Съездбек Искеналиев: «ӨМҮР БОЮ ЭСТЕ КАЛААРЛЫК ШОУ ӨТКӨРӨБҮЗ»

Тынчтыкбек Кожобеков менен Съездбек Искеналиев бүтүрүүчүлөр үчүн уюштуруп жаткан бул кече Кыргызстанда биринчи жолу өткөнү турат. Бул кечеге келгендер жөн гана көңүл ачып кетишпестен, дал ушул жерден өздөрүнүн келечегине алгачкы кадамдарды ташташы мүмкүн. Кандайча дейсизби? Ал жөнүндө сизге бул долбоордун уюштуруучуларынын бири Съездбек Искеналиев айтып берет.

– Съездбек, Тынчтык экөөң биргеликте “Алтын кеч-2007” аттуу шоу-бал өткөрүп жаткан экенсиңер. Бул долбоордун идеясы кимдики эле?
– Долбоордун идеясы Тынчтыктыкы. Мындай кече башка коңшу өлкөлөрүбүздө мамлекеттик деңгээлде өтөт экен. Бизде мамлекеттик деңгээлде өтпөсө да колубуздан келишинче бүтүрүүчүлөргө арнап ушул шоуну уюштуруп берүүнү чечтик. Бул шоуга мектеп бүтүрүүчүлөрү гана катыша алышат.
– Алар бүтүрүүчү экенин кантип далилдешет?
– Катышууну каалагандар алгач бизге келип, анкета толтурушат. Ал толтурулган анкетасы “Алтын кеч– 2007” шоу-балынын маалыматтар базасына киргизилет.
– Шоу кандай тартипте өтөт?
– 21- июнь күнү “Алтын казына” ресторанында өтө турган 6 сааттык бул кечеге кыргыздын мен-мен деген жылдыздары катышат. Мындан тышкары бүтүрүүчүлөр алты саат ичинде ар кандай кызыктуу оюндарга, конкурстарга, жана башка толгон-токой кызыктарга күбө болушат. Киргенде эле жагымдуу маанай тартуулоо үчүн ресторандын кире беришине кыпкызыл розаларды төгүп коюуга аракет кылып жатабыз. Келгендер ресторанга өздөрү таштап кеткен анкета аркылуу киришет жана ашыкча бир да адам киргизилбейт. Ошентип, киргенден баштап алты саатка чейин бүтүрүүчүлөрдүн жоопкерчилигин толук бойдон өзүбүз моюнубузга алабыз. Ал эми кече бүткөн соң ар бир бүтүрүүчүнү өзүбүз бекер таксиге салып, анкетадагы телефон боюнча ата-энелерге “балаңарды тосуп алгыла” деп кабарлап коёбуз.
– Кандай конкурстар жана приздер болот?
– Конкурстун көп түрү болот. Мисалы, транспорттун өзгөчө түрү менен келгендерге конкурс жарыяланат. Өрт өчүргүч, же “Тез жардам” машинасын айдатып, ошондой эле ат араба, эшек араба менен келгендерди өзгөчө приздер күтөт. Мындан башка ыр, бий конкурстары, чач жасалгасы, оригиналдуу кийим боюнча конкурстар өткөрүлөт. Приздерибиз да эч кимди кош көңүл калтырбайт. Башкача айтканда, компьютерлер, Ысыккөлгө эс алуу жолдомолору, мобилдик телефондор, уюлдук телефон аркылуу бир айга бекер сүйлөшүү жана эң негизгиси миң доллар акчалай приз ойнотулат. Кыскасы, бул шоу-бал бүтүрүүчүлөрдүн эсинде өмүр бою сакталып калат. Бул жерден бүтүрүүчүлөр келечектеги өмүрлүк жарын, келечектеги досун, балким группалашын жолуктурушу мүмкүн.
– Бул кеченин ханы менен ханышасын аныктоо жөнүндө да айткан элеңер. Буларды кандай талаптар аркылуу тандайсыңар?
– Бул үчүн атайын кастинг жүргүзүлөт. Кастингге катышуучулардын сүрөттөрүнөн алгач сырткы келбетине карап тандалат да, анан алардын кругозору, өзүн алып жүрүшү, мүнөзүнө карап аныктайбыз.
– Тамак-аш жагы кандай болот?
– Ал жагынан кам санабай эле коюшса болот. Дасторконго салаттын түрлөрү, биринчи, экинчи тамак, суусундуктар коюлат. Бир гана спирт ичимдиктери болбойт. Сырттан мас болуп келгендерди болсо эшиктен киргизбейбиз.
– Ушунча чыгым жасап уюштуруп жаткан соң кирүү акысы да кымбат эле болсо керек?
– Биз бүтүрүүчүлөр арасынан сурак жүргүзсөк, баары эле арзанына качырышып 500 сомдон ашык айтышпайт. Бирок, бул 500 сомдук шоу эмес. Азырынча билет баасын так аныктай элекпиз. Ошентсе да 1000 сомдон жогору болоору бышык. Билет баасы, негизи эле бул долбоор боюнча кенен маалымат алууну каалагандар 0503182543, 0543918309, 0555771228 телефондоруна чалышса, бардык суроолор боюнча жооп берүүгө даярбыз.


АССОЛЬ СТИЛИН ӨЗГӨРТТҮ

Белгилүү шоу-вумен Ассоль Молдокматова сары чачтуудан кара чачтууга өтүп, имиджин өзгөрттү. Мындай бурулушка сүйүктүүсү Замирдин Ассолго берген кеңеши себепчи болгон. Ассолдун чачы гана эмес, кийинүү стили да өзгө­рүлдү. Башкача айтканда, мурда шоу-вуменди европалык стилде көрүп жүргөн болсок, эми аны чыгыш стилинде көрүү­гө болот. Ошондой эле Ассоль алты килограммга арыктаганын да айтып өттү. Анын бул жаңы көрүнүшү тууралуу достору, туугандары оң пикирлерин айтып жатышат.

“СЕМА” ТОБУ АСТАНАГА КЕТЕБИ?

Кыздардын сүйүктүү “Сема” тобун казакстандык продюсерлер көп акча сунуштап, иштешүүгө чакырган. Сема бул сунуш боюнча көпкө ойлонуп, Астанага алгач иниси Жанарбекти жиберүүнү чечти. “Биринчи Жанарбек барып көрсүн, ал жакта кандай өзгөчөлүктөр, кандай жеңилдиктер бар экенин. Эгерде чындап ал жакта жумуш жакшы болсо, кийинчерээк өзүм да кетишим мүмкүн,”-деп билдирди ырчы.


ГҮЛНАРА ТОЙГОНБАЕВА СТУДЕНТ БОЛДУ

Жалпы Кыргызстан тааныган белгилүү ырчы айым Гүлнара Тойгонбаева учурда Президенттин алдындагы башкаруу академиясынын менеджер бөлүмүндө окуп жатат. Гүлнара айымдын сабагы кечки алтыдан тогузга чейин болот. “Искусстводо арт-менеджер керек деп ойлойм. Анан да арт- менеджердин жумушунун ырчылык кесип менен байланышы бар. Эч качан бири-бирине тоскоол болбойт. “Артык дөөлөт баш жарбайт” демекчи, дагы бир дипломдуу болуп алсам зыяны жок”,-дейт ырчы айым. Ошентип, Гүлнара эжекебиздин сабакты калтырбай жакшы студенттердин катарында окуп жаткан кези.
Буюрса, ырчы бир жылдан кийин окуусун аяктайт. Айта кетсек, Гүлнара Политехникалык окуу жайдын курулуш боюнча инженер-экономист бөлүмүн аяктаган.


АФЕРИСТТЕР ОШТО ИРЛАНДЫН “ЖЕКЕ КОНЦЕРТИН” ӨТКӨРҮШТҮ

Өткөн жумада жаш ырчы жигит Ирлан Таалайбековго Оштон концертке чакыруу келген. Ал концерттин уюштуруучусу менен Ирландын продюсеринин сүйлөшүүсү боюнча бүтүрүү­чүлөргө арналган бул концертте Ирлан эки ыр ырдап бермей болгон. Ал эми концерттин уюштуруучулары Ирланга көп суммадагы гонорар төлөп бермей болушкан. Бирок, концерт жакындаганда ырчы жагымсыз жаңылык уккан. Көрсө, Оштогу концерттин уюштуруучулары афишага “Ирлан Таалайбеков “Окуучу кыз” деп чоң тамгалар менен жазып, Ирландын жеке концерти катары элди алдап чакырышкан экен. Ошентсе да Ирлан менен продюсери убада боюнча барышкан. Бирок, айтылган гонорарды толук төлөп беришпегендиктен, Ирлан концерттин биринчи күнүнө катышып, экинчи күнүнө катышпай келе беришкен. Азыр Ирлан менен продюсеринин би­рөө­нүн атын пайдаланып пайда кө­рүү­нү каалаган аферисттерге нааразы болуп отурушкан чактары.


МЕРГЕН ТУРГАН КАЗАКЧА АЛЬБОМ ЧЫГАРАТ

Белгилүү ырчы Мерген Турган казак тилинде “Кубанычтуу күндөр” деген альбом чыгаруунун алдында турат. Бул альбомдо казакча ырлар да камтылган. Андан сырткары Мерген мырза Чымкентте өзүнүн жеке концертин берип келди. Эми Кыргызстанды түрө кыдырып, кыргыз элин ырга суугарып келген соң, күзүндө өтүүчү жеке концертине даярданмакчы. Демек, Мергендин ийгилигине күзүндө күбө боло алабыз.


“ЖАШ КЫЯЛ” БИЙ ТОБУ КОНКУРСКА КАТЫШЫП КЕЛДИ

Анара Сартбаева жетектеген “Жаш кыял” бий ансамбли Чымкентте өткөн Орто Азия элдеринин эл аралык “Буран Бел” аттуу бийчилердин чоң конкурсуна катышып, 3-орунду алып келишти. Бул 18 жаш курактагы “Жаш кыял” бий ансамблинин кыздары ушундай жетишкендиги үчүн диплом жана акчалай сыйлык менен сыйланышты. Албетте, кыргыз мамлекетинин атынан барып, намысыбызды коргоп келген кыздарга “баракелде” демекчибиз.


АЛЕКС ЭКИНЧИ ПЛАСТИКАЛЫК ОПЕРАЦИЯ АЛДЫНДА ТУРАТ

Улуту орус болсо да кыргыз тилинде түш жоруган, сахна босогосун жаңыдан аттаган ырчы жигит Алекс мындан 2-3 ай мурун эле кулагына операция жасатып, анысы ийгиликтүү болгон. Эми минтип экинчи пластикалык операцияга моралдык түрдө даярданып жаткан учуру.
Байкагандар болсо Алекстин муруну чоң болуп жана оң жакка бир аз кыйшайып турчу. Ошондуктанбы, жакшы дем ала албай калганы байкала баштаган. Мындай калыпта жүрө берсе, ырчынын карьерасына чоң тоскоолдук болмок. Ошондуктан, продюсери Ассоль Молдокматованын демөөр­чү­лү­гү менен Алекс мурунун түз­дөө жана бир аз кыскартуу үчүн операция алдында турат. Бул оңой эмес операцияны үч хирург жасашат жана аз эмес суммадагы акчаны талап кылат. Бул сумма албетте, Ассоль айымдын чөнтөгүнөн кетмекчи.

Маектешкен Азиза Сатимбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 238, 25-31-май, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан