КАНАТ КУЛТАЕВ: «АРЗАН БААГА САПАТСЫЗ КОНЦЕРТ БЕРИП КАЧАНГА ЧЕЙИН ЖҮРМӨК ЭЛЕК?»

Жакында жаш ырчылардын продюсерлери борбордо болуучу концерттердин баасын көтөрүү боюнча сүйлөшүү жүргүзүштү. сүйлөшүүнүн акырында келген жыйынтык боюнча, эми концерттерге мурдагыдай 100 сомдон эмес, 200 сомдон кирет экенбиз. Көтөрүлгөн бул маселе боюнча кененирээк маалымат алуу үчүн идеянын «автору» , ырчы Мирбек Атабековдун продюсери Канат Култаевге кайрылдык.

– Канат, эмне себептен концерттердин билеттеринин баасын кымбаттатууну чечтиңер?

– Мунун эки себеби бар. Биринчиси, концерт уюштуруу үчүн мурдагыдан да көп чыгым талап кылынып жатат. Мисалы, теледен берилчү жарыянын мүнөтүнө мурун 30 доллардан төлөсөк, азыр 35 доллар болуп кымбаттады. Ал эле эмес, афишаларды көчөгө илдирүү кызматынын баасы да көтөрүлдү. Башкача айтканда, мурун ар бир афишага 5 сомдон төлөсөк, азыр 6 сомдон төлөйбүз. Ошондой эле концертти телеге тарттыруу үчүн да 15 миң сом төлөшүбүз керек. Ал эми мурун 7 миң сомдон гана берчүбүз. Башкасын коёлу, сахнага кийип чыкчу кийимдер эле арзан дегенибиз 2 миң-3 миң сомго тигилет. Концерт сайын форманы алмаштырып турбасак дагы болбойт.
Экинчи себеби – концерттердин деңгээлин бир тепкичке көтөрүү. Эгер билет баасы кымбат болсо, “кой, 200 сомду актагандай кылып жакшы концерт уюштурайын” деп жоопкерчиликтүүлүк да көбөйөт экен. Мына ушундай себептерден улам билет баасын көтөрүү идеясын башка продюсерлерге сунуштаган элем, баары туура көрүштү.
– Көрүүчүлөргө бул оордук кылбайбы? Бир үйбүлөдөн 5-6 кишиден концертке келгендер болот да?
– Элди аяп алар үчүн концерт коёлу десек өзүбүзгө эч нерсе калбай жатпайбы. Мисалы, өткөн жолку концертибизде 8 миң доллар киреше тапкан болчубуз. Бирок, 7 миң доллар чыгаша кылыптырбыз. Бир концерттен 1000 дол­лар киреше деген аз. Эл да бизди түшүнүш керек деп ойлойм.
– Бул идеяны ишке ашырууну Мирбектин жакында болчу концертинен баштайын дегенсиң го?
– Мирбектин бул концертинде партердин борбордук бөлүгү 200 сомдон болот да, билеттерге орундар жазылат. Ал эми калган билеттер 150 сомдон, орунсуз болот. Мирбекти чындап сыйлап, аны жакындан көргүсү келгендер 200 сомун аябай жакшы орундардан билет сатып алышат. Азырынча ушундай баа койдук. Күзгө чейин бардык орундар 200 сом болуп көтөрүлүп калыш керек деп жатабыз.
– Силердин концертиңер билеттин баасын актайбы?
– Актайт деп ойлойм. Мында 60 пайыз жаңы ырлар ырдалат. Кийимдердин да дээрлик баарын жаңы тиктирдик.
– Билеттин баасын кымбаттатабыз деп жатып концертке келген адамдын санын азайтып алабыз деп коркпойсуңарбы?
– Тобокелге салыш керек болуп жатат. Азайып кетиши деле мүмкүн. Бирок, арзан баага сапатсыз концерт берип качанга чейин жүрмөк элек? Искусствону чындап сүйгөндөр болсо 200 сомго деле карабай келе беришет.


РАЙХАН КИЙИМ ТИГҮҮЧҮ ЦЕХ АЧТЫ

Көпчүлүккө таанымал ырчы айым Райхан Абдувалиева учурда ырчылыктан тышкары кийим тигүүчүлүк менен да алектенүүдө. Кичинесинен эле бул ишке шыктуу болгон ырчы сахнага кийген кийимдерин да өзү тикчү. Азыркы тапта көптөн бери эңсеген тилектеринин бири ишке ашып, кийим тигүүчү чакан ишканасын кызыгуу менен жетектеп жаткан учуру. Демек, Райхан эжебиздин колунан чыккан кийимдеринен кийип калышыбыз да мүмкүн. Ал эми бул ырчы айымды сахнага чыкпай калат экен деп чочулабай эле койсок болот. Эжекебиз эки тизгин, бир чылбырды колго алып, чыгармачылыктан да алыстабай “Периштем” тобунун 10 жылдыгына чоң даярдык көрүп жаткан кези.


СУЛТАНДЫН ПРОДЮСЕРИ ЧОЛПОНАТАЛЫК
КЫЗДЫ СОТКО БЕРЕТ

Чолпонатадан чыккан “Ажар” деп аталган белгисиз топту жетектеген Назгүл Кемелова аттуу кызды Султан Садыралиевдин продюсери Динара Эсенгулова сотко берүүгө камынып жаткан убагы. Анткени, мындан аз убакыт мурун ал кыз Султанды “чакан эле кечеге ырдайсың” деп Чолпонатага чакырган болчу. Бирок, бул жактан барган ырчы чакан кече эмес, кадимки эле чоң концертке туш келген. Алдап Бишкектен Чолпонатага чакырып алган кызга жинденишкен продюсер менен ырчы экинчи мындай кылбоону эскертишип, ушунча барган соң ырдап кайтышкан эле. Эми эч кандай уруксатсыз эле Султандын сүрөтүн өздөрү­нүн афишасына чыгарып, Көл өрөөнүнө илдирип салыптыр. Аны уккан Султандын продюсери Динара Эсенгулова ал кызды сотко бе­рүүнү туура көрүү­дө. “Өзүнүн кызыкчылыгы үчүн Султандын атын пайдаланып жатканын түшүн­бөгөндөр Султанды “көөп калыптыр, келбей койду” деп авторитетин түшүрүшпөйбү. Биздин эмгегибизди башкалар талаага чачып жатышат. Бул нерсе менен катуу күрөшпөсө болбой калды” дейт Динара Эсенгулова катуу кыжырданганын жашырбай.


ЭЛНУРА ДА “БРАВОДОН” КЕТЕБИ?

Жаштардын сүйүктүү телекөрсөтүүсү “Браводон” алып баруучу Нурзат кеткенден кийин жалгызсырап калдыбы, айтор, суйкайган сулуу айым Элнура да бул ишинен жеке каалоосу менен кетүүнү чечти. Демек, ушул жумада Элнура акыркы жолу эфирге чыкты деп билсек болот. Ал эми мындан кийин бул көрсөтүүнү ким алып бараары азырынча белгисиз. Эми “Браводо” жалгыз калган таланттуу алпаруучу Эрмек да “кетем” деп чыкпаса болду...


“БОЗ САЛКЫН” ФИЛЬМИ “КАНН” ФЕСТИВАЛЫНА БАРАТ

Дүйнө жүзү билген Канн шаарында жыл сайын өтүүчү “Канн” фестивалына быйыл биздин өлкөдөн дагы “Боз салкын” киносу менен Эрнист Абдыжапаров жана кинонун продюсери Алтынай Койчуманова барышмакчы. Бул инсандарга Канндан расмий түрдө чакыруу кагазы келген. Фестивалдын катышуучулары быйыл жылдагыга караганда өзгөчө өтөөрүн күтүп жатышат. Анткени, ушул жылы фестивалдын 60 жылдыгы. Фестиваль 16-майда ачылып, он күндөн ашык убакытка уланмакчы. Айта кетсек, “Боз салкын” фильминин бет ачары борбор шаарыбыздагы “VEFA” соода борборунда 17-апрель күнү болуп өттү. Кыргыз киносүйүүчүлөрү 23-апрелден баштап бул фильмди “Октябрь” кинотеатрынан көрө алышат.


КАЙРАТ МАРШРУТКАДА УЯТ БОЛДУ

Жаш ырчы Кайрат Примбердиев шаарыбыздын ири базарларынын биринен чөнтөгүндөгү 1685 сом акчасын уурдатып алды. Бул айрымдар үчүн аз акча болсо да, жаңы чыгып келе жаткан жаш ырчыга чоң эле байлык болчу. Базардан чыгып, маршруткага түшүп эле жол киресин төлөйүн десе чөнтөгүндө акча жок. Эмне кылаарын билбей уялып турган Кайратты айдоочу “акчаны төлө” деп элдин көзүнчө бетин ого бетер кызартты. Айласы түгөнгөн жаш ырчы чөнтөктөрүн аңтарып, майда бир сом, элүү тыйындык акчаларын чогултуп айдоочудан кутулду.


ЭЛМИРА ТҮРКИЯГА БАРЫП ЫРДАП КЕЛДИ

Көптөн бери сахнадан көрүнбөй калган ырчы Элмира Кайып кызын күйөрмандары издей башташты эле. Биз да ырчы айымдын эмне менен алек болуп жатканын билүү максатында байланышсак, ал дагы да болсо чыгармачылыктын үстүндө иштеп жатканын айтты. Ошондой эле Элмира өткөн жумада Түркияга барып келгендигин билдирди. Түрк куруучулары Элмираны атайын куруучулардын курултайына катышып, ырдап берүүсүн суранышкан. Бул курултайга Кыргызстандан конок катары жалгыз гана Элмира барган.


ЭРЛАН ЖЫЛДЫН МЫКТЫ ПРОДЮСЕРИ ДЕГЕН НААМ АЛДЫ

Белгилүү шоумен, продюсер Эрлан Шүкүрбеков “Жылдын мыкты продюсери” деген наам алды. Бул сыйлыкты Эрланга Таластын губернатору Байымбет Мураталиев өз колу менен тапшырды. Көп жылдан бери “Таластыктар таңшыйт” долбоорун мыкты уюштуруп келе жаткандыгы үчүн Эрлан грамота жана акчалай сыйлык менен сыйланды.


«СЫР САНДЫКТЫН» АЛПАРУУЧУСУ ЫРЧЫЛЫККА ӨТТҮБҮ?

Айтылуу “Сыр сандык” телекөрсөтүүсүнүн алпаруучусу Кубаныч Эсенбаев “жигитке жетимиш өнөр аздык кылат” деп эми ырчылык менен да алектенет. Кубаныч буга чейин ырдап эфирге чыкпаса да, көпчүлүк алдында ырдап жүргөндүгүн жана кээ бир жылдыздарга салыштырмалуу жакшы ырдаарын айтты. Алгачкы жолу Чыңгыз Мырзаевдин жеке концертинде “Унута албаймын” деген ыры менен эл алдына чыкты. Кубанычтын максаты биротоло жылдыз болуп кетүү эмес, жөн гана колунан келген өнөрүн элге тартуулоо. “Ырчылык деле журналисттик кесиптин бир бутагы болуп эсептелет, ошондуктан, колуңдан келсе ырдап коюу ашыкча болбойт” дейт Кубаныч мырза.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 233, 20-26-апрель, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан