Тынчтык менен Съездбек “Алтын кече” уюштурушат
Белгилүү ди-джей Тынчтыкбек Кожобеков менен ырчы Съездбек Искеналиев бүтүрүүчүлөргө арнап “Алтын кече-2007”деген аталыштагы кече уюштурушат. Бул салтанат “Алтын казына” ресторанында 21-июнь күнү өтүп, каалоочулар билет сатып алып киришет. Ошондой эле бул кечени белгилүү ырчы, актёр, таланттуу инсандар коштомокчу. Бүтүрүүчүлөр кечесинде ар кандай конкурстар уюштурулуп, баш байгеге миң доллар коюлат. Андан сырткары, кийинки жеңүүчүлөргө компьютер сыяктуу кымбат баадагы белектер берилмекчи. Бул Кыргызстанда алгачкы жолу болуп жаткан жакшы жөрөлгө десек болот. Бул кеченин аягында эки жеңүүчү тандалып алынып, аларга “ханыша” жана “хан” деген таажылар кийгизилет. Ал эми кийинки жылы боло турган “Алтын кечеде” хан менен ханыша келип, ошол жылдын жеңүүчүлөрүнө таажыларын кийгизишет.
Султан 12 метрлик кат алды
Белгилүү ырчы Султан Садыралиев жакында гастролдоп Баткен облусунун Сүлүктү шаарына барган эле. Ал жактан Султанга Ашымбай кызы Бактыгүл аттуу күйөрман кызы тыкандык менен бири бирине чапталган 12 метрлик кагазга жазылган кат берген. Кооздолгон сандыкчага салынган бул өзгөчө катта кыздын Султанга арналган ырлары, сырлары жазылган. Андан сырткары, Султан түштүк жакта гастролдоп жүрүп күйөрмандарынын берген каттарын эки баштык кылып чогултуп койгон эле. Тилекке каршы, Бишкекке жеткенче ырчы бул эки баштык катты жоготуп алган. Ал каттардын кээ бирин окуса, көпчүлүгүн окуганга жетишкен эмес эле. Ошондон улам жоголгон каттары үчүн күйөрмандарынан кечирим сураарын билдирди ырчы.
Акбарга ата-энеси машина белек кылышты
Таланттуу жаш ырчы Акбар Сүйүнбаевге ата-энеси машина белек кылышты. “Ауди В4” маркасындагы машиналуу болуп, чексиз кубанган Акбардын азыр өзүнүн туулуп-өскөн жери Кочкордо машинасын майлап бүтпөй жүргөн кези. Эми сүйүктүү ырчыңыз Акбардын шаарда темир тулпарын зуулдатып айдап жүргөнүнө күбө болуп каласыз. Темир тулпарың кут болсун, Акбар!
Шайырбектин “бутун сындырышкандар” кимдер?
Жакында борбор шаарыбыздагы Спорт Ордосунда “Ыр майрам” телеберүүсүнүн бир жылдыгына арналган концерт өткөнү ордо калаабыздын тургундарына маалым. Бул концертти “Ыр майрам” берүүсүнүн бир жылдан берки салттуу алпаруучусу Шайырбек Араповдун алпараары жөнүндө жарыяларда айтылган. Тилекке каршы, концертти алпармак түгүл Шайырбектин ал күнү сахнадан карааны да көрүнгөн эмес. Муну концерттин уюштуруучулары Шайырбек бутун сындырып алганы менен түшүндүрүшкөн. Чын-чынына келгенде Шайырбек эч кандай бутун сындырып албай эле концертти алпаруудан мурун эле баш тарткан. Анткени, бул концерт “Ыр майрамдын” жамаатынан уруксат сурабай эле бир-эки адамдын кызыкчылыгы үчүн уюшулган концерт болгон. Ошентип, концертке барган Шайырбектин күйөрмандары сүйүктүү алпаруучусун көрбөй калгандары аз келгенсип, анын “буту сынганына” жүрөктөрү ооруп кайтышты. Ал эми Шайырбек Арапов өзү “бутунун сынганы” тууралуу концерттин эртеси күнү тааныштарынан телефон аркылуу уккан.
Жеңишбек Айтиев “крутой” продюсер тапты
“Беш бармак” деген тамашалуу ыры менен элге кеңири белгилүү болгон Оштон чыккан ырчы Жеңишбек Айтиев азыркы жаштардан кем калбай продюсер менен иштеше баштады. Ырчынын продюсери Разия Сармырзаева – Алматадагы бизнесмендердин бири. Азыр Жеңишбектин жаңы продюсери “бысмылда” деп туруп ырчынын алгачкы жеке концертин Алматыда уюштурууда. Андан сырткары, ырчы “Беш бармак” деген топ түзүүгө жетишип, чыгармачылыктын үстүндө катуу иштеп жаткан кези. Жакында Жеңишбектин тамашалуу ырларына, жаңы клиптерине күбө боло аласыздар.
Алексей казинодон 2 миң доллар утуп алды
Сүйлөгөндө тилинен чаң чыккан белгилүү алпаруучу Алексей Филатов казинодон 2 миң доллар утуп алды. Алексей дайыма казиного кирип ойносо да, мындай чоң суммадагы акча ута элек болчу. Ошондуктан, мындай чоң олжого туш болгонуна өзү да ишенбей турат. Азырынча бул акчаны кайсы жакка, эмне кылып жумшаары жөнүндө Алексей ойлоно элек. Эскерте кетчү нерсе, казинодо ойногондорго мындай утуш дайыма эле туш боло бербейт. Андыктан, Алексейдин бул ийгилигине суктануунун кажети жок болсо керек.
Эрлан таластык ырчылардан
кечирим сурайт