«АЛТЫН КЕЧ-2007» ДОЛБООРУ БОЛБОЙ КАЛДЫ

Достор Тынчтыкбек Кожобеков менен Съездбек Искеналиев “Алтын кеч-2007” жаңы долбоорунун үстүндө иштеп жатышканын буга чейин бизге айтышкан эле. Тилекке каршы, бул долбоор быйыл аягына чыкпай калды. Мунун себебин уюштуруучулар: “Долбоорду өтө эле кеч баштап алыптырбыз. Көрсө, бүтүрүүчүлөр 2-3 ай мурун эле өздөрү уюштурган кечелерге акчаларын чогултуп коюшуптур. Биздин билет үчүн 1500 сом төлөп, эки эсе чыгым болууну эч ким каалаган жок”,-деп түшүн­дүрүштү. Буюрса, кийинки жылы сентябрь айынан баштап эле даярдык көрө баштоону пландаштырып жатышат достор.


БАХТИЯР ТОКТОРОВ ЧОҢ ҮЙ САТЫП АЛДЫ

Белгилүү ырчы Бахтияр Токторов жакында эле шаардагы үйүн сатып, Сокулук районунун борборунан чоң үй сатып алды. Жаңы үйүнүн бакчасы чоң болгондуктан, ырчы алма, өрүк, шабдаалы да тигип койду. Аны менен кошо картошка, сабиз, пияз, кулпунай эгип, үйүнө түлөө өткөрүп, элдин батасын да алганга жетишти. Эми Бахтияр чоң үйгө кирип, көңүлү жайланып калгандан кийин чыгармачылыгынын 15 жылдык юбилейине даярдана баштайт. Айта кетсек, Бахтияр мырза июль айында жыл сайын өткөрүлүп, салтка айланып калган “Ак жол сага, абитуриент” аттуу концертин күйөрмандарына тартуулайт.


АЛЕКСЕЙ ФИЛАТОВ АВТОКЫРСЫККА КАБЫЛДЫ

Телеалпаруучу Алексей Филатов 9-июнь күнү автокырсыкка кабылды. Кырсык болгон күнү ал Токтогул менен Турусбеков көчөлөрүнүн кесилишинде машинасы менен кетип бара жатканда астынан чыккан “Ауди 100” маркасындагы машина коюп кеткен. Алексей да, аны сүзүп кеткен айдоочу да Кудай жалгап эч кандай оор жаракат алган эмес. Бирок, Алексейдин машинасын күнөөкөр айдоочу төлөп берүү­нү мойнуна алган. Учурда ви-джейдин машинасы оңдоочу жайда.


АЗИЗ ЖЕТИГЕНОВ “ЮРМАЛАГА” КАТЫШЫП КЕЛДИ

Белгилүү ырчы Алина Жетигенованын уулу Азиз Жетигенов Москвада жыл сайын өтүүчү “Юрмала” фестивалына катышып кайтты. Азиз фестивалдын бардык турларынан өт­көндүктөн, акыркы тандоо туруна чакыруу кагазы келип, ага да катышып келди. Эми акыркы тандоо турунун жыйынтыгын күтүп жаткан кези. Балким, Азиздин башына бакыт кушу конуп, бул фестивалдын жеңүүчүсү болсо, кыргыз эли үчүн чоң сыймык болоору турган иш. Баласынын мындай ийгилигине кубанган Алина эжекебиз алдыда боло турган үйбүлөлүк концертке кызуу даяр­данууда.


ЗАМИР АРЫКБАЕВ СОЛИСТКА ИЗДЕЙТ

Газетабыздын мурунку сандарында Замир Арыкбаев менен кытай кызы Жанна “Сүйүү баяны” деген ырды кыргызча ырдаганы жөнүндө кабарлаган элек. Эми ырчы жигитке кытай кызы аябай жакканбы, айтор, бул ырдын клибинде негизги каармандын ролун кытай кызы ойнойт экен. Ошондой эле, Замир өзү менен иштегенге жакшы ырдаган, бой-келбети келишкен солистка кыз издөөдө. Эгерде Замирдин оюндагы кыз табылса, ал кыздын репертуарын бүт мойнуна алмакчы. Ырчы Ошко гастролго барып келип, жайкы эс алуудан кийин күзүндө өтүүчү чоң концертине даярданмакчы.


САПАР ЭКИ АЙДА 10 КИЛОГРАММГА ТОЛДУ

«Атага катты» сыздатып, уккан адамды ыйлаткан Артык & Сапардын дуэтинин Сапары Артык акесине теңелем деп 10 килограммга толду. Мындан эки ай мурун эле 68 килограмм салмактагы Сапар таразага түшсө эле 78 килограмм болуп калыптыр. Ырчыга көп күндүк гастроль жакканбы же түштүктө жашоо жеңилби, кыскасы, Ош тарапта гастролдо жүргөн маалда Сапарда ушундай өзгөрүү болду.


МЕЛИС АБДРАШИТОВ “ЖИП” МАРКАСЫНДАГЫ МАШИНАЛУУ БОЛДУ

Жаш ырчы Мелис Абдрашитовго чыгармачылык ийгиликтери менен куттуктап, ата-энеси машина белек кылды. Ата-энесинен мындай чоң белекти күтпөгөн Мелис аябай сүйүнүп, аларга рахматын айтып түгөтө албай турган кези. Учурда ырчы кара-көк түстөгү “Жип” машинасын кудуңдаган бойдон шаарыбыздын көчөлө­рүндө айдап жүргөн убагы. Айта кетчү нерсе, Мелистин бул темир тулпарынын баасы 9 миң доллар турат экен.


“БАШАЛАМАН” БАШТАЛДЫ

Кадимки эле “Кызыкчанын” жигиттери, башкача айтканда, “Үкү” тобу тарткан “Башаламан” фильми бишкектик киносүйүүчүлөргө сунушталганы турат. Бүгүн, 15-июнь күнү “Манас” кинотеатрында бет ачары болуп, 22-июнга чейин ушул эле кинотеатрда күнүнө эки сеанстан көрсөтүлөт. Жаштар үчүн тартылган тарбиялык мааниси зор бул фильмди көрүп калыңыз. Билет баасы да кымбат эмес, 50 гана сом.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 241, 15-21-июнь, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан