«КЫЗ ЖЕ КЫЗ ЭМЕС ЭКЕНИМДИ БИЛБЕЙМ»

«КЫЗ ЖЕ КЫЗ ЭМЕС ЭКЕНИМДИ БИЛБЕЙМ»
– Саламатсыздарбы, "Супер-Инфо" гезити! Сиздерге жан-дүйнөмдү эзип келген, айтылбай турган сырымды айтып, жүрөк өйүткөн суроомо сиздерден жооп алууну туура көрдүм. Эмесе, бардыгы башынан болсун.
Мен ал кезде чоң энемдин колунда 2-класста окучу элем. Биз менен кошо байкем, атамдын үйлөнө элек иниси жашачу. Бир күнү көчөдө ойноп жүрсөм, ошол байкем чакырып калды. Оюмда эч нерсе жок келсем, үйгө кирүүмдү суранды. Чоң энемдер жумуштары менен бир жакка кеткендиктен, үйдө байкем экөөбүз эле калган элек. Ошентип, мен үйгө кирген соң, ыйлаганыма карабай күч колдонуп, шымдарымды чечти. Анан каалаганын жасоого өттү. Бирок, негедир «жан жерим» ооруган да, канаган да жок... Ишин бүткөн соң, "бирөөгө айтсаң, анда өлтүрөм. Дагы кыйнайм" деп коркутту. Айла жок, корккондуктан, бул окуя боюнча эч кимге айтпаган бойдон кала бердим. Балалык менен ал кезде көп нерсеге тү­шүн­бөптүрмүн. Ал окуя да такыр эле эсимден чыгып кетиптир. Бойго жеткенимден кийин гана баарына түшүнүп, бармагымды тиштеп отурам.
Учурда ЖОЖдордун биринде 2-курста окуйм. Сүйлөшкөн жигитим болсо жакында баш кошууну сунуштап жатат. Мен кыз же кыз эмес экенимди билбеген соң, ага макулдугумду бере албай жатам. Жигитим экөөбүз бир айылданбыз. Сүйлөшкөнүбүзгө алты жыл болду. Жигитим үйлөнөлү деген сайын өткөн каргашалуу окуя күн эсиме түшүп, ыйлап жатып көз жашым да кургап барат. Бир кезде шайыр мүнөзүм бар эле, жакынкы убактан бери анын баары артта калды. Ойлогонум – кыздык намысым. Турмушка чыгуу жөнүндө эстегенимде баш оогон жакка тентип кетким келет. Эгер кыздыгым жок турмушка чыксам, качандыр бир кездерде жашоомо терс таасири тийеби деп корком. Же жигитиме макул боло электен мурун баарын айтып, түшүн­дүрүп берип, анан анын чечимине карап иш кылышым керекпи? Ушул суроолорума жооп берип коёсуздарбы?! Айназик, Нарын.

– Айназик, жигитиңе сырыңды айтуудан мурда гинекологго көрүн. Көп кайгыруу денсоолугуңа зыян экенин эске алып, чечкин­дүү­лүк кыл. Гинеколог текшерген соң, баары айкын болот. Эгер кыздык белгиң аныкталбаса, анда баарын өткөн иш катары кара да, гинекологдон андан ары жардам бе­рүү­сүн сура. Медиктер мындай учурларда гименопластиканы сунуштоолору мүмкүн.
Анан өткөн окуяны унутуп, эстебегенге аракет кыл. Эч нерсе болбогондой өзүңдү эркин алып жүрүүгө үйрөн. Анткени, сен ал окуя үчүн күнөөлүү эмессиң. Сенин келечегиң али алдыда экенин, сени көптөгөн жакшы ийгиликтер күтүп тургандыгын эске ал.

«ТАШТАП КЕТКЕН АПАМА ЖОЛУГУУНУ ЧЕЧЕ АЛБАЙ ЖАТАМ»
– Урматтуу редакция! Учурда менин жү­рө­гүмдү чоң маселе эзип келет. Анда ал маселе боюнча баяндап берейин.
Менин ата-энем убагында бири-бирин катуу сүйүп үйлөнүшкөн экен. Экөөнүн чоң сүйүү­сүнөн мен жаралыпмын. Бирок, мен жаңы төрөлгөн кезде атам каза болуп калыптыр. Атамдан ажыраган апам анын өлүмүнө мени күнөөлөп, мени "каражолтой" атка кондуруптур. Ал аз келгенсип мени жерип, жакын туугандарыбызга таштап кетиптир. Ошентип, мен туугандарымдын колунда чоңойдум.
Азыр мен 16 жаштамын. Жакында туугандарыбыздын бири өзүмдүн таштап кеткен апама жолугуп калыптыр. Апам ага мени көргүсү келгенин жана бир кезде мени таштап кеткен каталыгына өкүнөөрүн айтып, буркурап ыйлаптыр. Тууганым: "апаңдын сөзүн сага гана айтып жатам. Башка эч кимге оозумдан чыгарбайм. Анткени, башкага айтпоого апаңа убада берип келдим. Эгер апаңды көрүп жолуккуң келсе, мага айт, ага жолуктуруп келем. Калганын убакыт көрсө­төөр" деп кошумчалады. Буларды уккан соң, бир туруп кыжырым келип, апамды жек көрсөм, бир туруп аны көргүм келет. Эмне кылаарымды билбей турам. Кеңеш бериңиздерчи, суранам. Жоробек, Талас.

– Жоробек, жашоодо ар түрдүү тагдырлар учурайт. Адамдар кээде ачууга алдырганда кабыл алган чечиминин кайсынысы туура же туура эместигин билбей да калышат. Кээде кырдаал же жашоо-шарты айласыз кадамдарга баруусуна түрткү болот. Убакыт өткөндөн кийин гана кетирген каталыктары үчүн өкүнгөн учурлар болот. Эми сага айтаарыбыз, багып алган ата-энеңе айтпай эле өз апаң менен жолугуп көр. Жолугуудан эч коркпо, анткени, андан эч нерсе болбойсуң. Апаң менен сүйлөш, аны угуп көр. Анан аркысын убакыт өзү көрсөтөөр.

«КУРБУМ ЖИГИТИМ МЕНЕН ЖҮРҮП АЛДЫ»
– Мен бул катты сиздерге ичимде толгон муңум менен бөлүшүп, кеңеш алуу үчүн жазып жатам.
Менин эң жакшы курбум деп эсептеген Алина менин жигитим менен жүрүп алды. Жигитим экөөбүз сүйлөшүп жүргөнүбүзгө жарым жылдан ашкан. Мен анын сүйөөрүнө ишен­чү­мүн. Бирок, кийинки учурда ал мага жолугууга келбей, арабыз алыстап кеткен эле. Көрсө, ал курбум Алина менен мамиле түзө баштаган экен. Алина болсо мени менен мамилесин үздү. Башка дос-курбуларыма да мени жамандап, алар да мени бөлүп, кошпой калышты. Алар менен сүйлөшүп, мамилебизди такташайын десем, мени угуп да койбостон басып кетишүүдө. Сыягы, Алина аларга мени ушактап жек көргөзүп койгон окшойт.
Булардын баары күнөөсүз мага оор тийип, жалгыз калдым. Жан-дүйнөм эзилип, күндө кечинде ыйлайм. Эмне кылсам болот? Жигитимди кайтара аламбы? Айгүл, Ысыката.

– Айгүл, жашоодо канча түрдүү адам болсо, ошончо түрдүү мүнөз болоорун түшүн. Бири жакшы болсо, бирөөнүн ичи тар дегендей... Бирок, кандай болгон күндө да чындык бир күнү ачыкка чыгаарын эске ал. Ошондо бүгүн сага жаман мамиле жасагандар бир кезде сенден кечирим сурашаар.
Сенин кырдаалды баамдап биле алганың жакшы нерсе. Эми келечегиң алдыда экенин эсиңе ал да, жигитиңди кайтарып алууга аракет кылбай эле кой. Эстүү жигиттер мындай кадамга барышпайт. Андан көрө элге жакшы кыз экениңди далилдөө үчүн өзүңдү жакшы алып жүр. Кыздардын алды болгонго аракет кыл. Жалгызмын деп ойлобо, жаныңда сени жакшы көргөн, түшүнгөн адамдардын бар экенин унутпа. Өзүңө келип, баарын унутуш үчүн спорт менен машык, сырткы келбетиңе көңүл бөл. Сен өзүңдүн адамыңды табасың, болгону эч качан шашпа.

«АПАМ МЕНЕН КАНТИП ТИЛ ТАБЫШАМ? ЖЕ ҮЙДӨН ЧЫГЫП КЕТКЕНИМ ТУУРАБЫ?»
– Менин жашым 17де. Сиздер менен апам тууралуу ой бөлүшүп, кеңеш алайын дегем. Атабыз жок болгондуктан, үйдө апам башчылык кылат. Ал бизди башынан аябай катуу кармайт. Досторубузду үйгө киргизмек түгүл, жада калса сүй­лөш­түрбөйт. Апам­дын айынан досторум менен да көңүл ача албайм. Эркек тааныштарымдын бирөө­сү менен сүйлөшүп турганымды кө­рүп калса болду, сурак башталат да, арты чатакка айланат. Менден улуу байкем ушундай мамилеге чыдай албай үйдөн чыгып кеткен. Апам катасын түшүнмөк түгүл, кайра байкемди күнөө­лөйт.
Эки күн мурун да көчөдөн бир досум менен сүйлөшүп турсам, апам көрүп калып эл айтпаган сөздөр менен урушуп үйгө алып кетти. Мен ал жигитти жактырчумун. Уялганымдан өлбөгөн төрт шыйрагым калды. Эми ал жигиттин бетин кантип карайм?
Мен эми качанкыга чейин апамдын ою менен болуп, дос-курбу күтпөй жүрөм. Же анын каалаганындай болуп жалгыз жүрө беришим керекпи? Эмне кылышымды билбей калдым. Сиздерден кеңеш күтөм. Бегайым, Карабалта.

– Урматтуу Бегайым. Эне кандай болгон учурда да баласына жамандык каалабайт эмеспи. Мүмкүн апаң силерди жаман окуяга кабылып калбасын деп аябай санааркап, сен айткандай кадамдарга барат чыгаар. Анын үстүнө эки баланы жалгыз багып-өстүрүү деле апаңа көп түйшүк тартуулаарын унутпа. Буга кошумча, энеге уул-кызы бой жетсе деле кичине сезилээрин эске ал. Эми берээр кеңешибиз, үйдөн чыгып кетсемби дегенден көрө апаңа жумшак мамиле жаса. Акырындап аны өзүңө курбуга, кеңешчиге айландырууга аракет кыл. Апаң сенин чоңоюп, өз алдыңча чечим чыгарып калгандай даражага жеткениңе ишенгендей болсун. Эгер мындай аракетиңден да натыйжа чыкпай турган болсо, анда апаң экөөңдүн мамилелериңдин жөнгө салынышы үчүн психологго кайрылууңарга туура келет.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (5)
aikoledi
2011-04-29 01:43:10
мен жанагы атасынын иниси зордуктаганга тушуно албай калдым. калп окшойт бир еле жолу зордуктамак беле чогу жашашса
0
ayay
2011-07-17 09:53:33
Бегайым!Эми бул тагдыр,айла жок мен да сендей тагдырда жашайм.Бирок апа сутун акташ кыйын.Андыктан сен чыда,апанды тушун!Бул нервден, жалгыз бала тарбиялаш да кыйын.Сен апандын конулун оорутпа!Эгер сен жакшыы кыз болсон акырындап баары жакшы болот!Апа да баары бир!Менин апам да сеникиндей бирок алар бизди жаман болсун дебейт!Азыр адамдар бузулган,алар бизди ушул чойрого кошкусу,жоготуп алгысы,жана озуно окшоп калышыбыздан коркот!Сен аны тушун!бирок турмуш курууда адашпа.Тушунуктуу бол.ал кылыкта
+2
Azimo4ka
2011-10-12 17:25:35
Бегимай! Мен гезиттин берген кенешине кошулам. Уйдон чыгып кетип каяка бармак элен бир чети, анан апанды ойлондуруп, ашыкча сарсанаа кылыштын сага не кереги бар. Сен жашын болгону 17де экенсин,дагы эле болсо бойго жете элексин, озун коросун,апан убагы келгенде сенден кенеш сурап, сени менен эсептешип калат убагы келгенде. Апалар кыздарын катуу кармагандыктан, кыздар жакшы тарбия алып,жашоодогу жолдорунан адашпай, катачылыктарды кетирбей жашап келишет кобу.
0
shaitanmoskvalik
2011-10-15 02:05:15
Мен айтайын кыздын намысы озу 12 жашынан баштап осуп онуго баштайтко ана калса мен бир кызды билет болчумун ал кыздын жаш кезинде ошого окшошурак окуя болгон ал кыз азыр 2баланын апасы бактылуу еле жашап жатат
0
mahabat.
2012-10-23 01:08:00
эх бегимай,менин апам ушинтип мени тарбияласа,катуу кармаса кана.
0
№ 186, 26-май-1-июнь, 2006-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан