АНЖЕЛИКА ЕГИПЕТТЕН КЕЛДИ

Жыл жаңыраарда Анжелика Урмат аттуу жигит менен баш кошуп, турмуш жолуна аттанган эле. Үйлөнүү тоюнда жаш жубайларга туугандары Египетке жолдомо белек кылышкан. “Жолдошум менен дүйнөнүн эң кооз жерлеринин бири Каирде бал айыбызды өткөрүп келдик»,-дейт ырчы бул тууралуу. Учурда Анжелика бактылуу эс алуудан келип, бүтүрүү экзамендерине кызуу даярдык көрүп жатат. Келечекте өлкө­бүздүн мыкты окуу жайларынын биринде студент болуп, билим алууну пландаштырууда. Айта кетчү нерсе, Анжелика азыркы тапта жаңы күч, жаңы дем менен чыгармачылыгына да киришкени турат. “Үч жаңы ыр жаздырып, бир клип тарттырдым, анан да жакын арада жеке концертимди берүү­нү пландаштырып жатам»,- дейт ырчы.


ЧЫҢГЫЗ 5-КАНАЛДЫ ЧАНДЫБЫ?

Ырчы жана “Кыргызстан Обондорунун” ди-джейи, көптөгөн кыздардын кумири Чыңгыз Мырзаев жакшы эле ди-джейликтен телеалпаруучулукка кадам таштады эле. Башкача айтканда, 5-каналдын маалымат программаларына алпаруучулукка чакырылган. Ал жакта бир жумадай иштеп, өзү которгон тексттерин эфирден окутканга жетишкен. Зээндүү баланы жетекчилик да байкап, дароо эле жумушка кабыл алышкан. Бирок, Чыңгыз кайра ойлонду да, өзүнүн көнгөн радиосуна кетип калды. Анткени, таланттуу ди-джей радиого аябай үйрөнүп калгандыктан, аны таштай албай койгон.


КУНДУЗ ТҮРКИЯДАН КАЙТЫП КЕЛДИ

Кыргыз-Түрк “Манас” радиосунун продюсери, Саламат Садыкованын улуу кызы Кундуз Авашова жакында эле Түркиянын мамлекеттик ТРТ телеканалынан адистикти жогорулатуу үчүн стажировкадан өтүп келди. Ал жактагы кесиптештеринин иштөө ыкмаларынан үлгү алып, программалардын эфирге даярдалышы, чыгышы тууралуу кенен маалымат алууга мүмкүн­чүлүк алды. Андан тышкары Ататүрк маданий борборуна зыярат жасап, куржуну китептерге, белектерге толуп, маанилүү, белгилүү инсандар менен таанышып, маектерди жаздыра келди. Иш сапары Түркиянын Эгемендүү­лүк жана балдар майрамына дал келип, Анталья шаарында өтүп, 50дөн ашык мамлекет катышкан Эл аралык фестивалдын да катышуучусу болуп калды. Ошондой эле Анталья шаарында үч жылдан бери эмгектенип келе жаткан бир тууган сиңдиси Махабатка да жолугууга мүмкүнчүлүк түзүлүп, кубанычына кубаныч кошулду.


БЕГИМАЙ АСТАНАДА ӨТҮҮЧҮ КОНЦЕРТКЕ КАТЫШАТ

Жаш ырчы кыз Бегимай Бекбоева учурда Кыргызстанды аралап өзүнүн жеке концертин берип жүргөн учуру. Былтыр ноябрь айында Астанада болуп өткөн концертке Бегимай да катышып келген эле. Ошондогу Бегимайдын үнү же сулуулугу казак ырчыларын арбап алганбы, айтор, жаш ырчы кызыбызды кайрадан концертке чакырып жатышыптыр. Мындай сунушту Бегимай четке какпай, конок катары ырдап берүүгө макул болду.


ИЛЬЯЗ АНДАШ ЧАЧЫН АЛДЫРДЫ

Жаңыдан чыгып келаткан жаш ырчы Ильяз Андаш учурда Каракол шаарында альтернативдик аскер кызматын өтөп жатат. Кызмат өтөө менен бирге эле ырчы чыгармачылыгын чогуу алып кетээрин билдирди. Аскерлердин катарына кошулган Ильяз да аскердик тартипке баш ийип чачын алдыртып салды. Ал эми продюсери Тынчтыкбек Кожобеков Ильяздын чачын алдыртып салганын угуп өкүнүп жатат.


“КЫЗ-БУРАК” СОТТОН УТУП АЛДЫ

Даңазалуу “Кыз-Бурак” тобунун көркөм жетекчиси топтун ар намысын, абийирин мыйзам чегинде коргоо үчүн акыркы жылдарда «Кыз-Бурактын» кыздары жөнүндө ар кандай жалган айың-ушактарды токуп, элге жайып жүргөн Матраимова Бурулча аттуу айымды кармап, сотко берген эле. Соттук териштирүүдөн соң, ал аялдын келтирген моралдык зыяны үчүн «Кыз-Буракка» 200 миң сом өндүрүп берүү жөнүндө соттун чечими чыкты.“Кеп өндүрүлүүчү акчада эмес, айтылган жалган ушактарда. Жагымсыз маанай жаратып, тобубуздун чыгармачылык жактан өсүп-өнүгүшүнө терс таасирин тийгизүүдө жана кыздардын аброюна шек келтирип жаткандыгында. Көрө албастыктын, карасанатайлыктын да чеги болот. Кээ бирөөлөр чектен чыгып кетти. Максат ошондойлордун ноктосун тартып коюу”,- дейт топтун жетекчиси Гүлшайыр Садыбакасова.
Матраимова Бурулча соттук териштирүүдө бул ушактарды белгилүү куудулдан уккандыгын билдирип, аны сотко чакыруу аракети башталганда “ал айткан эмес, өзүм эле айткам” деп сөзүн кайра алган. Бирок, Гүлшайыр Садыбакасова «Кыз-Бурактын» көп жылдан бери жараткан ийгиликтерин, кыздардын аруу тазалыгын, адептүү жүрүм-турумдарын көрө албагандар куудулдардын арасында да бар экендиги чын дейт. Себеби, ошол куудул сөрөй менен иштеп кеткен балдар “жетекчибиз сизди, “Кыз Буракты”көрө албайт. Эки сөзүнүн биринде силерди жамандап, каралап турат” деп айткандарынан улам, иликтөө жүргүзүп жаткандыгын, жетиштүү далил чогулганда аны да сотко берип, мыйзам чегинде айыпка тарттыраарын билдирди.


ЭРНИС КАТУУ КЫРСЫККА УЧУРАДЫ

“Сүрөтүңө” аттуу атактуу ырдын жаңыча варианты менен кайрадан эл оозуна алына баштаган ырчы Эрнис Бөрүбаев жакында кырсыкка учурады. Ал “Мазда” маркасындагы машинасына апасын, үйбүлөсүн салып алып Оштон келе жаткан эле. Алар Бишкекке жакындап, Беловодск айылына келип калышканда каршысынан катуу ылдамдык менен чыккан ак түстөгү “Нива” машинасы Эрнистин машинасын катуу коюп кеткен да, токтоп, жабыркагандарга жардам көрсөтүү­нүн ордуна көздөн кайым болуп качып кеткен. Бул учурда түн бир оокум болгондуктан, машинанын номерин көрө албай калышкан. Бирок, машинанын ичиндегилер милиция формасындагылар экенин көрүшкөн. “Мазда” майышып, айдаганга жарабай калгандыктан, шаарга тарттырып келип, тетиктерге бөлүп сатып жиберген. “Өзүбүздүн аман калганыбызга тобо кылып, эч кандай милицияга билдирип, арызданган жокмун. Ким болсо да Кудайга койдум”,- дейт Эрнис бул каргашалуу окуядан кийин. Азыр ырчы башка машина сатып алуунун аракетин көрүп, катуу иштеп жатат.


Ноябрдагы оппозициянын жети күндүк митинги эсиңизде болсо керек. Ал эми ошол митингдин гимни катары жети күн бою жаңырган “Кыргызстан” аттуу ырчы? Албетте, эсиңизде. Дал ошол ырдын аткаруучусу Кочкоратанын кулуну Кумар Асанов өткөн митингдин азыр да өзүнө анча-мынча тескери таасири тийип жаткандыгы жөнүндө айтайын деп редакциябызга баш баккан экен.

Кумар Асанов: «АЯНТКА БАРЫП ЫРДАП БЕР» ДЕП КӨП АКЧА СУНУШТАШТЫ»

– Кумар, митинг жүрүп, сенин ырың Кыргызстан боюнча дүңгүрөп жаткан кезде сен кайда элең?
– Бишкекте эле болчумун. Ал кезде биз апам, бир туугандарым болуп жаңы эле Жалалабаттан көчүп келген элек. Ырды укканда мага бир чети жагымдуу болсо, бир четинен жагымсыз болду. Жагымдуусу, албетте, менин аткаруумдагы ыр бүткүл Кыргызстан боюнча эле эмес, башка мамлекеттерде да теледен жаңырып турганы болду. Ал эми жагымсызы, жакшынакай эле эл-жерди, кыргызды даңктаган ырымдын “оппозициянын ыры”, “оппозициянын гимни” деген атка конуп калышы болду. Теледен да “оппозиция өздөрүнүн гимни менен келе жатышат” деген сөздү укканда жаман болуп кетип жаттым. Оппозиция тараптан үйгө чейин келишип: “Жүрү, аянтка барып ырдап бер” деп көп акча сунушташты. Бирок, мен аянтка барып ырдоону туура көрбө­дүм. Агайым менен апам да каршы болушуп, митинг бүткөнгө чейин мени көчөгө чыгарбай үйдө кармап отурушту.
– Ушул митингден кийин өзүңдүн эл арасында бир топ популярдуу болуп калганыңды сездиңби?
– Ошондой болду окшойт. Митингден кийин көчөгө чыгып: “Оппозиция келатат”, “Кыргызстан” келатат” деген сөздөрдү көп укчу болдум. Ал эле эмес, “мен сага продюсер болоюн” деп келгендердин да саны арбыды.
– Бирок, ушундан кийин сени теледен чыгарбай коюшуптур дейт. Ошол чынбы?
– “Кыргызстанды” клиби менен мурун теледен көп эле берчү. Митингден кийин эле теледен да, радиолордон да алдырып салышыптыр. Эми менде эч кандай күнөө жок да.
– Негизи, “Кыргызстан” качан жазылган эле?
– Бул ырдын сөзү, обону мени 9 жашымдан бери тарбиялап келе жаткан устатым Акылбек Айтиевдики. Ал мага ырды 8-класста окуп жаткан учурумда эле жаздырып берген. Ушул ыр менен эл аралык фестивалдан Гран-прини алып, Нурлан Тиллебаев ырга 2005-жылы клип тарттырып берген.
– Мындан башка да ырларың барбы?
– Азыр төрт ырдын үстүндө иштеп жатам. Алардын экөөсү, “Кыргызстан” менен “Кусалык” аттуу ырларым элге белгилүү.
– Учурда эмне жумуш кылып жүрөсүң?
– Мектепти былтыркы жылы бүткөм. Бир жылдан бери чыгармачылыктын үстүндө иштедим. Быйыл Искусство институтуна тапшырып, чыгармачылыкка катуу киришейин деп жатам.

Маектешкен Азиза Сатимбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 239, 1-7-июнь, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан