ӨМҮР САКЧЫСЫНАН ӨЛҮМ ЖАРЧЫСЫНА АЙЛАНГАНДАР

Бул жеке менчик медициналык борбор абдан абройлуу, анан да жалаң элитанын өкүлдөрүн тейлеп, акысы асманга чыккан кымбаттардын катарында эле. Эгер өз ишине берилген кылмыш иликтөөчү бул борбордо иштеп жаткан доктурлардын иш-аракетин суу үстүнө чыгарбаса, күндүз ак халат кийип, адамдардын денсоолугу, өмүрү үчүн күрөшкөн доктурлардын түнкүсүн кандай иштер менен алектенишээрин көпчүлүк укпай, билбей жүрө беришээр беле, ким билет. Бул маалыматты уккан борбордун пациенттери, жалпы эле шаар калкы көпкө чейин шоктон арыла албай жүрүштү.

"БИР ИШТИН ИЗИНЕ ТҮШТҮМ"
– Сага бир сыр айтайынбы?- жаңы эле оперативдик жыйналыштан чыккан Керим шериги Русландын кулагына акырын шыбырады.
– Эмне сыр экен?
– Бир иштин изине түштүм. Андай иш сенин же менин эле эмес, тээ биздин министрликтин чоң кабинетинде отурган генералдын да оюна, түшүнө кирген эмес!
– Деле Американы ачып жибергенсибей түшүндүрүп айтсаң.
– Баарынын өз мезгили бар, досум. Эмнеси болсо да сен экөөбүз бүтүрө турган иш болот окшоп калды. Аларга жалгыз менин алым келбей калышы мүмкүн.
– Эмне дегени турасың? Өзүң жалгыз дагы бир топтун артынан түшүп алгансың бейм. Дос, мындай опурталдуу иштерге жалгыз киришүүгө болбосун менден жакшы билесиң. Жашыруун иштейм деген далай адамды кылмыштуу топтор күм-жам кылып салышканын угуп, байкап эле жүрбөйбүзбү.
– Рахмат, мага кам көргөнүңө. Бирок, бул иш көпчүлүккө билдирбей иликтей турган иштерден. Таарынба, баарыбир экөөбүз чогуу иштейбиз.
Кылмыш иликтөөчүнүн көңүлүн буруп калган окуя чындыгында олуттуу иликтөөнү талап кылган иш болчу.

"НАШАКОРЛОР МЕДБОРБОРДО ЭМНЕ КЫЛЫП ЖҮРҮШӨТ?.."
Кесиптештеринен көп айырмалана бербеген, атүгүл өңү серт Керимдин мыкты кылмыш иликтөөчү экендигин жетекчилик жакшы билет. Өңү өчүп кеткен жынсы шым, башынан кара кепка түшпөгөн бул жигитти көргөн адам милиция кызматкери, болгондо да шаардык ИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү бөлүмүнүн кызматкери экендигин оюна да албайт. Көптү көрүп, карышкыр болуп калган доктурлар да анын ушул жөнөкөй кебетесинен улам алданып, кандайча торго түшүп калгандарын байкабай калышты.
Мындан үч ай мурун шашып, өз иштери менен бараткан Керимдин көңүлүн кокусунан ушул медициналык борбордон чыккан эки жаш жигит бурган. Кесибине ылайык, кыраакы көзү экөөнүн соо эмес экендиктерин сезип, алдыларын торой токтотуп калган. Мындай баңгинин кулу болгон кишилерди далай көрүп, алардын доза алган кезинде кандай болуп калаарын эң жакшы билээр эле. Көздөрү тумандап, же тескерисинче, жылтырай күйүп, оозу кургай суусап жаткансып эриндерин жаланып калышат. Экөөнү бир тиктегенде эле билди жаңы эле сайынып чыккандарын.
– Э, братан, сен эмне, бизди тосуп! Ты че...
– Кума, карасаң, бизди тосконго духу жеткен бул ким, ыя?
Айтор, иши шашылышынан улам булар менен алышып отурбай кайгуул-күзөт тобун чакырып, экөөнү салып берип коюп кете берген. Эртеси сураштырса, экөөнү ошол түнү эле ата-энеси келип чыгарып кетишиптир. Чоңдордун балдары экен. «Эмне болсо ошол болсун» деп кол шилтеп койгону менен бир нерсе көңүлүн тынчытпай туруп алды: "Түн ортосунда нашакор балдар медборбордо эмне кылып жүрүшөт?" Ушул нерсени текшерип коймокчу болуп, бир жума өткөндө убакыт таап барып администраторуна кезиккен. Сылык-сыпаа сүйлөгөн неме экен: "Тынчсызданып, бизге кайрылганыңыз үчүн рахмат. Ал балдар, балким, биздин коопсуздук кызматкерлеринин тааныштары чыгаар. Биз бул маалыматты албетте, териштиребиз",- деп узатып койгон. Ошол боюнча бул борборду унутуп койгон экен.
Кокусунан шаарда баңгизаттар, психотроптук дары-дармектерди жасап сатуу менен шугулданган бир уюшкан жашыруун топ бар экендиги жөнүндө маалымат келип түштү. Акыркы күндөрү бул топ жөнүндө улам бир жерде айтыла калып жатканы менен "эмне болгон топ, кайсы аймакта, кимдер менен иштешет, мүчөлөрү кимдер?" деген өңдүү суроолорго такыр эле жооп табылбай жатты. Дал ушул маалыматтын үстүндө баш катырып жүргөнүндө баягы нашакор эки баланын бирин кармап албадыбы. Болгондо да кайрадан түн ортосунда ошол медборбордон чыгып келе жаткан жеринен. Дагы чегип алган экен. Бул ирет жигит алаңдап коркуп кетти. Ошол жигитти машинасына салып алып, жакшылап чегип сураштырып көрдү.
– Кыйшаңдап, мышык-чычкан ойнотуп жашырыштын кереги жок. Чынын айт, дозаны ушул борбордон алып турасың, туурабы?
Демите тиктеп калган кылмыш иликтөөчүнүн көз карашына туруштук бере албай, тигил көзүн алакача кыйкырып кирди:
– Коё бер мени! Билесиңби, мен кимдин баласымын?!
– Сенин кимдин баласы экениңди урганым жок! Давай, айт! Дозаны кайдан аласың? Кандай баңгизатты колдоносуң? Жооп бербесең коё бербейм!
Баңгиге башы тумандаган жигит жанагы медборбордон героин алып тураарын мукактанып жатып айтып берди. Бул жигит менен сүйлөшүп, байланышып, маалымат алып тураарын макулдашып алып коё берген.
Ошентип, ал аркылуу адам акылына сыйбас кылмыштын бетин ачууга жакындап калгандыгын азыр Керим жакын досу Русланга айтып жаткан кези эле.

КҮНДҮЗҮ ЭЛ ДАРЫЛАП, ТҮНКҮСҮН НАШАА САТЫШАТ
Эртеси жанагы жигиттин досумун деп калп айткан Керим ага кошулуп түнкүсүн баягы медборборго кирип чыкты. Тышта кайтарып отурган Русланга көргөндөрүн айтып түгөтө албай жатты.
– Ой, шумдугуң кургур, буларды доктурлар деп айтууга ооз барбайт. Тимеле карышкыр болуп кетишиптир. Кардарлар жөнүндө толук маалыматтарды компьютердеги архивге киргизип, даректерин каттоого алып турушат экен. Калпым ачылып кала жаздабадыбы. Шек алышпасын деп нашаа сатып алдым. Түнү бою героин жасап сатышат экен. Ал эле эмес, соо пациенттерине жашыруун баңгизатын куюп, өзүлөрүнө биротоло байлап алышат өңдүү. Жанагы шордуу жигит министрдин уулу экен. "Бул ооруканага бөйрөгүм ооруп келгем. Ага чейин мектепте балдар менен кызыгып тартып калчубуз. Бирок, атам бир ирет кармап алып катуу урушкандан кийин таштап койгом. Кайра кандайча мындай балекетке илинип калганымды билбейм. Сыягы, бөйрөгүмдү дарылап жатканда героинди атайын сайып жүрүп нашакор кылып алышкан окшойт. Байкап калып, сотко берем деп жулунганымда мени дарылаган доктур мисирейе: "Бизге алың жетпейт. Эртең эле жанталаша жардам сурап келесиң. Кыйшаңдасаң баңгизаты менен карматып, каматып таштайбыз. Ал аз болсо, атаңды иштен ыргытып жибергенге да алыбыз жетет",- деп коркуткан. Алардан коркуп деле калган жерим жок. Бирок, баңгизатына биротоло байланып калдым. Азыр булардын бетин ачып бергеним менен өзүмдүн айламды таппай калам. Себеби, булар акчаң жок болсо, күрөөгө буюм алып, карызга деле бере беришет",- деп оозумду ачырды.
Байкап көрсөм, кардарлары жалаң эле жаштар экен. Азыр жетекчиликке айтып, байкатпай басуу керек буларды.

ЖӨПЖӨНӨКӨЙ КЫЛМЫШ ИЛИКТӨӨЧҮ
Ыкчам иликтөөчү топ келип басып калганда доктурлардын ооздорунан Алласы түшө отуруп калышты. Тинтүүгө алышканда медборбордун ичинен 20 килограмм героин, дагы бир топ баңгизаттын түрлөрү, психотроптук дары-дармектер, ийнелер, көп суммада акча табылды. Жамандыкты жаап-жашырып болбойт экен. Кылмыш иликтөөчүлөрдүн тергөөгө тоскоол болушат деп «көпчүлүккө, айрыкча журналисттерге тергөө бүткүчө билдирбей туралы» деген аракеттеринен майнап чыккан жок. Эртеси эле шаардык ИИБдин, медборбордун эшигин жоон топ журналисттер басып калышты. Ал эми жөнөкөй клиникаларга барбай, бул медборбордун кызматынан пайдаланган үйбүлөлөрдүн үрөйлөрү учуп, балдарын наркодиспансерге жетелеп барып текшерте башташты. Айткандай эле алардын он чактысы нашакор экендиктери аныкталып, ансыз деле бул маалыматтан гүүлдөп жаткан шаар ичи чуу түшүп жатып калды. Ал эми күндүзү ак халат кийип өмүр сакчысы аталып, түнкүсүн болсо баңгинин тозоктуу сазына далай бейкүнөө жаштарды батырып акча таап жаткан алты доктур, төрт мээрман айым камакка алынышты. Мындай үрөйдү учураар оор кылмыш иши сыртынан жөпжөнөкөй көрүнгөн кылмыш иликтөөчүнүн кыраакылыгынан улам ачылды.

Даярдаган Айбек Нурадилов, Сүрөтчү Ренат Мамытбеков

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 266, 7-13-декабрь, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан