ЖАНАРА «НБТга» КЕТТИ

Жагымдуу үнү менен борбор калаабыздагы угармандардын көңү­лүн көтөрүп келген “Кыргызстан Обондору” радиосунун ди-джейи Жанара Атабекова 1-мартта расмий түрдө радиодон кетти. Бирок, «жакшы көргөн ди-джейимдин үнүн укпай калам» деп чочулаган күйөр­мандары кам санабай эле койсо болот. Анткени, Жанараны жакында «НБТ» телеканалынан көрө алабыз. Эми Жанара теледе музыка тармагында эмес, маалымат кызматында иш алып барат. Азыр Жанара аталган телеканалдын “кухнясын” үйрөнүү үчүн стажировкадан өтүп жаткан учуру.


"БОЖАЛАР" КЫРГЫЗСТАНГА КЕЛҮҮДӨН
БАШ ТАРТАБЫ?

Эмнегедир өзбек ырчыларынын Бишкекте концерти болоордо эле бизде митинг күчүнө кирип калат. Эсиңиздерде болсо, Юлдуз Усманованын күздөгү концерти ноябрдагы жети күндүк митингге туш болсо, ушул эле Юлдуз андан мурун 24-март революциясынын актуалдуулугу таркай электе май айынын башында концерт менен келген эле. Бул ырчынын бизге боору ооруп да, болушунча шылдыңдап да сүйлөгө­нүнө концертке барган элдер өздөрү күбө болушкан. Мына эми күйөр­мандары күтүп жатышкан Өзбекстандын “Божалар” тобунун концерти да биз үчүн көнүмүш болуп калган саясий митингге экинчи жолу туш болуп отурат. Ошондуктан, ырчы жигиттер Кыргызстандагы саясий абалдан коркушуп, «барсакпы, барбасакпы» деп ойлонуп жатышыптыр. Андыктан, сиз күткөн өзбек ырчылары келбей калса эч таң калбаңыз, окурман.


«НБТНЫН» ЖАҢЫ ЖЫЛДЫЗЫ-2» ДОЛБООРУНУН ФИНАЛИСТТЕРИ ТҮРКИЯГА БАРЫШАТ

Кыргызстандагы жаш жылдыздарды тарбиялап чыгаруучу «НБТнын» жаңы жылдызы-2» долбоору 20-21-апрель күндөрү жыйынтыгын чыгарат. Долбоор жөнүндө маалымат катары айта кетсек, мында 20 жаш талант тарбияланып, аларга эки жарым ай бою хореография, вокал, актёрлук чеберчиликтен сабак өтүлгөн. Ал эми концерт убагында көрүүчүлөрдүн добушу аркылуу алгач 10 мыкты катышуучу тандалып алынат. Булардын арасынан да үч финалист суурулуп чыгып, аларга жай айына Түркияга эс алып келүүгө жолдомо берилмекчи. Айта кетүүчү нерсе, концерт учурунда «НБТнын» жаңы жылдызы-3» долбооруна жаш таланттар кабыл алынат.


ТОКТОБЕК МЕНЕН КУТМАН ЖАҢЫ ТОП ТҮЗДҮ

Фольклор жана эстрада ырчысы Токтобек Асаналиев менен Кутман Жолдошев биргеликте 10 кишиден турган эстрада-фольклордук топ түзүп жатышат. Бул топтогулар башкалардан айырмаланып, жалаң гана улуттук аспаптардын коштоосунда жандуу үн менен ырдашат. Мындай топ түзүүнүн максаты –кыргыздын улуттук музыкасынын деңгээлин өнүктүрүү, учурда фонограмма менен ырдап популярдуу болуп жаткан ырчыларды жандуу үн менен ырдаганга чакыруу. Анткени, өзүбүздүн нукура улуттук музыкабызга акыркы учурларда көп көңүл бурулбай келет. Топко азырынча ат коюла элек. Кыргыз дегенде көкү­рөгүн койгулаган таланттуу улан-кыздарды учурда топко кабыл алуу жүрүп жатат.


ГҮЛ ЭМИ ӨЗБЕКЧЕ ЫРДАЙТ

Жаш ырчылардын арасында өзүнүн башкача стили менен айырмаланган ырчы Ташкент кызы Гүл “Барам сага”, “Мен өзгөрүп баратамын” аттуу эки ырын эми өзбек тилине которуп ырдайт. Учурда бул ырларды өзбекчеге Ошто клип тартуучу “DDD” студиясынын жетекчиси Бахрам которуп жаткан кези. Жакында Гүлдүн күйөрмандары сүйүктүү ырчысынын өзбек тилинде ырдаган ырларын уга алышат. Ошондой эле коңшу өлкөлөрдөгү музыка сүйүүчүлөр да бул кыргызчадан өзбекчеге которулган ырларга күбө болуп калышы толук ыктымал.


КАНАТ КИНОГО ТАРТЫЛУУДАН БАШ ТАРТТЫ

Жаштар арасында популярдуу болуп бара жаткан жаш ди-джей жана ырчы Канат Кадыров “Армандуу жашоо” деген киного башкы каармандын ролун ойноого чакырылган. Канаттын буга чейин киного тартылгысы келген тилеги болсо да, кинонун сценарийи таптакыр жаккан эмес. Анткени, сценарийде кыргыз элинин менталитетине туура келбеген кадрлары, анын ичинде обу жок эле көп өбүшө турган жерлери бар. Тилекке каршы, мындай ролду аткара албасын айтып, Канат киного тартылуудан баш тартты.


ЮЛИЯ ПРАГАНЫН РАДИОСУНА ИНТЕРВЬЮ БЕРДИ

Орус кызы болсо да жүрөгү кыргыз деп соккон, кыргыз тилинде ырдаган жаш ырчы кыз Юлия Руцкая Чехия мамлекетинин Прага шаарында жайгашкан белгилүү “Свобода” радиосуна интервью берди. Кыргыз шоу-бизнесинен буга чейин чет өлкөлүк радиого интервью берген эч ким болгон эмес. Юлиянын көптөгөн өлкөлөрдө өткөн фестивалдарга катышып, жеңүүчү болуп жүргөнү жөнүндө маалымат алган бул радиодогулар Юлияны сүрөтүнөн көрү­шүп, таланттуу кыз менен маектешүүнү көздөш­көн. Чыгармачылык тууралуу маектешүү телефон аркылуу гана болду жана өз тилдеринде сүй­лөш­көн ырчы менен кабарчынын сөздөрүн ортодо котормочу которуп турду.


“Кыргызстан Обондору” радиостанциясынын редактору, жаш акын Медер Осмоналиев:

«МЕНИН СӨЗҮМӨ ЖАЗЫЛГАН ОБОНДУУ ЫРЛАРДЫН КОМПАКТ-ДИСКИН ЧЫГАРАМ»

Эсиңиздерде болсо керек, өткөн жылы Медер «Жалын» аттуу 2-ырлар жыйнагын чыгарып, өзүнүн ырларын аткарган ырчылардын катышуусу менен чоң концерт өткөргөн эле. Жаш акындар арасында мындай чоң концерт өткөрүү шоу-бизнес жаатындагы жаңылык болгон. Эми Медер ошол бойдон эле калып калбай, акындар арасынан биринчи болуп өзүнүн ырларынын компакт-дискин даярдап жатат.

– Медер, компакт-диск чыгарууңа эмне түрткү болду?
– Негизи, чыгармачылык дүйнөгө аралашкандан кийин бир орунда тура берген туура эмес экен. Күнүгө изденүү, күнүгө жаңы дем керек. 2-китебим жарык көргөндөн кийин менин ырларыма чыккан обондор да көбөйүп, бир катар эстрада ырчылары аткарып жүрүшөт. Ал эле эмес, дастан жаатында да «Көл муңу» деген ыр жазып, ал да айрым жерлерде ырдалып келет. Эл ичинде ырдалып жүргөнү менен көп обончулар, акындардын аттары көмүскөдө калат экен. Ошол себептүү, менин сөздөрүмө жазылган обондуу ырлардан турган компакт-диск чыгарууну өз колума алдым. Айта кетсем, обондуу ырларымдын жалпы саны кырктан ашып калганы менен компакт-дискке бир кыйла таанымал болуп калган 17 ырымды гана киргиздим.
– Обондуу ырлар жыйнагың кандай аталышта жана ал канчалык деңгээлде даяр болуп калды?
– Компак-дискке «Жалын» деген ат койдум. Өткөн жылы ушундай эле аталыштагы китебим жарык көргөндө түшүндүрүп кеттим эле. Анын мааниси, жалындай жаштык кезде элиме кызмат кылбай, күчүмдү эл-жериме жумшабаганда кайда жумшамак элем? Анда 25те болчумун, быйыл 26га чыктым. Жалындап турган мезгил бекен? Ал эми даярдыгы тууралуу айтсам, учурда дискти чыгарууга укук алуу, патенттештирүү, ырчылар менен байланышып, алардын колдорун койдуруп жаткан мезгил. Буюрса, 10-15 күндөн кийин «Жалын» компакт-диски жарык көрүп калат.
– Жакында дагы концерт даярдап жатат деп уктук, ошол чынбы?
– Чын. Кол койдуруу менен бирге ырчыларга да кулак кагыш кылып келе жатам. Апрель айынын 25-26сында дискимдин бет ачарына арналган концерт даярдалууда. Анда менин ырларымды аткарган Гүлнур Сатылганова, Асел Турдалиева, Мухтар Атаналиев, Айжамал Кабылова, Нуриса Абазова, Назми, Жанара жана Нурбек Айдаровдор, Жийде Мурат кызы, Санжар Бердибеков, Азиз Жетигенов, Ильяз Абдыкадыров, Гүлмира Рыспаева жана жаңы чыгып келе жаткан таланттардан Жоомарт Жедигеров, Бурхан деген ырчылар, «Аза-универсал», «Сема» топтору сахнада болот. Мындан тышкары, куттуктап келген эстрада жылдыздары, куудулдар жана «Кыргызстан Обондору» радиосунун жалпы жамааты, мурунку ди-джейлер концертте болушат. Белгилей кетчү нерсе, ошол концертке келгендер гана «Жалын» китебим менен «Жалын» компакт-дискимди өз баасы менен ала алышат.
– Деги эле диск чыгарып, концерт даярдагандын өзү канча турат экен? Демөөрчүлөрүң барбы?
– Негизи эле бул иштердин майда-барат ызы-чуулары көп экен. Азырынча айрым маселелер чечиле элек. Ошол иштердин бардыгы бүтүп, такталгандан кийин гана канча акча кетээри аныкталбаса, азыр мынча каражат кетти деп айтуу кыйын. Демөөрчүлөргө сунуштарды таштап койгом. Учурда алар кароодо жатат. Ага чейин айрым чыгымдарды ага-ини, дос-тааныштардын колдоосу менен өзүм жаап жатам. Учурда билеттерим даяр болуп калды. Жамаат менен концерт көргүсү келгендер алдын- ала заказ кылып коюшса болот. Мунун себеби, өткөн жылкы концертимде көп адамдар бирге отурууга билет таба албай, айрымдары кирбей калган экен.

Маектешкен Азиза Сатимбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 232, 13-19-апрель, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан