АБАКТЫН ДААМЫН ТАТКАН АТАКТУУЛАР

Түрмө деген сөздү айтаар замат эркиндигинен ажыраган, кебетеси келишкен кылмышкерлер, үңкүрдөй болгон нымдуу караңгы камералар, уруш-талаштар көз алдыбызга келет эмеспи. Боштондуктагы жалпы коомчулукка кылмышкерлердин зыянынын тийбешин камсыз кылган түрмөнүн пайдасы чоң десе да болот. Ошентсе да адам баласынын тагдырында ар кандай кырдаалдар боло берет эмеспи. Бири мындай кылмышты атайын, бири кокустуктан жасашат. Түрмөгө отуруп чыккандардын арасында аты дүйнөгө таанымал атактуу адамдар да бар экен. Алардын айрымдары туурасында сөз козгосок…

50 Сent
Атактуу 50 Сent (Кёртис Жеймс Жексон) аттуу рэп ырчысынын жашоо турмушу балалыгынан эле «кара» дүйнө менен байланышта болгон. Апасы жалгыз бой аял болгондуктан, балдарын багуу үчүн баңгизаттары менен соода кылчу. Кийинчерээк апасы каза болуп, 50 Сent таенесинин колунда калууга аргасыз болгон. Ал эми бир аз бой жеткенден кийин апасынын ишин улантып акча табууну пландаштырып, бир топ жыл баңгизаттарын сатуу менен өзүн багып келген. Бирок, бул түбөлүк­түү иш эмес эле. 19 жашында жаш баңги соодагери 50 Сent укук коргоочуларынын колуна түшүп, 3 жылга кесилип кеткен. Кийинчерээк жеңилдиктерге илинип, берилген жаза мөөнөтү­нүн жарымын гана темир тор артында өткөрүп чыккан. Ошондон кийин адал оокат табууну көздөп, ырчылыкка өткөн.

Сами Насери
«Такси» кинотасмасындагы башкаармандын ролун аткарган актёр Сами Насерини азыркы тапта темир тор артында отургандардын катарына кошууга болот. Ал 2005-жылы Париж ресторандарынын биринде дизайнер жигит менен уруша кетип, аны тамекинин күлүн түшүрүүчү идиш менен башка чапкан. Эми минтип колу менен кылган ишинин азабын моюну менен тартып, ал жигиттин денсоолугуна залал келтиргендиги үчүн 10 ай убакытка түрмөгө камалды. Берилген убакыттын үч айы өтүп, эми дагы 7 ай камалуусу керек. Бирок, актёрдун денсоолугунун начардыгына байланыштуу көпчүлүк учурда эмканаларда жатууда. Айта кетчү нерсе, Сами мындан мурун да укук коргоочулары менен көп кездешчү. Биринде мас абалында машина айдагандыгы үчүн болсо, биринде бирөөнү сабап койгондугу үчүн, дагы биринде жанына мыйзамсыз түрдө курал алып жүргөндүгү үчүн. Бирок, ошентсе да миллиондогон айыптарды төлөп, кутулуп кетип жүргөн экен.

Николай Годовиков
«Белое солнце пустыни» аттуу кинону көрбөгөндөр аз болсо керек. Андагы актёр Николай Годовиков дагы колуна кишен салынгандардын катарында. Талантында кемтиги жок бул актёрдун бир эле жери, дайыма режиссёрлорду капалантып койчу. Бул – Николайдын уурулугу. Кээде тасма тартылып жаткан жерге досторун чакырып алчу. Алар кеткенден кийин эле кино тартуучу шаймандардын жарымы жоголуп калчу. Актёр кайсы жерге барбасын баалуу буюмдар жоголо берчү. Бир нече жолу кыска мөөнөткө камап, айып төлөткөндөрүнө карабай бул жаман адаты күч ала берген. Николай жалаң бай адамдардын буюм-тайымдарын, акчаларын уурдагандыктан, ага «нысаптуу ууру» деген ат да коюп алышкан. Акыры мындай кылмышы үчүн 4 жыл түрмөгө отуруп чыккан. Чыккандан кийин үйү жок болгондуктан, бомждорго кошулуп жертөлөдө жашап, уурулук менен жан сактаган. Жыйынтыгында дагы 4 жылга кесилген. «Эми мындай жаман адатымды таштап, өз алдымча иштеп жатам, кээде Гүлчөтайга конокко барып турам»,- дейт бул тууралуу актёр.

