МИРБЕК КЫРГЫЗСТАНДЫ КЫДЫРАТ

Мирбек Атабеков продюсери менен кошо түштүккө болгон гастролун баштады. 7-июнда өткөн гастролдун алгачкы күнү Токтогул жергесинен башталды. Эми ырчы түштүктүн чоң-чоң шаарларынан тартып райондун борборлоруна чейин барып, Баткенден кайтып келет. Андан соң түндүк жергесин кыдыруу башталат. Ошентип, бир айга уюшулган гастроль аягына чыккан соң Мирбек чакыруу боюнча Казакстандын шаарларына барып концерт коюп келмекчи.


ЧОЛПОН КИЙИМДЕРИН ЖОГОТТУ

Эл оозуна алынып калган таланттуу ырчы кыз Чолпон Чотбаева жакында Чолпоната шаарында өткөн концертте кийимдерин жоготту. Бул концертте жалаң мырза ырчылардын арасында Чолпон эле болгон жана бардыгы бир бөлмөгө кийимдерин чечип калтырышкан эле. Кызыгы, ошончо ырчылардын кийимдеринин арасынан жалгыз Чолпондун кийимин салынган сумкасы менен кошо уурдап кетишкен. Ошентип, Чолпон Бишкекке сахнага кийип чыккан кийими менен кайтып келди.


САМАТ ЕГИПЕТКЕ КЕТЕТ

Ырчы жигит Самат Долотбаков ушул жылы экономика тармагы боюнча магистратураны аяктады. Ушуга байланыштуу Саматка Египеттен жолдомо келип, кийинки жумада ырчы сапарга чыкканы турат. Ал жакта Самат жарым жыл өз кесиби боюнча иштейт. Жолкиреге кеткен 500 долларды Самат өз чөнтөгүнөн чыгарды. Калган жоопкерчилик аркы тараптын моюнунда. Ал эми чыгармачылыгы боюнча продюсери кам көрүп тураарын да ырчы айтып өттү.


АЙНУР ТУРДУ КЫЗЫ ТИЛ ҮЙРӨТҮҮГӨ КИРИШТИ

Гезитибиздин өткөн сандарынын биринде Айнур Турду кызынын “Аккуу” деген аталыштагы Кытай-Кыргыз-Түрк туристтик компаниясын ачкандыгы тууралуу кабарлаган элек. Азыр бул компаниянын аты “AYRYS” деп өзгө­рүлүп, анын алдында тил үйрөтүүчү мектеп да ачылды. Бул мектепте кытайдан келгендерге орус тилин, ал эми кытайга камынып жаткандарга кытай тилин үйрөтөт. Андан тышкары Үрүмчү айыл-чарба университети менен түзгөн келишимдин негизинде ар жылы 30 студентке билим алууга шарт түзүп, керектүү документтерин толтуруп берет. Учурда бул окуу жайга барууга 19 адам камынып жатат.


АЙЖАН ЭМИ ТЕЛЕАЛПАРУУЧУ БОЛОТ

Таланттуу ырчы айым Айжан Газиеваны жакында көгүлтүр экрандан телеалпаруучу катары көрүп калабыз. Анткени, жакында “Бардык доор үчүн музыка” аттуу жаңы долбоор ачылмакчы. Орус-кыргыз тилиндеги бул долбоордун орусча бөлүгүн Айжан алып бармакчы.
Долбоордун аты айтып тургандай эле мындан ар кайсы мезгилге тиешелүү ырларды уга алабыз.


НУРЛАН АВТОКЫРСЫККА КАБЫЛДЫ

Май айынын соңунда жаш ырчылар “Делбирим” тобу, Сауле, Нурлан Алдаяровдор болуп Каракол шаарына концерт койгону барышкан. Концерт бүткөн соң Нурлан продюсери менен түнкү саат он экилерде Тамга айылында келатып автокырсыкка учурашты. Кесепеттин айынан машина жараксыз болуп калган. Учурда Нурлан продюсери менен аман калгандарына тобо кылып отурушкан чактары.


ЭРМЕК КОНКУРСТАН 3-ОРУНДУ АЛЫП КАЙТТЫ

“Браво” телеберүүсүнүн алпаруучусу Эрмек өзүнүн жогорку интеллектуалдык деңгээлин далилдеп келди. Көлдөгү “Аврора” пансионатында укук боюнча Орто Азия мамлекеттер аралык конференция өткөн эле. Катышуучулардын билим деңгээли менен кошо артисттик чеберчилигин сынаган бул оюн түрүндөгү конкурстан үч баладан турган Эрмектин командасы 3-орунга ээ болду. Бул конкурска төрт мамлекеттен 16 команда катышкан. “Бравого” өткөн жумалардын биринде Эрмектин чыкпай калганынын себеби да ушуга байланыштуу болгон эле.


АЛМАЗ АБДЫЛДАЕВ ТАКСИСТ БОЛДУ

Бир кездерде “Тамчы” аттуу ыры менен көп­чүлүккө таанымал болгон ырчы жигит Алмаз Абдылдаев жыл башында “Фольксваген” маркасындагы машина сатып алган эле. Учурда чыгармачылык иштеринен арткан убактысын текке кетирбей, эл ташып да кызмат кылып жүрөт. Бул тууралуу: “Таксист болуп элге кызмат көрсө­түүнүн өзү кызыктуу экен. Кээде кардарларым таанып калса уялып калам, бирок, кассета, автограф сурашса кайра сүйүнүп калам. Кыскасы, кызыктуу окуялар көп эле болот экен”,- дейт ырчы.


ЫРЧЫЛАР РИНГГЕ ЧЫГЫШАТ

Ырчылар ырдап эле тим болбой, рингге чыгышып, бокс боюнча күч сынашат. Чоң концерттик программа коштогон бул шоу күз мезгилинде өтмөкчү. Азыр ырчылардын бир канчасы, тактап айтканда, Чыңгыз, Ильяз, Султан, Урмат, Мирбек өңдүүлөр рингге чыгууга өз макулдуктарын билдиришип, моралдык жактан даярдана башташты. Бул бокско катышууга мүмкүнчүлүк алуу үчүн сөзсүз түрдө медициналык текшерүүдөн өтүш керек. Бул текшерүүдөн өткөндөр салмактарына карап бөлүштүрүлүп, андан соң профессионалдуу машыктыруучулардын колуна барышат. Баса, бул шоуну белгилүү продюсер Ильяс Адамовдун уюштуруп жатканын белгилей кетели.


ЖАКУТ СЫДЫКОВ:

«ЖАҢЫ ДЕМ МЕНЕН ЧЫГАРМАЧЫЛЫККА КИРИШТИМ»

Кызыл гүлүн колунан түшүрбөгөн куудул жигит Жакут Сыдыков ортодо дайынын чыгарбай кетти эле, жакындан бери сахнада кайрадан пайда боло баштады. Анткени, Жакут куудул кыз Назира Жетигенова менен тандем түзүп, экөө тыгыз иштеше башташты. Бул тандем өзүнүн күлкүлүү сатиралары менен эл оозуна алынганга да жетишти.

– Жакут, Назира Жетигенова менен кандайча тандем түзүп калдың эле?
– Бул идея “Бири куудул, бири ырчы, эл тараза, эл сынчы” аттуу фестивалдан пайда болгон. Ушул долбоор менен Ошко барганыбызда Назира эженин өнөгү Жаныбек Аттокуров бошобой калып, анын ордуна Назира эже менен мен интермедия ойноп калгам. Менин өнөгүм Фарида Карбосова да барбай калгандыктан, Назира эже мага жардамдашкан. Ошол жерден чогуу иштөө жөнүндө идея келип, өз алдыбызча тандем түзө койгонбуз.
– Канчага чейин чогуу иштешебиз деген оюңар бар?
– «Бир баш жакшы, эки баш андан жакшы» демекчи, жалгыз иштегенге караганда шеригиң болсо жакшы экен. Андыктан, бери эле болгондо беш жыл чогуу иштейбиз деген тилегибиз бар.
– Тандем түзүлгөндөн бери чыгармачылыгыңда кандай өзгө­рүүлөр болду?
– Назира эже экөөбүздүн чогуу иштей баштаганыбызга эки гана ай болсо да, менин чыгармачылыгымда чоң өзгөрүү болду. Жаңы күч, жаңы дем менен кайрадан чыгармачылыкка кириштим. Анын үстүнө, Назира эже менен иштешүү аябай жеңил экен. Буга чейин кандай кыз менен иштешсем сөзсүз маселе жаралчу. Анткени, жубайым кызганыч жагынан өтө «таланттуу». Жакшы жери, Назира эжеден кызганбайт. Өзү да: “Жакут, мен сени бардык кыздардан кызганчу элем, негедир Назира эжеден кызганбайм”,- деп таңкалып коёт.
– Силер ойногон сатиралар сеникиби же аныкыбы?
– Азыр экөөбүздүн төрт сатирабыз бар. Анын ичинен бирөөсү меники, бирөөсү аныкы, экөөсү экөөбүздүкү. Экөөбүз бири-бирибиздин үйлөрү­бүзгө барып, көбүнчө чогуу болобуз. Жеке ушунун айынан эми турагымды алмаштырайын деп жатам. Көкжардан Акбосогого көчүп кеткен элем. Назира эже Көкжарда жашайт экен. Эми мен да кайра мурдагы жагыма көчөйүн деп турам.

Маектешкен Азиза Сатимбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 240, 8-14-июнь, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан