүйнөсүнүн эң оригиналдуу имиджге ээ эки жигити Микаэль менен Самандардын чыгармачылык таймашы өтөт. Аталган концертти алпаруучу Алексей Филатов менен продюсер Нурлан Мамакеевдер уюштурушууда. Алексейдин айтымына караганда, концертти эки жылдыз өздөрү ачышат. Ошондой эле Микаэль Самандардын, ал эми Самандар Микаэльдин ырынан үзүндү аткарышып, кийинүү стилдерин бат-бат алмаштырып турушат. Кимиси канча добушка ээ болоору экөөнүн күйөрмандары берген добуш аркылуу чечилет. Мындан башка жылдыздардын таймашына жалаң мырза ырчылар катышып, кызыктуу оюндардын коштоосунда чыныгы шоу көрсөтүлөт. Ал эми антракт учурунда эки ырчы күйөрман кыздарына сүрөттөрү менен автограф таратышат.


НЕЛЯ ЖИГИТИ МЕНЕН УРУШУП КЕТТИ

Гезитибиздин өткөн сандарындагы “Фотороман” рубрикасына ырчы кыз Нелянын катышканы окурмандарыбыздын дээрлик баарына маалым. Ошол гезит жарыкка чыгаары менен “ошол окуя чын эле болгонбу?”, “сенин жигитиң ошолбу?” деген суроолорго Неля “жок, болгону роль аткардым” деп жооп берип тажаган. Мындай суроолордун дагы деле аягы тыйыла элек. Башкалар го башка, кептин баары Нелянын көптөн бери жылуу мамиледе жүргөн жигити Кубанычтын түшүнбөгөндүгүндө болуп жатат. Ушул “Фоторомандын” айынан кыз-жигит таарыныша кетишип, ошондон бери сүйлөшүшө элек. Жигит өтө эле катуу таарынса керек, көрүшкөн жерден учурашууга да жараган жок. “Балким, концертимде келип куттуктап, ошол жерден кайра табышаарбыз” деп Неля азыр жигитинин кайтып келээринен үмүт кылып турат.


“УЧУР” ТЕЛЕТЕАТРЫ ЭЛ АРАЛЫК ФЕСТИВАЛГА КАМДАНУУДА

Мамлекеттик телевидениенин алдында уюшулган “Учур” телетеатры 25- мартта Чымкентте өтүүчү эл аралык фестивалга жөнөгөнү турат. Былтыр республикалык фестивалда “Жаабарс” аттуу пьесаны жогорку деңгээлде ойноп, Гран-При менен кошо эл аралык фестивалга жолдомону да утуп алышкан. Фестивалга Кыргызстандан башка да бир нече мамлекеттин театрлары өздөрүнүн мыкты делген пьесалары менен барышаары маалым болду. Кыргызстандын намысын коргоо үчүн бара турган «Учур” телетеатры бул жолу да “Жаабарс” пьесасын коюшат. Театрга Маданият министрлиги менен Мамлекеттик телевидение чоң колдоо көр­сөтүүдө.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 228, 16-22-март, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан