АЙЧҮРӨК “БИТЕЛДИ” СОТКО БЕРДИ

Ырчы эжекебиз Айчүрөк Иманалиеванын өткөн жылдын күз айларында Цирк имаратында өзүнүн жеке концертин бергени күйөрмандарынын эсинде болсо керек. Ошол концертке катарлаш эле Россия ырчысы Серёганын да “Бител” компаниясы уюштурган концерти болгон. Ошондо Айчүрөк айым менен компаниянын ортосунда өз ара келишпестиктер келип чыккан экен. Анткени, шаар боюнча илинген Айчүрөктүн афишаларынын үстүнө “Бител” компаниясы Серёганын афишалары менен өздөрүнүн рекламаларын илдирип салышкан. Бул көрүнүшкө нааразы болгон Айчүрөк Иманалиева компаниянын өкүлдөрүнө барып туура эмес кылып жатышкандарын айтканда, алар кеткен чыгымды төлөп бермей болушкан. Бирок, ооз жүзүндө гана убада беришип, иш жүзүнө келгенде жыйынтык чыккан эмес. Телефон чалууларга жооп беришпей качышып, кыскасы, сөздөрүнө турушкан эмес. 3-4 ай күтсө да жыйынтык чыкпаган соң мындан эки ай мурун Айчүрөк айым “Бителди” сотко берип койгон эле. Бирок, компания ырчыдан сот ишин ырбатпай эле ишти өз ара бүтүрүп коюуну суранган. Айчүрөк айым алардын суранычына макулдугун билдирген соң афишаны чыгарганга жана аны чаптатканга кеткен чыгым компания тарабынан ырчы айымга төлөнүп берилди.


ЭМИЛ БАЛТАГУЛОВ “ЖИГУЛИ” САТЫП АЛДЫ
“Ичпечи, апа” деп көргөндүн көзүнөн жаш чыгара ырдаган оштук ырчы жигит Эмил Балтагулов жакында эле Казакстандын Астана шаарына барып эки күндүк өзүнүн жеке концертин берип келди. Концерти аншлаг менен өтүп, көңүлү ток кайткан Эмил Бишкекке келээри менен машина базарды көздөй зуу койду. Анткени, көптөн бери темир тулпарлуу болуу тилеги бар эле. Ырчынын ою оңунан чыгып, базарга кирээри менен “Жигули” маркасындагы машинага көзү түштү да, дароо эле 2,5 миң долларга сатып алды. Буга чейин айдаганды жакшы билбегендиктен, азыр үйрөнүп да, машинасын майлап да жаткан кези. Баса, элдин баары иномаркага азгырылып жатышса, Эмилдин “Жигули” сатып алганынын себеби бар. Себебин өзү “мен машина айдаганды билбейм. Ошондуктан, кокусунан “Жигулимди” уруп алсам да өкүнбөйм. “Крутой” машинаны уруп алсам өкүнүчтүү болмок. Машина айдаганды жакшылап үйрөнүп алганымдан кийин башкага алмаштырам” деп түшүндүрдү тамаша аралаштырып.


ДЕЛБИРИМ” ТОБУ КИЙИМСИЗ КАЛЫШТЫ
Жаштарга белгилүү “Делбирим” тобу Ташкө­мүр шаарында концерт берип жатышып, кийинүүчү жай­дан сумкаларын уурдатып жиберишкен. Сумкада ырчы кыздардын кийим, косметикаларынан сырткары көп суммадагы акча бар эле. Натыйжада, “Делбиримдин” кыздары үстүлөрүндөгү жеңил-желпи сахна кийимдери менен калышкан. Издеп-издеп акыры табылбасына көздөрү жеткен соң бир күн бою сахна кийимдери менен жүрүшүп, эртеси күнү гана Токтогулга барышып, базардан кийим сатып алып кийишкен. Эмнеси болсо да “Делбиримдин” кыздары экинчи Ташкөмүргө баргыс болушту окшойт...


“КЫЛЫМ” ТОБУ САХНАГА КАЙТЫП КЕЛДИ
Өткөн жылдын күз мезгилинде жаш жигиттерден жана жалгыз кыздан түзүлгөн “Кылым” тобунун тарагандыгы тууралуу маалымат тараган эле. Убактылуу тыныгуудан кийин “Кылым” тобу жаз менен бирге жандана баштады. Башкача айтканда, ушул айдан баштап “Кылым” тобу ушул эле ат менен кайрадан чыгармачылык менен иштей баштаганын билдиришти. Азыркы “Кылым” тобунун мурункудан айырмасы – топтон Чолпон кетип, Максат аттуу жигит кошулду. Ал эми Эрнис продюсерлик иштер менен алек болот. Учурда жаңы “Кылым” тобу “Сен жок” деген алгачкы ыры менен чыкты жана ушул ырга жакынкы арада клип тарттырууга даярданууда.


НЕЛЯГА ЖИГИТИ СЮРПРИЗ ДАЯРДАДЫ
Ырчы кыз Неля өзүнүн алгачкы жеке концертин ойдогудай өткөрүп, кубанычы койнуна батпай турган чагы. Мындан да маанилүүсү, ырчынын кубанычына кубаныч кошуп, буга чейин таарынышып жүргөн жигити сүйүктүүсүнө чоң белек тартуулады. Башкача айтканда, Нелянын алгачкы концерти менен куттуктап, эс алууга Түркияга эки кишиге жолдомо берди. Бирок, Нелянын жакынкы арада Караколдо концерти боло тургандыктан жана паспорт иштери бүтпөй жаткандыгына байланыштуу бир азга кармалып жаткан учуру. Түркиянын кайсыл жерине барып эс алып келишээрин жигити азыр Неляга сюрприз кылып айтпай жатат. Буюрса, кийинки жумада ырчы Түркиянын бир шаарына сүйүктүүсү менен эс алганы жөнөп кетет.


“ЭНЕСАЙ” ТОБУ КАЗАКСТАНДА ДА ИШТӨӨДӨ
Белгилүү музыкант Курмангазы Азыкбаев жетектеген “Энесай” тобу эми Казакстанда да иштөөдө. Казакстанга иштөөнү топко казак музыканттары өздөрү сунуш кылышкан. Эми бул топ бир жума казак күйөрмандарына жагымдуу музыкасын тартууласа, экинчи жума борбор калаабызда чыгармачылыгы менен алектенип, кыргыз күйөрмандарына кызмат кылмакчы. Айта кетсек, топто Курмангазы Азыкбаевдин кызы, эки уулу ырдап, музыкалык аспаптарда ойношот. Казакстанга барганда атайын бир мугалимди кошо ала жүрүп, Курмангазы балдарын мектептеги сабактарынан да өксүтпөй келет.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 230, 30-март-5-апрель, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан