“Боз салкын” фильминин режиссёру Эрнест Абдыжапаров: «ОРТО ЖОЛДО УУРУЛАРДЫ БАГЫП ЖАТАБЫЗ»

Акыркы жылдарда кыргыз киносу кайра жанданып, кинотеатрга барып эс алууну унута баштаган биздин муундардын кайрадан кинотеатрларга агыла баштаганы жүрөк кубантаарлык иш болууда. Белгилүү режиссёр Эрнест Абдыжапаровдун ырчы жигит Съездбек Искеналиев баш каармандын ролун аткарган “Боз салкын” фильми профессионалдуу деңгээлде тартылган кыргыз фильмдеринин катарын толуктайт. Өкүндүргөн нерсеси – дал ошол мыкты фильмдин журтчулукка өз деңгээлинде жетпегени болуп жатат. Минткенимдин себеби, фильм кинотеатрда жүрүп жаткан учурда кино пираттары “Боз салкындын” дисктерин чыгарышып, чала бүткөн вариантында элге таратып жиберишкен экен. Бул маселе боюнча режиссёрдун өзүнө суроо салдык.

– Эрнест агай, фильм пиратчылыкка кабылып калбаш үчүн алдын-ала чара көргөн жок белеңиздер?
– Бүгүнкүдөй көрүнүшкө кабылып калбаш үчүн өзүбүзгө сак болуп, этияттык кылып жатканбыз. Ошентип отуруп эле алдырып жибербедикпи. Ким кайсыл убакта уурдап кеткени белгисиз.
– Күмөндөрүңүз барбы?
– Фильм даяр болгончо үч-төрт жерге барган да. Башкача айтканда, монтажы башка жерде жасалса, үндөрү башка жерде жазылган. Андай учурларда артынан такай аңдып жүргөнгө мүмкүнчүлүк болгон эмес. Ошондо кирип-чыккандар дискти акырын илип кетишсе керек. Андан тышкары, эл аралык фестивалдарга жөнөтүү үчүн дискти көбөйтүүгө туура келген. Балким, уурулар ошондой учурлардан пайдаланышкандыр. Көрбөгөн соң айтуу кыйын экен. Мени баарынан да өкүндүргөн нерсе – фильмдин чала иштелген варианты таралып кетип жатпайбы. Кинонун тили менен интершум деп коёт, башкача айтканда, фильмдеги дарактардын шуулдаганы, машинанын күрүлдөгөнү. Элдер дисктен көрүп жаткан кинонун вариантында мына ушундай интершум жок. Болгону диалог, анан кээде-кээде музыка угулуп калат. Муну көргөн элдин моокумдары канбай: “Аа, жаман эле кино турбайбы”,- деген тескери ойдо калышат. Натыйжада, менин эмгегим талаага кеткендей болуп калды.
– Бул ууруларды табууга мүмкүн бекен?
– Тиешелүү жерлерге кайрылып көрдүк. Алар чара көрүп жатышат. Бирок, алар оңойчулук менен табылбайт экен. Атайын мындай иш менен алектенгендердин чоң тобу бар экен да. Булардын “крышалары” да күчтүү болот экен. Ошондуктан, табылышынан да күмөн бар.
– Өзүңүз ошол дискти көрдүңүзбү?
– Өзүм көргөн жокмун. Бирок, укканда эле дароо элестеттим. Өтө эле начар. Жакында эле жолдун боюнда бир абышканын дискти сатып отурганын көрдүм. “Ава, ушуну сатпай эле койсоңуз жакшы болмок”,- деп баарын түшүндүрсөм, “макул” деп четке алып койду.
– Фильм ушул убакка чейин өзүнүн канча пайызын актады эле?
– “Боз салкын” Кыргызстан үчүн гана тартылган фильм эмес да. Ал дүйнөлүк масштабда тартылган фильм. Ошон үчүн азырынча актады-актабады деп айтканга болбойт. Дагы бир-эки жылдан кийин айта алабыз.
– Кино пираттарынын колунан таратылган фильмди көрүп жаткан элге эмне деп кайрылаар элеңиз?
– Биз орто жолдо ууруларды жөн эле багып жатабыз. Кыргыз киносун өнүктүрүү ар бир кыргыз атуулунун колунан келет. Элдер 100-150 сомун аябай, маданияттуу түрдө эле билет сатып алышып киного киришсе, бизге аздыр-көптүр өз салымдарын кошушкан болот эле. Кинотеатрдын чоң экранынан көрүп, өздөрүнүн да моокумдарын кандырышмак, бизге да жакшы болмок. Киносүйүүчүлөргө айтаарым – ууруларга алданышпаса.

Маектешкен Азиза Сатимбекова


Кубик менен Борончу жаңы теледолбоор түзүүдө

“Акчүч!!!” Бул сиз чүчкүргөндө айтылчу сөз эмес, бул – Кубик менен Борончу байкелерибиз биргеликте түзүп жаткан жаңы теледолбоор. Ушундай аталыштагы сатиралык программа түзүү үчүн эки достун учурда “жогору” жактан уруксат сурап жүргөн убактары. Эгерде кудай буюруп, ойлору ишке ашып калса, күлкүлүү телеберүүнүн күбөсү да болуп калаарбыз. Айта кетчү нерсе, бул көрсөтүүгө башка куудулдар атайын студияга келип тартылбастан, алардын мурда чоң сахнадан эл алдында аткарган номерлери көрсөтүл­мөкчү. Эмне демекпиз, жаңыдан баштаган ишиңерге ийгилик!



“Кыз-Бурак ” Кытайга кетет

“Кыз-Бурак” тобу жакында эле Алматы, Астанага барып 1-майга карата концерт берип келди. Ал жактан куру келбей, грамоталар менен сыйланып, баурдастардын кадырлуу коногу болуп кайтты. Эми бул топ мамлекеттик делегация менен Кытайга жөнөп жатат. Кытайда 13үнөн 22сине чейин 10 күн бою концерт берет. “Кыз-Бурак”менен кошо Кыргыз Республикасынын Эл артисти Жолболду Алыбаев, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Токон Эшпаевдер да жөнөш­мөкчү.


“Шаттык” бий ансамбли фестивалга барып келди

Белгилүү ырчы айым Сырга Жапар кызы күйөөсү экөө жетектеген “Шаттык” бий тобу жакында эле Мурманск шаарында өткөн эл аралык элдик бийлердин фестивалына барып келишти. Бул фестиваль жыл сайын өтүп, КМШ өлкөлөрүнүн бийчилери өздөрүнүн улуттук бийлерин аткарышат. Фестивалда “Шаттык” бий ансабли кыргыз бийин калыстар тобуна тартуулап, 1-орунду ээлеп кайтышты. Ошондой эле Сырганын күйөөсү Эрик менен “Шаттык” тобунун мүчөсү Айсана Жоодарбек кызы Анталиянын улуттук телеканалы уюштурган бий фестивалына барышып, Түркиянын премьер-министри жана президенти менен жолугушуу кечесине катышып келишти.


Таластык ырчылар Эрланды сотко беришеби?

Таластыктарды таңшыткан белгилүү продюсер Эрлан Шүкүрбековду таластык ырчылар сотко бериши мүмкүн. Анткени, Эрлан дайыма концерт уюштурганда ырчылардан уруксат сурабай эле алардын аттарын афишага кошуп койчу тура. Мындан мурда дал ушундай жоругу үчүн ырчылар тарабынан Эрланга эскертүү берилген дешет айрым ырчылар. Эми 9-майда Таласта уюштурган концертине уруксатсыз эле афишага атыбызды жазып койгон деп нааразы болгондор дагы чыгууда. Мурда нааразы болгондордун бири Ынак Османалиев Эрланга чалып: “Менин сүрөтүмдү алып сал”,- десе, Эрлан афишадагы сүрөттү кара өң менен өлгөн кишини чийгендей кылып чийип койгон экен. Анан Ынактын жини келип, “соттошом” деп баштаганда Алина Жетигенова экөөнүн ортосуна түшүп жатып токтотуп калган болчу. Эми бул ишти Кубаныч Сатаев баштап, “Эрланды сотко берем” деп жинденип жаткан кези. Анткени, “Биздин атыбызды сатып акча таап жатканы аз келгенсип, бизди элге жаман да көргөзүп жатат. Буга чара көрбөсөк болбой калды окшойт”,- дейт Кубаныч. Ал эми Гүл болсо сотко бербесе да, Эрлан байкесине нааразы экендигин билдирди.


Абидин апасына үй белек кылды

Белгилүү ырчы Абидин Темиров апасынын быйылкы 70 жылдык юбилейине арнап үй белек кылды. Башкача айтканда, Ноокат районунун Кыргызата айылындагы атасынан калган эски үйдү буздуруп, бир жыл ичинде заңгыратып жаңы там салды. Ошондой эле ырчы мырзанын апасына арнап жаңы ыр жаздырып жаткан мезгили. Абидин сахнадан көп көрүнбөй калганы менен дагы деле болсо чыгармачылыктын үстүндө иштөөдө.


Ильяз казак жигитти кыргызча ырдатабы?

Жаштардын арасында популярдуу болуп жаткан ырчы Ильяз Абдразаков казак ырчысы Аза деген жигитти Кыргызстанга алып келип, кыргызча ырларды жаздырып жатат. Эми Аза менен Ильяз “Сагынуу” деген ырды дуэт ырдап чыкканга даярданышууда. Бул казак жигит эки айдан бери Бишкекте. Ильяз менен келишим түзүп, кайсы бир мөө­нөткө чейин Кыргызстанда иштемекчи.


Мирбек менен Ирлан эски ырларды
жаңыртышабы?

Жаш ырчы Мирбек Иманбеков Жолдошбек Мамажановдун кыргыз журтчулугуна белгилүү “Сүрөтүңө” аттуу шедевр ырын жаңы аранжировка жасатып, жаңыча стилде ырдап чыкканга даярданып жатат. Ал эми Мирбектин сахналаш иниси Ирлан Таалайбеков да “Манастан Чубак кем бекен?” деп Түгөлбай Казаковдун “Алтын балалык” деген ырын жаздырып жаткан кези. Ошондой эле Ирлан Мирбектен өзгөчө­лө­нүп, бул ырды дуэт кылып ырдаганга жакшы үндүү, келишимдүү кыз издөөдө. Бул жаңы ырларга жакында күбө боло алабыз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Farhat25
2019-01-10 05:11:23
Ностальгия
0
Farhat25
2019-01-10 05:11:40
Ностальгия
0
№ 236, 11-17-май, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан