Динара Эсенгулова бизнесменге күйөөгө чыгат
Белгилүү продюсер, “Улуттук хит-параддын” жетекчиси Динара Эсенгулова продюсерликти таштайт. Себеби, Динара эженин болочок жолдошу “продюсерлигиңди ташта, гастролдоп жүргөнүң болбойт” деп шарт коюп жатат. Ал эми эженин жеке жашоосун же продюсерликти тандай албай башы ооруп турган кези. “Азырынча менин окутуп жаткан балдарым өзүнчө чыкканга даяр эмес. Айрыкча Кайрат менен Бегимай. Аларды жалдыратып калтыргым да келбей жатат. Бирок, аялзаты үчүн үйбүлө да керек эмеспи. Султандын концертин өткөрүп алайын, анан калганын сүйлөшүп, балдарым менен кеңешем. Ачык айтпасам да, өткөндө Султанга четин чыгарсам, ал: “Динара эже, мындай нерсе келишимде жок”,- деп жооп берди. Албетте, ал тамаша катарында кабыл алды да”,- дейт Динара эже. Азырынча Динара эженин ойлонгонго бир айлык убактысы бар. Июнь айында өзүнүн туулган күнүндө болочоктогу бизнесмен күйөөсүнө жообун берет.
Алексейди телефон террористтери коркутуп жатышат
Кыргызстанга таанылып калган белгилүү жаш ви-джей Алексей Филатовду жактырып тийишкендер да, тескерисинче, көрө албагандар да көп. Анткени, эки айдан бери белгисиз адамдар Алексейди СМС аркылуу “жөн жүр, ажалыңдан мурда өлүп кала элегиңде” деген билдирүүлөр менен коркутуп келишкен. Алексей башында мындай билдирүүлөргө көңүл бурган эмес. Бирок, коркунучтуу СМС билдирүүлөрдү жазган адам Алексейдин ар бир кадамын, кайсы жерде эмне кылып жаткандыгын мүнөт сайын айтып турганда корко баштаган. Мындай тескөөдөн тажаган Алексей укук коргоо органдарына кайрылганга аргасыз болгон. Укук коргоо кызматкерлери билдирүүлөр келген уюлдук телефондун ээсин таап, учурда аны сурап жатышкан кездери. Бул телефондун ээси болгон орус улутундагы кыз: “Менин телефонум менен көп адамдар сүйлөшүшөт. Ким жазганын мен кайдан билем?”- деп күнөөсүн мойнуна албай жатат.
Асел “министрдин кызы” болуудан баш тартты
Көрүүчүлөрдүн суроолору боюнча айтылуу “Министрдин кызынын махбаты” фильминин 3-бөлүгүнүн съёмкасы ушул айда тартылып баштамак. Бирок, бул фильмдеги баш каармандардын бири, тагыраак айтканда, министрдин такылдаган кызы Мадинанын ролун ойногон Асел 3-бөлүктө фильмге катышуудан баш тартты. Анын себебин фильмдин режиссёру Рустам Аташов Аселдин жылдыз оорусу менен ооруп калгандыгына байланыштырды. Борбордо фильмдин 2-бөлүгү жүрүп жаткан кезде болбогон гана нерседен ортодо таарынышуулар чыккан экен. Ал таарынышуу эмнеден келип чыкканын элге жарыялоонун өзү уят экенин режиссёр айтып өттү. Мына ушундай майда-чүйдө нерсени шылтоо кылган Асел режиссёр менен сүйлөшүүдөн качып, телефонуна жооп бербей коюптур. “Дубананын таарынганы куржунуна зыян” деген сөздү эсинен чыгарбаган Рустам Аташов Аселге жалдырагандан көрө конкурс жарыялап, Мадинанын ролуна башка кыз издемей болду. Талапкер сырткы келбети боюнча Аселге түспөлдөшүп кеткен, бою узун, сулуу кыз болуусу керек. Анан аз гана таланты болсо, калганын режиссёр өзү тарбиялап алат экен. Андыктан, өзүнө ишенген кыздар болсо “Манас” кинотеатрына барып, Мадинанын ролуна өздөрүн сунушташса болот.
Съездбек Түркияга кетеби?
Съездбек Искеналиевдин продюсери Акжол Нышанов Түркияга чыгармачылык иш сапар менен аттанып кетти. Ал жакка кетишинин бир себеби өзүнүн иштерине байланыштуу болсо, бир себеби Съездбектин чыгармачылыгына байланыштуу. Тактап айтканда, түрк элинин мыкты музыканттары менен сүйлөшүп, ылайыгы келсе алар менен чогуу иштешүүнү максат кылууда. Акжолдун ою оңунан чыгып калса, Съездбектин ырлары Түркияда да жаңырып калаары бышык.
Съездбектен дагы бир жаңылык: ырчы баш каармандын ролун аткарган Айбек Дайырбековдун “Жээк” кыска метраждуу фильми Арменияда өткөн 104 мамлекет катышкан эл аралык жаштардын кинофестивалынан үч баш байгенин бирин утуп келди. “Эң мыкты көркөм фильм” номинациясын жеңип алган “Жээктин” жаратуучулары кубанычтары коюндарына батпай, ийгилигин майлап бүтпөй жаткан кездери.
Лилия менен Тынар табыштыбы?
Өткөн саныбызда Лилия Абдубаитова менен күйөөсү Тынар Курбаналиевдин ажырашып кеткендиги жөнүндө жазган элек. Анан эле Лилия редакцияга чалып: “Эмнеге антип жазасыңар? Биз жакшынакай эле жашап жатабыз, атүгүл жакында концерт беребиз”,- деп жарыяланган макала боюнча өзүнүн нааразычылыгын билдирди. «Адашкандын айыбы жок» демекчи, анча-мынча таарынышуудан кийин эки жаш жарашкандыр, андай болсо жакшы го. Эмне демекчибиз, кыргыздар “чымчыктын да уясы бузулбасын” деп коюшат эмеспи. Жашап жатканыңар ылайым эле чын болсун.