Александр Масляков
Баарыбыз күтүп көргөн Орусиянын Биринчи каналындагы КВН берүүсүнүн алпаруучусу Александр Масляковду да бир кезде абактын даамын татып келгендердин катарына кошуп жүрүшөт. Бул окуя 80-жылдары болгон. Ал гана эмес, ошол жылы КВН берүүсү да теледен чыкпай калган эле. Александрды укук коргоо кызматкерлери соода-сатык жайларында жасалма акча менен жүргөн жеринен кармашкан. Өткөнгө кайрылууну жактырбаган атактуу КВНчи баарын унутуп, бир жылдан кийин тартынбастан кайра телеге кайтып келген.

Пэрис Хилтон
Америкалык фотомодель, киноактриса жана ырчы Пэрис Хилтон да бир жарым айлык жашоосун түрмөдө өткөргөн. Мунун башкы себеби, мас абалында айдоочулук күбөлүгү жок машина айдагандыгы болгон. Толук бир жыл бою канчалаган эскертүүлөрдү алып, бир-эки күндүк камалуулардан да эч жыйынтык чыкпагандан кийин актрисанын колуна кишен салып жазалоого туура келген. Ошентсе да түрмөдөн чыгаары менен белгилүү дүйнөлүк бут кийим чыгаруучу компаниялардын бири менен келишим түзүп, өзүнүн атында бут кийимдер коллекциясын чыгара баштады.

Эминем
Кандай гана багытта болбосун сенсацияларды жаратуу жагынан Эминем алдына эч кимди коё бербесе керек. Ушундай мүнөзү менен көпчүлүк рэпперлер катары Эминем дагы түрмөгө түшүп чыккан. Кичинекей кезинен көчөдө өзүнө-өзү ээ болуп чоңойгондуктанбы, айтор, баңгизаттарын колдонууга көнүп алат. Муну менен эле тим болбостон, башкалага да таратып, аны сатууга өткөн. Мындай жагымсыз жоруктары үчүн бир жылдан ашык убакытка түрмөгө отуруп чыгууга аргасыз болгон. Боштондукка чыккандан кийин темир тор артында эргүүдөн жазган ырлары тез эле эл оозуна алынып, атүгүл ырлары дүйнөлүк хитке айлана баштаган.

Ошондой эле ар кандай себептер менен колдоруна кишен салдырууга аргасыз богон атактуулардын катарына төмөн­күлөр да кирет:
Белгилүү рэп ырчысы Сноуп Дог мыйзамсыз курал колдонгондугу жана адам өмүрүнө кол салгандыгы үчүн камалып, кийин акталып чыккан.
Совет элинин сүйүктүү актрисасы Валентина Малявина мас абалында өзүнүн өмүрлүк жолдошун өлтүрүп койгондугу үчүн камалып, жыйынтыгында 9 жылдык жазасынын 5 жылын толук өтөп чыккан.
Атактуу жаш актриса Линси Лохан баңгизаттарын колдонуп, мас абалында бир канча жолу кармалгандыгы үчүн 84 мүнөткө абакта болуп кайткан. Жыйынтыгында миллиондогон долларлык айыпка жыгылган.
Дүйнөлүк белгилүү боксчу Майк Тайсондун машинасынан баңгизаттары табылып, ошол жерден колдору кишенделген. Бир нече убакытка чейин абакта болгондон кийин гана айып төлөп, боштондукка чыккан.
Ырчы Мэрилин Мэнсон сахнада номер аткарып жаткан жеринен коопсуздук кызматкерлеринин бирин узун темир менен башка чапкандыгы үчүн камакка алынган.
Британиялык рок ырчысы Оззи Осбордун камакка алынганы чынында эле күлкүлүү. Коомдук жайга мас абалында баргандыгы үчүн камалган.
Ошондой эле дүйнөлүк актёр Аль Пачино уурулугу үчүн, актёр Кид Рок мас абалында мушташкандыгы үчүн, учурдагы эң популярдуу рэп ырчыларынын бири Эйкон дагы мыйзамсыз түрдө курал колдонгондугу жана баңгизаттарын сатуу иштерин жүргүзгөндүгү үчүн камакка алынган.

Бетти даярдаган Чолпон Сүйүнбаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 266, 7-13-декабрь, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан