СУЛТАН ЖАҢЫ ТЕМИР ТУЛПАРЛУУ БОЛДУ

Жаш ырчы Султан Садыралиев жаңы машиналуу болду. Бул жашыл түстөгү “БMB” маркасындагы темир тулпарды ырчы жакында болуп өткөн концертинен түшкөн акчага сатып алды. Ал эми мурунку машинасын азырынча сата элек. Продюсери Динара Эсенгулованын машинасы оңдоочу жайда болгондуктан, ырчынын эски “Мазда” маркасындагы машинасын Динара айдап жүрөт. Продюсери машинасын оңдоочу жайдан алаары менен Султан эски машинасын сатуу үчүн базарга алып чыкмакчы.


САПАР МЕНЕН НАЗМИ КМШны БАГЫНТЫП КЕЛИШТИ

Таланттуу ырчылар Сапар менен Назми Россия күндөрүнө карата өткөн “Орус тили жумалыгы” аттуу фестивалга катышып келишти. Бул фестиваль 10-июндан 15-июнга чейин өтүп, КМШ боюнча биздин ырчылар 2-орунга жетишип кайтышты. Фестивалдын шарты боюнча катышуучулар бир ырын өз тилинде, бир ырын орус тилинде ырдаш керек эле. Назми менен Сапар кыргызча “Эсимде” деген ырды созуп, андан сырткары, Алла Пугачёванын “Ты на свете есть” деген эски ырын ырдашты. Сапар менен Назминин үнүн угуп жактырган орустардын белгилүү композитору Борис Василевич Зайцев дароо эле өзүнүн 3 ырын белек кылды. “Ал жакта ыр жаздыруу, аранжировка кымбат тургандыктан, Кыргызстанда ырды жаздырып бүтүп, анан орус композитору менен байланышууну чечтик”,- дейт Назми.


НАЗИРА ДИКТОР БОЛУУГА ДАЯРДАНУУДА

Улуттук “Хит-параддын” мурунку алпаруучусу Назира Айтбекова “Хит-параддан” кеткенден кийин жөн отуруп калбай дагы деле болсо чыгармачылык менен алектенүүдө. Учурда Назира МТРКнын маалымат кызматында иштеп жатат. Азырынча сюжеттерди даярдап, бул жумушунун майда-чүйдөсүнө чейин билип, үйрөнүү менен бирге өзүн алпаруучулукка даярдоодо. Учурда бул программада Назираны кабарчы катары көрсөңүздөр, кийинчерээк “Кыргызстан” маалымат кызматынын диктору катары көрө аласыздар. Ошондой эле Назиранын жогорку окуу жайды аяктап, дипломун колго алганы турганын кошумчалай кетели.


ЗАРИНА ЭНЕ БОЛУУ АЛДЫНДА

Таңкы “Замана” телекөрсөтүү­сүнүн алпаруучулары Зарина Эсенбаева менен Алмаз Касымалиевдин баш кошкондору элге маалым болсо керек. Азыр бул чыгармачыл жубайлардын ата-эне болооруна аз калды. Башкача айтканда, август айынын башында балалуу болгону турат. Кубанычы койнуна батпаган эки жаш азыртадан эле бала бакканга даярданышууда. “Биринчи балабызды күтүп жаткандыктан, кыз болсо деле, эркек бала болсо деле алты саны аман төрөлсө болду. Эң негизгиси, аман-эсен көз жарып алсам, анан аты жөнүндө ойлонобуз”,- дейт Зарина.


МИРБЕК МУРДАГЫ КОНЦЕРТИНДЕГИ УБАДАСЫН ЭМИ АТКАРДЫ

Жаш ырчы Мирбек Иманбеков мурдагы концертинде “оригиналдуу костюм кийип чыгам” деп күйөрмандарына сөз берген эле. Ошол костюмду жакында болуп өткөн “Сүйүүнүн керемети” деп аталган концертинде кийип чыкты. Мирбек жанып турган костюму менен сахнага чыкканда жарыктын баары өчүп, күйөрман кыздарынын колдоосунан зал жарылып кете жаздап, аз жерден калды го, чиркин. Кыскасын айтканда, ушундай бир өзгөчө, жогорку деңгээлдеги даярдыкта өткөн концертинен түшкөн чоң акчага Мирбек “Мерседес” маркасындагы машина сатып алды. Бул кара түстөгү темир жоргонун баасы 7 миң доллар экен. Ал эми эски “БМВ” маркасындагы машинасын сатуу үчүн продюсери экөө камданышууда.


РОЗА КАНДИДАТТЫК ДИССЕРТАЦИЯСЫН ЖАКТАДЫ

Дастанчы, ырчы Роза Аманова кыргыздын искусствосун изилдөө илими боюнча кандидаттык диссертациясын жактады. Башкача айтканда, Роза айым 10 жылдык тынымсыз эмгегинин үзүрүн алды десек болот. Анткени, ырчы кыргыздын өнөрүн жогорку деңгээлге көтөрүү үчүн иштеп, ар дайым аракет кылып, кыргыз музыкасына өз салымын кошуп келе жатканы талашсыз. Роза айымдын бул кандидаттык эмгегинин темасы “Кыргыздын салттык профессионал ыр өнөрүн изилдөө” болчу. Бул эмгекти жазууда ырчыга казак өнөрүнүн профессионал илимпозу жетекчилик кылган. Жакында эле ырчы Алматыдан дипломун алып келди.


НУРЗАТ БАЛА КҮТҮП ЖАТКАН, БИРОК...

“Бравонун” мурдагы алпаруучусу Нурзат Токтосунова эне болуу кубанычынын алдында турган эле. Тилекке каршы, күтүүсүз окуя болуп кетип, 2 айлык боюнан түшүрүп алды. Алматыда Нурзат биринчи кабатта жашагандыктан, кир жаюу үчүн балкондон секирип түшкөн экен. Бул окуядан кийин Нурзат Бишкекке келип, бир ай ооруканада дарыланып чыкты. Нурзат, жаш эмессиңби, эч кайгырба, келечегиң алдыда демекчибиз.


РОЗА ЖИГИТ ТАПТЫ

«Арген үндүү Роза Шакирова бирге ырдаган Нурбекке турмушка чыгат экен» деп жүрүшпөдү беле. Көрсө, Нурбек Розанын жигити эмес эле жөн гана бирге ырдаган өнөгү экен. Ал эми ырчы айым мына ушул жазда өз сүйүү­сүнө жолугуп, бактысына мас болуп, өзү айткандай, жашарып жүргөн убагы. Ырчынын болочок күйөөсү аскердик кызматта иштейт. 28 жаштагы Оштун бул жигити Розанын чыгармачылыгына кош колдоп жардам көрсөтүүдө. “Жигит күткөн жакшы экен, азырынча дагы деле болсо чыгармачылыктын үстүндө иштөө­дөмүн. Августтун аягында жеке концертимди берген соң күзүндө үйлөнүү тоюбуз жөнүндө ойлонобуз”,- дейт ырчы.


«ШОРО» КЛОУН ЖУСУП ТОЛТОЕВГЕ “МЕРСЕДЕС” БЕРДИ

Белгилүү кыргыз цирк актёру Жусуп Толтоев темир тулпарлуу болду. Жусуп агайды бир гана цирк сахнасынан эмес, көп жылдан бери белгилүү “Шоро” фирмасынын рекламаларында тартылып жүргөнүн көрүп эле жүрөт эмеспизби. Бул фирма менен 12 жылдан бери бирге иштешкендиги үчүн “Шоро” суусундук фирмасы ыраазычылыгын билдирди. Башкача айтканда, Жусуп мырзага “Мерседес Е-220” маркасындагы машинаны белекке беришти. Бул белектин баасы 9,5 миң доллар экенин кошумчалай кетели.


АЙЯ САДЫРОВА КОМПАКТ-ДИСК ЧЫГАРДЫ

Ырчы айым Айя Садырова жакында “Спасибо за любовь” аттуу компакт-дискинин бет ачар кечесин өткөрдү. Бул бет ачар кечеге Казакстандан, чет өлкөдөн коноктор келишти. Ошондой эле ырчы бул күнү дагы бир өнөрүн күйөрмандарына тартуу кылып, өзү даярдаган автордук кийимдердин модасын көрсөттү. Кийимдердин көргөз­мөсүн даярдоодо Айяга Кыргызстандагы белгилүү дизайнер Олег Беда жардам берген.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 242, 22-28-июнь, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан