МИРБЕК МЕНЕН ИРЛАН ФОНОГРАММАНЫ ТАШТАДЫ

Мирбек Иманбеков, Ирлан Таалайбеков өңдүү учурдун популярдуу ырчыларына колдоо көрсөтүп келе жаткан белгилүү продюсер Асыл Аппасова мындан кийин балдарын жандуу үн менен ырдатууну көз­дөөдө. Башкача айтканда, эми концерттерде бул ырчылар фонограммасыз ырдашат. Себеби, учурда жандуу үн менен ырдаган ырчыларды эл сагынып жаткандыктан, элдин талабына жооп берүү максатын самайт. “Албетте, жандуу үн менен ырдоо кыйын, бирок, ырчы болгондон кийин ал кыйынчылыкты жеңе билүү керек” дейт Асыл Аппасова. Эми кайсы концертке катышпасын, ырчы жигиттер концерт башталаардан эки саат мурда барып даярданышып, андан соң эл алдына чыгышат. Продюсердин бул ою ишке аша баштады. Анткени, Нооруз майрамына арналган концерттерде бул ырчылар жандуу үн менен ырдашты.


СУЛТАН АВТОКЫРСЫККА УЧУРАДЫ

19-март күнү жаш ырчы Султан Садыралиев өзүнүн менчик машинасы менен Совет жана Жантөшев көчөлөрү­нүн кесилишинде кырсыкка учурады. Бул учурда Султан шашып 80 км/саат ылдамдыкта баратып жаңы «Волга» маркасындагы кызмат машинасын сүзүп алган. Кудай бир сактап, Султан эч кандай жаракат алган жок. Бирок, өзүнүн темир тулпары да, «Волга» автомашинасы да айдаганга жарабай калган. Натыйжада, ырчы 1100 долларга чыгым болду. Сүзүп алган машинасын төлөп берүү үчүн эртеси күнү, башкача айтканда, 20-март күнү Султан машинасын сатып, акчасын «Волганы» оңдоо үчүн ээсине берген. Продюсери Динара Эсенгулова Таласта жүргөндүк­төн, азырынча бул жагымсыз жаңылыкты уга элек. Ал эми Султандын: «Бул тууралуу Динара эжеге кантип айтам?» деп башы маң болуп турган кези.


МАЛИКА ФЕСТИВАЛГА КЕТТИ

Кыргыз республикасынын эмгек сиңирген артисти Динара Акулованын кызы Малика апасындай таланттуу экени баарыбызга эле белгилүү эмеспи. Мына ушул таланттуу Малика өз өнөрүн көрсөтүп келүү максатында Казанда өтө турган фестивалга жөнөп кетти. Бул фестивалга өзү сүйгөн “Жаш кыял” үлгүлүү бий ансамбли менен кошо кеткен. Демек, Малика ырдап гана тим болбостон, фестивалда бий өнөрүн да тартууламакчы. Ал жактан келген соң Түркияда өтүүчү дагы бир чоң эл аралык фестивалга сапар алат.


БАКТЫГҮЛ ЖЕҢЕЛҮҮ БОЛДУ

Айчырайлуу айым Бактыгүл Бадыева жакын арада боло турган концерт болобу, башка болобу, баарына катышуудан баш тартты. Анткени, ырчынын үйбүлөсүндө чоң жакшылык болуп, кубанычы койнуна батпай турган кези. Тактап айтканда, Бактыгүлдүн жалгыз байкеси үйлөнүп, бул үйбүлөгө дагы бир мүчө кошулду. “Мен сахналаштарымдын концерттерине катышпаганыма таарынышпайт болуш керек, себеби, мен биринчи жолу жеңелүү болуп жаткандыгымдан, жаңы жеңемдин жанынан чыккым келбей жатат. Апамдын колу узарып калды деп сүйүнүп жатам. Эми өзүм да шаардан Токмокко, үйгө барганымда жеңемдин колунан ысык чай ичип турат экенмин” деп кошумчалады Бактыгүл.


ГҮЛ ПЛАСТИКАЛЫК ОПЕРАЦИЯ ЖАСАТАТ

Өзгөчө стили менен жаштардын көңүлүн өзү­нө бурган жаш ырчы Ташкент кызы Гүл өзү­нүн бир мүчөсүнө пластикалык операция жасатат. Анткени, Гүлдүн ошол мүчөсү өзүнө жакпайт. Кайсы жерине операция жасатаарын ырчы сыр кылып койду. Гүл­дүн айтуусунда, качан гана операция жасалгандан кийин кайсы жери экенин эл өзү байкайт. Бул операцияга бизнесмен аяш атасы демөөр­чүлүк кылып жардам берет. Операция Астанада жасалат. Ошондой эле чыгармачылыгы да четте калбай Гүл “Барам сага” ырына клип тарттырып жаткан кези.


ИЛЬЯЗДЫН “АРМАНЫМЫ” КАЗАК ТИЛИНЕ КОТОРУЛДУ

Эстраданын кенже ырчы мырзасы Ильяз Абдразаковдун “Арманым” аттуу ыры казак тилине которулду. Которууну казак продюсерлери суранышкан соң Ильяз макулдугун берген. Азыр бул ыр Казакстандын кафелеринде тынбай жаңырып жаткан убагы. Казакстандык продюсерлер эми бул ырга ошол жактан клип тарттырып берүүнү да убада кылышууда. Ошондой эле Ильяз март айынын ичинде Жамбул менен Астанада жеке концертин коюуга даярданууда. Концертте Ильяз жалаң өзү­ ырдайт.


АЙНУР ТУРДУ КЫЗЫ ТУРИСТТИК ФИРМА АЧТЫ

Кытайлык кыргыз ырчысы Айнур Турду кызы жакында өзүнүн туристтик фирмасын ачты. Фирманын атын Айнур “Аккуу” деп өзү койгон. Бул фирма Кытай жана Түркия мамлекеттери менен иштешет. Бул фирманын иштей баштаганына бир гана ай болсо да жумуштун ийгилиги көрүнүп, күн сайын фирмадан кардарлар үзүлбөйт. Азыр Айнур өзү фирманын иштери менен Кытайда жүргөн убагы.


“ПАРЗ” ФИЛЬМИ ДҮЙНӨ КЫДЫРАТ

Кино өнөрүндөгү эң жаш чыгармачыл бирикме “Айтыш фильм” студиясы улам жаңы ийгиликтерди багынтып келет. Анын бир мисалы, бул студияда тартылган “Парз” фильмин жаратуучулар Швейцарияда өтө турган эл аралык кинофестивалга чакыруу алышса, андан көп узабай эле Франциянын эл аралык кинофестивалына катышууну өтүнгөн кат алышты. “Парз” фильми буга чейин Францияда болуп өткөн абройлуу «Клермонт Ферранд» кинофестивалында дүйнөдөгү 4700 фильмдин ичинен 50 мыкты тасманын катарына кирип, ал фестивалга татыктуу катышып кайткан эле.


АЙЧҮРӨК ИМАНАЛИЕВА: «ТАЛАНТТУУЛАРГА КОЛДОО КӨРСӨТҮП ЖАТАБЫЗ»

Белгилүү ырчы айым Айчүрөк Иманалиева өзүнүн “Айчүрөк” эстрада театрын кеңейтип, ага эми ыр-бийге шыктуу улан-кыздарды кабыл алганынан кабардар элек. Горький-Алматы көчөлөрүнүн бурчундагы мурдагы «Байпак» ишканасынын имаратында жайгашкан бул мектептин ачылганына эки айга жетпеген убакыт болсо да, сабак өтүлүүчү жайга баш баккан адамдын көзүнө иштин ийгилиги дароо эле көрүнөт.

– Айчүрөк эже, бул мектепти эмне максат менен ачтыңыз эле?
– Кыргыз жаштарында ачылбай жаткан таланттар аябай көп. Мына ошол таланттарын ичине катып, эл алдына чыга албай жаткан улан-кыздарга колдоо көрсөтүү максатында ушул мектепти ачканбыз. Азыр буюрса жакшы, алдыга жылыш бар. Окуучулар да алгач келген күнгө караганда көп нерселерди өздөштү­рүп билип калышты.
– Учурда канча окуучуңуз бар жана алардын жаш курактары кандай?
– Азыр 100дөн ашык окуучу бар. Алгач биз силердин “Супер-Инфо” гезитиңер аркылуу кастинг жарыялаганыбызда кастингге миңден ашык каалоочулар келген. Алардын ичинен музыкалык жөндөм­дүүлүгүнө карап тандап алганбыз. Жаш курактары болсо, негизинен, 13 жаштан 17 жашка чейинкилер. Эң кичинекейибиз 4 жашта. Ошондой эле 27 жаштагы да бир окуучубуз бар.
– Аларга сабак өтүүчүлөр тууралуу да айтып кетсеңиз?
– Учурда төрт мугалим эмгектенип жатабыз. Актёрлук чеберчиликтен Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Турусбек Жумалиев сабак өтүп жатат. Бий бөлүмү боюнча 25 жылдык тажрыйбасы бар мыкты хореограф Гүлсара Айдарханова үйрөтөт. Ал эми сүйлөө маданиятын өзүмдүн жолдошум Таалай Ороскулов үйрөтүп жатат. Таалай убагында “Пирамида” телеканалында диктор болуп эмгектен алгачкы кыргыз жигиттеринен. Вокал сабагынан болсо өзүм мугалиммин. Мугалимдерге кадимкидей айлык төлөп берем. Алар да алган айлыктарына нааразы эмес.
– Окуучулар канчадан төлөшөт?
– Айына 500 сомдон төлөп окушат. Бирок, балдардын арасында жетишпеген үйбүлөлөрдүн балдары бар, “Коломто” балдар үйүнөн келгендер бар. Булардан акы албайбыз. Мындай балдар мектептин 30 пайызын түзүшөт. Калгандарынан жыйналган акча ижарага алган жайыбыздын акысына, мугалимдердин айлыгына кетет. Азырынча өзүмдүн бул иштен пайда көрүп жиберейин деген оюм жок.
– Сабактардын атайын расписаниеси барбы?
– Сабактар бир жумада үч жолу өткөрүлөт. Бирок, сааты жок. Балдарды үч топко бөлүп койгонбуз. Бирок, ага карабай эле айрымдар ушунчалык кызыгышкандыктан, эртең мененки 7ден баштап кечки саат 8-9дарга чейин жүрө беришет. Бишкектин четиндеги Сокулук, Беловодск өңдүү айылдардан келген балдар да бар. Аларды ата-энелери алып келишип, сабак канча саат болсо ошончо күтүп отура беришет. Биздин ишибизге ыраазы болушуп, “балдарыбыз мурдагыдай болуп көчө тапташпай, бир нерсеге умтулуп калышты” деп ыраазычылыгын билдирип кетишкен ата-энелер да жок эмес.
– Алдыда кандай максаттарыңыз бар?
– Май айынын аягында отчёттук концертибизди берсек деген оюбуз бар. Азыр ошого даярданып жатабыз. Окуучулардын арасында аябай жакшы ырдаган 3-4 кызга бийлерди даярдап жатабыз. Буюрса, төрт айдын ичинде эмнеге жетишкенибизди элге көрсөтөбүз.

Маектешкен Азиза Сатимбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 229, 17-29-март, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан